«Жылдын супер актрисасы» (Добуш берүү токтотулган)


Альбина Имашова, «Такебай»
52,8% (596)
Мадина Талипбек, «Делбирим»
17,5% (198)
Назбийке Айдарова, «Жамгырдан кийин»
10% (113)
Аделя Кадиева, «Апамды издеп-2»
6,8% (77)
Асема Токтобекова, «Такебай»
6,8% (77)
Шахзода Матчанова, «Мурас»
3,9% (44)
Тынара Абдразаева, «Мурас»
2,1% (24)

Жалпы добуш (1129)


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЫСЫК-КӨЛ АЙМАГЫНА ДЕМӨӨРЧҮЛҮК ЖАРДАМДАР ЖАҢЫ ДЕМ БЕРҮҮДӨ

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж


«Кумтөр» компаниясынын каржылык колдоосу менен Ысык-Көл облусунун аймагында социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн бир нече өнүктүрүү программалары иштеп келет. Бул долбоорлордун алкагында эл үчүн керектүү болгон объекттерди куруу, оңдоп-түзөө, жаңыдан ишмердүүлүк менен алектенип жаткандарга жардамдар бар. 2013-жылы мындай демөөрчүлүк жардамдардын эсеби 800 миллиондон ашуун сомду түзгөн.

БАЛЫКЧЫ ШААРЫ
БАЛДАР БИЛИМ БОРБОРУНУН БИЙ ЗАЛЫНА ЭКИНЧИ ӨМҮР БЕРИЛДИ
Балыкчы шаарындагы Балдар билим борборунун бий залында «Кумтөр» компаниясынын каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Буга жалпысынан 290 миң сом бөлүнгөн.

Аталган борбордун директору МАХАБАТ БЕЙШЕЕВА «Кумтөргө» болгон ыраазычылыгын биз менен бөлүшө кетти:
– Башында биздин борбор шаардын бала бакчасынын имаратында жайгашкан эле. 2013-жылдын күз айларында ушул мекемеге көчкөнбүз. Ал кезде борборубуздун бий залы мышык ыйлагандай абалда болчу. Оңдоп-түзөө иштери керек болгондуктан атайын долбоор жазганбыз. Жыйынтыгында «Кумтөр» компаниясы бизге жардам көрсөтүп, 1 айдын ичинде бий залыбызды оңдоп беришти. Шыпка пластик коюлду, жаңы пластик терезелер салынды жана ламинаттан пол төшөлдү. Ошондой эле күзгүлөрүбүз да жаңыртылды. Мындан тышкары куурчак ийримибизди өнүктүрүү үчүн 30 миң сом бөлүнүп берилди. Азыркы убакта биздин борбордо кичи топто 55, ал эми чоң топто 60 окуучу бий үйрөнүшөт. Эми бул заманбап бий залы биздин ийгиликке жетишибизге зор түрткү болот деп ишенем.



Жаш бийчилер сабак учурунда.

ТОӉ РАЙОНУ, КАЖЫ-САЙ АЙЫЛЫ
«ХАДИЧА» БАЛДАР ҮЙҮ ОҢДОЛДУ
Дагы бир кубаныч, Кажы-Сай айылындагы «Хадича» балдарды тарбиялоо үйүнүн ашканасын толугу менен оңдоп-түзөө иштери бүтүп, имараттын полу толугу менен алмаштырылып, жаңы терезелер салынды. Ошондой эле меш салынып, жаңы мор коюлду. Имараттын оңдолушуна жалпы 400 миң сом коротулду.
«Бизде 7 жаштан 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр тарбияланат. Бул балдар үйү демөөрчүлөрдүн эсебинен гана жашап келет. Алардын арасынан эң ишеничтүүсү – «Кумтөр» компаниясы. Коммуналдык төлөмдөрүбүздүн каражатын да бул компания өз мойнуна алып, мурдагы жылы 45 миң сом төлөшкөн. Ошондой эле майрамдарда биздин балдарга белек-бечкектерди берип, аларды кубантып турушат»,- деп балдар үйүнүн тарбиячысы Бактыгүл Шабданбекова ыраазычылыгын айта кетти.

Жаңы оңдолгон ашкана.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, БАЛТАБАЙ АЙЫЛЫ
АЙЫЛДА ЗАМАНБАП СПОРТ ЗАЛЫ АЧЫЛДЫ
Балтабай айылында машыгуу үчүн жаңы заманбап спорт залы курулду. Бул спорт залды курууга инвестор компания 300 миң сом бөлүп берген. Аталган айылдын жаштар уюмунун төрагасы КАЗЫБЕК УУЛУ АЛМАЗдын айтуусу боюнча жаштардын спортко болгон кызыгуусу күчөөдө:

– Биз айылдын спорт залын курууга жардам сурап «Кумтөргө» кайрылуу жөнөткөнбүз. Себеби буга чейин айылда спорт зал болбогондуктан, жаштарыбыз спорт менен достошчу эмес. Аталган компания жана Ысык-Көл өнүктүрүү фонду менен биргеликте айылыбызга ушул спорт залды куруп берип, январь айында ишке киришти. Балдарыбыз облустук мелдештерде ийгиликтерди көрсөтө башташты. Эми 2 айдан кийин райондук турнир өткөрүп, ошондо спорт залдын расмий ачылышын өткөрөбүз. Биздин айыл үчүн бул спорт зал чоң мааниге ээ. Ушул жерден келечектеги чемпиондор чыгып, Кыргызстандын желегин эл аралык мелдештерде желбиретет деп ишенем.

Элбек, айыл тургуну:
– Спорт зал ачылгандан бери бул жакка келип, грек-рим күрөшү менен машыгып баштадым. Мурда спорт залыбыз жок болгондуктан, убактыбызды текке кетирчү элек. Азыркы маалда бош убактыбыз болсо эле спорт залга жөнөйбүз. Спорт менен машыксаң ден-соолугун чың болуп, көп оорубайсың. Спортто мыкты деңгээлге жетип, келечекте Олимпиада чемпиону болсом дейм.




Машыгуу учуру.

ТОӉ РАЙОНУ, КАЖЫ-САЙ АЙЫЛЫ
БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ АЯНТЧА
Кажы-Сай айылында кен казуучу компаниянын жардамы менен балдар аянтчасы ачылды. Буга чейин айылдын кичинекей тургундары ойноочу атайын жай болбогондуктан ар кайсы жерде ойношчу. Жаңы аянтча курулгандан бери жаш бөбөктөр балдар аянтчасында ойноп, чер жазып калышкан.

Аталган айылдын жаштар комитетинин төрагасы РУСТАМ ӨМҮРОВ буларды айтып берди:
– Биздин айылдын кичинекей балдары ойногонго жер таппай кыйналышчу. Коңшу-колоңдор кеңешип, бөбөктөргө атайын аянтча куруп берели деп чечтик. Өзүбүз 20 миң сомдой чогултуп, каралбай калган жерге аянтчаны салууга кириштик. Курулуш материалдарына каражат жагынан муктаждык болуп, компания жардам катары бизге 150 миң сом бөлүп берди. Калган жасалгалоо иштерин өзүбүз бүтүрүп, ушул жылдын март айында ачтык. Аянтчабызда селкинчектер, каруселдер жана волейбол аянтчасы да бар. Эми бул аянтчаны жашылдандыруу үчүн туя жана балатыларды тигебиз. Буга Кыргызстандын эң ири ишканабыздын жетекчилери демөөрчүлүк катары 70 миң сом бөлүп берди.



ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, АҢ-ӨСТӨН АЙЫЛЫ
МАДАНИЯТ ҮЙҮ ЖАҢЫЛАНДЫ
Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылынын маданият үйүнө капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, жаңы эмеректер жана музыкалык аппаратуралар сатылып алынды. Бул иш-чарага жалпы 2 миллион сом короп, анын 800 миң сомун канадалык инвестор каржылады.
«Мен бул маданият үйүндө 5 жылдан бери эмгектенем. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери жакында гана бүтүп, быйыл 19-мартта ачылды. Маданият үйүбүз 195 орунга ылайыкташкан. Бардык майрам, салтанаттар жана чогулуштар ушул жерде өтөт»,- деди өз сөзүндө маданият үйүнүн башчысы Орозбек Дүйшеев.

Оңдолгон маданият үйү.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛЫ
МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ ПАРТАЛАР САТЫЛЫП АЛЫНДЫ
Кызыл-Суу айылындагы Садырбек Абдрахманов атындагы орто мектепке жаңы парталар сатылып алынды. Мектеп директору Татьяна Дыптандын айтымында мектептеги парта, отургучтар эскирип жараксыз болуп калган. Мектепке «Кумтөр» компаниясы жардам берип, демөөрчүлүк катары 70 парта, 140 отургуч жана 8 доска сатып берген.

КАМБАРБЕК ТОКТОГОНОВ, «Жети-Өгүз Чебер» ЖЧКсынын директору:
«Биздин ишкана 2001-жылдан тарта иштеп келет. Парта, отургуч жана башка эмеректерди жасайбыз. Биз ачылгандан тарта кен казуучу компания Жети-Өгүз районунун мектептерине 2 миллион сомдон ашуун каражатка мектеп эмеректерин алып берген. Аталган компания менен келишим түзүлүп, биздин ишкана ушул жылдан тарта аларды эмеректер менен жабдыйбыз».

Даяр болгон эмеректер.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, БАРСКООН АЙЫЛЫ
ӨНДҮРҮШ КАЛДЫКТАРЫ КАЙРАДАН ИШТЕЛҮҮДӨ
«Барскоон сервис» ЖЧКсы алтын казуучу компаниянын керектен чыккан материалдарын кайра иштетет. Аларды айылдагы керектүү жерлерге жаңы тосмолорду салууга пайдаланышат.

ЖЫРГАЛБЕК АБДЫЛДАЕВ, аталган ишкананын директору:
«Биздин фирма жакында гана ачылды. Керектен чыккан материалдарды кен казуучу компания алып келет. Биз аларды кайра иштетип, мектептин, музейдин тосмолорун салууга жумшап жатабыз. Айылда жаңы иш орундары ачылды. Келечекте ишкананы өнүктүрүп, өзүбүздүн гана эмес, коңшу айылдардагы жумуштарды да жасайбыз».

Адилет Керимбек уулу,
Влад Ушаков



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
29.04.2014. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
02-11-2012
Соӊку аракети:
03-10-2019 17:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
-1
Мурдатан эле ушинтип митинг уюштуруп центераны коркутуп турганынарда коп жеринер ондолуп-тузолуп калмак
30.04.2014. 14:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
06-12-2019 23:25
Жынысы:
Белгисиз
0
бу жумуштарды фонд развития жазаш керек болчуда, алар болсо бир долбоорду ачып коюп эле акчаны урдап атышатко?
01.05.2014. 04:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
07-09-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Ортодо жанагы эле айылдын жеп-жутарлары пайда корот, которулган акчанын жарымын чонтогуно жымырып, расходдорду 2 эсе кылып корсотуп, Кумтор ушундай жем таштоо менен Кыргызстанды алдап жатат, Кумтордогу Кыргызстандын улушунон тушкон пайдалар,казынага тушкон салыктар, ушул сыяктуу социалдык жардамдары баары чогулуп Кумтордун жалпы кирешесинин 2-3% гана тузот,калганы Канадалыктар менен биздин жогорку эшалондогу чиновниктер ортосунда болунот. Убагында Кумтордун акырынан Акаев, Бакиев жем жеп келген
01.05.2014. 04:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
07-09-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Кендерди мамлекет озу иштетуусу керек, Кумтордон башка 1-2 кенди иштетууго алып калганына мораторий киргизуу керек, учурда казынаны жеп-жутарлар тоноп алып анан акча жок болсо кен сатабыз деп элдин башын айландырат, чонтогубузду толтурабыз деп ачыгын айтпай! Мамлекет озу программасына ылайык социалдык объектилерди курушу керек кен бар жердеги элдин конулун албай, Кыргызстандын байлыктары жалпы элдики бир айылдын же чиновниктин атасынан калган энчиси эмес кааласа саткыдай!
03.05.2014. 17:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
06-12-2019 23:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsioner, ошолорду иштете алса иштетишмекта, озун деле билесинда кыргыз бир нерсеге жетсе жеп жутуп баштайт, сиздин жазган создорунуз улуттук статистика комтитетинин маалымыны туура келбейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: