Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«We`ll be» бий тобу: «ТАЛАНТЫБЫЗДЫ ОКЕАНДЫН АРЫ ЖАГЫНАН КӨРСӨТӨБҮЗ»

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж


Атай Өмүрзаковдун «Мен бийчи» долбоорунан кийин Кыргызстанда айрыкча жаштар арасында бийге кызыккандардын саны өстү десек жаңылышпайбыз. Учурда клиптерден, концерттерден, корпоративдик кечелерден «We`ll be» бий тобун көп кезиктиребиз. АКШда өтүүчү «World Hip-hop dance championship» («Хип-хоп бийи боюнча дүйнөлүк чемпиондук») фестивалына аттанар алдындагы даярдыктары жөнүндө топтун бийчилери Максат Токтоналиев, Эрмек Керимбаев, Кубанычбек Чилетиров маек берип кетишти.

– Жигиттер, кандайсыңар? АКШда өтө турган бий боюнча дүйнөлүк чемпиондукка кызуу даярданып жатыпсыңар, бирок демөөрчү таппай, кыйналып жатканыңарды уктук?
Максат Токтоналиев:
– Кандайсыздар, буюрса, фестивалга даярдык өз нугунда жүрүп жатат. Ал эми демөөрчү таппай жатканыбызды туура баамдадыңыздар. Учурда демөөрчүлөрдүн колдоосуна аябай муктажбыз. Фестиваль август айында башталат. Өзүбүз да ага чейин жөн отурбай концерт уюштуруп, андан түшкөн акчаны кем-каржыбызга жараталы деп жатабыз. 4-июлда Улуттук филармонияда өтчү марафон концертибизге жалпы Бишкек шаарынын тургундарын чакырат элек. Билет алып, концерт көрүп кеткени эле бизге чоң жардам болмок.

– Ошондо учурда концертке даярданып жатасыңарбы же фестивалгабы?
Максат Токтоналиев: – Учурда концертке даярданып жатабыз, фестивалга катышуу үчүн да акча төлөйбүз. Эгер керектүү сумманы чогулта албасак, анда фестивалдан калып калышыбыз мүмкүн.
Эрмек Керимбаев: – Негизи, фестивалда ошол концертте бийлеген бийлердин мыктылары гана кыскартылып бийленет. Концертке болгон даярдык менен фестивалга болгон даярдык бирдей эле. Концертте убакыт көп болот, ал эми фестивалда берилген 2 мүнөттүн ичинде болгон хореографияңды, бийлөө техникаңды көрсөтүшүң керек.

– Аталган фестиваль тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңер?
Кубанычбек Чилетиров:
– Бул дүйнөлүк чемпиондук жер жүзүндөгү эң таланттуу, күчтүү бийчилердин башын бириктирип келет. Быйыл 13-жолу өтүп жаткан фестивалга 43төн ашуун мамлекеттен 3 миңдей бийчи барат. Эгер биз барып калсак, Борбор Азиядан Кыргызстан биринчилерден болуп катышат.

– Анда силерге өтө жоопкерчиликтүү иш жүктөлүп жаткан турбайбы. Ошентсе да чыныңарды айтсаңар, катышканы бара жатасыңарбы же жеңебиз деппи?
Кубанычбек:
– Жеңебиз, утабыз деген каалоо күч. Ушунча элдин алдында уят болбой, жок дегенде алдыңкы үчилтикке киребиз деген үмүттөбүз.
Эрмек: – Биз Астанага сынакка барганда, ал жакта калыстар жалаң Америкадан келген мыкты хореографтар экен. Бизди көрүп, «өзүңөрдүн маданиятыңарды, улуттук колоритеңерди бий аркылуу берүү жөндөмүңөр бар экен. Америкага келсеңер, өзүңөрдү көрсөтө аласыңар» деп айтып кетишкен. Эми талантыбызды океандын ары жагынан көрсөтүү убактысы келди деп ойлойм.

– Негизи эле Кыргызстанда бийди кесип кылып аркалап, анын артынан үй-бүлө багып кетүү мүмкүнбү?
Максат:
– Ооба, мүмкүн. Бийдин артынан нан таап жеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндөрдү көрүп эле жатабыз. Той, концерттерге чакыруулар болот дегендей. Мисалы, биздин топто Кубанычбек үй-бүлөлүү, бий менен эле эки баласын, жубайын багып келет.
Эрмек: – Топто бийлеген 7 жигит өтө көп албаса да, Кыргызстандагы ортодон жогорку кирешени таба алышат. Ар биринин өзүнүн бий студиялары, окуучулары бар.

– Бий жаштыкты талап кылат дегенге кошуласыңарбы?
Эрмек
: – Кошулсак да, кошулбасак да болот. Бизде кыргыздарда жаш адам эле бийлеш керек деп ойлошот. Азыр ар бирибиз ата-энебизден «болду, токтотпойсуңбу, 30 жашка жеткичекти эле бийлеп жүрө бересиңби» деген сөздү угабыз.
Максат: – Биз эрте токтолуп алабызбы же менталитет башкабы, бийге жеңил-желпи мамиле кылышат. Мисалы, биз теңдүү классташтарыбыз үйлөнүп, балалуу болуп, курсак байлап калышкан. Бирок өмүр бою бийлеп өткөнгө эмне жетсин, бул өзүнчө гимнастика да.
Кубанычбек: – Астанага сынакка барганда Майкл Жексон менен иштешкен хореографтын бийлегенин көрүп, 25-30 жаштарда болсо керек деп ойлогом. 58 жашта экенин угуп алып аябай таң калдым. Майкл Жексон деле 50 жашка чейин бийледи, биз да Кудай жаш берсе, 80 жашка чыккыча бийлеп, сальто секирип тургубуз келет (күлүп).

Лунара Бекиева
star@super.kg



“We’ll be” бий тобу: "Дүйнөлүк фестивалга барабыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
21.06.2014. 01:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
16-03-2014
Соӊку аракети:
12-02-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+4
Ушул бийчилер тобун аябай сыйлаймында. Жигиттерге ийгилик каалайм,Кыргызстан желегин желбиретип орундарга жетишип келуулоруно тилектешмин. Концерттеринда жогорку денгээлде откоруп алсын.
SUPER.KG видео
21.06.2014. 15:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
13-02-2013
Соӊку аракети:
12-12-2018 09:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул бийчилер тобунун бийлегенин корупэч тажабайм, обычно концерттердин башталышында башка бийчилер бийлесе тажап кетемин, а бул бийчилер баштаган концерттерди коруп эле отургун келе берет....))) Ийгилик! Азаматсынар мырзалар!
SUPER.KG видео
22.06.2014. 00:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
25-01-2014
Соӊку аракети:
14-09-2020 20:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+2
Сооонун топ менда суйом....анан супер инфо биринчи гезитке чыгарып анан интервью аласынарбы же кандай?
SUPER.KG видео
23.06.2014. 12:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-12-2010
Соӊку аракети:
04-11-2019 12:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар! Силерге ийгилик жана ЖЕНИШ!!!
23.06.2014. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-06-2013
Соӊку аракети:
30-06-2020 09:08
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун маек болуптур
23.06.2014. 16:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
27-10-2013
Соӊку аракети:
17-10-2016 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
булардын бийлегени олло жагат мага айрыкча ак терек кок терек сонун чыкканго ийгилик каалайм жениш менен келишинерге ишенейли
23.06.2014. 18:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
21-06-2017 12:29
Жынысы:
Белгисиз
0
мен силерге суктанам
SUPER.KG видео
23.06.2014. 18:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
20-06-2014
Соӊку аракети:
05-12-2016 09:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
china-kyzylsuu
+4
azamatsynar
23.06.2014. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
31-05-2013
Соӊку аракети:
23-11-2020 12:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шибер
0
Ушунунардан жазбагыла!Аракетке берекет!Материалдык болбосо да,моралдык жактан колдоп турабыз!Балдарым "ак терек,кок терек"бийин кошо бийлеп,коргондон тажашпайт.Алга,жигиттер!!!
24.06.2014. 09:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
12-06-2014
Соӊку аракети:
31-08-2014 11:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм.
24.06.2014. 11:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-03-2017 16:44
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун бийлешет да ушул жигиттер
SUPER.KG видео
24.06.2014. 15:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
08-05-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
талантынарды мыкты денгээлде баалашсын
25.06.2014. 14:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
12-06-2015 11:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ушул балдардын бийлегени озгочо жагат.Силерге ийгилик.
28.06.2014. 20:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
12-04-2013
Соӊку аракети:
25-03-2018 17:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо бул жигиттер биздин жеентек тойубузга келген.азаматсынар аябай жакшы бийлешет, ийгилик силерге!
12.06.2015. 11:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
06-11-2016 12:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул топтум музыкаларын кайдан тапса болот? админ жуктоп койо аласыздарбы?
12.06.2015. 12:24 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1634
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-11-2020 18:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
BAYAW-KG, саламатсызбы!
Топ музыка чыгарбайт, бийлейт. Бийлери төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/media/?search_term=we'll+be&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24796;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: