«Жылдын супер дебюту»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2 ЖАШАР НАРИСТЕ ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАНБЫ?

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж


Үстүбүздөгү жылдын 10-январь күнү Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына 2 жаштагы баланы оор жаракаттары менен эс-учун жоготкон абалда «тепкичтен кулап кетти» деп атасы алып келген. Текшерүүгө алган дарыгерлер баланын денесиндеги жаракаттардан улам катуу сабалып, атүгүл сексуалдык зомбулукка кабылган болушу да мүмкүн экендигин айтып укук коргоо органдарына билдиришкен.

«БАЛА СЕКСУАЛДЫК ЗОМБУЛУККА КАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН»
Бул окуянын чоо-жайын, баланын учурдагы абалын билүү максатында биз жогоруда аталган оорукананын башкы дарыгеринин хирургия боюнча орун басары Данияр Шайбековго кайрылсак, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Үстүбүздөгү жылдын 10-январынан 11-январга караган түнү саат 00:15 чамасында биздин ооруканага 2 жаштагы баланы алып келишти. Ооруканага баланы атасы, туугандары алып келип, анын тепкичтен кулап кеткенин айтышты. Наристенин абалы келгенде аябай эле оор, эс-учун жоготкон абалда болчу. Биз баланы медициналык кароодон өткөрүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз, ошол бойдон эсине келе элек, жасалма аппараттын жардамы менен дем алып жатат. Биз азырынча балага «баш мээнин оор жаракаты» деген диагноз койдук. Мындан тышкары денесинин баары көк ала, көчүгүнүн тегерегинде сыйрылган тактар бар экен. Денесиндеги ал тактар сабалганга окшоп турат жана жаӊы тактар эмес, бир жума мурунбу же андан көппү, айтор, мурунку жарааттын издери. Ошондуктан соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери келип баланы текшерип кетишти. Ал денесиндеги жарааттарды эмнеден улам алган жана сексуалдык зомбулукка кабылганбы же жокпу, биз экспертизанын жыйынтыгы чыккан соӊ гана айта алабыз.
Учурда балага керектүү бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Негизи эле акыркы убактарда ата-энеси же туугандары тарабынан запкы жеген балдардын саны көбөйүп жатат. Мисалы, 2014-жылы биздин ооруканага катуу сабалган 1 жаштан 10 жашка чейинки 52 бала келип түшкөн. Анын ичинен 7 бала сексуалдык зомбулукка кабылгандыгы аныкталган.

«БАЛА ЖОЛДО КӨПКӨ ЖҮРҮП КАЛГАН»
Ал эми оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий буларды кошумчалады:
– Наристени жаӊы алып келгенде анын каректери чоӊойгон, экөө эки башка көлөмдө болчу. Катуу сокку алганбы, башында гематома жокпу деп аны компьютердик томографиядан өткөргөнүбүздө эч кандай гематома байкалган жок. Ал ооруканага түшкөнгө чейин 2-3 сааттай мурун денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындаган экен. Ошондон улам баланын баш мээсине аба жетпей кысылып, баш мээнин гипоксиясына (баш мээнин гипоксиясы – бул кычкылтектин жетишсиздигинен улам биринчи кезекте кишинин мээсинин жабыркашы. Оор гипоксия комага түшүп калуунун себеби болушу жана өлүмгө алып келиши мүмкүн) кабылган. Биздин оюбузча, наристе жолдо көпкө жүрүп калган.

«АПАСЫ МЕНЕН МУРДА ЭЛЕ АЖЫРАШЫП КЕТКЕМ»
Ал эми наристенин атасы Назарбай аттуу мырзага телефон аркылуу байланышканыбызда, ал бизге уулу тууралуу буларды айтты:
– Аялым менен ушул балам боюнда бар кезде эле ажырашып кеткем. Кийин төрөгөндө өзүмө алып алганмын. Окуя болгон күнү мен баламдын жанында эмес элем, мага телефондон кабарлашканынан келсем, оор абалда жатыптыр. Дароо ооруканага алып келдим. Башка маалыматтарды айта албайм, мени туура түшүнгүлө.

«АТАСЫ ДААВАТКА КЕТКЕН БОЛЧУ»
Ал эми жабырлануучу баланын атасынын бир тууган агасы Орозбай мырзага жолукканыбызда, ал окуя тууралуу кыскача айтып берди:
– Иним Назарбай дааватка кетип жатып, баласын аталаш агасынын үйүнө таштап кеткен. Бала 2 айдан бери туугандарыбыздын үйүндө болчу. Алардын айтымында, наристе эшиктин артында турганда бир кыз чуркап келип эшикти ачып жибериптир. Ошондо ал кулап кетип, бетонго башы менен тийиптир.

«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
Бул окуя тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Нурбек Токтосунов төмөнкүлөргө токтолду:
– Бул иш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 104- (ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү) жана 130-беренелери (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) боюнча кылмыш иши козголду. Аламүдүн районунун Озёрное айылынын тургуну, баланын атасынын 1968-жылы туулган аталаш агасы кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал киши наристени сабаганын мойнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Калганы экспертизанын жыйынтыгы чыкканда билинмекчи. Мындан тышкары башка да туугандары суракка алынып, алгачкы тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул окуя өлкө башчысынын да көӊүлүн буруп, ал наристени сактап калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну, окуянын себептерин тереӊ териштирүүнү буюрду.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



2 жашар бала чын эле зордукталганбы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(58)
Super TV
14.01.2015. 20:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
15-07-2014
Соӊку аракети:
07-11-2019 05:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Ai bilbeim aita albaim. Vidionu koro elekmin birok vra4tar kyzyk balanyn ustuno jurnalisterdi kirgizip ustokko bostok kylyp balaga kowum4a stress kylyp emnege kirgizet. Bala es u4u jok jatsa da baaardygyn sezip turatta. Baldar 4ondorgo karagan sezimtal , akylduu boluwat. Baatyraak sakaiyp ket ki4inekei.
Super TV
14.01.2015. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Эх кудай кунолунун жазасын озун бер.
Super TV
14.01.2015. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
20-12-2012
Соӊку аракети:
10-05-2018 13:33
Жынысы:
Белгисиз
0
ден-соолугу жакшы б-п кетсин куноолуулорго кудай озу жазасын берсин
Super TV
14.01.2015. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
20-12-2012
Соӊку аракети:
10-05-2018 13:33
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу президентибиз баарына ушундай конул буруп турса баары жакшы б-тго жалангана элине иштеп
Super TV
14.01.2015. 21:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
01-10-2016 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Берки айыл окмотунун ажылдаганына тан калдым. Ошондой зынгырап туруп эле кылмыш кылышат да. Алардын жанында журбогондон кийин дарбазанын артында эмне болуп атканын ким билет.
Тепкичтен кулап кетти деген стандарт шылтоо да. Андыктан баланын кочугуно кандайча жаракат болмок эле.
Атасы даватты койуп баласын караса болмок экен
Оз уй булосунун, озунун маселесин чече албай кимдин маселесин чечип кыйратат дейм да . Чала молдо дин бузар болбой.
Модератор admin_media түзөттү 15.01.2015 09:55
Super TV
15.01.2015. 00:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
15-07-2014
Соӊку аракети:
19-12-2018 18:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким болсо да колуна шал тийсин! Байкуш балакай, эмне куноосу учун? Быйтыйган буттарынын кок аласын коруп, журогум сыздап кетти. Энеси эшек такалап журобу? Бага албагандан кийин, бир жерин кысып журбойбу.
Super TV
15.01.2015. 01:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
04-05-2014
Соӊку аракети:
13-05-2015 11:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым.. Бага албаса мага берсе гулдой кылып багып алмакмын. Бироого зар, бироого кор дуйно. Энеси да акылы жок экен. Антейин десен азыркылар тамак жасаганды билишпейт, камыр жайып нан жасаганды билбеген кыздарды коруп журом. Бала багуу жонундо соз да болушу мумкун эмес. Сойрондоп кочону сапырбай, кичине эне болууга, жубай, келин болууга даярдана журушсо. Байкуш бул шору куруган баланын энеси да жудогон жудомуштордон го.
Super TV
15.01.2015. 05:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
20-11-2019 20:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Буттарындагы кокторун коруп журогум жарылып кетейин деди,сакайып кетсин наристе
Super TV
15.01.2015. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
28-10-2014
Соӊку аракети:
20-06-2019 00:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Аябай борум ооруп жатат байкуш наристе всего2жаш ушундай кордукту кордубу,айыкканда кабарын билдирип коюнуздар сураныч,жакын болгонумда боорума кысып,башынан сылаганга даяр элем.Зоокурлорго мин наалат,кудайым жазасын берсин!
Super TV
15.01.2015. 09:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
09-01-2012
Соӊку аракети:
16-10-2015 17:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким кылса дагы кудайым жазасын берсин!
Балакай батыраак сакайып кетсин Иншаалах!
Super TV
15.01.2015. 10:08 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2130
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 18:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
elli_88, lider-kg,
Саламатсыздарбы! Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтүңүздөр.
Super TV
15.01.2015. 12:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
20-11-2019 18:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким куноолу болсо жазасын алсын.Кичинекей балада эмне куноо?Бул баланы коптон бери уруп жургондой коп тактар турбайбы?Жыгылган деген жон эле шылтоо эле?Апасы каякта журот баласын карабай?
Super TV
15.01.2015. 12:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
09-12-2013
Соӊку аракети:
18-01-2015 12:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даватка бара турган адам тарбияны озунон баштаса. Уйундо аялы жок, баласы мыкаачы адамдардын колунда анан бышырып койуптурбу бироолорго насаат айтканга.Быйтыйган наристени коруп журогум ооруду.Кордоп ургандар ылайым жакшы кун корушбосун!!!.Биздин Кыргызстан наристе сатып,уруп, адам олтуруп дуйного атагыбыз чыга турган болду.Красноярскийде озунун 4 жашар кызын ининди карабайсын деп сабап олтургон кыргыз келин новостиде айтып жатат. Качан ата эненин. баланын, суйгон жардын кадырына жетебиз.
Super TV
15.01.2015. 13:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-08-2013
Соӊку аракети:
06-07-2016 09:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым кубо болуп, оз жазасын берсин!
Super TV
15.01.2015. 14:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
20-10-2014
Соӊку аракети:
27-02-2016 22:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайга тообо.2 жашта наристени сабаган адамды катуу жазалаш керек ошо наристени сабаган колдору сынып калсын.
Super TV
15.01.2015. 14:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
01-10-2014
Соӊку аракети:
04-04-2015 01:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланы торошту, торотушту пландап жатканда багып, татыктуу тарбиялап, бакканга, мээрим бергенге козунор жетпесе лучше "БАЛА" деген бакыттан баш тартып эле койгулачы адамдар. Мынтип ар кимге таштап кор кылгандан коро. Ата-Энелерибиз бизди кандай мээрим берип чонойткон. адамдан жаралып, айбан болуп баратабыз.
Super TV
15.01.2015. 15:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
10-03-2014
Соӊку аракети:
31-10-2016 19:16
Жынысы:
Белгисиз
0
оо аллахым адамдарга бекем ыйман акыл эс бер кор амииин
Super TV
15.01.2015. 18:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
05-11-2012
Соӊку аракети:
03-03-2015 13:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Редакция,! Озунордун атынардан жардам берип койдунарбы?
Super TV
15.01.2015. 18:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
21-12-2014
Соӊку аракети:
08-10-2016 20:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким кылса да,жазасын алсын.
Super TV
15.01.2015. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого зар,бироого кор деген ушул экен да.кантсе да айыгып кетсин,куноолулор куносун албаса да кудай бир кун жазалайт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: