«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Светлана Аширова: «ӨЗҮМДҮ ЫРЧЫ КАТАРЫ СЫНАСАМ ДЕЙМ»

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж


Бүгүнкү каарманым цирк ханышасы, балерина, бийчи, актриса, «жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деген максаттары бар бийкеч Светлана Аширова. Ал Мирбек Атабековдун «Алдадыӊ» деген ырынын клибинде өз тоюнан качып кеткен кыздын ролун жараткан. Светлана мындан сырткары кинолордо роль аткарып элге таанылып келет.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 27-март
Билими – Чолпонбай Базарбаев атындагы хореографиялык училищенин бүтүрүүчүсү
Катышкан клиптери – Мирбек Атабеков, «Алдадыӊ», Замир Мырза, «Сүйүүгө таазим», Данияр Эрматов, «Сага» жана башкалар
Тартылган тасмалары – «Салам, Бишкек!», «Жаӊгак токоюнун элеси»
Билген тилдери – Орус, англис, француз, казак, өзбек, испан тилдеринде эркин сүйлөйт
Учурда – Балерина, бийчи, фотомодель, актриса

Куш келипсиӊ, Светлана! Сенин көп кырдуу талант экениӊди билебиз. Азыр кайсы кесипти аркалап жатасыӊ?
– Саламатсыздарбы? Туура баамдадыӊыз, мен көп кесиптин ээсимин. Баарына жетишиш кыйын, унутуп калбаш үчүн кайсы күнү эмне кыларымды алдын ала дептериме жазып алам. Күттүргөндү жаман көрөм, ошондуктан бүгүн маекке эртерээк келип, кеӊсеӊиздердин сыртында күтүп, сиздер айткан убакытта кирдим (күлүп).
Кесибим тууралуу айтсам, искусствонун бир топ тармактарында эмгектенип келем. Учурда кыргыз циркинде жигитовкада солистмин, аттар менен оюн көрсөтөм. Аны менен катар аба гимнасты болуп иштейм. Биз циркте камсыздандыруусу жок иштейбиз. Өмүрүӊө коркунуч жарала турган трюктарды жасасаӊ, ага өзүӊ гана жооп бересиӊ. Даярдануу учурунда бутуӊду чоюп аласыӊ, же аттан кулап түшүп бутуӊ сынып калат дегендей, айтор, жаракат алган учурлар көп эле болот.
– Сага көп кырдуу талант ким тарабынан өткөн?
– Мен 8 жашымда балдардын «Рабаят» берүүсүн алып барып иштегем. Негизи эле мендеги артисттик өнөр бала чакта эле ойгонгон. Анан да менин искусствого болгон кызыгуумдун ойгонушуна апамдын кошкон салымы чоӊ. Анткени апам Айнаш Аширова Куурчак театрында көп жыл эмгектенди. Учурда КТРКнын «Дөөлөт» студиясында үн режиссёр болуп иштейт. Менин балалыгым Куурчак театрында өттү десем болот.
– Алма сабагынан алыс түшпөптүр да?
– Ооба, апам мени катуу, бекем тартипте чоӊойтту. Оюнчук эмне экенин билбей өстүм. Көпчүлүк убакта ийримдерге катышып, окуум менен алек болуп жүрчүмүн. 3 жашымда тамга таанып, 4 жашымда китептерди шар окуп калгам. Андан сырткары апам мени балетке берген, учурда циркте аба гимнасты болуп иштегеним да ошондон. Кээде мен деле кадимки балдардай болуп көчөдө ойногум келчү, терезеден теӊтуштарымды көрүп апама «эмнеге мени жөнөтпөйсүӊ?» деп наалый берчүмүн. Ошол маалда апамдын менин келечегимди түптөөгө болгон аракетин жаман көргөн экенмин.
Бир жолу апам «ойноп кел» деп 1 саатка жиберген, мен аны унутуп калып кечинде үйгө келсем, эшикти ачпай койду. Подъездде отуруп алып ыйладым, ошол кезде «апам мени таштап кетип калыптыр» деп ойлосом керек да. Жарым сааттан кийин эшикти ачып, «мен сени канча убакытка жибердим эле, азыр саат канча болду, карачы?!» деп аябай жемелеп, эшикти жаап кирип кетип калды. Дагы 40 мүнөттөй эшикте турдум, анан «экинчи мындай жоругуӊду кайталабайсыӊ» деген талап менен үйгө киргизген. Ошондон кийин балдар менен ойносом да, улам-улам колумдагы саатты карай берүүнү адат кылып алгам.
– Айрым мырзалардын колунан келбеген ат оюндары менен алектенүүӊө, кара күчтү талап кылган аба гимнасты болушуӊа апаӊ кандай караган?
– Апам кичинемден эле мага атанын да, апанын да тарбиясын берип чоӊойтту. Балетке барып жүргөндө «өзүн-өзү коргогонду үйрөнсүн» деп мени айкидого да берген. 3чү же 4-классымда болсо керек, жакын тууган инимди чоӊ класстагы балдар опузалап жатканда аларды сабап салганым эсимде. Анда да апам чыйпылыктап, «кой, бул эркек болуп кетет» деп башка ийримге берген. Мен «бул эркектин кесиби, бул айымдын кесиби» деп бөлбөйм. Мисалы, бизде бодибилдинг менен машыккан айымдар аз. Бул спорттун түрү менен 3-4 жылдан бери профессионалдык деӊгээлде машыгып келем. Бодибилдинг боюнча Кыргызстандын атынан эл аралык турнирлерге катышкым келет. Негизи эле бизде чымыр денелүү, келбети келишкен, спорт менен машыккан айымдар аз. Өзүм чет өлкөдө цирк боюнча гастролдоп көп жүргөнгөбү, ал жактагы айымдардын спортко болгон мамилесин көрүп таӊ калам.
– «Жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деп даярданып жатыптырсыӊ?
– Ооба, жакында өзүмдү ырчы катары сынап көрөйүн деп жатам. Бизде саны бар, сапаты жок ырчылар көбөйүп кетти. Албетте, аларды сындагым келбейт, бирок эски элдик ырларды жаӊылап, бузуп ырдагандары жакпады. Мен вокалдан сабак алгам. 5-6 ыр жаздырып койгом, угармандар угуп, өздөрү баа беришсин, алдын ала мактангым келбейт.
– Актёр Канат Абдрахманов менен тасмага, клиптерге чогуу тартылганыӊданбы, көпчүлүк экөөӊөрдү жашоодо да кыз-жигит деп ойлошот экен?
– Ооба, Канат экөөбүз Мирбек Атабеков, Данияр Эрматовдун клиптерине, «Салам, Бишкек!» тасмасына чогуу тартылганбыз. Канатты биринчи жолу Мирбектин клибин тартуу учурунда көргөм. Билбейм, бул жөн гана дал келүүчүлүк болсо керек, эстесем, чындап эле көп жолу чогуу тартылыптырбыз. Бирок биз жакшы достордонбуз, ал жакында эле Кытайга барып Жеки Чандын киносуна тартылып келди, менин Кореядан келгениме аз эле болду.
– Жеке жашооӊдо абал кандай? Сендей ажарлуу кыз бойдок болбосо керек?
– Мен 2009-жылы турмушка чыккам. Жолдошум чет өлкөдө көп жүрөт, мен да гастролдор менен чыгып, айтор, көпчүлүк убакта экөөбүз эки жакта болуп калабыз. "Алыстык мамилени бузуп коёт" дегендей, биз ошол аралыкты кыскартканга аракет кылып жатабыз.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

"Канат экөөбүз кыз-жигит эмеспиз, жакшы достордонбуз".

"Циркте көрсөткөн трюктардын баары күчтү, шамдагайлыкты талап кылат".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Кээ бир ырчылардын аты эле болбосо, үнү жок" дейт Светлана Аширова

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(67)
Super TV
24.01.2015. 00:39 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
21-12-2014
Соӊку аракети:
08-10-2016 20:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштерине чон-чон ийгиликтерди каалайм.азаматсын шаардык болсон да кыргыз тилин жакшы суйлопсун.озун да татынакай,жагымдуу экенсин.ийгилик...
Super TV
24.01.2015. 02:13 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
29-01-2011
Соӊку аракети:
07-03-2015 15:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germanija
+3
chyn ele unu jakshy eken!
Super TV
24.01.2015. 02:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
23-04-2013
Соӊку аракети:
15-11-2019 14:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
unun jakwy eken...chygarmachyluk yigilik..
Super TV
24.01.2015. 02:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
17-03-2015 05:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Аи клиптеги кыз менен интервью берген кыз бири бирине окшошпойт экен. Две разные внешности я бы ее на улице не узнала бы
Super TV
24.01.2015. 03:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-08-2012
Соӊку аракети:
16-11-2019 04:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Москва
+1
Молодец Светик ишине ийгилик эн жонокой соонун маек болуптур. Унун Гульнур эжекебиздин унуно окшошуп кетет экен. Но озун айтмакчы анча мынча ырчыны алдына салдырбагыдайсын. Ушунундан жазба.
Super TV
24.01.2015. 04:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
26-11-2010
Соӊку аракети:
17-11-2019 00:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Жакшы маек болуптур жасалма эмес.Коп кырдуу таланттуу, сулуу кучтуу анан да жонокой адам экенсин.Чыгармачылык ийгилик!
Super TV
24.01.2015. 16:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
26-01-2014
Соӊку аракети:
30-12-2016 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын айтат каяктагы 2 куплет ырдап ырчымын адам тааныбайт, 3 ыры бар тош белги тагынганычы анан иииии жаман жиним келет аттарын жазбай эле койойун эстесем жиним келет
Super TV
25.01.2015. 04:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
30-11-2016 03:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
-3
англис француз испан тажик тилдеринде эркин сүйлөйт деп апыртат го тим эле эгер ошол чын болсо анда качан эле бир иностранецке кетмек
Super TV
25.01.2015. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
15-01-2015
Соӊку аракети:
24-06-2019 15:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии Анарканн алган интерьвюларында колун шилтегенин карап отуруп эле, кантип коруп койгонумду билбей калам)
Super TV
25.01.2015. 15:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
05-11-2012
Соӊку аракети:
03-03-2015 13:18
Жынысы:
Белгисиз
-2
5,6 тилди билем дешенде эле, корбой койдум. Кыргызстанда жашасан максимум бир тил жакшы биле аласын( орус тил саналбайт. Демек бул кыз калп айтып жатат. Калп айтса, коргонго да кызык эмес
Super TV
25.01.2015. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
08-01-2015
Соӊку аракети:
01-12-2018 10:05
Жынысы:
Белгисиз
-1
5,6тил деп калп айтпачы Жон эле чыга элек жатып обужоктонбой ,жаман озун мактайт болбой ,сулуу азамат бирок коп мактанат
26.01.2015. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
01-11-2019 09:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Кыргызстанда жашап журуп кыргыз тилин билбейсинби???

26.01.2015. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
274
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
10-04-2019 01:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
ой апеееей ошо коп тил билгени учун циркте журот да ар кайсы жакта гастролдоп билет сооонун эле бир иностранецке кетмек дейсинер да куйоосу баркенго анда да айтмаксынап кыргыз жигити калбай калыптырбы деп
Super TV
26.01.2015. 12:35 
Тайпасы:
Жылдыз
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-01-2015
Соӊку аракети:
30-01-2015 16:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу коруучулор ой пикириниздерди жазганынар учун чон рахмат! Албетте гастрольдордо коп жургонум учун чет тилдердин оздоштуруп уйронууго туура келет. Алты тилден дагы башка Корея,Кытай, жана Италия мамлекеттердин тилдерин уйронуп жатам! Демек бул мактаныч эмес бул менин талантым жана аракетим.Аракет кылсан берекет болот!Урматтуу Кыргыздар бири бирибизди жамандабайлы,Урматтуу жана сыйлуу бололу!!!
26.01.2015. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
29-10-2019 16:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец. Мен бул кызды кадимки эле бир эки киного клипке тартылып койгон сулуу деп ойлопмун. Коп кырдуу талант турбайбы. Онорун оркундой Берсин. Алга жана алга
26.01.2015. 12:51 
Тайпасы:
Жылдыз
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-01-2015
Соӊку аракети:
30-01-2015 16:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат Mavlyuda! Сизге дагы ийгиликтерди каалайм!
Super TV
26.01.2015. 12:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
20-09-2016 00:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
5,6 тилди билгендерди билбесенер,корбосонор анда соз жок! Менин эжем бар бир топ тилде эркин суйлойт,котормочулук мн алектенет.
26.01.2015. 15:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
10-09-2014
Соӊку аракети:
27-01-2015 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул биздин коро албастыгыбыз эч калбай экен,озуда Айнаш эжекенин кызы экен апасы келечеги учун кам корду да.5-6 тил билбесе айтпаса керек билем деп кокус уят болуп калбайын деп.Мейли иштерине ийгилик мынданда коп тилдерди уйронуп ал балли.
26.01.2015. 15:55 
Тайпасы:
Жылдыз
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-01-2015
Соӊку аракети:
30-01-2015 16:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу myrza80,сиз абдан туура жана акылдуулук менен байкап жазгансыз! Сизге чон рахмат жана дагы ийгиликтерди каалайм!
26.01.2015. 15:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
15-10-2014
Соӊку аракети:
27-03-2015 10:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
коп тил билгени абдан жакты.Азамат экен Эжекебиз.таланты да ар тармактан экен.Ийгилик каалайм..Чон Чон жетишкендиктерди багынтсын..
26.01.2015. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-08-2014
Соӊку аракети:
03-03-2019 03:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bilimduu, madaniyattuu adamdardy abdan syilaim da.Azamatsyn Svetlana! Respekt! Kop kyrduu talantyndyn uzurun kor! En negizgisi kolomtondun otu ochposun!!!
26.01.2015. 16:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
13-12-2011
Соӊку аракети:
17-11-2019 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Οω- Μοsκβα
0
Үй бүлөөлүк бакыт каалайм!
26.01.2015. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
15-11-2019 04:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынында куткон эмесмин бул кыздан мындай коп кырдуу талантуулукту. азаматсын.,онорун оркундой берсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: