Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Нурлан Акматбеков, актёр: «ООБА, САЙКАЛ АРКЫЛУУ ЭЛГЕ ТААНЫЛДЫМ»

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж


Биз бул жигитти Сайкал Садыбакасованын экс-жигити катары тааныйбыз. «Нурландын үй-бүлөлүү экенин билбептирмин» деп ортодогу мамилеге чекит койгон Сайкалды актёр жигит азыркыга чейин жакшы көрөрүн айтат. Калыӊ элге Сайкалды алдаган жигит катары таанылып калган Нурлан менен болгон маекке көз чаптырыӊыз.

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 23-июнь
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Эмгекчил айылы
Билими – Москвадагы Космостук укук боюнча эл аралык институтунун юриспруденция факультетинде 3-курста окуйт
Бою – 1 метр 80 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Учурда бойдок, 1 кызы бар
Үй-бүлөдө 2 бир тууган, эжеси бар
Тартылган тасмасы – Сүйүн Откеевдин «Көпөлөк» тасмасы
Тартылган клиптери – Данияр Эрматов «Адам бойдон калгын өзгөрбөй», «Кечир мени», «Кыз-Бурак» тобу «Сизге», Жоодарбешим «Сенсиз мага» жана башкалар.

– Салам, Нурлан! Учурда Москвада экенсиӊ...
– Салам! 2008-жылдан бери Орусияга барып-келип иштейм. Москвадагы ресторандардын биринде бармен болуп эмгектенем. Киного, клипке тартылуу сунушу түшүп калса, Кыргызстанга барып турам.
– «Көпөлөк» тасмасында баш каармандын ролун жараттыӊ. Бул сенин тасма талаасына шилтеген биринчи кадамыӊ да. Кимдин сунушу менен
тартылдыӊ?
– Кыргызстанга барарда сөзсүз бир клипке тартылып кайтууну көздөп жолго чыгам. Аталган кинонун режиссёру Сүйүн байкеге чалып, «тасмага же клипке тартуу иштери болсо айтып коюӊуз» дегем. Ал кинонун кастингине чакырды. Кастинг 2 айдан ашык созулуп, 3-4 жолу сыналып көрдүм. Акыры чыдамым кетип Сүйүн байкеге «болсо болорун же жоктугун ачык айтыӊыз, убара болбоюн» десем, «бир аз убакыттан кийин тартуу иштери башталат, сени тандадык» деди. Образымды жеткиликтүү аткарууга болгон аракетимди жумшадым. Тасмага тартылуу бала кезимден бери көксөгөн тилектеримдин бири болчу.
– Сени көпчүлүк Сайкал Садыбакасованын мурунку жигити катары тааныйт. Анын колун сурап, үйлөнүүгө макулдугун алып шакек да тактыӊ эле. Сайкал «Нурлан аялы, кызы бар экенин айткан эмес. Башында эле ушундай калп айтып жатса, кийин кандай болот? Анын бул жоругун кечире алган жокмун» деген. Чындыгында эле билчү эмес беле?
– Бул мен үчүн оор суроо. Сайкалдын ошол интервьюсу чыкканына 1 жыл болду. Бул убакыт аралыгында бир да жолу маек берген жокмун. Себеби эркектин аял кишиге теӊелип, анын сөзүнө жооп кайтарганы пастык. Сайкалды канча адам таанып жакшы көрсө, ошончо адамдан жаман сөз уктум. Жадакалса Москвада да көчөдө бара жатканымда колу менен көрсөтүшүп, «Сайкалды таштап кеткен жигит го» деп жек көрүп карагандар болду. Чындыгында, элдин жаман сөзү катуу тиет экен. Ошолордун баарына чыдадым.
Ал берген маегинде «Аялы менен жашайт экен. Аны апам билип калыптыр» дептир. Сайкал менен 2014-жылы сүйлөшсөм, аялым менен 2011-жылы ажырашкам. Ошол убакта 3 айга Москвага окуума каражат табуу үчүн кеткем. Сайкал бирөөлөрдөн «аялыӊ менен жашап жатыптырсыӊ» деп айттырды. Аялым менен жашаган эмесмин. Сайкал менден көӊүлү калып, башканы жакшы көрүп калганынан ушундай шылтоолорду айттыбы же ушакка ишендиби билбейм. Жалган жалааны моюнума илип салды.
– Мамилеӊер чындыгында калптан башталдыбы? Аялыӊ менен кызыӊ бар экенин айткан эмес белеӊ?
– Бул суроону ушул бойдон эле ачык калтырууну туура көрүп жатам. Сайкалды кыргыз элинин алдында калпычы кылып жамандагым келбейт. Жакшы көрсөӊ ошол экен да. Ушунча оор сыноодон өтүп, кыйынчылыкты жеӊдим. Билбесе билбегендир деген сөздөн башка эч нерсе айта албайм. Балким, ошол кезде ага 2011-жылы аялым менен ажырашып кеткенимди айтканды унутуп калгандырмын (күлүп). Айтылбаган күндө деле ал жаш бала эмес да, туурабы? Алдаса эле ээрчип кете тургандай жеӊил ойлуу эмес. Сайкал менин артымдан жаман сөз айтса да, азыркыга чейин аны жакшы көрөм, сыйлайм. Бактылуу болсун.
– Сени «шоу чөйрөгө аралашыш үчүн ырчы кызды колдонду» дегендер да бар...
«Бул бала Сайкалдын артынан чыгып кетти» деп айткандар бар. Негизинен Жараткан бардыгына бир нерсени себеп кылат. Аны моюнума алам. Бирок мен өзүмдүн талантым менен клипке тартылып жатканда Сайкал жол көрсөтүп, «мындай кыл, тигиндей кыл» деп жардам берип карап турган жок да. Бул буйруктан болуш керек. Мени Сайкал менен сүйлөшкөнгө чейин эле баары таанычу деп да айта албайм. Андай жүзү кара адам эмесмин. Ооба, бир кездеги сүйлөшкөн кызым аркылуу элге башында романтик жигит катары таанылып, акыры жаман көрүндүм. Андан бери 1 жыл өтсө да, жеке жашоомдо эч ким жок. Элдин баары «Сайкалды алдап кетсе, мени да алдап кетет экен» деп ойлойт окшойт. Ошондуктан азыркыга чейин кыздар менен олуттуу мамиле кура албай келем.
– Сайкал эле эмес, «бул жигит альфонс» деген кептерди башкалар да айтып жүрүштү...
– Азыркы заманда кыздар альфонско алданбай калган. Өзүӊдү алдап кетиши мүмкүн. Адамга өзүнүн ырыскысы берилет. Ошону менен жашаш керек. Кудайга шүгүр, алты саным аман. Өзүмдүн иштеп тапкан акчам Кыргызстанга ай сайын барып-келгенге жетет. Андыктан чын жүрөгүмдөн андай жоруктан алысмын деп жооп бере алам. Ар бир адамдын башына сыноо келет. Мага болсо кыргыз элинин баары билген сыноо келди. Депрессияга кабылдым.
– Ушулардын баарын кантип жеӊдиӊ?
– Сиз бир нерсени билип туруп эле сурап жатасыз да. 10 күн ооруканага жатып чыктым.
– Муну билген эмесмин. Мынчалык кыйналганыӊа караганда ортодо чоӊ сүйүү болгон го...
– Менде чыныгы сезим болгон. 1 жыл өтсө да унута элекмин дебедимби. Бирок элдешейин деген оюм жок. Сайкалга «эмне үчүн минтип жамандадыӊ?» десем, «жакшы болсоӊ далилде» деди. Бирок ага көрүнүш үчүн шоу чөйрөдө жүргөн жокмун. Өзүмдүн көӊүлүмө жаккан жумушту аткарып жатам.
– Биринчи үй-бүлөӊдү кандай себептерден улам сактап кала албадыӊ?
– Мен 2 нерсени күнөөлөйм. 18 жашымда үйлөнгөндүктөн жаштыкты жана жеӊил ойлуулукту. Жаштык кылдык, көз караштарыбыз туура келбей калды. Күнөө экөөбүздө теӊ бар. Азыр саламыбыз түз. Ортобуздагы кызыбыз биринчи класста окуйт. Аны менен дайыма катташып турам деп айта албайм, кээде жолугуп турабыз.
– Маегиӊе рахмат!

Данияр Эрматовдун "Кечир мени" клибинен кадр.

"Көпөлөк" тасмасын тартуу аянтчасында. Фильмде баш каармандын ролун жараткан Малика Абдыразакова менен.

Нурлан Сайкалдын кучагын гүлгө толтуруп, шакек тагып колун сураган эле.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(71)
14.12.2015. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
01-11-2020 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы жооп бериптир бир мудурулосун эки мудурулосун жигит болсон кайра тик туруп кетесин .
14.12.2015. 09:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
20-03-2014
Соӊку аракети:
04-07-2018 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
мммммм десеее.....
14.12.2015. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
16-04-2015
Соӊку аракети:
27-10-2020 09:05
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тиги балага айтат элем, ушул интервьюндан кийин бардык кыздар болбосо да копчулук кыздар сени суйуп калат, анан тиги кинонду коргондон кийин сени суйгондор дагы кобойот, короче статусун канча жогоруласа ошончо суйо беришет, даже сайкалдын озу , ата энесида. капа болбо
14.12.2015. 09:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
29-07-2015
Соӊку аракети:
11-12-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нурлан молодец жигит баарын ачык айтыптыр
14.12.2015. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
17-09-2020 08:34
Жынысы:
Белгисиз
+10
burulai94,Турсунбай акабызга караганда эркектик кылыптыр))))))))))))))))
14.12.2015. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
26-11-2020 16:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pantherka,коментин да эркек экен.
14.12.2015. 09:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
08-04-2012
Соӊку аракети:
04-12-2018 18:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+5
Мага деле жагат ушу бала,жакшы эле баладай корунот,Сайкал деле белек эмеско,ар ким менен журо берет
14.12.2015. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
07-10-2020 16:57
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адамдын башынан эмнелер гана отпойт ажырашкан адам деле башканы суйуп бактылуу болууга укугу бар да.
14.12.2015. 10:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
14-10-2015
Соӊку аракети:
01-01-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми эртенкиде Сайкал чыгат..
14.12.2015. 10:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
03-05-2015
Соӊку аракети:
14-01-2017 23:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орусия азырынча
+30
Аял кишиге тенелип жооп кайтарган "пастык"деген жери жакты чыныгы жигиттик муноз бар экен,аткарган клиптеги ролдорун жетээр жерине жеткире аткарат,талант бар азамат байке экенсиз☺
14.12.2015. 10:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-10-2015
Соӊку аракети:
28-02-2017 20:52
Жынысы:
Белгисиз
+6
азаматсын Нурлан ишине ийгилик, эн негизгиси Кудай алдында ак болсон болду ушактарга конул бурба ит уро берет кербен журо берет
14.12.2015. 10:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
09-06-2014
Соӊку аракети:
31-01-2020 20:10
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сайкал менен суйлошкондон мурун уй-булосу жонундо айтып койсо болмок экен,эмнеси болсо да экоон тен оз бактынарды тапкыла!!
14.12.2015. 11:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
06-05-2010
Соӊку аракети:
20-02-2020 13:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Бул жигит жонундо мен да жаман ойдо калгам.Эми оюм озгорду.Сайкалды унутуп эле коюнуз.Тынч эле шоу бизнестен эмес эле,ырчы болбогон эле кыргыздын ыймандуу айымына баш кошсонуз бактылуу болосуз.Анткени,эки койдун башы,бир казанда кайнабайт.
14.12.2015. 11:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
07-04-2015
Соӊку аракети:
23-06-2018 00:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+10
Чон энем айткандай пешенеси жарыык бала экен))) Мындан наары иштерине ийгилик!
14.12.2015. 11:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
22-10-2013
Соӊку аракети:
19-12-2017 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+5
Аябай ачык, окусан ишене турган, жонокой маек болуптур. Ушинтип ичиндегини сактап жатпай айтканын туура эле. Тагдырына ошондой сыноо которо алганын учун жазылган.Бешенене ыймандуу, тарбиялуу жердин кызы жолуксун, бактылуу бол.
14.12.2015. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
591
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
26-11-2020 21:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+6
Сайкал аялы бар экенин сонун эле билчуу экен.Гулшайыр эжебиз билип калып точка койгон экен.
14.12.2015. 11:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
08-05-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында жакшы маек болуптур!Нурлан байке сизге ийгилик.
14.12.2015. 12:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
09-10-2015
Соӊку аракети:
28-03-2016 14:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түрция
0
Токтоо орду менен суйлогон жигит окшойт,ким билет дагы адамдын ички дуйносун жашап корсон анан билесин дейтго!
14.12.2015. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
23-11-2020 23:08
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакты мага, сонун интервью бериптир. Токтоо, орду менен суйлогон жигит экен. Бактылуу болунуз!
14.12.2015. 13:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
02-10-2015
Соӊку аракети:
26-04-2017 05:08
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менимче Сайкал жанылышкан. Эгер чындап суйгондо баарын тушунуп, кечирмек. Ар бир адамдын артынде оз тарыхы бар. Аял киши учун эн башкысы бакыт эмесби?
Анысынарындай бакыты учун курошсо болмок...
Мейли эми бактылуу болсун.
14.12.2015. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
29-05-2020 07:15
Жынысы:
Белгисиз
+8
aijamal001,Сайкал кечиргени менен Гулшайыр эжебиз каршы болсо керек. Ал эми Нурлан сага ийгилик каалайм. Эми бактылуу бол.
jibeka09 түзөттү 2015-12-14 16:07:58
16.12.2015. 15:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
19-06-2013
Соӊку аракети:
10-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
jibeka09,Сайкал мн Нурлан бир бири учун жаралгандай пара кайра табышып алса жакшы болмок а нурланга чыгармачылык ийгилик.
21.12.2015. 02:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
29-05-2020 07:15
Жынысы:
Белгисиз
0
kepka,даа экөө сонун пара
14.12.2015. 13:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
17-06-2015
Соӊку аракети:
10-07-2017 11:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
-19
Озун жакшы жарнамалаап (пиар) жасай билген ! Адам экен. Мындай жол менен да . Сахна жузун ээлесе болот. Баары бир бироонун, шакирти катары.)
14.12.2015. 13:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
24-08-2010
Соӊку аракети:
08-05-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшы аткарат клиптерде.Сен Сайкалы эле эмес Сайкалда сени жакшы корот менимче

14.12.2015. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
03-09-2015
Соӊку аракети:
24-05-2020 17:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сан Франциско Кыргызстан.
+2
Maga da jagat suluu jakwinakay jaktirip kaldym)))
14.12.2015. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
06-10-2015
Соӊку аракети:
22-10-2020 09:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Т.Ц. Щукада иштеп жатканын коргонмун мага жаккан жок жылдыз оорусу м.н ооруп жатат го
14.12.2015. 14:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
11-11-2015
Соӊку аракети:
29-01-2016 13:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан, келбетинизге ички дуйнонуз топ келген мырза экенсиз. Сайкал да аябай акылдуу кыз. Экоонор бири биринерге куп жарашат эленер... Чынын айисам силерди эки айры жолго тушту деп укканда катуу кайгыргам. Дагы эле бир кун экоонор жарашып кол кармашып кетесинер деп ишенип журом.
14.12.2015. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
26-11-2020 20:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-18
Биринчи аялы да акылдуу кыз. Жакшы болсо биринчи никесин бузбас эле.
14.12.2015. 15:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
29-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+7
Сайкал Нурлан дн биринчи аялы жана кызы бар екенин бирок ажырашып кетишкенин билип еле анан суйлошкон екен. Бирок Гулшайыр Садыбакасова эжебизге жеткенде суйлоштурбой ушундай кылып интервью бердирген. Турмушта баардыгы болот. Сайкалда сен да бактылуу болгула!
15.12.2015. 20:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
13-11-2010
Соӊку аракети:
12-12-2018 08:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
tina-janka, мен да ошентип уккам. Гулшайыр апасы каршы болуп акыры элге билмексен башкача айтканда олумуш болуп Сайкал интервью берип, Нурландан кутулган. Байкуш баланы жаманатты кылып... Азамат Нурлан, мыкты эркек экенинди далилдепсин! Ажылдап баарын билчу деп интервью бермек башка бироо болгондо. Азыр да Сайкалды жаманатты кылгысы келбей атат. Сендей жигиттен кол узгон Сайкал менен апасы кийин окунбосо болду. Бироонун баласын жаманатты кылган негизи туура эмес.
16.12.2015. 07:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
11-11-2010
Соӊку аракети:
04-09-2016 17:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Biwkek
0
Maxima,Гулшайыр эже турмушка бышкан, тажрыйбалу аял, эне да. Киминер бапестеп баккан жалгыз кызынарды ушундай шектуу бироонун колуна салып бергенге даярсынар?
14.12.2015. 15:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
03-10-2015
Соӊку аракети:
01-08-2017 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи жакшы интерьвю бериптир.
14.12.2015. 15:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
22-11-2014
Соӊку аракети:
11-05-2016 01:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да жакшы кором эркектик мунозун анданда жакты бир жерден корушуп калгам тааныш адамындай аябай кайрылып атып караган эле
14.12.2015. 15:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
11-03-2014
Соӊку аракети:
30-11-2018 19:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
«Сайкалды таштап кеткен жигит го» degenine tuwunboi kaldym Saikal tawtagandai bp jurdu ele gooooooooooo
14.12.2015. 16:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
04-10-2015
Соӊку аракети:
23-01-2017 22:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-18
койгулачы если бул бала нормальный болсо биринчи аялы менен жашамакта
17.12.2015. 22:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
s5kgbal,ажырашкандардын баары ненормальный бекен,өз башыңа келбесине гарантия бере аласыңбы? Өзүңө келбесе да, жакындарыңа келип калышы мүмкүн, антип кыйын болбо
14.12.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сайкалга жаман корунсо эле баары жаман коруп салышат,адамдын сырткы келбетинен баалап болбойт.Мыкты Жигит экен,Сайкал кийин окунбосо болду.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24796;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: