«Жылдын супер саундтреги» (Добуш берүү токтотулган)


47,7% (489)
39,8% (408)
8,5% (87)
Эрмек Маматов & Тамга, «Неге, неге?» («Мурас»)
4% (41)

Жалпы добуш (1025)


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«УУЛУМДУН КОЛУ КҮНДӨН КҮНГӨ КУУРАП БАРАТАТ»

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж


«Мындан 9 ай мурун 6 жаштагы жалгыз уулумду автоунаа сүзүп кетип майып болуп калды. Ал эми аны сүзүп кеткен айдоочу татыктуу жазасын албай жүрөт» деген Сагынбек Төрөбаев аттуу жаран окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

«БУТУ-КОЛУ СЫНЫП, ТЕРИСИ ЭЛЕ КАРМАП КАЛЫПТЫР»
– Өткөн жылдын 15-ноябрында күндүзгү саат 12 жарымдар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында жол четинде ойноп жаткан 6 жаштагы уулум Фирдавсты жогорку ылдамдыкта келе жаткан автоунаа сүзүп кеткен. Уулумдун оӊ буту жоон сандан сынып, ажырап кетүүдөн териси эле кармап калыптыр. Сол колу да билегинен, чыканагынан сынган. Айдоочу болсо уулумду сүзгөндөн кийин жол жээгиндеги бакты сүзүп токтоптур. Ошол убакта көчөгө жакын жерде бакчада жүгөрү чаап жүргөн эжем менен жездем уулумду унаа сүзгөнүн көрүп чуркап чыгышыптыр. Айдоочу аларга саатына 100 чакырым ылдамдыкта келе жатып унаасын башкара албай калгандыгын айткан экен.
Эжемдер ошол замат Фирдавсты Кара-Суу райондук ооруканасына алып барышса, дарыгерлер «биз жардам бере албайбыз» деп Ош облустук ооруканасына жөнөтүшүптүр. Дарыгерлер уулума 3 жолу операция жасап, колу-бутунун үзүлгөн жерлерин улашкан. Бирок тигилген 3 манжасын сактап калууга мүмкүн болбой, кайра кесүүгө мажбур болушкан.
Мен ал убакта Орусиянын Новосибирск шаарында иштечүмүн, кырсык болгондон 2 күндөн кийин келдим. Уулум 4 айдан ашуун убакыт ооруканаларга жатып дарыланды. 3 ай дарылангандан кийин гана аны дарылаган врачтар колунун иштеп кетишине кепилдик бере албастыгын айтышты.

«КОЛУНУН АЙЫГУУСУНА МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР ЭКЕН»
– Быйыл апрель айында айыгып кетер деген үмүт менен уулумду айтылуу дарыгер Сабырбек Жумабековго көрсөттүм. Ал анын профилиндеги оору эмес экендигин айтып профессор, микрохирург Мырзабек Матеевге жөнөттү. Уулумду көргөн Мырзабек байке «жүлүн менен байланышкан нерв тамыры үзүлүп кетиптир, биз дарылай албайбыз» деп неврологиялык борборго жолдомо жазып берди. Ал жактын дарыгерлери текшерип көрүшүп, уулумдун сол колунун бир дагы нерв системи иштебестигин айтышты.
Азыр баламдын сол колу такыр иштебейт, күндөн күнгө куурап, кичирейип баратат.
Орусияда иштеген досторум аркылуу Германиядагы реабилитациялык клиника менен байланыштым. Ал клиниканын дарыгерлеринин айтымында, уулумду эртерээк алып барсам колу иштеп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок жалпы дарылоосуна 80 миӊ евро керек болуп турат. Менде анча каражат жок. Ата-энем карып калган, атам оорукчан, бир жарым жылдан бери төшөктө жатат. Бир туугандарымдын деле жардам бере турган шарттары жок. Орусияда иштеген эжем үйүн сатып акчасын берип турмак болгон, бирок үйү сатылбай жатат. Айлам кеткенде жардам болор деп президентибизге, ондой депутатка жардам сурап кайрылдым, бирок биринен да жооп болгон жок. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, колунан келгендер аздан болсо да жардам берсе уулумду айыктырып алар белем? Жалгызымдын келечегин ойлоп жатып өзүм да жүрөк оорулуу болуп калдым. Аялым экөөбүз баламдын айынан уруша берип акыры ажырашып тындык.

«АДИЛЕТ ӨКҮМ ЧЫКПАСА ӨЗҮМ ЖАЗАЛАЙМ»
– Уулумду сүзүп кеткен айдоочу – Ош шаарынын 54 жаштагы тургуну Шамшидин Каратаев ушул убакка чейин дары-дармегине жардам бермек тургай, бир да жолу басып келген жок.
Бул боюнча кылмыш иши 4 айдан соӊ гана ачылган. Тергөө да акыйкатсыз жүрдү. Май айында Ош облустук сотунун судьялары Алмаз Абдылдаев менен Айвар Кубатовдор айдоочуну күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу кесип, 200 миӊ сом айып пул салды. Ал айып пул балама төлөнөбү же өкмөткө төлөнөбү, билбейм. Жиним келип ошол жерден уулумду чечиндирип, анын абалын судьяларга көрсөттүм, бирок алар «каалаган жагыӊа барып арыздана бер!» дешти. Жактоочумдун айтымына караганда, айдоочу тергөөчүгө да, сотторго да акча бериптир. Ал судьялардын жазасын Кудай өзү берсин деп кала бердим. Бул иш азыр Жогорку Сотто, эгер ал жактан да адилет чечим чыкпай турган болсо, күнөөлүү айдоочуну өзүм жазалоого мажбур болом.

"Уулумдун буту айыкканы менен, колу дале жансыз".

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Соттор баламды итчелик да көрүшкөн жок"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(72)
Super TV
29.08.2015. 01:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
29-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
Кудайым шыпаасын берсе екен. Мага ушул адамдын тел номери керек супер инфо кайсыл жактан алсам болот?
Super TV
29.08.2015. 02:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
09-02-2019 22:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз
0
Кудайым озу кудреттуу жан,буйруса баары жакшы болот инш аллах.
Super TV
29.08.2015. 07:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
18-10-2015 06:33
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭэхХ ото окунучту. кудайым шыпасын берсин
Медиа-портал
29.08.2015. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
13-07-2015
Соӊку аракети:
25-11-2019 00:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу жардам берсин, жакшы болуп кетсин.
Медиа-портал
29.08.2015. 11:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
25-08-2015
Соӊку аракети:
29-08-2015 11:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyikat jok!!! Oto okynychtyy!! Kerek bolso 200 000 somun sottor alyp beriwe albaptyr!!Al akchany oz chontoktoryno salyp koyuwsa kerek
Медиа-портал
29.08.2015. 11:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Шыпаасын бере кор.Акыйкат жок бизде.
Super TV
29.08.2015. 12:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
20-03-2016 12:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда эч нерсеге ишенич жок,мыйзам иштебейт.Эн башкысы акча,акчан болсо баардыгын кылсан болот.Коркосун жада калса врачтарга корунуштон,акчан жок болсо эптеп септеп карап,кайра майып кылат.Чындык,адилеттик жок.Кембагалдын баласы тоок уурдаса эркинен ажыратылып турмодо олтурат,ал эми байлар мыйзамды бузуп ,жада калса адам олумуно себепкер болуп турса да акча берип кутулуп кетишет.
Медиа-портал
29.08.2015. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
16-11-2013
Соӊку аракети:
04-12-2019 11:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдардын жүрөгү ташка айланып,көздөрү акчадан башканы көрбөй калган тура....
Жазасын бериш керек!
Бир жакшына баланы майып кылып коюп,кантип жер бетинде басып жүрөт?
Кудайым шыпаасын берсин ширин балага
Super TV
29.08.2015. 12:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-05-2015
Соӊку аракети:
10-09-2015 08:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсин. Ото аянычтуу. Ошол айдоочунун да балдары болуш к.к. кудайдан корксо болмок. 200000 акчаны ал сотторго берди болуш керек . кандай чырактай бала айыгып кет.
Super TV
29.08.2015. 12:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-07-2014
Соӊку аракети:
16-09-2017 09:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тюмень
0
Кудайым шыпаасын берсин акыйкатык кылбаган сотторду кудайым озу жазаласын
Медиа-портал
29.08.2015. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
14-12-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Банктан лицевой счет ачса акча котормокпуз. Коп тукурсо кол болот.
Super TV
29.08.2015. 14:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
23-12-2014
Соӊку аракети:
19-01-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Мынча жакшына бала!Аллахым шыпаа берсин!Аминь
Медиа-портал
30.08.2015. 04:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
20-02-2013
Соӊку аракети:
13-12-2019 22:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланыз айыгып кетсин биздин соттор прокурор тергоочулор оздору 200000 болуп алышса керек жузунон отолбай журушот да акчалары тугонгондо кайрадан Сидни жазган арызынызды карай башташат чонтоктору толгондо жаап салышат баланыздын тагдыры аларды кызыктырбайт пусть говорятка келиниз андан коро жардам берген адамдар табылып калат
Super TV
30.08.2015. 09:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
11-12-2019 17:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
0
Кыжалат болбонуз сиздин жардамчыныз Аллах,ИншаАллах баланыз айыгып кетсин эсен аман.
Super TV
30.08.2015. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
16-01-2012
Соӊку аракети:
29-10-2019 20:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Эх окунучту, бир жакшына чырактай молтурогон баланы майып кылыптыр. Акчан менен сотту сатып аларсын бирок аллахты эмес. Кудайым бир кун козундон кан агызаар ошондо тушуноорсун бул дуйно акча менее эле чесчилбесин
Медиа-портал
30.08.2015. 18:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-03-2015
Соӊку аракети:
14-02-2016 10:37
Жынысы:
Белгисиз
0
ииий жаным десе бир ширин бала экен Кудайым шыпаасын берсин бизде ушундай акыйкаттык жок да аларга дагы Кудай бардыр
Медиа-портал
30.08.2015. 21:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
08-11-2010
Соӊку аракети:
25-11-2019 00:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Коруп алып журогум ооруп кетти, кайсы заманда жашап жатабыз билбейм.
31.08.2015. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-11-2013
Соӊку аракети:
29-06-2019 14:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Фирдавска жардам берууну каалагандар учун ага банктан эсеп ачылган:
Демир Банк:
1180000061679072 KGS
1180000061679173 USD
1180000061679274 EUR
Мобильный кошелек MOBILNIK.KG ЛИЦЕВОЙ СЧЕТ 22886
Атасынын байланыш телефондору:
+996 709 069086
+996 776 077200
Сагынбек
31.08.2015. 09:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-08-2015
Соӊку аракети:
30-05-2016 18:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Jalal-Abad
+1
aiygyp ketsin emi
31.08.2015. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
06-05-2011
Соӊку аракети:
25-12-2018 16:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фирдавска жардам берууну каалагандар учун ага банктан эсеп ачылган:
Демир Банк:
1180000061679072 KGS
1180000061679173 USD
1180000061679274 EUR
Мобильный кошелек MOBILNIK.KG ЛИЦЕВОЙ СЧЕТ 22886
Атасынын байланыш телефондору:
+996 709 069086
+996 776 077200
Сагынбек
31.08.2015. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
09-12-2019 16:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаа берсин.Эч ким жазасыз калбайт
04.09.2015. 19:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
29-09-2014
Соӊку аракети:
07-06-2017 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла шыпаасын берсин аааммиииин
31.08.2015. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
11-12-2019 13:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
JallivuD
+3
эч кимдин башына мындай окуя тушпосун. байкуш балага боорум ооруп кетти. ширин бала экен
31.08.2015. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 14:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+4
Ушундай жан кейиткен койгойлорду окуп же угуп,мамлекетибиз зордук зомбулукка ото чон кадам таштагандай сезилет. Адилетуулукту калыстыкты жоготкон,корупцияга малынган,адам омурунон да озунун чонтогун бийик койгон абиирсиз сотторго наалат айткын келет. Ылайым кудайдан болуп балага шыпаа берсин айыгып кетсин!
31.08.2015. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
18-10-2018 16:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла шыпаасын берсин.
Медиа-портал
31.08.2015. 15:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
30-05-2014
Соӊку аракети:
31-08-2015 18:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаа берсин.Байке эгер россияда болсонуз пусть говорят передачасына жазып корбойсузбу алар акыйкаттык тапканга да врачтаргакоргозгону да жардам беришет.башка улуттарга жарыя кылабызбы деп ойлошунар мумкун бирок ансыз акыйкаттык болбойт.передачадан крга барышса анча мынча корупционерлер да ойлонушмак.а то акыркы мезгилде коптогон карапайын адамдар акыйкаттык таппай куйуп журушот.алар сиздерге созсуз жардамберишет ошол жака жазыныз
31.08.2015. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
14-12-2019 15:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+4
Э жараткан,ушул наристенин денсоолугун озун кайтарып берсен экен.Аябай боорум ооруп кетти.Мотурайган жузун карачы.Буйруса,кыргыздын белгилуу спортусу болосун,буту колун айыгат,алтыным.
31.08.2015. 17:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
19-02-2015
Соӊку аракети:
06-02-2016 01:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Жаратканым шыпаасын берсин...(((
31.08.2015. 17:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2016 13:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаасын берсин,булда болсо алланын сага берген сыноосу болсо керек,кудай буйурса жакшы болуп кетесин корбогондой болуп,озуда аябай сулуу бала экен,козда тийген болсо керекда,адамдын козу таш жарат деп коет,Азыр медицина онуккон акчан болсо баарын кылса болот,коп тукурсо кол болот дегендей баарыбыз азда болсо жардамыбызды аябайлы кыргыз элим.
31.08.2015. 17:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2016 13:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байке эчнерседен коркпонуз бул жерде жазышыптыр пусть говорят ка барыныз деп.туп туура айтышкан.барыныз ошол баланызды ушул акыбалга келтиргендерди биздикилер итчелик карабаса ошолор сазайын берсин.
31.08.2015. 19:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
10-11-2013
Соӊку аракети:
01-03-2019 23:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
киндик каным тамган жер
+1
Ооба пусть говорят ка барын чын эле. Алар 100% жардам берет.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: