Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЗАРДАЛЫДАГЫ ЖАРЫЛУУ 2 БАЛАНЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж


Өткөн жумада Баткен облусунун Зардалы айылынын четинде жарылуучу зат жарылып, 2 баланын өмүрүн алып кетти. Дагы 5 бала жаракат алып, учурда ооруканада.

БАТКЕН СОГУШУНАН 15 ЖЫЛДАН КИЙИНКИ КАРГАШАЛУУ ОКУЯ
17-апрель күнү Баткен облусунун Зардалы айылына жакын жерде жарылуучу зат жарылган. Маалыматтарга караганда, 5тен 13 жашка чейинки 7 бала ойноп жүрүп белгисиз темир таап алып, таш менен ургулашканда жарылуу болгон. Жарылуунун кесепетинен 2 бала каза болсо, дагы 4 бала жаракат алган. Андан соң дагы бир бала жаракат алганы билинип, ал да ооруканага жеткирилген. Азырынча жарылган зат граната, мина же башка нерсе экендиги так аныктала элек.
Ажал алып келген бул жарылуучу зат 1999-2000-жылдары өлкөбүзгө мыйзамсыз куралдуу топтор кирип, алар менен салгылашуу жүргөн Баткен аймагында калып калышы мүмкүн экени болжолдонууда. Баткен ОИИББинин тергөө тобу бул аймакка кароо жүргүзүп жүрүп, Алтын-Жылга аймагынан дагы бир снаряд табышты. Баткен коогалаңынан кийин аймакта тазалоо иштери жүргүзүлүп, 2001-жылдан бери чек арачылар Баткен облусунун аймагынан 10 даана атуучу курал, 15 мина, 11 граната, РПГ үлгүсүндөгү 3 гранатомёт, 7 «ФАБ-90» авиабомбасын, миңден ашык ок жана жарылуучу заттарды табышкан.

ЖАРАДАР БАЛДАРДЫ ЖӨӨ КӨТӨРҮП КЕЛИШКЕН
Баткен районунун алыскы тоо койнундагы Зардалы айылында мектеп ачылганы менен жарык жок, андыктан сыналгы, радио дегенди колдоно алышпайт. Балдардын оюнчуктары жок болгондуктан, алар чүкө, жаа атмай, жылгаяк тебүү, жашынмак сыяктуу оюндарды ойношуп, таш, кумдан оюнчук жасап алышат. Айыл элинин айтымында, ошол каргашалуу күнү да 7 бала ойноп жүрүп дат баскан темир таап алышкан. Коргошун болсо эритип чүкөгө куябыз деп ойлошуп, таш менен урганда эле жарылып кеткен. Айылда медпункт жок болгондуктан, жакынкы Коргон заставасына кабар берилет. Заставанын фельдшери да эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен экен. Чек арачылар келип, жергиликтүү тургундар менен биргеликте «Дангинин жолу» деп аталган аска бойлой кеткен жалгыз аяк жол аркылуу жөө жарадар балдарды көтөрүп автоунаа каттамы бар Кызыл-Ташка жеткиришкенче 5 саатка жакын убакыт өтүп кеткен. Жарадар балдар 5 саат бою көп кан жоготконун айтпаса да түшүнүктүү.
Жараат алган балдардын бири Топчубай уулу Санжар Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

АБДИСАМИН АНАРБАЕВ, Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери:
– Санжар бизге аябай оор абалда келди. Сол көзүнө, башына, денесине жарылган заттын бытырандылары кирген. Операция жасап, денесине, көзүнө кирген майда бытырандыларды алдык. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы бир аз жакшы болуп калды. Бирок сол көзү калыбына келип, көрүп кетет деп айта албайбыз.

«КОЛУМ КАРЫШЫП КАЛЫПТЫР»
ЖОЛДОШБАЙ МИҢБАЕВ, жаракат алган Алмазбектин атасы:
– Талаадан катуу чарчап келип, үйдө уктап жаткан элем. Бир убакта балдарды көтөрүп келип калышты. Каптан зембил жасап, унаа жүргөн Кызыл-Таш айылына чейин көтөрүп жөнөдүк. Өзүмдү жоготуп койгон экенмин, уктаганда жамынып жаткан көрпөнү жамынган боюнча кетип калганымды кийин гана билдим. Зембилди эч кимге бербей 4 чакырымга чейин өзүм көтөрүп барыптырмын, ошого колдорум карышып калыптыр. Жарылуучу заттын бытырандысы уулумдун ээгин, табарсыгын тешип өтүп, жыныс мүчөсүнүн учун да жулуп кетиптир.

«БИР ЭМЕС, ЭКИ УУЛУМ КАРГАШАГА КАБЫЛДЫ»
Бир уулунан (Нойгутбек) ажырап, жаракат алган экинчи уулу Түгөлбайды Баткен облустук ооруканасында карап жаткан КАСЫМАЛЫ КАЛАМБЕКОВ окуя тууралуу айтып жатып өзүн коёрго жер таппай, энтигип тез-тез тамеки тартып жатты.
– Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлерине ыраазыбыз. Бирок балдардын денесинде дале алына элек бытырандылар көп. Ошондуктан аларды Бишкектеги ооруканага жиберсе жакшы болмок.
Мен өзүм Баткен согушунун катышуучусумун. Зардалыда башталгыч мектеп курулганда жубайым Айнура Нажимидинова экөөбүз тең чоң атабыз Нажимидин Сүйүновдун ысымындагы мектепте иштей баштаганбыз. Атабыздын урматындагы мектеп мугалимсиз калбасын дегенбиз... Эми биз чоң атабыздын мектебине кантип барабыз, кантип сабак өтөбүз, билбейм (жубайлар аза күтүп Чет-Кызыл айылында болушкандыктан мектепте окуу токтоп калган). Барсак да ал мектепте эми менин окуучуларым жок... Менин уулум жок. Бир эмес, эки уулум каргашага кабылды. Нойгутбегим 5 жашта эле, жерге бердик... Оор жаракат алган Түгөлбайым ооруканада. Жубайым өзүн бир билсе, бир билбей үйдө жатат. Батага келгендерден «Нойгутбек кайда?» деп тынбай сурай бергенде аны да ооруканада деп жатышыптыр. Бирок баары бир жүрөгү сезип жатат, билсе эмне болот, билбейм...
Баткен облустук ооруканасынын башкы дарыгери Тургунбай Айжигитов «балдардын ден соолугу дале оор. Дагы бир аз дарылаган соң республикалык ооруканага жөнөтөбүз» деп билдирди.

«АЙЫЛДЫН ЭЛИ КОРКУП ЖАТЫШАТ»
Кара-Бак айылынын жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты Кудайберди Камилов «бул каргаша Баткен согушунан кийин аймакта калып калган жардыруучу куралдарды тазалоо жеткиликтүү жүргүзүлбөгөндүгүнөн болду» дейт:
– Мындай граната, мина жана башка куралдар дагы бир жерлерде жатышы мүмкүн, аймакты тазалап чыгуу керек. Элде да, Зардалыдагы калган башка балдарда да коркунуч сезимдери пайда болгондугу талашсыз. Негизи эле азыркы техника өнүккөн доордо Зардалыда эски заман өкүм сүрүп турганы өкүнүчтүү. Жок дегенде генератор коюлуп, жарык берилсе болмок, балдар сыналгы көрүп алаксып калышмак.

КАЗА БОЛГОНДОР:
2007-жылы туулган Бекболот Умаров, 2000-жылы туулган Касымалы уулу Нойгутбек.

ЖАРАКАТ АЛГАНДАР:
2001-жылы туулган Жолдошбай уулу Алмаз, 2001-жылы туулган Касымалы уулу Түгөлбай, 2008-жылы туулган Үсөн уулу Илимидин, 2000-жылы туулган Топчубай уулу Санжар жана 2007-жылы туулган Байел Ысаков.

Чек ара кызматы Баткен облусунун жана Оштун Чоң-Алай районунун тургундарын этият болууга чакырып, шектүү буюмдар табылган учурда күч органдарына билдирүүнү суранды. ИИМ да мыйзамсыз сакталып турган курал-жарактарды өз эрки менен өткөргөндөр кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын, аларга акчалай сыйлыктар берилерин дагы эскертип, «Жарандар курал-жарак жана ок-дарыны этиятсыз колдонуу өтө коркунучтуу экендигин эске тутушу зарыл. Чоңдордун шалаакылыгынан улам балдар жабыркап калышы мүмкүн»,- деп билдирди.

Аска аралап кеткен Зардалыга барчу жалгыз жол. Балдарды ушул жол менен жөө-жалаң алып келишкен.

Ооруканада жаткан балдардын денесинде али алына элек бытырандылар көп.

Жарылуу айыл четиндеги эски тегирмендин жанында болгон.

Нурбек Абдыкадыров,
Адилбек Батыров
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(17)
28.04.2014. 10:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
22-03-2014
Соӊку аракети:
08-01-2019 20:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
балдардын ата энелерине сабырдуулук каалайм Алла таалам шыпаасын берсин
28.04.2014. 11:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
20-10-2017 17:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын эле, аман болушсун, артта калган жерлер,элдер коп бизде деле(((((((((
28.04.2014. 11:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
30-06-2014 09:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окмот шаарлардын онугушун карабай эле,биринчиден ушул кооптуу айыл жерлеринин жашоо шартын ондош керек.Аскдагы жалгыз жол ото коркунучтуу экен,ошол балдарды жоо алып тушкон адамдарга мин мертебе рахмат!Ал жерден бироону которуп эмес,озун аран откудойсун!!!
28.04.2014. 14:02 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
29-01-2011
Соӊку аракети:
15-01-2015 13:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бул жалган дуйнодо
0
Atambaev ushunday koygoylordon kabary barby eken?
28.04.2014. 14:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
31-03-2012
Соӊку аракети:
24-06-2018 01:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимди баласынан айырбасын ылайым.
29.04.2014. 11:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
20-09-2011
Соӊку аракети:
28-11-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалко, ташбоор кырсык, ажал! Ата-энесине конул айтам!
Модератор admin_portal түзөттү 29.04.2014 11:50
29.04.2014. 11:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
28-05-2020 14:09
Жынысы:
Белгисиз
0
cristiano, Саламатсызбы!
Катачылык боюнча кеңири купуя кат аркылуу жазып койсоңуз, рахмат!
29.04.2014. 19:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
21-10-2013
Соӊку аракети:
20-06-2017 01:54
Жынысы:
Белгисиз
0
э кудаай свет жок дегени эмнеси ушул онуккон заманда.тиги биздин чондорубуз эмне кылып отурушат ушундай маселелерди карабай.ошол айылдын эли деле ал жактан кочуп кетишсе болоор экен свети больницасы мектеби бар айылга.чон адамдар го конуп калышыптыр жашай беришет балдарга кыйын да
30.04.2014. 11:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
06-12-2013
Соӊку аракети:
28-10-2015 10:21
Жынысы:
Белгисиз
0
туннел кылып жол салып, свет орнотуш керек деп ойлойм биринчи орунда
30.04.2014. 13:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
06-10-2011
Соӊку аракети:
21-11-2017 21:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
ээээхххх коргондон коро элегин коп деген ушу да.... балдарга аябай боорум ооруду. балдарыбызга кудайым омур, бактылуу балалык берсинчи
30.04.2014. 14:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
09-12-2013
Соӊку аракети:
10-12-2014 00:50
Жынысы:
Белгисиз
0
эч куноосу жок балдарга эле кыйын.озу баткенге жогорку жактагылар коп конул болуш керек да.
03.05.2014. 09:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
27-12-2014 00:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай эч кимди баласынан ажыратпасын.Алла сиздерге сабыр берсин балдарыныздарга шыпа берсин.
03.05.2014. 20:21 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-01-2013
Соӊку аракети:
08-02-2015 22:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан, Бишкек
0
Байкуштар али периштелер экенго. Көзүмөн да жаш чыгып кетти. Сабыр кылыңыздар деп да айтыш кыйын. Кудайым ай ошол 1999-2000-ж.ж. дагы таш боор эки аяктуу айбандардын айынан кичинекей чүрпөлөр жабыр тартып жатышат
03.05.2014. 20:40 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-01-2013
Соӊку аракети:
08-02-2015 22:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан, Бишкек
0
Өткөн бир сандарда Сардалы айылы жөнүндө маалымат беришти эле го(жаңылбасам).Ошондо бабаларыбыз жашап өткөн жерди ээнсиретип таштап кете албайбыз дешти эле.Эми аларды деле түшүнсө болот,бирок өсүп келе жаткан жаш муунду деле ойлошсо болмок.Ушу өнүккөн заманда телевизор,телефон ж.б.у.с. нерселерди билбей өскөн балдардын келечеги кандай болот.Алар кийин башаламан,элдердин бири-бири менен иши
03.05.2014. 20:43 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-01-2013
Соӊку аракети:
08-02-2015 22:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан, Бишкек
0
жок, жолдо кулап калсаң үстүңөн аттап өтүп кеткен(тебелеп өтүуп кетпегенине шүгүр), чоң шаарга келсе аларды таппай калабыз. Алар мындай заманга келишсе ак караны ажырата албай калышат го
06.05.2014. 20:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
11-12-2014 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
алла талла сабыр берсин эч кимди?баласынан айрыбасын.ушундай
техника онуп осуп турган убакта свет жок дегени эмнеси?уйат уйат
22.05.2014. 15:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
19-02-2014
Соӊку аракети:
20-09-2014 22:27
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондордун козун оюш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: