«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«МЕНИ СОТТО ИШТЕГЕНДЕР ЗОРДУКТАП, ЖЕР ТӨЛӨГӨ ТАШТАП САЛЫШТЫ»

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж


«Мени Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун 3 сот аткаруучусу зордуктады» деген Калия Арабекова Бишкекке келип, көргөн кордугун баяндады. Жабырлануучунун берген маалыматы менен катар айыпталуучу жактын дагы оюн угуп, окуяны эки тараптуу чагылдырганга аракет жасадык.

«ЖОЛДОШУМДАН АЛИМЕНТ ӨНДҮРҮП БЕРИШМЕК»
– Жолдошум менен ажырашып кеткем. Балдарым чоңойгон сайын жеп-ичкени да көбөйүп, жалгыз менин иштегеним эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан жардам берсин деп сотко арыз жазып, жолдошуман балдарыма алимент кестирип алгам. Алиментти өндүрүп беришсин деп сот аткаруу бөлүмүнүн кызматкерлерине жардам сурап кайрылып жүргөм.
25-декабрда Илгиз Карымбаев аттуу сот аткаруучу уюлдук телефонунан күйөөмө чалып, мени менен сүйлөштүргөн эле. Ошондо жолдошум «30-декабрда акчаны берем» деген болчу. Айтылган күнү саат 19:00 чамасында Илгиз мага телефон чалып, «жолдошуңуз акчаны берди. Алып барып берейин, сизге керек да» деди.

«АЛТЫНБЕКТИН ҮЙҮНӨ АЛЫП БАРЫП КОРДОШТУ»
– Мен ишенип алып сыртка чыктым. Барсам машинада Алтынбек Алыбаев, Мукаш Кененсариев, Илгиз Карымбаев үчөө бар экен. Алар мени Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан Алтынбек Алыбаевдин үйүнө алып барышты. Ошол жерден мени үчөөлөп күч колдонуп, улам бири эрмектеп зордукташты. Өздөрү мас, эмне кылып жаткандарын деле билишпейт. Бир убакта бирөө чөнтөгүнөн ак порошок сыяктуу бир нерсе алып чыгып, аны кагаздын бетине салып жыттаган соң көздөрү кызарып эле отуруп калды. Эс-акылы ордунда эмес, атүгүл оозума заара ушатып салганын деле билбей калды. Анан мени дааратканага камап коюшту.
Акыры бир жер төлөгө алып барып таштап салышты. Ал жерден чыгып, кебетемди эч ким көрбөсө экен деп, айрык-тытык кийимим менен үйгө келдим. Эптеп кийимдеримди чечпей эле прокуратурага барып болгон окуяны түшүндүрүп, «экспертизадан өткөргүлө» деп сурандым. Акыры макул болгондо тиешелүү нерселерди экспертизалык иликтөөгө тапшырып бердим.

«КЫЙНАП ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫРЫП АЛЫШТЫ»
– 2-январда мени зордуктагандар чалып алып, «эгер прокуратурага жазган арызыңа тосмо арыз жазып бербесең, сени өлтүрүп коюудан кайра тартпайбыз, балдарыңдын өмүрүн ойло» деп коркута башташты. Жумушумдун алдына келип, машинага коркутуп салып, милицияга алып келишти. Ал жактан бир бөлмөгө алып кирип, целлофан баштыкка оролгон акчаны сунушташты. Акчаны «бул сиздин моралдык жана материалдык чыгымдарыңыз» деп столдун үстүнө коюп жаткандарын бөлүп-бөлүп видеого тартып алышыптыр. Мен үчөө тең мыйзам алдында жооп беришерин айтып, акчаны алуудан баш тарттым. Тергөөчү мени мазактап «видеодон көрдүк, сиз булардан 90 миң сом алган турбайсызбы» деди. Баштыкка оролгон акчанын суммасын ошондо гана билдим. Тосмо арызды айла жок жазып бердим.
20-январда прокуратурага кайра бардым. Алар мага тосмо арыз жаздырып алышканын баяндап берсем, «сиз ошол
90 миң сомду ала берсеңиз болмок, иш баары бир жабылат
» дешти. Кийин билсем, ошол акчаны тергөөчүлөр менен прокурор бөлүп алышыптыр дагы, экспертизанын жыйынтыгын жокко чыгарып, ишти жаап коюшуптур. Мындан сырткары Рыскүл аттуу келинди табышып, ага акча бергенби билбейм, «30-декабрда мен да Калия менен бирге болчумун. Аны эч ким зордуктаган эмес» деген көрсөтмө алышыптыр.

Калия Арабекованын айтымында, ушундай окуядан кийин шаардык жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, акыйкаттык издей баштаган. Жабырлануучу жазып берген тосмо арыздын негизинде кылмышка шектүү делген 3 сот аткаруучу үй камагына чыгарылган.

«БУЛ ИШТИН АРТЫНДА КЫЗЫКДАР АДАМДАР ТУРУШАТ»
Экинчи тараптан да жооп алалы деп айыпталуучу тарапка байланыштык. «Акылга сыйбаган жалган жалаа жабылып, үстүбүздөн ыплас нерсе төгүлгөндөй жабыркап турабыз» деп зордуктоого шектүү 3 сот аткаруучунун ата-энеси кеңсебизге келишти. 3 шектүүнүн бири Илгиз Карымбаевдин апасы ЗЕЙНЕП КОКОМБАЕВА буларга токтолду:
– Үчөөбүздүн тең балдарыбыз 26 жашта. Кырчындай жаш, үй-бүлөлүү балдарга жалган жалаа жабылып, анысы аз келгенсип жумурай-журтка жаманатты болуп жатабыз. Ошол каргашалуу күнү Калия Арабекова менин балама «күйөөмдөн алименттин акчасын өндүрүп бер» деп жанын койбой чалыптыр. 25-декабрда балам Арабекованын жолдошуна чалып, экөөнү сүйлөштүргөндө ал «азыр акчам жок, жаңы жылдан кийин болот» дептир.
Калия деген келин Илгизге «мага майрамга 1000 сом берип тур, күйөөмдөн өндүрүп алган акчадан кармап каласың, балдарым ачка отурат» десе, макул деп койгон экен. Майрамдык корпоративден чыккан соң Арабекова кайра-кайра тынчын алып чалып, акча сураптыр. Бере кетели деп үчөө үйүнө барышат. Ал жерден Калия балдарга майрам алдында бир жерге отурбайлыбы деген сыяктуу сунуш киргизген экен. Ошентип, анын сунушу менен Рыскүл аттуу келиндин жумушуна барышып, нөөмөттө турган жеринен чакырып чыгышып, Алтынбек Алыбаевдин үйүнө барышат. Ошол жерден менин балам Илгиз менен Мукаш Кененсариев кетүүгө камынганда, Рыскүл деген курбусу да «12де бейтаптарга ийне саймакмын» деп кетип калат. Ал эми Арабекова өз каалоосу менен Алтынбектин үйүндө калып калыптыр, ал бойдок бала болчу. Ошол жерден Алтынбекке «1500 сом бер, мени бул жакка акча берем деп алып келгенсиңер» десе, тиги «көрдүң го, менде акча жок, коротуп салдым» деп, айтор, ортодо пикир келишпестик болгон экен.
Эртеси балдарга чалып, «силердин үстүңөрдөн арыз жаздым, эгер мен каалаган акчаны бербесеңер ата-эне, урук-туугандарыңарга чейин айтып абийириңерди кетирем» дептир. Балдар бизге угулбасын деп 90 миң сом берип, тосмо арыз жаздырып алып, ишти бас-бас кылышат. Тосмо арызды Арабекова өз колу менен «арызды мен Алтынбек Алыбаевге ачуум келип эле жазып салгам. Мени эч ким зордуктаган эмес. Мурунку арызым боюнча тергөө иштерин токтотууңуздарды сурайм» деп жазып бериптир.
Ошондон 20 күн өткөн соң даттануучу тараптан балдардын үстүнөн Талас шаардык прокуратурасына кайра арыз түшүп, суракка чакырыла башташат. Талас шаардык прокуратурасынын башчысынын орун басары Абдувахап уулу Жолдошко барганыбызда ал «100 миң сом бергиле, ошону менен даттануучу ыраазы болуп, жазган арызын алат» деди. Ата-энелер кеңешип, эми теңелбейли деп
100 миң сомго макул болуп, Жолдошко алып барып бердик. 10 күндөн кийин прокурор чакырып, «акчаңарды алгыла, Арабекова ар биринен 100 миңден өндүрүп бергиле деп талап кылып жатат» деди. Балдар муну укканда «биз акча бергидей кылмыш кылган эмеспиз. Албаса мейли, сотко чейин барабыз» деп каршы болуп коюшту.

«АРАБЕКОВАНЫ АЯЛ КАТАРЫ АЯП ТУРАМ»
– Менин оюмча, мынча пландалган иштин артында сөзсүз бирөөлөр бар жана анын бири акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева деп жатабыз. Арзыкан Момунтаева Калия Арабекованы курал катары колдонуп, анын бул окуяны көбүртүп-жабыртып айтып чыгуусуна түрткү болууда. Момунтаева менен жеке сүйлөшүүгө барсак, «ал 2 баласын жалгыз баккан бечара келин. Эгер силер ага үстүнө үй алып берсеңер, бул иштин баары дароо токтойт» деди. Биз бирөөгө үй алып бермек түгүл, өз балдарыбызга үй салып бере элекпиз. Калия Арабекованын үйүнө да сүйлөшөлү деп барып, жашоо шартын көрүп, абдан боорум ачыды. Мен ага ачуум келгендин ордуна ушундай шартта 2 баланы багып жатканына баа берип, бир чети аял катары аяп турдум.
Мынча этегибиз ачылып, эки тарап бүтүндөй журт алдында араздашып алган соң биз дагы жөн калбай өз оюбузду айтып чыгалы деп чечтик.

Окуядан кийин айыпталып жаткан 3 сот аткаруучуну жетекчилиги «өз каалооңор менен арыз жазып, жумуштан кете бергиле» деген сунушун киргизген. Алар 21-майда өз арыздарынын негизинде кызматынан кетип, тергөө амалдары аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган. Окуяны иликтеген укук коргоо кызматкерлери акчанын учу чыккан тарапка ообой, акты ак, караны кара деп туура чечим чыгарса, мыйзамдын негизинде айыптуусу жазасын алат беле деген ойдобуз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Мени зордуктаган үч адам боштондукта жүрөт" дейт Калия Арабекова

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Урматтуу президент, соттор өздөрүн өздөрү куткара беришеби?!" дейт Калия Арабекова

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(152)
Super TV
05.06.2014. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+4
ыйман деген каяка кеткен бизде.колдорунан келе турган кызматкелер ушундай кылса "бомж"дегендерге соз жок,алардан да жаман болуп баратышат.эжеге болсо ажоо жардамын аябасын демекмин.Максат ачылып кетиптир го(хе-хе).азаматсын.
Super TV
05.06.2014. 21:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
18-08-2015 02:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Ujas... emi jazalanyshsa boldu, Kyrgyzstanda zakon ishtebeit...
Super silerge otunuch, tigil 3 zorduktagychtyn surottun jarya kylynyzdar, alardyn juzun el korsun, al da bolso jaza
Super TV
05.06.2014. 22:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
01-10-2016 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайда барба акыйкат издеген карапайым адамдар.Озулорунун коллегаларына ишенип кылып журушот да мындай ыплас иштерди. Калия ер журоктук кылыптыр арызданып. Буга чейинки жабырлануучулар корккондорунан уялгандыктарынан ооз ачышпаса керек.
Super TV
06.06.2014. 06:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
31-01-2014
Соӊку аракети:
25-03-2016 08:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
эл кайда эле бара ата тушунбойм...Акырек келген деген ушу окшойт....Окунучтуу азыр эч кимге ишенбоо менен жан корбойунчо олдун же дагы бир жаман нерсеге кабылдын да..Бул Айымга куч бере корсун...Акыйкаттык деген жок бизде..Акмактар баш жол менен жазоо корот кудайдан коркуу керек
Super TV
06.06.2014. 09:52 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2130
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
19-11-2019 09:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
chuke,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
Melis2014,
Коомдук этиканы сактаңыз!
Super TV
06.06.2014. 13:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
08-03-2013
Соӊку аракети:
15-09-2014 08:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Zakondu katuu karmawsa, baardyk uwundai j.b. iwterdin beti tez ele achylmak.Kynyr iw kyrk jylda bilinet demekchi tabylat bul adamdan chykkan jyrtkychtar.Aituu da kyiyn bul aibandardyn barar jeri ylaiym tozok korgon kunu kor bolsun
Super TV
06.06.2014. 13:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
08-03-2013
Соӊку аракети:
15-09-2014 08:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Super men kutom sizderden Kenje kobokova kechikken suiuu degen yrdy kancha tez bolso owoncho jakwy ele aldyn ala rahmaat
Super TV
06.06.2014. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
11-07-2011
Соӊку аракети:
31-07-2018 04:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздер менен байланышсам болобу кантип
Super TV
06.06.2014. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
11-07-2011
Соӊку аракети:
31-07-2018 04:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сиздердин озунуздорго кат жаза албай атам
Super TV
08.06.2014. 18:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
18-01-2015 23:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле
Super TV
09.06.2014. 01:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
14-09-2013
Соӊку аракети:
09-08-2015 15:50
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз элим эмне болуп баратабыз жырткыч жаныбарлардан айырмабыз болбой барататко а эжеге болсо ишине ийгилик
Super TV
10.06.2014. 11:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-09-2013
Соӊку аракети:
14-06-2016 18:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сыяктууларды качан жазасын тартканда гана жазасын алды деп медиага берсек туура болот эле. Боло берет турбайбы деп башкалар да кылып жатпайбы. Азыркы видеолордун барында "милицияга кайрылды" менен бүтүп жатат. Кылмыштуулукту бул менен көбөйтүп жатпайбызбы???
Super TV
10.06.2014. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-11-2012
Соӊку аракети:
06-08-2019 17:30
Жынысы:
Белгисиз
-1
оозума сийип деп айтпай эле койсо болмок. жаман угулат экен.
Super TV
14.06.2014. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
14-01-2011
Соӊку аракети:
07-03-2018 17:26
Жынысы:
Белгисиз
0
менин айылымдан болот бул эже . эми куч кубат берсин. жароокер жакшы болчу
Super TV
15.06.2014. 18:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
24-04-2014
Соӊку аракети:
19-05-2016 20:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул биздин милитсия деген иш кананы жоюп салбайлыбы пайдасы тийбеген адам эмес м да ошо кызматкерлер
16.06.2014. 09:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
13-01-2013
Соӊку аракети:
12-11-2014 08:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
baldardin ata enesi baldarin jaktap jatat da, kantip ele alimentti sottordon suramak ele dogurunup, kizik
16.06.2014. 09:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
03-05-2014
Соӊку аракети:
18-06-2014 14:21
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай карап турсан соттун устунон кантип арыз жазмак эле оло албай атыптырбы бир балээси бар ошон учун тиги байкуш тызылдап арызданып жатат да
16.06.2014. 23:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
25-07-2014 13:17
Жынысы:
Белгисиз
0
aibaatyr, Укук коргоочу уюштуруп жатат деп атпайбы, азыр адамдардын колунан баары келет. Эгерде порядочная болгондо алар бул аялга андай мамиле жасамак эмес. Озу звонит этип, акча сурап , озу демилге которуп жатпайбы отуралы деп. Жогоруда бироо жазгандай кунаажын козун сузсо.
16.06.2014. 10:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
12-10-2012
Соӊку аракети:
17-11-2016 13:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай Таала эки тарапка тен ынсап, ыйман берсин. Акыретте Кудайга пара берип, алдай албайсынар. Ар кимин оз тиргилигинерди кыла берсенер болмок. Башынарга балээ уйбой!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: