Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ДАРЫГЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН КЕЛИНЧЕГИМ МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫ»

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж


«Канчалык тагдыр сыноосун жеӊип жатам деген сайын артынан чууруп дагы көйгөйлөр жаралып жатат. Алгач өзүмө анча билинген эмес эле, досторум интернетке жазып чыгышканда окуп алып, биз ушунча нерсени башыбыздан өткөрүп жатабызбы деп көзүмө жаш алдым»,- дейт маектешим Исманалы Муратов.

«ДАРЫГЕРЛЕР АЗ ЭЛЕ ӨМҮРҮӉ КАЛДЫ ДЕШТИ»
– 2011-жылы боорум ооруганынан текшерилсем альвеококкоз (булганыч агын суулардан, мышык, келемиштен жуккан боордогу курт) деген дарт менен оорурум белгилүү болгон. 2012-жылы мага дарыгерлер операция жасап, боорумдун оӊ тарабын жана өтүмдү алып салышкан. Оорум күчөп, дарыгерлер «операция жасай албайбыз, курттар кан тамырды кысып калыптыр» дешти. 2013-жылы Түркиянын Стамбул шаарына барып, операция жасаттым. Алар да куртту кесип сала алышпай, кысылган кан тамырга убактылуу түтүкчө коюп беришкен. Оорумдун айынан күнү-түнү дары ичип, укол алып жүрдүм. Ошол убакта "мунун аз эле өмүрү калыптыр" деген кепти уккан адамдар мага чочулоо менен мамиле кылып калышкан.
Канча өмүр сүрүшүмдү билбейм, балалуу болуу, келинчегим менен бактылуу жашоо менин биринчи кыялым эле. Бирок «мага кайсы шордуу кыз турмушка чыкмак эле» деген ой мени жеп жүрчү. Анан мээрман айым болуп иштеген Мехригүлгө туш болдум. Жылдызыбыз келишип, Мехригүл менен сүйлөшүп калдым. Колун сураганда ага «мени дарыгерлер жети ай же бир эле жыл жашайсыӊ деп жатышкан. Сен андан кийин кайра жалгыз калып калуудан коркпойсуӊбу?» деп суроо берсем, «муну дарыгерлер айтып жатышат, Кудай эмес. Бешенебизге жазганын көрөбүз» деди.

«КЕЛИНЧЕГИМ ДА ӨЛҮМ МЕНЕН ӨМҮРДҮН ОРТОСУНДА КАЛДЫ»
– 2014-жылдын март айында турмуш курдук. Көп өтпөй келинчегим кош бойлуу болду. Ош шаарындагы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалына каттоого турду. Келинчегимди Минавар Арзиева деген дарыгер кароого алган. Бейтапканага барып анализ тапшырып, «дарыгер баары жакшы деди» деп келчү. Эки ай өткөндөн кийин Мехригүлдүн буттары шиший баштады. УЗИге түшсө тарткан дарыгер балдарыбыз эгиз экенин айтып, «бири чоӊ, бири кичине экен, бирөөсү жакшы өспөй жатыптыр. Дарыгериӊе айткын» дептир. Келинчегим дарыгер Минавар айымга келип айтса «эгиздердин бири чоӊ, бири кичине болот, экөө теӊ болгонун кайдан көрдүӊ эле?» деп Мехригүлдү тилдеп салыптыр.
Күн өткөн сайын анын абалы оорлошуп, дарыгерге барса «ашказаныӊ ооруйт окшойт, эртеӊ мененки саат 8ден кечки 8ге чейин 3 килограмм алма же 1 килограмм быштак жеп, эртеси
кайра кел»
дептир. Мен «ашказаныӊ ооруп жатса 3 килограмм алманы кантип жемек элеӊ» деп ачууландым. Эртеси дем алыш болуп калды, дүйшөмбү күнү ээрчитип барсам Минавар Арзиева жок экен. Бизди Баева деген дарыгер кабыл алып, «келинчегиӊдин абалы оор, шаардык ооруканага алып барыш керек» деди. Өзүмдүн унаам менен алып барам дегениме көнбөй, «Тез жардам» чакырышты.

«БАЛДАРЫБЫЗДАН АЙРЫЛЫП, КЕЛИНЧЕГИМДИН ЭКИ КУЛАГЫ УКПАЙ КАЛДЫ»
– Артынан барсам ал жерден «түйүлдүктөрдү алып салуу керек, болбосо келинди сактап кала албайбыз» дешти. Балдарыбызга 6 жарым ай болуп калган эле. Дарыгерлерден «эки апта карап бериӊиздер, 7 айлык кылып төрөтүп алалы» десек, «кеч болуп калыптыр» дешти. Ошентип келинчегимди укол менен төрөтүштү. Ымыркайларыбыз ыйлап көз жарышты, экөө теӊ уул экен. Тилекке каршы, 8 сааттан кийин чарчап калышты. Ыйлап төрөлгөн балага ысым берип, жаназасын окутуп жерге бериш керек экен. Ырым-жырымдардын баарын кылып, жерге бердик да, ооруканага келинчегиме келдим. Ал байкуш «балдардын абалы кандай, кабар алдыӊбы?» дейт. Ага «биз дагы балалуу болобуз, Кудайдын айтканы экен» деп соороттум.
Келинчегимдин абалы оорлой берди. Заара түтүгү жабылып, заарасы денесине тарап, шишип кетти. Дарыгерлер «башка аргабыз жок, жатынын алып салсак заара чыгышы мүмкүн» дешти. Ошентип келинчегим өмүр бою эне болуу укугунан да ажырады. Аябай көп кан керектелип, 72 донордун каны куюлду. «Балалуу болбосок да биз мурдагыдай бактылуу жашай беребиз» деп ата-энелерибизди жоошуттум. Келинчегим 34 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан соӊ эки кулагы таптакыр укпай калды. Ага айтчу сөздөрдү кагазга жазып берем, алыс болсок WhatsApp аркылуу сүйлөшөбүз. Кудайыма шүгүр, мен аны угуп жатам, бирок бала үнү дегенде мен да дүлөй болом. Наристенин жыты, бал тили, каткырыгы, там-туӊ басканы, аларды тарбиялоо, деги эле балалуу болуу бактысы бизге эми такыр берилбейт. Бул үй-бүлө үчүн жашоонун эӊ чоӊ трагедиясы.

«КЕЛИНЧЕГИМДИН АНАЛИЗДЕРИ БАШЫНДА ЭЛЕ НАЧАР ЧЫККАН ЭКЕН»
– Бир күнү мени №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалынын башкы дарыгери телефон чалып чакырды. Барсам келинчегимдин анализдеринин жыйынтыктарын карап отуруптур. Көрсө, башында эле начар чыккан экен. Муну дарыгери Минавар Арзиева эртерээк айтканда дарылап, мындай абалда калмак эмес экенбиз. Ал аялдын өзүнө жолугуп, «бизден башкаларды да ушундай абалга салбаӊыз, мен арызданбайын, өзүӊүз жумушуӊуздан кетиӊиз» десем, «колуӊдан келгенин кыл» деп кыйкырды. Аны жумуштан кетирейин деген деле ниетим жок, бирок анын өз ишин тиешелүү деӊгээлде билбеген дарыгер экенин көптөр айтышты. Анын үстүнөн Саламаттыкты сактоо министрлигине арызданганбыз, жыйынтыгы кандай болду билбейм.
Жашоодо керек болчу эӊ негизги органдарын жоготкон келинчегимди таштап бул жашоо менен кош айтышкым келбейт. Ошондуктан мен да өмүрүм үчүн күрөшө баштадым. Түрк дарыгерлеринин «бооруӊ бир жыл жашаганга жетет, андан кийин келсеӊ бооруӊду алып салып, башка боордун 30 пайыз бөлүгүн салабыз» деп айткандары эсиме түштү. Бирок ал үчүн 80 миӊ доллар керек дешкен. Досторумдун, жакын санаалаш, тууган-уруктарымдын жардамы менен ал акча чогултулуп жатат.

«КЕЛИН ООР АБАЛДА КЕЛГЕН»
Мехригүл айымдын мынчалык кыйналуусуна эмне себеп болгон? Ал кандай ооруга чалдыкканы туурасында Ош шаардык төрөтканасынын башкы дарыгери Мырза Стамбеков айтып берди.
– Эгерде аялдын ар кандай оорулары болсо ал эки кат болгондо ал оорулар кайрадан кабылданат. Бул оору преэклампсия деп аталат. Мехригүл Саитовада да ошол оорунун белгилери пайда болгон. Заарасы азайып, кан басымы көтөрүлүп, эӊ керектүү органдарга коркунуч туудургандыктан, дарыгерлер талкуулап анан эрте төрөтүүнү чечтик. Бирок операция аркылуу эмес, толгоо келтирүүчү укол сайып төрөттүк. Төрөттөн кийин жатындан көп кан кетип, бөйрөк иштебей, шлактар көбөйүп, заара чыкпай калды.
Ош облустук ооруканасындагы гемодиализ аппаратынан канын бир апта тазалаттык. Ага да болбой кан кете бергендиктен жатынын алып салууга аргасыз болдук. Келиндин өмүрүн сактап калуучу акыркы мүмкүнчүлүгүбүз ошол болду. Бөйрөк иштебей калганда организмде шлактар, уулар көбөйүп кетет. Ал уулар дененин башка органдарына да таасир этет. Ошондон улам көз көрбөй же кулак укпай калышы мүмкүн. Саитованын кулагы укпай калганынын себеби да ошондон.

«МЕНИН КАБЫЛ АЛУУМДА ЭКИ ИРЕТ ГАНА БОЛГОН»
Мехригүл Саитованы кош бойлуу кезинде караган дарыгер Минавар Арзиева:
– Мехригүл Саитова 2014-жыл­дын июнь айында 8 жумалык боюнда кезинде каттоого турган. «Мурда бооруӊ же бөйрөгүӊ ооруп дарыландыӊ беле?» десем «жок» деген. Эки жолу мага кабыл алууга келген. Кийин мен эмгек өргүүсүнө чыгып, аны башка кесиптешим караган. Ошондо УЗИге түшкөндө эгиз дешкен экен. Жашында боор, бөйрөгүнөн ооруган болсо, кош бойлуулуктун экинчи жарымында ал оорулар козголуп, күчөйт. Бул келин да ушундай болду. Аймактык дарыгерлер кеӊеши тарабынан бул иш каралып, мага сөгүш берилген.
Каарманыбыз Исманалы Муратов Тажикстандын жалаӊ кыргыздар жашаган Жерге-Тал районунун Сары-Кенже айылында туулган кыргыз жигити. Кыргызстанга 2007-жылы келип окуп, үй алып, 2013-жылы ата-эне, бир туугандарын көчүрүп келген. Кыргыз тил, адабияты боюнча жогорку билимге ээ болуп, журналистика тармагында эмгектенип келет. Кесиптешибизге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

"Келинчегим тарткан азапты эстесем, өзүмдүн дартымды унутуп калам".

"Ооруканадан бутубуз чыкпай калганда буга чейинки бактылуу күндөрүбүз жомок сымал сезилип кетет".

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
19.01.2015. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
31-03-2020 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Бул врачтын шалакылыгынан келип атат.Эки жанды олтургон менен барабар жана да эки жанды омур бойу бактысыз кылып атат.Согуш алдым деп уялбай турганы кара буга окшогонду соттош керек.Мен ушул келиндин акыбалында айлап патологияда жатып,омур, олум менен курошуп журуп аман эсен тороп алнам.52 кг менен учетко туруп,шишип кеткенимде 100 кг жеткен кундорум болгон.Ошол учурдагы патологиядагы врачым Анна Матвевага ракмат кун санап туруп айыма жеткизбей торотуп алган.Аракет кылса балдар аман калмак...Ушу
19.01.2015. 09:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
31-03-2020 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+1
га окшогон билими тайкы,адамкерчилиги жок,берген антын актабаган медиктерди иштен кетириш керек,соттош керек.Эки жашка кудайым узун омур берсин,канынар окшобосо да жанынар окшогон бала берсин.Толбогон жеринерди бала багып,толтуруп алсанар болот.Бала туугандыкы эмес бакандыкы дейт го..
19.01.2015. 11:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
11-07-2019 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ай
0
Баардык нерсе кудайдан. Кудай карап турат. Ким куноолуу болсо обязательно бир куну жооп берет. Бактылуу болгула, кудай буюрса жакшы болуп кетесинер...
19.01.2015. 11:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
06-04-2008
Соӊку аракети:
30-03-2016 12:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер"Кыргыз"стан
+1
Камап салыш керек мындай кайдыгер адамдарды. Убагында акча менен бутуп алып, эч нерсе билбей врач болуп отуруп ушундайлар болуп отурат. Дагы эки эле жолу болгон деп коет! Мындай болбош керек,.
19.01.2015. 11:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
25-11-2014
Соӊку аракети:
15-04-2015 20:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Ах ушу саламаттык сакчылары ай! Мен кош бойлу кезимде 5ай болуп калган баламы узиден коруп башы очубой калыптыр жасалма торот менен торотуп алабыз дешкен мен ага макул болбой борборго барып кайра текшерилсем баары жайында деп айтышкан.азыр кудайга шугур балам жакында экиге чыгат.исманалы менен бир окуу жайда окуган екенбиз кудай силерге сабыр берсин чындап ыйласа сокур коздон жаш чыгат дейт умутунорду узбогуло
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: