«Жылдын супер актёру»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Мээрим Карыпова, ырчы: «КАРА ЖОРГО» ЫРЫН МЕНИН АТКАРУУМДА ЖАКТЫРГАНДАР КӨП»

№720 19-август-25-август, 2016-ж


Мээрим деген ырчы бар экенин «Кара жоргону» ырдап чыккандан кийин кеңири биле баштадык. Фольклор менен эстраданы айкалыштыра ырдаган дастанчы Мээрим Карыпованын чыгармачылыгына, жеке жашоосуна кызыгып көрдүк.

– Саламатсызбы, Мээрим? "Кара жорго" ырынан кийин чыгармачылыкта катуу иштеп жатканыңыз байкалууда...
– Саламатчылык! Ооба, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, жаңы формаларды тиктирип тынбай эле иштеп жатам. Анын үстүнө балдарым да чоңоюп, чыгармачылык менен алектенгенге мүмкүнчүлүк кеңейди.

– "Кара жоргону" кантип, кимдин сунушу менен ырдап калдыңыз эле?
– Манасчылар «Манас» эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизгени барганда казактар менен «Кара жоргону» биздики деп аябай талашышкан экен. Ошону уккан Ырыс Окенова бул ырды ырдап чыгышымды сунуштады. Ырды укканда эле мага тааныш учурады, анткени өзүмдүн атам сынма бийди бийлеп жүрчү. Бир айга жетпей клибин тартып чыгардык, эл жакшы кабыл алды. Андан кийин эле Асел Касмакунова ырдап чыкты. Бирок менин аткаруумдагыны жактыргандар көп экен. Бул ырды ырдоо менен менин чыгармачылыгым бир тепкичке көтөрүлдү десем болот.

– Интернетте да активдүү болуп жатасыз...
– Интернетке мурда такыр кызыкчу эмесмин. Бир күнү мени кытайлык кыргыз байке издеп келиптир. Мага жолугуп, «секетиң кетейин, ырларыңды интернетке жүктөп койчу, сени таппай издеп келдим» деди. Көрсө, чет жактагы кыргыздар биздин ырларды тамшанып угушат экен. Ошондон кийин интернет менен достошо баштадым. Бул тармакты жакшы билген сиңдилеримдин жардамы менен жеке баракчаларымды ачып, сүрөт жүктөп жатам. Өзүмдүн убактым жок болгондуктан көбүнчө сиңдим отурат.

– Ыр жаздырып, клип тарттыруу, форма тиктирүү, фотосессия, айтор, мунун баарына оңбогондой каражат кетет. Же демөөрчүңүз барбы?
– Эч кандай демөөрчүм деле жок. Чыгармачылыгыма каражат керек болгондо туура эле жолдошума барам. Ага тааныштар «келинчегиң таланттуу, анын өнөрүн унутпай, колдой жүр» деп кулагына күмүш сырга тага берип чыгармачылыгыма көңүл буруп калды. Азыр чыгармачылык боюнча кайрылсам жок дебестен, оозумду ача электе баарын аткарат. Өзүм деле жолдошун минип алган аялдардан эмесмин. Той-топурда ырдап каражат таап, чыгымдарды жапканга аракет кылам. Формага аябай маани берем, эч кимдикине окшошпогон кийим кийгенди жактырам. Ошондуктан атайын дизайнерлер менен иштешем.

– Ушул жерден жолдошуңуз, үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Жолдошум Турат экөөбүз шаардагы сейил бактардын биринен таанышканбыз. 19 жашыбызда кычыраган кышта үйлөнүп, элдин баарын «шок» кылганбыз. Чүйдөн Көлдүн Тоңуна келин болуп барганыма быйыл 14 жыл болду. Уулубуз 13тө, кызыбыз 7 жашта. Жолдошумдун кесиби архитектор, жогорку билимдүү, азыр жеке ишкерлик менен алектенет. Кайын журтум да чыгармачылыгымды колдоп турушат. Өткөндө силердин гезитке кичине мен жөнүндө маалымат кеткен экен, кайненем мага чалып «сен «Супер-Инфого» чыгыпсың, айылдагылар айтып жатышат» деп тим эле бактылуу болуп алыптыр. Үйдө улуу келинимин, мен келин болуп барганда кайненем 39 жашта эле. Азыркыга чейин кайын журтумдун көзүнчө жоолугу жок, шым кийип көргөн эмесмин. Айылдан конокко жөнөсөк, кайненем «шым эле кийип алчы, айылдын келиндери кычырап шым кийип, жылаңбаш жүрүшөт» дейт. «Жок, апа, мен антип жүрө албайм» дедим. Бул да болсо тарбиядан болуш керек. Шаардан баратканда Ысык-Көл облусу деген жазуу чыкканда жоолук салынам, келе жатканда Чүй облусу дегенде жоолугум чечилет.

– Ыймандуу кызды тарбиялаган ата-энеңиз жөнүндө да билгибиз келип турат?
– Ата-энем карапайым эле жумушчу болгонуна карабай беш баласын тең жогорку билимдүү кылып тарбиялады. Атам «мен силерди бир тепкичке көтөрсөм, силер балдарыңарды эки тепкичке көтөргүлө» деп көп айтчу. Кейиштүүсү, балдарынын баары турмуштан өз ордуларын тапканда ийгиликтерибизди көрбөй кете беришти. Мен атама аябай жакын элем, калп айтпасам, бой жеткенче атамдын жанына жаттым.

– Чыгармачылык сизди качан, кантип өзүнө тартып алды эле?
– Кичинекейимде ырдайын деген оюм жок болчу. 4-класста окуп жүргөндө класс жетекчим «бир сынак болот, сен ырдайсың» деп Токтогул Сатылгановдун китебин алып келип «Санат терме» деген дастанды жатта» деди. Жаттап келсем, бир эжей комузду карматып үйрөттү эле, 1 жуманын аралыгында үйрөнүп кеттим. Ошентип Кара-Балта шаарындагы сынакка катыштырып коюшту. Толкунданып сахнага чыгып комузду кармасам колум эп келбейт десеңиз. Азыр ойлосом эр жүрөк экем, комузду черте албасам да окшоштуруп актёрдук чеберчиликке салып дастанды айтып образга кирип кеттим. Бир маалда элдер тура калып кол чабышты. Баары «сонун ырдадың» деп макташты. Ошондо сахнаны аттаганда эле Гран-прини жеңип, эки миң рубль алгам.

– Ырчы Роза Аманова менен устат-шакирт болуп жүрөсүз, эже менен кандайча иштешип калдыңыз эле?
– Роза эже мени бир сынактан көрүп калган экен. Эже келе жатса балдардын баары курчап калды, мен тартынып четте турсам, эже басып келип «сен жакшы ырдайт экенсиң, сени шакирт кылып алайын. Мен гастролдоп жүрөм, мени менен чогуу бул жакта кал» деп ата-энем менен байланышып, мени алып калды. Гастролдон келгенден кийин эже салтын кылып дасторконун жайып ата-энем менен таанышып, «кызыңарды мага бергиле, музыкалык мектепке окутуп өзүм таптайын» деп уруксат сурады. Ата-энем «11-классты бүтүп, кесибин өзү тандасын» деп макул болбой коюшту. Бирок жайы-кышы эжени ээрчип сабак алып жүрдүм. Экөөбүз ээрчишип жүрсөк эжеден «кызыңбы?» деп сурай беришчү. Кийин турмушка чыкканда чын эле кызы болоюн деп өкүл апа коюп алгам.

– Демек, ата-энеңиздин каршылыгына карабай ырчы болгон экенсиз да?
– Үйдөгүлөр "кыз бала артист болбойт" деп мени милиция кызматкери кылабыз дечү. «Окууга тапшыртканы алып барабыз» десе, бир күн кечке «милиция кызматкери болбойм» деп балкондо ыйлап отурдум. Анан түңүлдү окшойт, «мейли анда, каалаганыңа тапшыр» деп уруксат беришти. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна кабыл алуу бүтүп калыптыр. Улуттук консерваторияга барып, ректору Муратбек Бегалиев агайга кирсем, «студентибиз болосуң, бирок 7 жыл окуп каласың» деп кабыл алды. 2 жыл даярдоо курсун окудум, анткени ал жакка музыкалык билими бар студенттерди кабыл алат эмеспи.

«12 жашымдан бери устатымды ээрчип жүрүп турмушка чыкканымда өкүл апа коюп алгам».



«Канчалык деңгээли бийик ырчы болбосун, көп ырчылардын арасынан иргелип филармонияда иштеш өтө сыймык».


«Жолдошум экөөбүздүн мүнөздөрүбүз төп келишип, экөөбүз тең оор басырыктуубуз».


Замира Рахманбердиева
star@super.kg



Мээрим Карыпова: "Жолдошум ырчы экенимди билгенде таӊ калган"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(22)
Super TV
20.08.2016. 00:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Мынча сонун ырдайсыз
Медиа-портал
20.08.2016. 03:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
02-06-2014
Соӊку аракети:
12-05-2019 01:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meerim ajym ushul Nooruzda Germanianyn Munchen shaarynda Kyrgyzymdyn chygaan talanttary Ruslan Zhumabaev, Kutman Sultanbekov, Azamat Otunchiev, Rakhatbek Kochorbaev jana Samat Kochorbaev menen konzert kojup keldi. Emi ukmush! "Oj-bulbul", "Ozgochom", "Kara Jorgo" degen jana bashka mykty yrlardy janduu un mn yrdady da! Ununuzgo barakelde! Munchendin (Bawaria) eline, chon sayasatchylaryna, kyrgyz studentterine tartuulagan konzertteri sonun otkon! Bar bolunuz, talantyn
Super TV
20.08.2016. 08:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
02-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек куруп бериптирсин. Ишинизге ийгилик!
Super TV
20.08.2016. 17:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болуңуздар көз тийбесин
Медиа-портал
20.08.2016. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МСК
+3
Соонун маек болуптур, унунуз ото уккулуктуу экен. Ийгилик чыгармачылыкта!
Super TV
20.08.2016. 20:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билбейт экенбиз үйдү неге бериши мүмкүн?
Медиа-портал
20.08.2016. 23:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
27-05-2016
Соӊку аракети:
09-09-2016 20:19
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен так маалыматым жок мен ушу ырчы гоо деп жатам....
Медиа-портал
21.08.2016. 15:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
24-11-2019 03:44
Жынысы:
Белгисиз
+2
jakshy maek boluptur, dombra menen yrdagany abdan jakty.
Super TV
21.08.2016. 16:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
02-03-2016
Соӊку аракети:
01-09-2017 17:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коз тийбесин Мээрим эже.бар болунуз
22.08.2016. 11:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
13-08-2016
Соӊку аракети:
30-10-2016 12:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Унунуз аябай уккулуктуу ! Сизге уй-булолук бакыт,чыгармачылык ийгилик каалайм ! Талантыныз ташкындай берсин ! Коп коп ырларды кутобуз сиздин аткаруунузда !
22.08.2016. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
20-02-2009
Соӊку аракети:
29-01-2019 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун маек болуптур. Карыпова мурункуга караганда азыр жаш корунуп калыптыр. Ажарлуу болуп.
22.08.2016. 12:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
27-04-2016
Соӊку аракети:
22-12-2018 00:49
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тиги кара жоргочу кыз экоонуздор ар бир интервью берген сайын эле ар кимин озунордукун мактай бергенинер жакпайт да.Эл жактырса каалаганын уга берет да.Мисалы мага сиздын ыр,ал эми кызыма Асельдин ыры жагат.
22.08.2016. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
09-12-2019 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уну чын эле аябай уккулуктуу экен! Роза Аманованыкына окшошуп кетет экен. Устаты болгону учунбу
22.08.2016. 23:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
09-12-2019 16:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+4
Оа Асел эженин ырдаганы копчулугу жактырат баары эле десе болот анын уну бир аз ичке анан жагымдуу тойдо жалан ошол эженин ырдаганын беришет го канча жыл болду дагы деле той топурдан тушпойт
23.08.2016. 16:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
21-07-2016
Соӊку аракети:
14-01-2017 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Асель ырдаганы жагымдуурак... озун мактабай эле койсо болмок, эл менин аткаруумдагысын жактырат экэээн деп намёк тыштабай, ошентип эл айтып чыкса жарашат озу эмес
23.08.2016. 21:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
06-03-2016
Соӊку аракети:
24-01-2017 23:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
(озун-озу мактагандан олгучо кач)деген макал бар беле
24.08.2016. 01:02 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
21-07-2016
Соӊку аракети:
14-01-2017 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Mercedes_94,Бар айланайын)
25.08.2016. 02:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
07-06-2015
Соӊку аракети:
12-10-2017 23:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
мага эч эле жакбайт!
26.08.2016. 03:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
19-12-2011
Соӊку аракети:
31-10-2018 20:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт Петербург
+2
Унуно ишенген адам ушундай эле ырдап коет. Ийгилик!!!
27.08.2016. 19:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Узун чачын кыркып озунон кеткенго томолок болуп быртыйып семиз эле арыктап калыптыр бирок уну аябай сонун жагымдуу чыгармачылык ийгилик,бирок ашыкча мактанба.
27.08.2016. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
236
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
16-09-2019 18:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мактана турган нерсеси болсо мактансын, болгон нерсесин айтат да. Чындыгында жакшы ырдайт. Бактысына көз тийбесин, мен билгенден үй-бүлө менен чыгармачылыкты чогуу алып келе жаткан ырчы. Чыгармачылык ийгилик!
Медиа-портал
29.08.2016. 17:00 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2130
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
tolobekova1994,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23288;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: