«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

"ИЧКИЧТЕРДИН ҮЙҮНӨ БАРЫП ЖАШООМ ӨЗГӨРДҮ"

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж


– Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет "коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат" деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз.
Айткандай эле, мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ичинин баары идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн колун кайрып алып жөнөгөнү калганбыз, капыстан эле эшиги жабык турган бөлмөдөн добуш угулду. Карап коёюнчу деп ача салып жүрөгүм үшүй түштү.
Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз, анан эки жаштардагы эркек бала жүргөн экен. Экөө тең мени карап алактап коркуп калышты. Мен жаш балдардын мынчалык муңдуу көздөрүн көргөн эмесмин. Эч кандай баёолук, адамды кызыгып, күлүп кароо деген жок, коркунуч гана бар. Экөөнүн тең кийимдери кир, чачтары өсүп, уйпаланган, майланышкан. Эркек баланын алдында эч нерсе жок. Ысык сууга күйгөн окшойт, буттарында сууга толгон ыйлаакчалар.
– Силердин балдарыңарбы?
– Ооба,- аял көңүлсүз жооп берди. – Мен силерди тынч отургула дебедим беле?!- деп кызды баштан ары чаап жиберди. Нес болуп эле туруп калдым. Кыз басып барып жерде турган табакка кашык салды да: – Кел, Нуйчик, ап де,- деп инисин чакырып ага тамак бере баштады. Тамагы кадимки эле кукси. Бала отурбай жеп жатты. Кыязы, бутундагы ыйлаакчалары ооруйт окшойт.
– Бул эмне кылганыңар?! Балдардын кебетеси кантет?!
– Байке, сиздин ишиңиз эмне?!
Чыдамым түгөндү. Билбейм кандай ойлойсуңар, бирок өзүмдү кармай албай койдум. Тарс эттире келинди жаактан ары чаптым. Күйөөсү жүткүндү. Аны баса калып эзелки өчүм бар кишидей жанчып салдым. Экөөнү тең эшикке сүйрөп чыгып кайра кирсем, баягы кичине кыз инисин артына калкалап "байке, уйушпаңызчы? Нуйчикке тийбеңизчи?" деп ыйлап жиберди. А бул байкуштардын күнөөсү эмнеде эле? Мен өлүп жаткан адамдарды көргөм, алардын жакындары ээ-жаа бербей өксүп ыйлагандарын көргөм. Бирок көзүмдөн жаш чыккан эмес. Азыр бети-башы кирден ботко болуп, балалык деген эмне экенин билбей, таш боор ата-энесинин токмогун кадимки эле нерседей кабылдап, бирок ошондо да өзүнөн алсыз, кичине бир тууганына кам көрүп, аны калкалап турган кызды көрүп ыйлап жибердим. Көрсө, күчтүү адамдардын алдында ыйлайт экенбиз. Мен аны ошондо түшүндүм. Экөөнү кучактап алып ыйлай бердим. Токтоно албай койдум.
Балдарды убактылуу балдар үйүнө алып кетишти. А тиги эрди-катын "бизди сабады" деп үстүмдөн арыз жазып коюшуптур. Жумушумдан алып коюшту. Мейли, өзүм деле кетмекмин, ага кейиген жокмун. Оюм башкада болчу. Мен тиги эки балакайды таштап кете алмак эмесмин. Келинчегим колдоп, ары-бери чуркап жүрүп акыры экөөнү тең өзүмө каттатып багып алдым.
Билесиңерби, мен азыр абдан бактылуумун. Кызым Анель өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан, 1-класста окуп жатат. Уулум Нурдан апасынын жанынан карыш жылбайт. Кээде Анель "сен бизди кайра алып барып койбойсуңбу?" деп жүрөктү эзет. "Жок, эми силерди эч кимге бербейм! Силерсиз кантип жашайм?!" деп жооткотом. Азыр алар ини күтүп жатышат. Жакында төрөт үйүнө жасанып алып барабыз...

Бакыт
Марат Жанбараков



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  35 
Комментарийлер(59)
11.07.2016. 09:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-06-2012
Соӊку аракети:
02-04-2019 09:20
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бакыт, азаматсын!!! Мин жолу азаматсын!
11.07.2016. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
31-05-2012
Соӊку аракети:
27-10-2019 21:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG ♥
+17
Аллах сидердин каалаганынарды оорундатып, эки дуйнодогу бакытты насип кылсын! Ушундай адамдык сапаты кучтуу адамдар бар экени кубандырат. Жубайыныз аман эсен коз жарып алсын)))
Afina түзөттү 2016-07-11 09:30:45
11.07.2016. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
26-02-2015
Соӊку аракети:
30-08-2018 20:06
Жынысы:
Белгисиз
+12
Терен таазим!!!Ушундай жакшы адамдар коп болсо экен!!!
11.07.2016. 10:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
16-03-2014
Соӊку аракети:
12-02-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+14
Менинда козумо жаш тегеренди.(((

Багып алганы жакшы экен, Аллахым уй булонуз менен узун омур бакубат жашоо берсин.
11.07.2016. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
17-06-2019 09:29
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудайым ушул бактыңардан ажыратпасын ылайым, жубайыңыз эсен-аман көз жарып алсын
11.07.2016. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-05-2012
Соӊку аракети:
27-04-2018 15:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+9
красавчик братан. Аллахым чексиз бакыт берсин.
11.07.2016. 11:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
331
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
09-01-2019 16:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
+9
Бироого кор бироого зар деген ушул экен да.
11.07.2016. 12:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-03-2016
Соӊку аракети:
23-10-2017 03:25
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оо Аллахым бактылуулук бере кор. Окуп жатып мен да ыйлап жибердимго
11.07.2016. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
07-12-2014
Соӊку аракети:
06-09-2019 23:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
боруу кер адамдар коп болсун!
11.07.2016. 13:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-11-2015
Соӊку аракети:
30-07-2016 12:46
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым эки дуйно бакыт берсин сиздерге,ушундай адамдар коп болсо гана.
11.07.2016. 13:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
01-06-2016
Соӊку аракети:
16-08-2016 01:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым ыраазы болсун.
11.07.2016. 13:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
11-03-2017 14:31
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул болгон чын окуябы ? Аябай журогум ооруп кетти:( мындай боорукер адамдар коп болсо жашоодо жаман иштер аз болоор эле.
11.07.2016. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
01-01-2015
Соӊку аракети:
14-05-2019 17:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Аллахым сизге эки дуйно бактылуулук берсин,ооомиийиин.
11.07.2016. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
12-06-2015
Соӊку аракети:
19-08-2019 13:47
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аялыныз торогондон кийин деле азыркыдай жакшы мамиледе болунуздар.аллах ошол балдардын артынан бала берип жатканын унутпаныздар.азамат инсан экенсиздер
11.07.2016. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
08-12-2019 10:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+4
ыйладым((((
11.07.2016. 15:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
27-06-2011
Соӊку аракети:
11-07-2016 15:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Азамат, Аллах ыраазы болсун!!!
11.07.2016. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол учурду коргон сиз эмес ушул окуя жонундо окуп жатып биз да ыйлап журогум ооруду оомал токмол дуйно ай.
11.07.2016. 17:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-05-2013
Соӊку аракети:
08-03-2018 12:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чамасы балалуу боло албай журуп анан багып алганго Кудайдын кудурети мн ушул балдардын артынан бала келген !!! !
11.07.2016. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
07-01-2019 04:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
İii yilatat eken kiwini azamatsyn allahym yraazy bolsun,aaa jumuwtan ketirip salgan wefin adaa emes eken
11.07.2016. 17:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
03-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2016 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын тууганым.кудайым силерге эки дуйнонун бактылуулугун берсин,келинчегин аман-эсен коз жарып алсын,арызды териштирбей туруп алып-салганга кандай акылары бар,сен да кайрылбайсынбы кайрылчу жактарга. жумуштан алып салган ХХХ ХХХ,аларга сенин тагдырын эмес акча корунуп.башка бироону койо койоюун ордуна дегендер да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-11 17:22:34
11.07.2016. 17:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
6159
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
azyk_kyrgyz, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
11.07.2016. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
22-06-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец экен
11.07.2016. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
29-09-2019 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
боорукер адамдардын бири экенсин Азамат
11.07.2016. 20:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
10-07-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 21:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+4
Ыйлагым келди!ушул жинндиии сууну ичкен ата-энелерге ыйман берсин!
11.07.2016. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
18-09-2013
Соӊку аракети:
08-12-2019 23:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйладым....
11.07.2016. 21:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
11-07-2019 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ай
+4
Ыйлап жибергим келди. Эгер ушу чын болсо, байке окуп жатсаныз бактылуу инсанга болуп коп жашка чыгыныз.....
11.07.2016. 21:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
06-12-2019 07:53
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат эр экенсин
11.07.2016. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
09-12-2019 03:29
Жынысы:
Белгисиз
+5
Журок элжиреп, коздон жаш чыктыго...(((
12.07.2016. 04:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
22-03-2014
Соӊку аракети:
19-10-2019 21:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарга кыйын болгон экен жакшы адамдар коп болсун сиздей
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23288;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: