Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алтынбек Максүтов, маданият, маалымат жана туризм министри: «ГАДКИЙ УТЁНОК» ЖОМОГУНДАГЫ БАЛАПАНГА ОКШОШСУӉ ДЕШЕТ»

№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж


Көйгөйү көп маданият тармагына министр болуп келген Алтынбек Максүтов мырзаны кепке тарттык. Иштеп жаткан жумушу, үй-бүлөсү, балалыгы, жашоосундагы орчундуу окуялары, бир кездеги узун чачы тууралуу кенен айтып берди.

МАКСҮТОВ АЛТЫНБЕК АСКАРОВИЧ

1972-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.
1989-1993-жылдары Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган.
1996-2000-жылдары Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган.
1993-2013-жылдары Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенген.
2013-2014-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда башкы режиссёр.
2014-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп эмгектенип келет.
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА ЖҮРГӨН КҮНДӨРҮМДҮ САГЫНАМ»
– Чыгармачылык чөйрөдө жүргөндө менде бош убакыт көбүрөөк болчу. Бир идеяны ишке ашырганга кенен убакыт бөлүп, ойлонуп-толгонуп чыгармачылык шык издечүмүн. Азыр эртеӊ менен саат 6 жарымда же 7де турам да жумушка жөнөйм. Кечинде саат 11лерге чейин жумушта отурам. Коомчулукка көрүнүп да, көрүнбөй да жасалып жаткан иштер бар. Ийгиликтер бар, алардын баарын айтып тигини жасап жатам, муну жасап жатам деп мактангым келбейт. Мен иштейм деп келгем, иштеп жатам. Көйгөйлөр толтура, колдон келишинче аларды чечкенге, маданиятыбыздын өнүгүп өсүшүнө салым кошконго болгон аракетимди көрүп келем.
Чынында, чыгармачылыкка аралашып, мейли спектакль коюудан, мейли кандайдыр бир оюн-зоок иш-чарасын уюштуруудан, роль аткаруудан эргүү алып, рахаттанып жүргөн күндөрүмдү сагынбайм десем, анда калп айткан болуп калам. Ал күндөрдү сагынам. Себеби мен 3-класстан тартып эле чыгармачыл чөйрөдө келе жатам да.

«КЫЗАМЫК МЕНЕН ООРУП, ЫРДАП АЙЫККАМ»
– Атам мугалим, апам медицина кызматкери. 5 бир тууганбыз, улуусу мен. Апам айтып калат, «кичинеӊде эле элге бат аралашып кеткен, чоӊ кишидей сүйлөгөн бала болчусуӊ» деп. Анын айтымында, бала бакчадан чыкканда, чоочун киши көрсөм «Салам алейкум! Байке, атыӊыз ким? Менин атым Алтынбек. Аскардын баласымын. Таятамдыкына барайын дедим эле. Мени ошонукуна чейин алып барып койбойсузбу?» деп суранчу экенмин.
Кийин эс тартып, 3-класста окуп калганда кызамык менен оорудум. Аябай кыйналгам. Ошондо үйдөгүлөр обондуу жакшы ыр жаттатышса тынч уктап, эгер жаӊы ыр жаттабай калсам, таӊ атканча уктай албай кыйналып чыкчумун. Муну үйдөгүлөр байкап калышып ыр жаттатып, мени менен кошо ырдап жатып укташчу. Ошентип музыкалык шыгым ойгонгон. «Малыш» деген кичине баян сатып беришти. Аны даӊылдатып таӊ аткыча чертип, кошуналарымдын уйкусун бузган күндөр да болду. Ошентип жүрсөм чоӊ апам: «Ай, Алтынбек, сен деген азыр кичинекей баян чертип жатасыӊ. Чоӊойгондо чоӊун чертесиӊ. Анан карыганда кантесиӊ? Жатып алып чоӊ баянды черте албай каласыӊ го. Сен комузду үйрөнүп ал. Комузду карыганда деле жатып алып черте бересиӊ» деген. Чын эле деп ойлонуп, музыкалык мектептен комузду үйрөнүп баштагам.
Мектепте кароо-сынактарды калтырган жокмун. Окуучу кезде өзүм туулуп өскөн Казарман айылынын «звездасы» да болуп кеткем.

«ЖУБАЙЫМ БАРДЫК «КАПРИЗДЕРИМЕ» ЧЫДАП КЕЛЕ ЖАТАТ»
– 8-классты бүткөндө Бишкекке келип Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып өтпөй калдым. Ушунчалык көӊүлүм калып, шаабайым сууган. Музыканы таштайм да актёр болом деп чечтим. 11-классты бүтүп келип, Искусство институтуна тапшырайын деп жүрсөм, жердешим жолугуп калып Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга студенттерди кабыл алып жатышканын айтып, барып көрүүнү сунуштады. Сынактан өтүп кеттим. Анда Москвада окуйт деген укмуш угулчу. Айылдан келип түз эле Москвада окумай болдум. Бирок ал жактан орус тилинен аябай кыйналдым. Тил билбегенимдин айынан мени окуу жайда «иностранец» деп атап алышты.
1993-жылы театралдык окуу жайды бүтүп келдим. Өзүм менен чогуу окуган Таалайкан Абазовага баш коштум. Таалайкан мага жакшы жөлөк болду. Менин бардык «каприздериме» чыдап келе жатат. Ал мага караганда аябай эле таланттуу, жүзү да жагымдуу болуп киного ылайыктуу. Биз жаӊы баш кошкон кезде Кыргызстанда жашоо оор болчу. Айлыгыбыз 70 сом, ал бир жумага жетет. Андан ары не болот деп бушайман болосуӊ.
Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде азыркы Ибраимов көчөсү менен бара жатсам, элдер үймөлөктөшүп турушат. Барып карасам бир карыган орус чал отуруп алып бут менен иштеткен чарыкка бычак курчутуп жатат. Көзүмө укмуш көрүндү. Элдер бычактарын курчутуп, таркап кетти, мен турам. «Эмне жактыбы?» дейт орус абышка. «Ооба» десем, «үйдө бирөө бар, 300 сомго сатам, ал» деди. Эртеси карызга ар кимден 150 сом чогултуп, абышкага барып чарыкты алып келдим. Жарым акчасын иштеп тапкандан кийин бермей болдум. Ал жылдары мен бир чайдын жарнамасына тартылып, жүзүм элге таанылып калган. Көчөдө кантип бычак курчутуп отурам деп намыстанам. Бирок айла жок, бычак курчутканы чыгарда кепканы баса кийип, таанылгыс болуп иштечүмүн. Дем алыш күндөрү, жумуштан сырткары иштейм. Ошентип 500-1000 сом табам. Бирок ошондо да театрды таштаган жокмун.

«ТЕАТРДАГЫ РОЛЬ ҮЧҮН ЧАЧЫМДЫ ӨСТҮРГӨМ»
– Театрда «Гадкий утёнок» деген пьесада баш каарманды көп ойнодум. Ал жомокто бир балапан кичинесинде ырайы суук болуп, ар кимге жаман көрүнүп, кийин сулуу ак кууга айланат эмеспи. Ошол балапандын образын жаратып жүргөндө, адегенде чачым бар экенин билгизбей жашырып коёбуз, кийин ак кууга айланарда чачымды коё берип, башкача болуп чыга келчүмүн. Ушул роль үчүн атайын чачымды өстүргөм. Ал чач менен көчөдө жүргөн кызык болчу. «Карасаӊ, карасаӊ» деп сөөмөйү менен көрсөткөндөр, «эй, сен эмне чачыӊды өстүрүп алгансыӊ?» деп сындагандар болчу. Алардын баарына «мен «Гадкий утёнок» пьесасында ойнойм» деп түшүндүрүп жүрө албайсыӊ да. Тааныштарым айтат, «сенин тагдырыӊ ошол пьесадагы балапанга окшош. Балапан болуп кагылып-согулуп жүрүп, ак кууга айланып министр боло калдыӊ» деп. Андайда»койгулачы, кайдагы ак куу» деп күлүп калам.

МИНИСТРЛИККЕ АЛЫП БАРГАН СЫРДУУ 13 САНЫ
– Менин министрлик кызматка келгеним – бул менин жасаган иштеримдин жемиши десем болот. Жыйырма жылдан ашык театрда актёр, режиссёр болуп иштедим. 26
жашымда кайра музыкалык билим алдым. 13 талапкердин арасынан 13 добуш алып, 13-октябрь күнү туулган күнүмдө министр болуп келдим. Билесиздерби, адегенде мына бул костюм-шымга да көнө албай жүрдүм. Таптакыр башкача боло берет экенсиӊ. Ал эми жумушта мен көрүп, билип жүргөн көйгөйлөр, маселелер бар болчу. Аларды акырындан чечкенге өттүк. Учурда театрды жандантуу үчүн жер-жерлерге гастроль уюштуруу иштерин колго алуудабыз. Жаӊы китептерди чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат. Санариптик телекөрсөтүүгө өтүү боюнча чоӊ-чоӊ иштер алып барылууда. Мындан башка да жасалып жаткан иштер толтура. Алардын баарын айтып отурсам убакыт гана коройт, андан көрө унчукпай эле жасай бергенибиз оӊ.

"Апам Созул, жубайым Таалайкан менен Кырчын жайлоосунда".


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(14)
20.04.2015. 10:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
07-03-2015
Соӊку аракети:
03-11-2016 13:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Министрибиз азыр деле гадкий утенок, эми элге анын келбети эмес аткарган иши керек да.
20.04.2015. 13:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
17-02-2015
Соӊку аракети:
10-10-2017 10:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Aiylym altyn beshigim!
+1
менин жердеш агам,биз б.а Казармандыктар сиз менен сыймыктанабыз жана ишенебиз!!!Ишинизде жакшы ийгиликтер жаралсын!
20.04.2015. 13:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
26-06-2016 08:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
министр болгонуна коп болгон жокко, аябай коптон бери иштеп келе жаткандай,коп иш жасагандай маек бериптир....алгылыктуу иш жасаныздар,ишинизге ийгилик!!
20.04.2015. 14:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
23-05-2014
Соӊку аракети:
22-04-2015 22:09
Жынысы:
Белгисиз
-1
Министр болуп озун аккуу сезе баштаган го бул байкебиз. Бирок,ишинде бир да жылыш билине электей. Пока что,если что.:-D
24.04.2015. 19:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
19-04-2015
Соӊку аракети:
11-10-2015 06:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalin466, албетте баягы баягы баягы бойдон маданият тармагы озгоруусуз калууда жылыш жок эч кандай.
20.04.2015. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
30-04-2020 14:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтынбек Аскарович элге бир нерсени тушундуруп беришинизди суранабыз! Баткен облустук драма театрына диплому жок жаш балдарды бирин директор бирин зам директор кылып койдунуз. Канча акча алдыныз экен?
21.04.2015. 04:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
29-08-2018 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол
+2
Кантсе да маданията билими бар адам иштегени жакшы. Ийгилик сизге. Биз колдойбуз
21.04.2015. 04:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
29-08-2018 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол
0
Мурунку министр Кырчында Чолпонатада откон фестивалдын жабылышын уюштура албай биздин элди жер каратты го. Бу да болсо билимсиздигинен, тажрыйбасы жоктугунан келип чыкты
22.04.2015. 11:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+1
Жалан 13 саны болуптурда ишинизге ийгилик.
22.04.2015. 15:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
12-11-2019 16:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыйрата элек келгенден бери кана нени кыйратты секиргени менен эле окургону эсте калыптыр. а аялы да актриса турбайбы жанагы свет акеде актан арым кубатты киринтет го тазикке салып ошол да. Министр болгон сон кыйратпайбы десен айылдагы клубдар кампа бильярдкана болуп кетти. а бул болсо гадкий утенок экенин жар салып отурат. журналист эмнеге окурдунуз ушул креслого келиш учунбу деген суроону берсе мен озум барып ушул суроону берген учун деп рахматымды айтып келмекмин гезиттегилерге.
22.04.2015. 16:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-02-2015
Соӊку аракети:
15-06-2015 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтынбек байке биз Казармандыктар сиз менен сыймыктанабыз ишинизге ийгилик.
23.04.2015. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
16-04-2015
Соӊку аракети:
24-02-2020 16:36
Жынысы:
Белгисиз
0
свет акеде актан арым кубатты тазикке салып жуунткан ошол, азыркы министрдин аялыбы, кудай сакта, мен аны куйоосу жок бир келин окшойт экен дегем, негизи аялын кызганбаса абдан уят!
23.04.2015. 21:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2015 04:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы кылганына иштедим дейт опера балеттин куттуу сахнасын айбандардын балит тойканасына айландырганынабы. Жаны келип эптеп акча иштоо менен алек го азыр. Конулго эч толбоду ушу киши.
28.04.2015. 00:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
20-10-2013
Соӊку аракети:
12-04-2020 08:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Таалайкан Абазова Апамдын махабаты сериалында да Сейилдин жаштыгын ойногон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: