Архив
897   898   899  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

СИЗОдо 3 ЖЫЛ ОТУРГАН ШАХИДА БАСПАЙ, СҮЙЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАН

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж


Капаска түшкөн чымчыктын эңсегени эркиндик эмеспи. Төмөндө сөз болчу Шахида Аманбаева аттуу 21 жаштагы кыз адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелип, 18 жашында СИЗОго камакка алынгандан бери 3 жылдан ашуун убакыт болду. Ал ортодо Шахида өз алдынча баса албай, кийинчерээк сүйлөй да албай калган.

СОТ САПАТСЫЗ ТЕРГӨӨНҮ КАЙРА-КАЙРА КАЙТАРУУДА
Окуянын учугу 3 жарым жыл мурунку мезгилге барып такалат. Тактап айтканда, 2010-жылдын апрель айынын башында 22 жаштагы Рабига Жумабаева аттуу кыздын жансыз денеси Токмок шаарынын 1-кичи районундагы өзү жашаган үйдүн жанынан табылган. Укук коргоо кызматкерлери бул кылмышты иликтеп, көп өтпөй адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип Токмок шаарынын 3 тургуну кармалат. Алар: 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев жана 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева эле.
Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 3-6-пункттары (күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктаганда иш сотко өткөрүлөт. Бирок сот тергөөгө канааттанбай бир нече ирет ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүп, андан бери 3 жылдан ашуун убакыт өтүп кеткен.

«КЕПТИН БААРЫ ТЕРГӨӨДӨ»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн соттун чечимин күтүп убактылуу кармоочу жайда күн кечирип жаткан Шахида Аманбаеванын жактоочусу КҮМҮШБЕК ЫБЫКЕЕВГЕ кайрылдык:
– Учурда Шахида, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашев убактылуу кармоочу жайда отурушат. Алар азыр эки ортодо, же абакта эмес, же эркиндикте эмес болуп чайналып жатышкан чактары. Мунун себебин соттор «тергөө чала жана сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн кайрадан тергөөгө жөнөтүп жаттык» деп түшүндүрүп жатышат. Сот мындай чечими менен эч кандай мыйзам бузууларга барган жок. Кептин төркүнү тергөө амалдарын жүргүзгөн органдарда жана прокуратурада болуп жатат.
Логикалык жактан деле ойлонуп көрсөңүздөр, Шахида Аманбаева азыркыдай баса албай жана сүйлөй албай калган абалга кантип келген? Алгач ал берген көрсөтмөдө адам өлтүрүүгө катыштыгы жок экенин айтып, таптакыр күнөөнү өзүнө жууткан эмес. Ал тургай жанындагы шектүү деп кармалган берки экөөнү дагы өз көрсөтмөлөрүндө күнөөсүз деп көрсөткөн. Бирок бир нече убакыт жүргүзүлгөн тергөө амалдарынан соң ал кылмышка катыштыгы бар адам болуп, «Рабига Жумабаеваны менин көзүмчө Урмат Аскеев таш менен башка уруп өлтүрүп койду» деп көрсөтмө берген. Бирок бул көрсөтмөгө ынандыра турган буюмдар же күбөлөр жок болгондуктан сот отуруму улам кийинкиге жылдырылып, шектүүлөрдү же актай албай, же маркум Рабиганын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таба албаган прокуратура кызматкерлеринин иликтөөсүнө ынана албай соттор да чайналып келишкен.
3 жылдан кийин Токмок шаардык соту Аманбаеваны «күнөөсү жок» деп актаган. Бирок жабырлануучу тараптан Рабига Жумабаеванын атасы соттун чечимине макул эмес экендигин билдирип Чүй облустук сотуна апелляциялык даттануу арызын жазган. 20-майда Чүй облустук соту ошол арызды карап, бирок мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 2014-жылдын 27-майына жылдырылды.

«КЫЗЫМДЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮЛӨРДҮ ТААП БЕРГИЛЕ»
27-майда Рабига Жумабаеванын өлүмүнө шектелип кармалган жогорудагы 3 жарандын сотуна биз да барып катыштык. Сот отурумуна Шахида Аманбаеваны кызматкерлер көтөрүп келип отургузушту. Ал баса албай калган экен. Денесин кармай албагандыктан, башы оң тарапка бурулуп, токтоосуз калчылдап турат. Ал эми Рабига Жумабаеванын атасы СЫДЫК ЖУМАБАЕВ сот залында буларды айтты:
– Урматтуу соттун төрагасы жана мүчөлөрү. Сиздерден өтүнүчүм, менин кызымдын өлүмүнө күнөөлүү болгон 3 жаранга мыйзамдын негизинде жазасын бериңиздер. Коомчулук Шахида Аманбаеванын СИЗОдо отуруп оорукчан болуп калганын талкууга алса эле аны боштондукка чыгарып коюш керекпи? А менин кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет? Макул, түшүнүп турам, шектүү катары кармалышты, алардын бири минтип оорукчан болуп калды дейли. Бирок мен бир да тиешелүү тармактын же органдын «Аманбаева төмөнкүдөй оорунун негизинде оорукчан болуп калды, дарыланууга муктаж же башка» деген кагаз жүзүндөгү далилди көрө алган жокмун. Жактоочусу күнөөсүз экенин далилдей турган бир нече версияларды айтып жатат. Анда кызымдын өлүмү үчүн күнөөлүү адамдарды таап бергиле деп мен кимге кайрылам?
Ушул сыяктуу талаш-тартыш камтылган сот отуруму бир нече саатка уланса да чечим чыгарылбастан, кийинки отуруму 29-майга жылдырылды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу кылмышка шектүү Шахида Аманбаева менен Алишер Жумашевди 13 жылга эркинен ажыратууга, ал эми Урмат Аскеевди 16 жылга эркинен ажыратууну сурады.

«КЫЗЫМ КҮНӨӨСҮЗ, БИРОК ДАЛИЛДЕРИБИЗГЕ ЭЧ КИМ ЫНАНБАЙ КЕЛЕТ»
Учурда Шахида Аманбаеванын жана башка шектелип жаткан 2 жарандын туугандары да соттун акыйкат чечимин күтүп жаткан учурлары. Окуя тууралуу өзүнүн версиясында Шахиданын апасы НУРГҮЛ АМАНБАЕВА мындай дейт:
– Кызымды көрдүңүздөрбү, өзүм да карап тура албайм. Аны темир тор артында алты саны аман болбой, ден соолугу начар абалда карап отуруш мен үчүн абдан оор. Аны СИЗОнун дарыгерлери тиешелүү деңгээлде караган да эмес. Кызымдын кылмышка эч кандай күнөөсү жок экенин билем, бирок биздин берген көрсөтмө, далилдерибиз эмнегедир укук коргоо органдарын такыр ынандырбай жатат.
Кызым СИЗОдо жатканда апама арнайм деп 2 дептер толтура күндөлүк жазган экен. Ал жакта ар бир күн так даталары менен жазылып, башынан өткөн окуялар баяндалган. Өзүңөр деле окусаңар болот. Шахиданын башына полиэтилен пакет кийгизип кыйнап, өздөрү түзгөн кылмыш ишинин сценарийин жаздырышканын баяндаган. Шахида жөн жерден ушундай жарым жан абалга келип калган жок. Анын сыз, муздак СИЗОнун камерасында 3 жылдан ашык отурганына кошул-ташыл тергөө амалдарынын жүрүшүндөгү зордук-зомбулук дагы ушундай оорукчан болуп калууга алып келди. Мен соттон туура чечим күтөм. Азыр үмүтүмдү актай турган адамдар чыгар бекен деген ой менен гана жашап калдым.
Сот отурумунда Шахида Аманбаева апасын үмүттүү көз караш менен тиктеп жатты. Мурдараак Шахиданын апасына арнап жазган күндөлүгүн окуган элем. Бул көз караштан: «Апа, айткан кебиңди укпай досторумду артык көрүп, сага каяша айтып тетири басып кеткен күндөрүм үчүн кечирим сурайм. Башыма түшкөн азаптуу күндөрдө мени кай тарапка которуп кетип жатышса да артыман калбай ашыңды көтөрүп жолугушууга келип жүргөн күндөрүңдүн бир күнүн актай алар бекенмин? Кечирчи мени, апаке! Балким, сени капа кылгандыгым үчүн ушундай күндөрдү көрүп жаткандырмын...» деген цитаталарды эстеп жаттым. Сот отуруму эки тараптын кайым айтышы менен аяктап, кароолдогу кызматчылар Шахида Аманбаеваны көтөрүп кайрадан
СИЗОго алып кетишти.
Кылмышка шектүү деп кармалгандарды ак же күнөөлүү дегенден азырынча алыспыз. Аны сот чечсин. Бирок алар күнөөлүү болгон күндө да укук коргоо кызматкерлери кызды ушундай акыбалга алып келгенге укугу бар беле?

3 жарым жыл соттун чечимин күтүп СИЗОдо отурган ШАХИДА АМАНБАЕВаны сот 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча айыптап, 4 жылга эркинен ажыратты. Тергөө абагында өткөргөн 1 күнүн 3 күн катары эсептеп, аны сот залынан бошотууга буюрду. Ал эми Урмат Аскеевди «адам өлтүрүү» беренеси боюнча 9 жылга, Алишер Жумашевди кылмыш уюштурууга катыштыгы бар деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу маалымат гезит басууга берилерде маалым болду.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

Шахида Аманбаева эркиндикке чыкты

Автор: Бекжан Рыскулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(178)
Super TV
29.05.2014. 21:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
07-06-2013
Соӊку аракети:
27-08-2017 10:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
uraaaaaa!!!!!!!!!
Super TV
29.05.2014. 22:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
16-03-2014
Соӊку аракети:
12-02-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+3
Аллах шыпаасын берсин. Ооба эми ал кыздын олумун бир гана Аллах билет( ким олтуруп ким койгонун). Олкобуздо тынчылык эле болсунчу. Адамдарга ынсап берсинчи.
Super TV
29.05.2014. 22:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
25-08-2013
Соӊку аракети:
05-11-2015 01:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга рахмат, кагылайын Тенирим, Сага данк болсун! Шахидага ырайымдуу колунду сунганын учун... Шахидадан айланайын((((((((Эми Кудайымдан Шахиданын айыгып кетуусун сурап сыйынам. Журогум, ай, буулуккан кургур журок...
Super TV
29.05.2014. 22:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
25-08-2013
Соӊку аракети:
05-11-2015 01:46
Жынысы:
Белгисиз
-11
Суперчилер, суранам сиздерден, Шахида жонундо кабар берип турунуздарчы.
Super TV
29.05.2014. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
29-04-2014
Соӊку аракети:
24-11-2019 13:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
орук зарлуу Баткен
+1
Аллах Таалама ыраазычылыгым билдирип кетем.Ушул эжеге аябай боорум ооруду эле.
Super TV
29.05.2014. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
23-04-2013
Соӊку аракети:
27-01-2020 22:01
Жынысы:
Белгисиз
-6
Men bul kuz jonundo ne bolup jatkanyn tuwuno albadym e4...
Super TV
29.05.2014. 23:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
30-04-2016 13:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
акыркы кундору шахида ждо кабар болоор бекен деген умутто жанылыктарды карачу элем.кудайга ыраазымын эркиндике чыкканына.Айыгып кет!бактылуу бол!анан калганын короорсун!бизде ошондой акыйкатчылык жок\мындан кн сабак болот.жакшы жашоодон умут узбо.
Super TV
30.05.2014. 00:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-05-2014
Соӊку аракети:
30-05-2014 23:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
Прокурор жакшы окуй албай жатабы ыя ?
Super TV
30.05.2014. 01:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-05-2014
Соӊку аракети:
11-07-2016 21:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
алла таалам сага ден-соолук берсин!
Super TV
30.05.2014. 01:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
01-10-2016 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алар чыкпайбы деп берки балдарды ойлоп журот байкуш. Мага таарынбагыла деп атат кетееринде.Кыздын куноолу екенине еч ишенбейм. Ийгилик кийинки жашоосуна.
Super TV
30.05.2014. 01:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
11-12-2010
Соӊку аракети:
02-11-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Шыпаасын берсин айыгып кетсин Жаратканым озун жардам бер!боорум ооруду аябай мындай нерсени душманыма да каалаабайм!
Super TV
30.05.2014. 03:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип ушул акыбалга келгиче камап олтура беришти ден соолугунан ажыратып сакайып кет эртераак ШАХИДА
Super TV
30.05.2014. 08:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
29-12-2017 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
мусульмандар арасында...
+3
мен тан калам канча киши олтургон Батукаевди ооруп олгон жатат деп кое беришти эле олбой этпей эле жаш аял алып жыргап жашап жатат ал эми озубуздун инсанды баспай калгыча камашкан
Super TV
30.05.2014. 08:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
02-12-2011
Соӊку аракети:
12-08-2015 03:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Эмне болгон эле тушунбодум?
Super TV
30.05.2014. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-12-2013
Соӊку аракети:
23-01-2020 17:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уроссия гой ))
+1
Мындан кийинки жашоондо, эч кайгырба, алты санын аман болсун!
Super TV
30.05.2014. 09:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
24-04-2013
Соӊку аракети:
10-10-2014 21:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи тараптан эмнеге кабар жок .Олгон кыз тууралуу деле жазбайсынарбы.Далил жок деген менен акыры бироо олтургон го аны.Кабар кутобуз.
Super TV
30.05.2014. 10:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-12-2011
Соӊку аракети:
14-02-2019 00:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шахиданын агаларына айтат элем, сурак жургузгон оперлерди атып салгыла, Шахидадан билгиле ким мындай ахвалга алып келгенин, анан ошол оперлерди 12 калибр менен башын уйлотуп салгыла
Super TV
30.05.2014. 11:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
13-08-2019 02:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ииий эмне деген адамдар булар?? Жакшынакай кызды эмне деген абалга алып барышкан??? Кыз өзүнө келгенче көп убакыт өтөт эми. Милицияларды ушундай жек көрөм!!!
Super TV
30.05.2014. 12:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-01-2014
Соӊку аракети:
20-04-2017 08:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга тообо кылдым(( айыгып кет Шахида, эч бир адамдын башына салбасын мындай кордуктуу((
Super TV
30.05.2014. 13:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
19-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Eng negizgisi aiygyp ketse eken, jashoongdogu akyrky jolu korgon eng jaman kyiynchylyng ushul bolsun, myndan kiinki jashoongo bakubat kaalaim
Super TV
30.05.2014. 15:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
26-06-2014 16:15
Жынысы:
Белгисиз
0
соттор ойгонгула куноосуз адамды соттоп,анан дагы окуганга жарабай калганго булар.Соттук туру жокко,где четкость,голос!
Super TV
30.05.2014. 17:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-10-2011
Соӊку аракети:
13-12-2016 02:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
жакшылыктардын кана устундо жур!
Super TV
30.05.2014. 21:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
30-12-2014 08:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкаттык жок биздин КДа,окунчту(((
Super TV
30.05.2014. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
14-04-2014
Соӊку аракети:
28-01-2020 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош-Москва
+2
18миң ааламды жараткан Алла таллага чексиз мактоолор болсун.
Super TV
31.05.2014. 00:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
299
Катталган:
29-11-2013
Соӊку аракети:
07-06-2018 04:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайыма рахмат куткарган, Шахидага ден соолук.
Super TV
31.05.2014. 05:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
278
Катталган:
24-07-2013
Соӊку аракети:
23-04-2019 10:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп атып ыйлап ийдим.
Шахида жакшы кундор алдыда, биз сенин денсоолугундун жакшы болуп кетишин тилейбиз. Омурун узуун , бактылуу кыздардан бол.
Super TV
31.05.2014. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
09-12-2019 23:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргыз Жери.
+1
Митинг уюштурушса элдер,чыгып кетет бул кыз эгерде боору ачыгандар болсо бул кызга.Бир креслодо отурган элге пайдасы тийбегендердин артынан канча тополон согуш болуп кететго.
Super TV
31.05.2014. 13:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-12-2011
Соӊку аракети:
07-07-2014 15:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Укук коргоочулар эмне кылып журушот?! Кыздын укугун ушундай кылып коргоштубу?! Акмактар!!! Коруп атып ыйлап ийдим, байкуш жаапжаш кыз... ((
Super TV
31.05.2014. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
09-12-2019 23:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргыз Жери.
0
Уч жылдын ичинде Шахида канча ийгиликтерге жетишмек.Куноосу жок кызды уруп, токмоктоп куноону мойнуна алдыргандар жазасын алышы керек.Кызды майып кылышыптыр бети калындар, акылдуу кыз экен Шахида!Аллах шыпаасын берсин айыгып кет Шахида(оомийн).
Super TV
31.05.2014. 15:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
23-09-2012
Соӊку аракети:
26-09-2014 13:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул менттер Адам эмес озу,жок кылыптыр адамды акыбалын кара,Эми ошол менттердин устунон арыз жазыш керек.
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23533;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: