«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖАҢЫ ӨКМӨТ 100 КҮНДӨ ЭМНЕ КЫЛУУГА ЖЕТИШТИ?

№611 18-июль-24-июль, 2014-ж


Жоомарт Оторбаевдин өкмөт башчы кызматында иштеп жаткандыгына 100 күн толуп, 3 айдан ашуун убакытты камтыган мезгил ичинде жаңы өкмөттүн көзгө урунар иштерин карап чыктык.

ПРЕМЬЕРДИН ЧЕТ ӨЛКӨГӨ САПАРЛАРДАН КОЛУ БОШОБОЙ ЖАТАБЫ?
Жоомарт Оторбаев 4-апрелде премьер-министр болуп дайындалган. “Ата Мекен” фракциясынын квотасынан премьер-министрликке талапкер болуп жаткан Ж.Оторбаевди Өмүрбек Текебаев “ал азыркы аткаминерлерге антипод, анын биографиясы, мүнөзү, керек болсо, сырткы кебетеси да классикалык, биз көрүүгө көнгөн аткаминерлерден айырмаланып турат. Эл билиши керек, ал буга чейинкилердей эмес, ал таптакыр башка адам” деп айткан.
Расмий маалыматтар боюнча, Оторбаев премьер болуп дайындалгандан бери 6 жолу чет өлкөгө иш сапарларга чыгып келген. Орусиядан башталган иш сапарлары Казакстан, Түркия, Беларусь, Азербайжан, Польшада уланып, өткөн аптада Монголияда болуп кайтты.
Өкмөт башчынын ишинин башы 14-апрелде өлкөнүн түштүк аймагы көгүлтүр отсуз калышы менен белгиленип, 100 күндүгүндө Баткен облусунда чек арага байланыштуу эки жаңжал орун алганы менен эсте калды.
Карапайым калкка керектүү болгон жаңычылдык иш-чараларга келсек, министрлердин коомчулук менен байланышуу акцияларынын башталганы көзгө урунат.

“КУМТӨРДҮН” ТАГДЫРЫ “АСЫЛГАН” БОЙДОН ТУРАТ
Министрлер кабинети чечиши керек болгон эң орчундуу иштердин бири –“Кумтөр” маселеси. «Ата мекенчи» депутаттар «алтын кен ишканасындагы Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек» деген пикирди катуу карманышкан болчу. Ал фракциянын атынан өкмөт башчылыкка келген адам бул талапты ишке ашырууга аракет кылуусу тийиш эле. Бирок Ж.Оторбаев 27-марттагы КСДП фракциясынын жыйынында «мен 50/50 пайыздык үлүштөн турган позицияны колдойм. Ал жолго барбасак, бизди сот иштери күтөт. “Кумтөр” ишин токтотпошу үчүн бардыгын жасайбыз» деп айткан. Өткөн айда «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы “кыргыз өкмөтү кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип бербей жатат, эгерде белгиленген мөөнөткө чейин бекитилбей калса, кенде иш токтотулат” деп билдирүү таркатты. “Ата Мекен” фракциясы өкмөткө “Кумтөрдөгү” кенди казуу иштерин жүргүзүү планын бекитпөөнү сунуштап, акырындык менен процесс “Кумтөрдүн” ишин токтотууга бара жатты. Бюджетке эң көп киреше алып келген ишкананын ишин токтотуу чыгашалуу. Андыктан өкмөт кендин борбордук бөлүгүндө кен казуу иштерин улантууга уруксат берди. Ошентип, “Кумтөрдүн” маселеси бир жаңсыл болуп чечилбей турат.
Өкмөттүн экинчи баш оорусу – электр энергиясынын тарифтик саясаты. Жалпы керектөөчүлөргө болбосо да, үч фазалуу абоненттерге тарифти көтөрүү дымагы убактылуу ишке ашпай калганы менен өкмөт Жогорку Кеңештен тарифти өз алдынча аныктоо укугун кайтарып алды. Эртең же бүрсүгүнү электр энергиясынын тарифи ЖКнын макулдугу жок эле жогорулашы ыктымал. Азыртадан кыштан жарык өчүрүүсүз чыгуу үчүн Токтогул суу сактагычында керектүү суунун аздыгы айтыла баштады.

ОТОРБАЕВДИН КОМАНДАСЫ АЛСЫЗ БОЛУП ЖАТАБЫ?
Жоомарт Оторбаев премьерликте дээрлик эски бойдон калган министрлер кабинети менен жумуш баштаган. Ж.Оторбаевдин башчылыгындагы курамга вице-премьерлердин деңгээлинде социалдык блок боюнча Эльвира Сариева, күч түзүмдөрү боюнча Абдырахман Маматалиев менен экономика жана инвестиция боюнча Валерий Диль гана жаңы кошулган. Үчөө тең буга чейин мамлекеттик чоң кызматтарды ээлеген эмес жана мунун айынан “тажрыйбасыз” деген сындарга кабылышкан. Ал эми министрлердин катары дээрлик өзгөрүүсүз калган. Ж.Оторбаевдин үч айлык иш жыйынтыгын чыгарууда ал жетектеген команданын ар бир мүчөсүнүн кошкон салымы да, кетирген кемчиликтери да маанилүү.
100 күн өлкө ичиндеги көйгөйлөрдү чечип коюуга өтө аз убакыт. Бирок кайсы бир орчундуу маселелер боюнча алга жылуу же артка кетүү учурларын байкоого жетиштүү мөөнөт. Өзгөчө деп мүнөздөлгөн Оторбаевдин өзгөчө кадамдарын көрүү азырынча мүмкүн боло элек.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
21.07.2014. 15:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
05-06-2014
Соӊку аракети:
31-08-2015 07:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
100 кундо эмнеге жетишмек эле, Эми таанышып,тел.номерлерин алмашышып,сен каяктан болосун,кантип минис-р болдун,канча бердин,крышан ким деген суроолору эми бутуп атса. Кичине куткуло 1000 кун дегиле жок дегенде
21.07.2014. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
06-12-2019 23:25
Жынысы:
Белгисиз
-1
негизи азыркы премьер интеллегент, ошондуктан муну дептер тытмалап жинди кылып атышат, 100 кундо экономиканы ким ондой алмак эле? кумтордун маселесине деле ошолор тосколдук кылып атышатта, откондоле планга кол койбой эмне кылышты?
22.07.2014. 01:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
19-09-2013
Соӊку аракети:
23-05-2019 03:05
Жынысы:
Белгисиз
-2
Балык башынан сасыйт туугандар эсинерден чыкпасын бул соз...башчыбыз сасып аткандан кийин аягы чирип кетти го.
22.07.2014. 09:36 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
20-01-2014
Соӊку аракети:
17-10-2016 13:22
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде асан кетип усон келет окмот башчыга толк жок
22.07.2014. 10:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
16-10-2014 15:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окмот олгучо убакыт берсен да куурай башын сындырбайт. БАБАНОВ кичине жылыш жасады эле аны да коро албадынар
23.07.2014. 00:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
13-03-2017 19:24
Жынысы:
Белгисиз
0
100 кундо не кылды эле ошту баткенди газсыз калтырды чек арада тажик кыргыз бирин бири атып жатат негизи жакшы иштеп жатат бул кетиште тезле жоголуп кетебиз
23.07.2014. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
07-09-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Реформа жасоочу адам 100 кундо коп иш жасаса болот, Ленин бийликке келгенде 100 кундо ото коп иш жасалган, ал 100 кундо жасаганды Кыргызстан 23 жылдан бери жасай албай келет.. Экономиканы жолго кою учун ич ара проблемаларды чечип, Баткендеги чырларды жонго салуу, Ошко газ беруу, электр энергиясы ж.б. коптогон курч маселелер турганда окмот башчынын Монголия, Польша ж.б. олколордо саякаттаганына жол болсун же ал мамлекеттер биздин проблемалары чечип берет бекен?
23.07.2014. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
07-09-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаев заманына бери эл бийликке нааразы боло баштаганда айрым министрлер же Окмот толук курамда алмашып министр же окмот башчы "козел отпущение" болуп турган, 23 жылдык эгемендик тарыхыбызда да 25 чакты премьердин болушу ошондон. Акыркы 2 жылда 3-премьер иштеп жатат, Бабановго убакыт бергиле дединер, анын былыктары чубап чыга баштаганда унчукпай кызматтан кетирип, териштируу болбостон, Сатыбалдиев келди, ал эптей албай, элдин нааразычылыгы осо баштаганда аны кетирип Оторбаевди койдунар...
23.07.2014. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
07-09-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Максатынар Окмот башчысын улам улам алмаштырып убакыт бергиле деп отура беребизби, 23 жылдан бери улам улам артка кетебиз, азыр элди Россия, Казахстандагы мигрант уул-кыздарыбыз багып олкону кармап турат, болбосо окмоттун иши элге жардам беруу эмес тоноо болууда. Ким бироо 1000 кун бергиле дептир, эгер мен президент болсом 1000 кундо Кыргызстандын экономикасын 3-5 эсе которо алам, олкону таанылгыс кылып озгорто алам, ал эми азыркы бийлик учун убакыт казынаны, элди тоноо учун гана керек..
26.07.2014. 21:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
09-11-2011
Соӊку аракети:
02-12-2016 11:06
Жынысы:
Белгисиз
0
10 жылдан бери онолбогон экономика 100 кундо онолуп кетмек беле))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23288;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: