«Жылдын супер ыры» (Добуш берүү токтотулган)


Эрлан Андашев & Ирина Шотт, «Жаным»
31,2% (403)
Гүлжигит Сатыбеков & Улан Осмон уулу, «Өмүр»
26,1% (337)
Мирбек Атабеков, «Бай болгом»
15,7% (203)
Абир Касенов, «Принцесса»
6,1% (79)
Урмат & Неля, «Жанымда бол»
5,8% (75)
Сайкал Садыбакасова, «Жан кызым»
4,7% (61)
Айжамал Кабылова, «Сүйүү азабы»
4,6% (60)
4,1% (53)
Курал Чокоев & Назми, «Бул ким?»
1,6% (21)

Жалпы добуш (1292)


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Айтурган Сатиева, диктор: "ТАГДЫР ЭКЕН, УУЛУМ АТАСЫНДА КАЛДЫ"

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж


Баарыбыздын эле убактыбыз тар. Кыйма-чийме жыш жайгашкан пландарды ишке ашырабыз деп күн кандай өтүп кеткенин билбей калабыз. Каарманым менен маектешем деген планым боюнча мен дагы диктор Айтурган Сатиеванын графигинен орун алдым. Аз убакыттын ичинде жеңил баарлашып, жылуу маанайда пикир алыштык. Назарыңыздарда жымыңдаган жылдызы менен теленин жүзү болуп келе жаткан Айтурган Сатиева жаңылыктары менен бөлүшөт.

Каарман тууралуу

Туулган жери
– Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Сеңир айылы
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 24-апрель
Билими – И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультети
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында диктор

– Саламатсызбы, Айтурган? Акыркы кезде чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болду? Сиздин ыр жазып, китеп чыгарып калганыңыз бар...
– Саламатчылык! Мен жумушумдан тышкары поэзия, прозага кызыгам. Бул багытта да изимди калтыргым келет. Ошондой максатта аңгеме, новеллалардан турган китебимди даярдап жатам. Азырынча жарыкка чыга элек.

– Бала чагыңыздан эле чыгармачылыкка жакын болгонсузбу же таланттын ачылышына бара-бара турмуш үйрөттүбү?
– Достоевский айткан экен, "бала 4 жашында кандай болсо, чоңойгондо деле ошондой киши болот" деп. Анын сыңары, мен да кичинекей кезимде эле чыгармачылыкка жакын болуп, манас айтчумун. Түрдүү монологдорду жаттап айтып, белгилүү инсандарды туурап, айтор, билинбей чыгармачылык шыкты жаратып жүргөн экенмин.

– Тележылдыз болуш үчүн сулуу жүз гана керек дегендерге оюңуз...
– Экранга чыгуу үчүн бир гана сулуу жүз болушу жетишсиз. Айымдарга бардык эле иште бир гана сулуу болуп, жарашыктуу кийинүү аздык кылат. Айрыкча азыркы заманда билимдүү, сабырдуу жана мобилдүү болуу мезгил талабы.

– Телевидение тармагында эмгектенип келе жатканыңызга көп болдубу? Дегеле сиз үчүн теле – бул эмне?
– Теледе иштегениме 6 жылдын жүзү болду. Телевидение мен үчүн сүйүктүү жумуш ордум. Учурда ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында иштеп жатам. Буга чейин Коомдук биринчи каналга да чакыруу менен барып, 2 ай диктор болуп иштедим. "Эгер жумушуң өзүңө жакса, чарчабайсың" дешет эмеспи. Анын сыңары, мен көңүлүмө туура келген жерде гана иштейм. Учурдагы кызмат ордум мага ыңгайлуу болду.

– О! уюлдук компаниясында маалымат берүүчү оператор катары үнүңүз жаңырып жүрөт. Бул кошумча кирешеби?
– Ооба, ал компания менен келишим түзүп, иштешип жатканыма 8 жыл болду. Анда "XXI кылым" радиосунда иштечүмүн. Кастинг жарыяланыптыр деп угуп, үнүмдү жаздырып жөнөтүп ийгем. Жактырышыптыр, иштешип калдым. Учурда түшкөн сунуштардын баарына эле графигиме карап иштей берем. Ар тармакта, жарнама, макала жазуу, үн жаздырып коштоо жана башка. Айтор, ушундай көр тирилик...

– Социалдык тармактарда сизди Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштуруп көп пикир калтырышат. Киного тартылууга сунуштар түштү беле?
– Таттыбүбү Турсунбаевага окшошсуң дегендери татынакай экенсиз дегени эле болсо керек. Бирок өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Ооба, киного тартылуу тууралуу сунуштар түшүп калат. Айрымдарынын сценарийи көңүлүмө төп келбесе, кээ бирине убакыт, шарт туура келбей, тартылган жокмун.

– Үйдө, ашканада кандай айымсыз? Сиздин тамагыңызды сүйүп жеген ким?
– Айылда төрөлүп, чоңойгон үчүнбү, ашкана, үй-тиричилиги кадимки эле көрүнүш. Ашканада эксперимент жасоодон тажабайм. Ар түрдүү элдин ашканасына кызыгып жасап көрө берем.

– Өткөн жашооңузга кайтып барып бир кадамды өзгөртүп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, кайсы жагдайды өзгөртөт элеңиз?
– Андай мүмкүнчүлүк түзүлсө, атакемдин узагыраак жашашына шарт түзөт элем. Ушул кезде ал адамдын кубаныч-кайгыма ортоктош болуп турушун самайм. Мага ал инсан азыр жетишсиз.

– Жашоодо бардык эле адам жаңылат, туяк мүдүрүлөт эмеспи. Жолдошуңуз менен ажырашып кетишиңизге эмне себеп болгон?
– Кадимки эле турмуштук оош-кыйыштар себеп деп ойлойм. Бул да болсо тагдыр, Кудайдын буйругу. Ага эч ким каршы чыга албайт тура.

– Ортоңуздарда уулуңуздар бар экенин билебиз. Ага жолугуп турасызбы?
– Ооба, ортобузда уулубуз бар. Ал атасында. Бул да болсо тагдырдын жазганыдыр деп моюн сунуп калдым. Жолукпайм, соңку убакта ата-баланы жайына койдум.

– Бойдокчулуктун доору деле акыры бүтүш керек экен. Качан чекит койсом деген ойдосуз?
– Ар бир нерсенин өз убагы болот экен. Биз бул күнү болот деп белгилегенибиз менен, баары биздин колубуздан келбейт. Бойдокчулук менен да буюрган күнү коштошормун.

– Билишибизче, жүрөгүңүздүн ээси бар. Ал киши тууралуу эки ооз сөз айта кетпейсизби?
– Ооба, бар. Ал адам тууралуу көп нерсе айтсам болот, бирок азыр эмес. Болгону ал адам чыгармачыл чөйрөдөн эмес. Учурда экөөбүз бактылуу күндөрдү башыбыздан өткөрүп жатабыз, талашканыбыз болсо сый. Албетте, келечекке койгон аруу тилектерибиз көп. "Бакыт тынчтыкты сүйөт" демекчи, аларды учуру келгенде же ишке ашканда бөлүшөйүн.

"Телевидение мен үчүн сүйүктүү жумуш ордум".


Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(66)
04.07.2016. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
01-11-2011
Соӊку аракети:
23-05-2019 16:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+28
таттыбубу экоо жер менен асмандай
04.07.2016. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
01-07-2014
Соӊку аракети:
13-12-2019 15:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+22
Баласы менен жолукпаган да эне болот экен да э?! Кызык,,,, кандай болгон кундо да баландан кабар алып тур. Эртенки кунунду да ойло !!
04.07.2016. 23:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
09-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 21:12
Жынысы:
Белгисиз
+7
Nariste...12, чын эле менда тан калдым, баласын таштаганга барабар бул корунуш. Жинди болгуча талашпайбы эгер бербесе баласын тообо. Али алдыда кандай кундорун бар кудай билет. Жолукпасан кыйын экенсин аябай жакшылыгын айткансып. Журо бер поэзия жазыыып.
05.07.2016. 23:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
16-12-2018 12:10
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nariste...12,ооба десен,бала дегенде жеп жаткан ашынды жерге таштап чуркайсын го,атага караганда эне,мага да тан калыштуу.
04.07.2016. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
03-05-2016
Соӊку аракети:
13-12-2019 01:41
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озгондук турбайбы.,.турмушка чыгып,уулдуу болуп анан суйгонум башка экен деп таштап кетсе боло береби???
04.07.2016. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
24-04-2015
Соӊку аракети:
31-10-2019 18:21
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суроолорго толук жооп бербептир го. Анча мынча суроолор жоопсуз эле калып кетиптир.
04.07.2016. 14:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
23-12-2014
Соӊку аракети:
19-01-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
+11
Суйгонун таап баласына жолукпаганы неси.Таттыбубу деп ким айтты экен.Аман эле болсун
04.07.2016. 17:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
02-01-2017 07:01
Жынысы:
Белгисиз
+14
Атасы м.н баласын жайына койдум дегенине караганда атасы баласын бербей койгон окшойт. Эмнеге дегенде балким апасы баласына татыктуу эмес, ошондуктан атасы баласын бербей койгондой.
Мен баламды корбой кантип жашайм дебейби, сокур болсом да жытын жыттап жашашым керек деп!!!
Акылы азыраак аял окшойт
04.07.2016. 18:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
08-05-2016
Соӊку аракети:
27-11-2019 20:05
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул Кантип болсун,азыр только уйбулосу менен ажырашып,элдин алдына реклама кылуу мода болгонго э?кудай сактасын ииий.
04.07.2016. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
15-07-2014
Соӊку аракети:
19-12-2018 18:39
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ничего себе Мать!
04.07.2016. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
12-04-2016
Соӊку аракети:
24-03-2019 02:28
Жынысы:
Белгисиз
-13
Жолуктурбаса жолукпайтта анан. Каймы сурового жооп бербей коюптур барыле жооптуу экен окусам. Эмнеси болсода бактылуу боло берсин ар пенде
04.07.2016. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
15-07-2014
Соӊку аракети:
07-11-2019 05:37
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХ ХХХ ХХХ Kuiosu berbegen kundoda zakon degen bar .Zakongo tayansa bala 100 paiyz eneniki.Munu korup turgan oinoshu ushundan bala kutmok bele jashtygyn da koldonotta kete beret.A balachy bala emne bolot omur boyu enesin jashap jurotta.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-05 09:49:01
05.07.2016. 09:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-12-2019 09:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-3
padysha, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуӊуз.Эскертүү!
04.07.2016. 23:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
03-10-2010
Соӊку аракети:
20-12-2016 16:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ ХХХ Жок деген де телефон бар го,чалып сурап турса болот го. Жашоо бумеранг ХХХ ХХХ. ХХХ ХХХ ХХХ кудайым сактасын ортодо бала эле кыйналат.ар бир балага,эненин да атанын да мээрими керек. Баласынын жытына заар болуп жургондор канча. А ушуга окшогон таш боор бала берсе тууган жерине таштап ойношун эр чип кетет
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-05 09:51:10
05.07.2016. 09:52 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-12-2019 09:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-3
mahabaha,кадыр-баркка шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
05.07.2016. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
16-12-2018 12:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
mahabaha,туура айтасын,ажырашканда ортодо балага эле кыйын,аны учун баланы ойлосо эне баарына чыдап коюш керек а эркектерге барибир бала саланды ойлобойт аларга только кыздар болсо болду,кудайга коюп жашай бериш керек бала учун,атанын да эненин да мээримин коруп жыргал жашоодо жашаш учун.
04.07.2016. 23:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
03-10-2010
Соӊку аракети:
20-12-2016 16:55
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акылдуу эне баарына барат. Баласы учун.
04.07.2016. 23:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
03-10-2010
Соӊку аракети:
20-12-2016 16:55
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баласы менен эрге тие албай калат окшойт да.
05.07.2016. 00:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
28-02-2013
Соӊку аракети:
13-01-2019 16:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+10
Кантип баласын таштап кетти экен? Озу журсо да, баласы сагынып жатат го. Мисалы мен бир балага жетпей журом. А бул эжебиз кандай адам? Таттыбууго эч нерсеси окшошпойт.
05.07.2016. 08:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
25-11-2019 11:48
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ажырашканда ата-эне талашкандан мурда баланын бактысын ойлоосу керек го. Ажырашып, болоору болуп боегу канган сон улам чалып же айда-жылда бир жолугуп баласынын жан дуйносуно булук салып кусаланткандан коро, балким тынч койгону жакшыдыр? Ким билет? Мындайды эч кимдин башына салбасын, балдарыбыз аман болсун, балдарыбыздын бешенесинде биз аман бололу.
05.07.2016. 12:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-12-2014
Соӊку аракети:
03-11-2016 00:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Бироонун жашоосу бироого карангы.... озунун себеби бардыр таштаганга. Билбей эле ар нерсени айтып озубузго куноо арттырбайлы.
05.07.2016. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
01-01-2015
Соӊку аракети:
14-05-2019 17:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Таттыбубу эжекебизге такыр эле окшошпойт. Ким айтса да ноль!
07.07.2016. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МСК
-2
bagira77,Таттыбубу эжекебизди "сулуулук символу "катары коргонубуз учун "Таттыбубудой сулуу" ,ошого эки тамчы суудй окшош дегени эмес. Бул жон гана "сулуу"экенсиз деген мааниде кабыл алсак болот.
05.07.2016. 20:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
30-06-2016
Соӊку аракети:
24-02-2018 21:02
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бироонун жашоосу бироого чытырман токой дейт.
07.07.2016. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МСК
-1
Tiguuchu,100% Кошулам ,акыры тынч койдум деп жатпайбы ...Булардын жашоосу бизге карангы болгондон кийин ,"мээримсиз эне " деп айтуу такыр болбойт !
06.07.2016. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
11-10-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 02:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашынан улуу корунот экен жана ото катаал, татаал, темирдей бекем,ачылбаган эрибеген сыр сандык экен корком мындай адамдардан, баласын таштадым деп айтпайлего баласы же атасынын чечими болсо керек,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: