Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Кыялбек Урманбетов, акын: «ЫР ЖАЗАМ ДЕП АЛАКСЫП ТОВАРЫМДЫ УУРДАТКАМ»

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж


Ыр менен жашоосу түгөл болуп, ырсыз турмушун элестете албаган калемгерлерибиз аз. Биз сөз кылчу адам 300дөн ашуун обонго сөз жазып, 7 китеп чыгарган. Бирок турмушта жупуну жүргөн бир акын бар. Ал акын Совет Урманбетовдун уулу Кыялбек Урманбетов.

АКЫН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Фрунзе шаары
Туулган жылы, күнү – 1959-жыл, 3-январь
Билими – КУУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган
Сыйлыктары – Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери
Белгилүү обондуу ырлары – «Бишкегим», «Гүлзар», «Ыр майрам», «Ак санат», «Асман», «Булуттар», «Кыргыз бийи» жана башкалар

– Кыялбек мырза, чыгармачылыгыӊызга 45 жыл болуптур. Сурайын дегеним, качантан тартып ыр жазып баштадыӊыз?
«Чыгармачылыгымдын 45 жылдыгын белгилейин деп жатам» десем, Түгөлбай Казаков байке «ой, Кыялбек, чыгармачылыгыӊ өзүӊдөн да улуу го? Же энеден ыӊаалап төрөлгөндөн баштап эсептеп жатасыӊбы?» деп тамашалады. Көпчүлүк түшүнбөй калышы мүмкүн, «өзү 56 жашка чыкса, чыгармачылыгына ушунча жыл болмок беле?» деп. 3-класста окуп жүргөндө алгачкы жазган ырым республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине чыккандыктан, чыгармачылыкка аралашканымды ошол жылдан баштап эсептеп койдум.
– Атаӊыз Совет Урманбетов көрүнүктүү акын. 10 жашыӊыздан тарта ыр жазып калышыӊызга атаӊыз себепчи болсо керек?
– Атамдын ыр жаза турган бөлмөсү бар эле. Жаӊы ыр жазганда көйнөгүнө батпай сүйүнүп, «мен жаӊы ыр жаздым, уккула» деп баарыбызга окуп берчү. Ыр окуганда телевизор өчүрүлүп, баарыбыз муюп укчубуз. Мага мультфильм көрүп жатканда телевизордун өчүп калганы жакчу эмес. Бир күнү телевизорду өчүртүп ыр окуганына ызаланып кеттим окшойт, «Мунун эмнеси бар экен?! Ырды мен деле жазам» деп жибердим. Атам «эгер сен ыр жазсаӊ, мен телевизорду өчүрбөйм» деди. Ошондо «Мышык» аттуу ырымды жазгам.
«Мышык деген сенсиӊби,
Нанды уурдап жейсиӊби?
Үйгө кирип аласыӊ,
Сүттү ичип саласыӊ»,- деген ыр болчу. Бул ыр гезитке чыгып, Кыргызстандын булуӊ-бурчунан каттар келе баштады. Айрыкча кыздардан келген каттарды окуп, мындан да жакшы ырларды жазгым келип, ошондон шыктанып от алгам.
– Сизди чоӊойткон чоӊ энеӊиздин, балалыгыӊыздын изи калган Ысык-Көлдүн касиети да таасир берсе керек?
– Чоӊ апам мени беш жашка чыкканча жонунан түшүрбөй көтөрүп жүрдү. Айылдагы аксакалдар «чоӊойгонуӊду билбей чоӊ апаӊды минип жүрө бересиӊби?» деп сан этимден аткый чымчып алышчу. Мен бакырып ыйлаганда, чоӊ апам «эмне силер көтөрүп жүрөсүӊөрбү?» деп мага болушуп алар менен канча урушту. Эркелигим бир топ эле болчу. Бир күнү чоӊ апам эки жумуртка бышырып, экөөбүз бирден аарчыдык. Карасам ал өзүнө жумуртканын чоӊун алып алгандай туюлду. «Мага кичинесин берип койдуӊуз» десем, өзү чекесин тиштеп койгон жумурткасын сунду. "Бул тиштелген турбайбы" деп жебей койдум. "Таарынгандын тамагы таттуу болот" деп экөөсүн теӊ өзү жеп алса болобу. Ызама чыдабай ыйлаган боюнча сыртка чыктым да, бастырманын үстүндөгү чөптүн түбүнө жатып алдым. Бир канча убакыт өткөндөн кийин чоӊ апам «Кыялбек, балам, кайдасыӊ?» деп короодо чарк айланып жүрдү. Ансайын «дагы издей түшсө экен» деп табам канып жатып уктап кетипмин. Ойгонсом таӊ атып, чоӊ апам бечара "Кыялбек!" деп үнү каргылдана издеп жүрүптүр. Үчүнчү класска чейин ошентип эркелеп айылда жүрдүм. Кийин ата-энемдин колуна келип, шаарда окудум.
– Анан журналист болууну ойлодуӊуз. Башка кесипти тандап деле акын болсоӊуз болот беле?
– Бала кезде балыкчы болууну кыялданчумун. Таӊ атпай көл жээгине барып, кеч киргенче балык кармайм. Үйгө 100-200дөй балык кармап келсем, үйдөгүлөр «идиш-аякты булгайсыӊ, сасытпай ары алып бар» дешчү. Жарымын тазалап, калганын тоокторго жем кылып ыргытып жиберчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин атам «Журналист эле бол. Ырыӊды жазып, гезитте да иштей бересиӊ» деп кеӊешин берген. Жогорку окуу жайын бүткөн соӊ КТРдин жаштар редакциясында, андан кийин бир нече гезит-журналдарда иштедим. Макала жазганда ойлонуп, чайналып, бирок майын чыгарып жазчумун. Кесиптештерим «журналист деген бат жазыш керек» деген сындарды айтып калышчу.
– 91-жылдары сизди базарда сатуучу болуп иштеген деп укканым бар...
– Эгемендикке ээ болгондон кийин элдин баары базарлап кетишпедиби. Мен ал учурда «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп жүргөм. Бир күнү курсташым Султан Жумагулов келип «базарга чыгып соода кылалы, бул жерде иштесеӊ жарыбайсыӊ» деп айтты. Акчабыз деле жок болчу. Тааныштардан «үйүӊөрдө сата албай жүргөн буюмуӊарды бергиле, сатып беребиз» деп чогултуп, «Ош базарында» иштей баштадык. Андан сырткары «Кыял» соода
борборунан 19 сомдон калпак алып, үстүнө бир сом кошуп сатчубуз. "Экөөбүз теӊ бир орунда тура берсек болбойт" деп Султан колуна төрт калпакты алып «калпак сатам» деп базарды аралап кетти. Бат эле сатып келип мага «азамат, сен дагы үч калпак сатыптырсыӊ» дейт. «Жок, кайдан сатам, эч ким сураган жок» дедим. Көрсө ыр жазып отура берип калпакты уурдатып жиберипмин. Мен үй, Султан машина алам деп ишти баштаганбыз. Бир жылдан кийин бизнеске да талант керек экен деп кетип калдым.
– 300дөн ашуун обондуу ырлардын автору экенсиз. Обон жазылган алгачкы ырыӊыз кайсы?
– 1980-жылы болсо керек эле. Ал учурда атам филармонияда адабий бөлүм башчы болуп иштечү. Бир күнү «обону жакшы экен, бирок сөзү купулга толбой жатыптыр, гитара менен кыӊылдап ырдап каласыӊ, бул обонго ыр жазып көрчү» деп атам сунуштап калды. Ал обонго "Махабат" деген текст жазып бергем. Аны Гүлмайрам Момушова ырдап чыккан. Азыр Жамиля Муратова ырдап жүрөт.
– Мурун жүз долларга ыр жазып берчү элеӊиз. Мезгилге жараша курсуӊуз дагы көтөрүлдүбү?
– Бир ырдын текстин 200 долларга жазам. Аранжировка жасагандар бир ыр үчүн 300 доллардан жогору алышат экен. Акын менен обончу алардан эмнеге төмөн бааланат? Чынында, ырды ар башкача көркөмдөп чыккандар арбын. Ал эми чыгарманын автору бирөө бойдон калат да. Ырдын сөзүн жазып бергенден кийин ырчыга «жактыбы, өзгөртчү жери болсо оӊдоп берейин. Ыр биринчи сенин жүрөгүӊө жетсе, анан сен элдин жүрөгүнө жеткире аласыӊ» деп айтам.
– Отуздан өткөндө үй-бүлө куруптурсуз, сүйүүгө кеч кабылдыӊызбы?
– Ыр болсо эле дүнүйөм түгөл болуп жүрө бериптирмин. Үйдөгүлөр «жашоодон так өтөсүӊбү?» деп кулактын кужурун алат да, анан өзүмдүн айылдык классташым Бурулканга баш кошсом, "өзүнөн алда канча жаш периштеге үйлөнөт десек, ушунча жыл күтүп жүрүп классташын алып албадыбы!" деп жоро-жолдошторум күйүп да, күлүп да жүрүштү. Солкулдаган сулуу кыздарды алсам деле болмок, бирок Бурулкандай мени түшүнгөн өмүрлүк жар керек болчу. Ортобузда бир кыз, бир уул бар. Чоӊ апамдын аты Күмүшай болчу. Апамдай кеменгер адам болсун деп кызымдын атын Күмүшай деп койгом. Учурда жогорку окуу жайын аяктап, бир компанияда иштеп жатат. Уулумдун аты Дастан. Орусиянын Ставрополь шаарында билим алып жатат. Орусча рэп жазып жүрөт. Кызым экөөбүз кыргыз тилин таза сүйлөө боюнча мелдешип алганбыз. Ар бир орусча сөзгө 10 сом айып пул салынат. Мен орусчаны көп аралаштырып сүйлөп 1000 сом төлөп бергем. 3 айдан бери эсептеше элекмин, кызым «3000 сом болуп калды» деп кудуӊдап жүрөт.

"Менин чакан мамлекетим".

"Окуучу кезде тутанган От сезим оргуп күч алган. Балээнин баары ошентип Башталган ушул гитарадан!"

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg



Кыялбек Урманбетов: "Акын болуунун окуусу жок, азабына чыдаш керек"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
29.03.2015. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
06-06-2020 00:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
+1
Аябай сонун маек куруп бериптир!
30.03.2015. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
26-05-2013
Соӊку аракети:
15-05-2020 14:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур,болот екен го ушундайлардан да интерьвю алсанар,Суйун Откеев менен да сонун болуптур,эми обончулардан алгыла,аранжировщиктерден алгыла,ун жазган студияда иштегендерден алгыла.Кайра-кайра еле беш алты жаш ырчыларды еле чыгара бербей.
06.04.2015. 11:12 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
6159
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
27-05-2020 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Muzik, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
02.04.2015. 00:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
15-09-2015 18:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2009 jılı Kıyalbek Urmanbetovdun karındashının uyundo batorde jashap kaldık ay sayın uyuno barıp akcha tologonu barsam apası janı kalbay chay berıp sumkama alma salıp berchu oshondo korgon elem akındı ayabay jonokoy apası da jonokoy ıntelegentnıy uy bolo da ıshınızge ıygılık jana da karındashının jatkan jer jayluu bolsun
06.04.2015. 04:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
27-03-2015
Соӊку аракети:
16-04-2017 02:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Баягы Лира Севин деген ырчы ушул агайдын кызы беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: