Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«БРАЗИЛИЯ-2014» АЛГАЧКЫ ЖЕҢИШТЕР, ЫЗАЛАР ЖАНА ЧЫРЛАР...

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж


Көпчүлүк күткөн мундиаль ызы-чуу, өзгөчө шаң менен башталды. Ооба, кантсе да бул Бразилия өлкөсү эмеспи. Үй ээлери япониялык калыстар тобунун жардамы менен хорваттарды жеңип алса, учурдагы дүйнө чемпиондору испандыктар Голландия курама командасынын тепсендисинде калды. Дайыма ызы-чуунун коштоосунда жүргөн Марио Балотелли кайрадан Италияны куткарса, Англия чемпиондугунун мыкты оюнчусу аталган Уругвайдын чабуулчусу Луис Суарес мекендештерине Коста-Рика менен болгон беттеште эч жардам бере алган жок. Бул мундиалдын алгачкы жыйынтыктары жана каармандары төмөндө.

ШАГЫРАГАН ГОЛДОР. 16 ОЮНДА 49 ГОЛ
Бул Дүйнө чемпиондугу башталар менен эле укмуштуудай голдорго бай болууда. Мисалга, 2010-жылы ТАРда өткөн чемпиондукта 1-турдун жыйынтыгында 16 оюнда 25 гол кирсе, Бразилияда ушул эле көрсөткүч 49ду түздү. Бул ар бир оюн кызыктуу өтүп, стадиондордо чыныгы майрам болуп жатканынан кабар берет. Оюндар ушул таризде уланса, Дүйнө чемпиондуктарындагы эң көп гол кирген мундиаль аталууга мүмкүнчүлүгү бар.

«А» ТАЙПАСЫ
Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы оюнда «А» тайпасындагы Хорватия менен дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия беттешинде башкы каарман болуп япондук калыс Юити Нисимура чыга келди. Ал бир канча жерде талаш туудурчу чечимдерди кабыл алып, сынга кабылды. Анын чечими менен 11 метрлик айып белгиден Неймар гол киргизсе, Оскар оюнга жыйынтыктоочу чекит коё алды.

Бразилия – Хорватия – 3:1
Мексика – Камерун – 1:0

«B» ТАЙПАСЫ
Кызыктын баары «В» тайпасында болуп жатат. Азыркы Дүйнө чемпиону Испания Голландиянын футболчуларынан жеңилип калды. Бул оюнда Робин ван Перси жана Арьен Роббен Йохан Кройфтун мекенинен экенин көрсөтүштү. Ал экөө испандыктардын коргоочуларын уламдан-улам жаш баладай алдап жатышты. Жыйынтыгында эсеп 5:1 болду.

Испания – Голландия – 1:5
Чили – Австралия – 3:1

«С» ТАЙПАСЫ
Бул тайпада көңүлгө толумдуу оюнду Колумбия командасы көргөзүп, Грециянын таш талканын чыгарды. Колумбиянын 10-номурдагы футболчусу Хамес Родригес бул Дүйнө чемпиондугунун ачылышы болчудай. Ал эми Африканын эң сүйкүмдүү командасы аталган Кот-д'Ивуар Японияны 2:1 эсебинде утуп алды.

Колумбия – Греция – 3:0
Кот-д'Ивуар – Япония – 2:1

«D» ТАЙПАСЫ
Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Италия дале табында экенин көрсөтүп, футболдун мекени атыккан Англияны 2:1 эсебинде эсин оодарды. Бул оюнда эки команданын берилген пастардын тактык пайызы 90дон ашып өттү. Ал эми Италия муну 93 пайызга жеткирип, Дүйнө чемпиондуктарында рекорд койду.

Уругвай – Коста-Рика – 1:3
Англия – Италия – 1:2

«E» ТАЙПАСЫ
«E» тайпасында атаандаштар Швейцария менен Эквадордун биринчи беттешүүсү 2:1 эсебинде швейцариялыктардын пайдасына чечилди. Франция менен Гондурас командаларынын беттешүүсү 3:0 эсебинде француздардын жеңиши менен аяктады. Бул оюнда Карим Бензема мыкты чабуулчу экенин көрсөтө алды.

Швейцария – Эквадор – 2:1
Франция – Гондурас – 3:0

«F» ТАЙПАСЫ
Аргентина менен Босниянын беттешүүсүндө «карт бөрү» атыккан аргентиналыктар артыкчылык кылып, 2:1 эсебинде утуп алды. Лионель Месси бул оюнда голсуз кеткен жок. Иран менен Нигерия командалары арасында болгон оюнда бул чемпиондуктун эң биринчи тең чыгуусу катталды.

Аргентина – Босния – 2:1
Иран – Нигерия – 0:0

«G» ТАЙПАСЫ
Бул тайпада чемпиондукка негизги талапкерлердин бири немистер Португалия курама командасын ири эсепте жеңди. Аталган оюнда Томас Мюллер хет-трик (1 оюнда 1 оюнчу 3 гол киргизген абал) жасай алды. Тайпанын экинчи оюнунда АКШ курама командасы Гананы бир гол айырмасында утуп алды.

Германия – Португалия – 4:0
Гана – АКШ – 1:2

«H» ТАЙПАСЫ
Алжир менен болгон оюнда Бельгия курама командасын алмашууга чыккан Маруан Феллаини жана Дрис Мертенс сактады. Алар оюнга кошулгандан тарта Бельгия жандуу оюн көргөзүп, 2 гол киргизишти. Ал эми тайпанын экинчи оюнунда Орусия корейлер менен тең чыкты.

Бельгия – Алжир – 2:1
Орусия – Түштүк Корея – 1:1

1-ТУРДУК ОЮНДАРДЫН МЫКТЫЛАРЫ:

Робин ван Перси (Голландия). Чабуулчу Испанияга 2 гол киргизе алды. Анын киргизген голунун бири «голланддык учкуч» сөз айкашын эске салды.

Неймар (Бразилия). Бразилиялыктардын 10-номери «чакмактуулар» менен болгон беттеште 2 гол киргизип, мекендештерин уятка калтырган жок.

Карим Бензема (Франция). Клубдук оюндарда Роналдунун көлөкөсүндө калып келген Бензема улуттук курамда чыныгы жылдыз экенин далилдей алды. Гондурас дарбазасына 3 гол киргизди (анын бири автогол саналып, Гондурас дарбазачысынын атына жазылды).

Томас Мюллер (Германия). Немис машинасынын чабуулчусу Португалия коргоочуларын аябай «жүдөттү». Ага чыдай албаган Пепе кызыл айып кагазын да алды. Жыйынтыгында Мюллер бул чемпиондукта алгачкы хет-трик жасап, бомбардирликтин сап башына чыкты.

АР ТҮРДҮҮ КЫЗЫКТАР ЖӨНҮНДӨ...

ӨЗ КОМАНДАСЫ УТУЛГАНЫ ҮЧҮН 135 МИҢ АКШ ДОЛЛАРЫ...
56 жаштагы Жакобо аттуу испан күйөрманы Испания –Голландия оюнунун эсебин туура таап, 135 миң АКШ долларлык бензин утуп алды. Эске салсак, бул оюнда Испания 1:5 эсебинде утулуп калган.
Бул сынак испандык бензин өндүрүүчү компаниялардын бири тарабынан уюштурулуп, бардыгы болуп 120 миңден ашуун адам катышкан. «Ооба, мен Испанияга жан тартам, бирок биздин команда голланддарга утулса, ири эсепте гана утулат деп ойлодум. Эртең биздин команда Чилини 5:1 эсебинде утат дегенге байге коём» деп билдирет сынактын жеңүүчүсү.

ФУТБОЛДУН АЙЫНАН ТИГИ ДҮЙНӨГӨ КЕТИП...
Кытайдын Сучжоу шаарынын тургуну футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун көрүп жатып, сыналгынын алдында каза болду. Окуя жумадан ишембиге караган түнү, Испания – Голландия беттеши орун алган күнү болгон. Жансыз денени текшерүүгө алган дарыгерлер «уйкусу канбай, катуу чарчап, жүрөк оорусу кармап калган» деген жыйынтык чыгарышкан. Белгилей кетсек, көпчүлүк өлкөлөрдөгү футбол күйөрмандары Бразилия менен убакыт айырмасы чоң болуп, оюндарды түн ортосунда, таңга маал көрүүгө аргасыз болуп нааразы болушууда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
23.06.2014. 13:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
01-10-2016 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайда уже учоо олуптур.
23.06.2014. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
14-04-2014
Соӊку аракети:
20-05-2020 14:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош-Москва
0
Финалды көрүш керек да...
23.06.2014. 15:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
20-06-2013
Соӊку аракети:
21-11-2016 12:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Робин Ван Перси-Летучий голландец ахахаха, финалды созсуз коруш керек. Кызык, ким чемпион болот экен ээ??
23.06.2014. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
13-07-2013
Соӊку аракети:
18-05-2020 13:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт калаасы!
0
Убакыт туура келбей атат
23.06.2014. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
29-09-2013
Соӊку аракети:
19-05-2020 19:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Быйылкы мундиаль "өзгөчө" болуп жатат..
23.06.2014. 18:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
30-11-2013
Соӊку аракети:
14-02-2015 02:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия Голландия Германия Коста-Рика ушулар финалга чыгат деп ишенем
23.06.2014. 23:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
29-08-2013
Соӊку аракети:
02-03-2020 05:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан!
0
Аргентина да чыгат буйурса португалияга ишениш калбады
24.06.2014. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
22-04-2020 04:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекеним Кыргызстан
0
Бразиля утса керек
24.06.2014. 11:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
31-10-2011
Соӊку аракети:
11-08-2019 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Корея, Сеул
0
Нидерланды ( Голландия) чемпион болот.
24.06.2014. 14:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
08-04-2014
Соӊку аракети:
27-10-2015 00:16
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздар чемпион качан болот
24.06.2014. 16:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
25-01-2014
Соӊку аракети:
31-03-2015 10:34
Жынысы:
Белгисиз
0
бразилия утат
25.06.2014. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
28-04-2014
Соӊку аракети:
13-05-2020 05:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара Кулжа
0
Германиянын дымагы кучго быйыл, мен футбол корбой жаман болуп атам
25.06.2014. 15:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
16-10-2014 15:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия утулса чачымды бирден жулам!
25.06.2014. 19:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
10-10-2012
Соӊку аракети:
01-04-2015 16:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Супер инфо силердин оздук дарегинерге кантип кат жазсам болот
26.06.2014. 11:52 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
915
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
30-05-2020 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Mir82, Саламатсызбы!
Спорт боюнча суроолоруңуз болсо sport@super.kg, о.э. рубрикасына жараша koom@super.kg, balakai@super.kg, reklama@super.kg, politika@super.kg, kenesh@super.kg, densooluk@super.kg, madaniyat@super.kg, ал эми сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу суроо же сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg эл. даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.06.2014. 13:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
08-05-2014
Соӊку аракети:
28-11-2018 09:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
0
бул дуйно чемпионатында германия биринчиликти алат
28.06.2014. 14:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
13-03-2019 18:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan chempion bolgondo men chachymdy kyryp salmakmyn suyungonumon!!!
30.06.2014. 01:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-05-2014
Соӊку аракети:
11-07-2016 21:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия биринчи орунду эч кимге бербейт,кудаа кааласа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: