«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БИШКЕКТЕГИ «13-РАЙОН»

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж


«13-район» деген кинону көргөн чыгарсыз. Фильмде район эч кимге баш ийбеген, баш аламан аймак катары сүрөттөлөт. «Ош базарынын» айланасы да борбордо жайгашканына карабай обочо калган аймактай туюлуп, «13-районду» элестетет . Аталган аймак тууралуу гезит бетине жазчу болсоң батчудай эмес. Ошондуктан опурталдуу деп эсептелген Заводской посёлок, Кулиев, Павлов көчөлөрүндөгү көрүнүштөрдү баян этебиз.

КӨКӨЙ КЕСКЕН АЙМАК
Кулиев, Павлов көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн манжа менен санасаң жеткен эле жашоочулары өзүлөрү жашашса, калгандарын акча табуучу булакка айлантып, мончо, батир салып, көпчүлүк үйлөрдө сойкулук кызмат көрсөтүлүп келет. Аталган көчөдө 1971-жылдан бери жашаган Алибек Курманалиев аттуу аксакал буларды айтып берди: «Кулиев көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки аймагында 37 үй болсо, 33ү мейманкана, мончо, денесин саткан кыздар иштеген жерге айланган. Сойкулар иштеген үйлөрдү жапкыла деп акимден тартып тиешелүү тармакка чейин кайрылдык. Кыздарга эне катары түшүндүргүлө деп аялдарды ээрчитип чыгып да көрдүк. Аймактык инспекторго кайрылсак, «менин гана эмес, башканын да күчү жетпейт, булардын үстүнөн жети баштуу ажыдаарлар карашат» деп ийин куушурат. Мен аны сотко берем деп жатып сойкуларды иштеткен айрым үйлөрдү жаптырдым. Бирок кээ бирлери жашырынып, түнкү 11ден өткөндө ишин улантып эле жатышат»

Аймактын түнкү жашоосуна баам салалы деп кечти күткөнүбүзчө эле үйүнөн «суточная гостиница» деген жазууну колуна алган апа дарбаза сыртына илип койду. Ападан «кыздар барбы?» деп сурасак, «эки кыз бар» деп жооп берип, биздин журналист экенибизди байкай калып, эшигин бекиткенге шашылды. Кечке жуук бул жерде базар кызуу жүрүп баштайт. Көчөдө кыздар туруп алып ары-бери өткөн эркектерге «200 сомго кыз керекпи, кирип кетпейсиңерби?» деп өздөрүн ачык эле жарнамалашат. Ичин сүрөткө тартып алуу максатында кирсек, мени танда дегенсип 5-6 кыз чыга келди. «Кечке иштебепсиңер, али пачын да ачылбаптыр» деп дептерин барактаган эненин сөзүн угуп таң калдым десем болбос, тобо кылдым.

Заводской посёлок деген аймак өтө эле башкача. Көчөлөрү дагы, үйлөрү дагы. Акча табууга ылайыкташтырып эки кабат кылып батирлерди салып коюшкан. Кээ бирлеринин эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда турат. Кеч кирери менен сеп этип алышкан селсаяк адамдар көчөгө чыгышып, ары-бери өткөндөргө тийишишет.

Кинолордон көрүп жүргөн Ооганстандын көчөлөрүн ушул жерден көрүүгө болот. Эки адам кез келсе кыйгачтап өтпөсөң батпайсың. Мындай көчөлөрдү кочкор сыйбас көчө деп койсо болот.

Бул аймакта бир үйдө кеминде 5-6 бүлө батирде турушат. Айрымдарында андан да көп. «Жан жейби же жаак жейби» демекчи, көп үй-бүлө көп энергия сарптайт, көп суу коротот, таштанды да мол чыгат.

Алыс-жакындан келген көпчүлүк жолоочулардын токтоочу жери да ушул жер. Көчөлөрдүн кесилишине унааларын токтотуп койгондуктан, каттамдарда тыгындар мүнөт сайын болуп турат. Жол чыракты, эрежени жөө жүргүнчү да, айдоочу да карабайт. Кесепетинен кырсыктар да көп катталат.

Көр оокат издеп жергебиздин жети дубанынан келген тургундардын көпчүлүгү «Ош базарына» келишет. Ошол жерден жумуш, батир издешет. Базарга жакын үй ээлери акча түшүп туруучу булакты издеп, түрдүү бизнестерди ачып алышкан. Алардын басымдуу бөлүгүн батирлер ээлейт. Бир айдан бир саатка чейин берилүүчү батирлер бар.

Душ мынча сом дегендердин айрымдарына кирсең, ичиндеги жытынан демиң кысылат. Сүрөткө тартып чыкканча каңылжаарым ачышып кетти.

Павлов көчөсүндө №31-мектеп жайгашкан. Балдар билим алып, тарбия көрүп өсүп жаткан аймакта терс көрүнүштөр бар экени зээнди кейитет.

Айрым мейманканалардын керебеттери сынып, төшөктөрүнүн тамтыгы чыгып калган.

Султан Төрөбеков,
Адилет Керимбек уулу.
koom@super.kg



"Айылдан келген кээ бир кыздар сойкуканада иштешет"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(113)
Super TV
14.09.2014. 14:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
19-05-2012
Соӊку аракети:
07-04-2017 15:35
Жынысы:
Белгисиз
+7
биздин журналисттер да малаховдун корсотуусундой корсотуу ачса бирден болсо да койгойлор чечилмек беле
Super TV
14.09.2014. 15:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-08-2014
Соӊку аракети:
17-03-2015 15:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Оной Жумушта банкрот болбойт места издеп убара болушпай любой жерде ишин бутуруп кете берет.Турмушка чыканы келгенде бир баланы жайлайтда козун бойоп аттин ошентип оз дене сатып оокат тапкандан жон жатканы жакшы намыс кадыр барктын жоктугу кызым окуп атат иштеп атат деп бее капар журушо ата энелери журот кызы кыйратып окуп Оной жумуш таап алып
Super TV
14.09.2014. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
20-12-2012
Соӊку аракети:
10-05-2018 13:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балык башынан сассыйт демекчи,баардык жерде башчылар кунолуу алар таза иштесе башкаларда ошондой болмок.мисалы Путин акчага сатылбай баардык чондорго катуу талап коюп аткартат бир корруп-сын билип калса айдайт.элине иштейт.биздикилер тилеке каршы тескерисинче
Super TV
14.09.2014. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
22-06-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мигранттар крга келсин дешет ушунун баарын коруп туруп баргын да келбейт
Super TV
15.09.2014. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
13-09-2013
Соӊку аракети:
19-02-2019 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+5
азаматсыз Максат!
чынын айтсам жанагы кишинин айткандарын угуп уялып кеттим. 11ден кийин жумушун башташат десе. Уятда тим эле уборка кылып жатам дегенине куйойунбу, ошолдон коро туалетти жууса да тазарак. сааттына канча десе шыбырап айтып коет БЕТИ ЖОК! чынында уяласын адам. Ар бир адам озунон. Чондор чондор дейбиз аларды ак дебейм, бирок мусорду чондор таштабаса керек, озубуздо да Кичине тазалык деген болуш керек да корунгон жерге мусор таштабай.
Super TV
15.09.2014. 02:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
391
Катталган:
22-09-2010
Соӊку аракети:
29-12-2015 01:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
УУУджаааасссс
Super TV
15.09.2014. 03:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-08-2014
Соӊку аракети:
03-03-2019 03:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Respekt, Maksat!!!
15.09.2014. 10:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
29-03-2016 19:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жийиркеничтуу го а
Super TV
15.09.2014. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
21-10-2007
Соӊку аракети:
18-11-2019 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ууууф... не дешти да билбейсиң... (((
5:13тө турган машина КТР деп алып соода кылып жатканбы?
15.09.2014. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
03-11-2019 18:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
+1
Атактуу "заводской поселок". Жашоочулардын көпчүлүгү ички мигранттар. Күндө мушташ ызы-чуу, Паспорт, документи жоктор, окубай калган балдар чекеден чыгат. Бишкектин "кокуй алат" - жайы. Журналист бул аймактын чоо-жайын абдан жакшы иликтептир.
15.09.2014. 11:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
29-03-2013
Соӊку аракети:
06-11-2016 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+6
tooba 200 somgo kyz kerekpi dep ozdorun achyk ele reklama kylywatkoo .erkekterda jirkenbei kantip uwundai kyzdarga barywat bilbeim. jawagan jerleri ujas.
15.09.2014. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
05-03-2012
Соӊку аракети:
15-11-2019 10:37
Жынысы:
Белгисиз
+2
кинодогу 13- район будан тузугуроок, бул индиянын Мумбай шаарындагы Трущобкасы го
15.09.2014. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
30-10-2013
Соӊку аракети:
02-11-2018 15:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туфуу мындай кыздарды ортоп салыш керек
15.09.2014. 11:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
29-03-2013
Соӊку аракети:
06-11-2016 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
orttosonda azdyk kylat myndai kyzdarga
15.09.2014. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
05-06-2014
Соӊку аракети:
10-04-2019 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы Супер? Талас районуна караштуу Кок-Кашат айылындагы Огомбаев мектеби жарактан чыгарылып, окуучулар жеке уйлордо, китепканада окуп жатышат. Мектеп озгочо кырдаалдар министирлиги тарабынан жараксыз деп табылган. Бул мектепте 400 го жакын бала билим алат.400 дон ашуун окуучу чилдей тарап айылдагы болгон бош имараттын баарына болунушкон. Торт жерге болунуп окуган балдарга убакты шашке тамак да берилбей калып жатат. Жаны убада кылынган мектеп 2 жылдан бери салынып буто элек.
15.09.2014. 12:46 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Gulnura-94, саламатсызбы!
Маалыматыңыз үчүн рахмат! Бул маселеге кайрылганга аракет кылабыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 15.09.2014 12:47
15.09.2014. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
16-04-2013
Соӊку аракети:
10-10-2019 16:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ыйык" Кааба "Медине.
-6
Биз адамча качан жашайт экенбиз.Чет олкодон Кыргызстанга барсан илгерки заманга барып калгандай сезилет адамга.Чет олкодогу досторунду алып баргандан да уяласын.
15.09.2014. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
28-02-2013
Соӊку аракети:
13-01-2019 16:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Аябай жийиркеничтуу.Дагы жолун асфальт кылып коюптур.мындан уч жыл мурун Чуй коч.Павлова аркылуу вокзалга тунку автобуска отобуз деп журогубуз оозубузга тыгылган....
15.09.2014. 13:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
05-10-2010
Соӊку аракети:
07-08-2019 12:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Туфуу мындай кыздарды ортоп салыш керек"
депсинер бул жерде кыздарга ушундай жол ачып берген,эч нерсеге конул бурбаган окмот куноолу.
Элестеткиле борбор шаардын так ортосундагы корунуш...
Super TV
15.09.2014. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
28-02-2014
Соӊку аракети:
08-06-2018 23:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
неге эми только айылдыктар сойку канада иштешет экен шаардыктар деле иштешет. чем айылдыктарга караганда шаардыктар кобураак иштешет деп ойлйм айылдыктар ыймандуурак
Super TV
15.09.2014. 14:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
10-06-2010
Соӊку аракети:
05-06-2017 09:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Город зеленого цвета...
0
Макс, азаматсын! Ушундай материалдарга эле жакынсын озун. Жакшы репортаж болуптур.
Super TV
15.09.2014. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
13-02-2013
Соӊку аракети:
12-12-2018 09:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх... Кыргыздар озубузду колго алалычы ай. Кайда баратабыз ((((
Super TV
15.09.2014. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
23-07-2019 15:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шаардык кыздар мындай жерде иштешпейт. Алар VIP гостиница, сауналарда иштешет. Саатына 100 доллардан кем алышпаса керек.
15.09.2014. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-09-2013
Соӊку аракети:
21-11-2019 21:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушуларды коруп ыйлагым келет..же биздин чиновниктер иштебейт(*
15.09.2014. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
21-11-2019 18:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыйзамдын иштебегени да,жаман ооруунун баары ошол жерден чыгат.
Super TV
15.09.2014. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
01-03-2013
Соӊку аракети:
21-12-2018 05:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Максаттын 2012-жылы ушу сойкуларга ыктаган дагы бир материалы.
http://www.super.kg/media/stv/64993/

Ушу биз качан ОҢОЛОБУЗ?
15.09.2014. 19:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
23-04-2014
Соӊку аракети:
27-06-2017 18:20
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan машина ТС ке кошулганда кымбаташы туралуу маалымат чыгарган эленер ошол маалыматы кайсы болумдон окусам болот?
16.09.2014. 09:55 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Sara9090, саламатсызбы!
Бул тууралуу макалалар:
http://www.super.kg/article/?article=27935
http://www.super.kg/article/?article=27875
Кабарларда:
http://www.super.kg/kabar/news/80457/
15.09.2014. 19:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
31-07-2014
Соӊку аракети:
01-04-2018 00:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жоктор кантип озун озу сатат. Ошол ишинен оздору жиркенбейбикен. Куйоон кел кел десе турчу нары жарым саат болсо да уктап дем алайн дейсинго.Аларчы кечке эркек менен болуп эч жери эч нерсе болбойбукен.
15.09.2014. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
12-05-2013
Соӊку аракети:
06-04-2019 03:15
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунча шаарда журуп ушул жерлерди корбогон экемин
15.09.2014. 19:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-07-2014
Соӊку аракети:
02-12-2015 06:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
админ менин катталганыма 100 кундон аштыго дагы деле добуш бере албай жатам????
16.09.2014. 09:53 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
kursantbek, саламатсызбы!
Катталганыңызга 100 күн боло элек. Дагы 25 күн күтүңүз.
16.09.2014. 01:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-06-2014
Соӊку аракети:
03-02-2019 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7баштуу ажыдар турат башында дейт го
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: