Архив
897  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОШтун ЖАШООСУН ООРЛОТКОН ЭСТАКАДАЛЫК КӨПҮРӨ

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж


Ош шаарына курулуп баштаган эстакадалык көпүрө учурда түштүк борборунун планы жагынан да, чыры жагынан да негизги орунда турат. Бул кандай болгон көпүрө? Эмне болуп башталып калган? Курулуп бүтөбү же казылган боюнча тура береби? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

60 ЖЫЛ ЖАШАП КОЙГОН КӨПҮРӨ
1947-50-жылдарга таандык Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн ордуна Илимий изилдөө, долбоорлоо институту тарабынан жаңы көпүрө куруу сунушталган. Автотыгынды азайтуу максатында узундугу 345 метр, туурасы 24 метр, бийиктиги 19 метр болгон эстакадалык көпүрө куруу жергиликтүү бийлик тарабынан жактырылган.
Долбоорду даярдоо боюнча тендердик баасы 31 миллион 200 миң сом, курулуш боюнча 489 миллион 965 миң сомдук баа бычылган. Эстакадалык көпүрө куруу боюнча тендерди Кытайдын «Гуйсюэ» долбоордук компаниясы жеңип алып, долбоорун иштеп чыккан. 2013-жылы 23-сентябрда Ош шаарынын Ленин жана Масалиев көчөлөрүн бириктире турган эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери башталат. Ага байланыштуу Навои, Кара-Суу көчөлөрү жабылып, борбордук базарды да жылдыруу пландалган. 5-октябрда Ош шаарынын күнүндө экс-мэр Мелисбек Мырзакматовдун катышуусунда капсуласы ташталган. Бирок учурда көпүрөнү куруу иштери токтоп, жол бузулган абалында турат.

«ДЕПУТАТТАР МЕНЕН КЕҢЕШҮҮ КЕРЕК ЭЛЕ»
АБДУВАХАБ НУРБАЕВ, Ош шаардык кеңешинин депутаты:
– Бул көпүрө шаардын бюджетинен курулуп жаткандан кийин депутаттарга ортого салыныш керек болчу. Шашылыш түрдө башталып кетти. Эми биздин шаардык бюджетке да, жергиликтүү калкка да зыянын тийгизип жатат. Бул көпүрө башталганда эле катачылыктар кеткен. Шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тендер туура эмес жүргүзүлгөн. Долбоордун өзү бүтө электе курулуш иштери башталган. Учурда башка сунуштар түшүүдө. Биз караштырып, элге да, мамлекеттин капчыгына да туура келген вариантын тандап алабыз.
Экс-мэр Мелисбек Мырзакматов бул долбоор бүтө электе эмне үчүн көпүрөнүн курулушун мыйзамсыз баштап алганы боюнча пикир айткым келбейт. Бул маселени карап жаткан органдар бар, алар өз жыйынтыгын чыгарат.

«КООЗДУГУ БАШКЫ ПЛАНГА ЧЫГЫП КЕТКЕН»
НЫЙЗАМ НАСИРДИНОВ, көз карандысыз эксперт, архитектор:
– Биринчи долбоорду караганда ал 345 метр узундукта алынып, астынан жолдор өтүп, кооздугу башкы планга чыгып кеткен. Ош району жактан келаткан жүргүнчү ташуучу коомдук унаалар Кыргызстан көчөсү аркылуу келип, көпүрө менен өтөрдө кайра эле мурдагы көрүнүштө автотыгын боло бермек. Тыгын болбос үчүн эстакадалык көпүрөнүн капталынан, филармониянын астынан чыга турган бир канатын куруу керек. Башында эле көпүрө тыгындын алдын ала албасын байкаганбыз.

«КЫЛЫМДЫН КӨПҮРӨСҮ БОЛМОК»
НУРБЕК БАЕТОВ, Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы:
– Мурунку эскилиги жетип, авариялык абалда турган көпүрөнүн өзүн эле оңдоп коёлу десек, ага 150 миллион сом акча каражаты кетет экен. 2012-жылы экс-мэр, шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда жыйын болуп, эски көпүрөнү бузуп, ордуна жаңы салуу боюнча протоколдор кабыл алынган. Биз ойлонуп шаардын келечеги үчүн бир аз акча сарптап чоңураак көпүрө салалы дегенбиз.
Азыр көпүрө даярдык этабында турат. Тендерден утуп алган кытай компаниясынын лицензиясы Кыргызстандын аккредитациясынан өтө электиги үчүн уруксат берилбеген. Мыйзамсыз тендер өтүп, мыйзамсыз компания тандалып калган болушу мүмкүн. А көпүрөнүн техникалык маселесинде мыйзамсыздык жок.
Бул көпүрө аябай кымбат, бир аз чыдап койсок кылымдын көпүрөсү курулмак. Биринчи долбоордогу көпүрө курулбайт деп эч ким айта элек. Эстакадалык көпүрөнү жокко чыгарып, кичинекей көпүрө кура турган болушса, мен ага шаардык архитектуранын жетекчиси катары уруксат бербейм.

Эстакадалык көпүрөнүн курулушу Мелис Мырзакматовдун демилгеси болчу. Ал шайлоо алдында калк ичинде аброй топтоого жардам бермек. Ойлогону ордунан чыкпай, Мелис Мырзакматов креслодон кур калып, көпүрөнүн курулушу да ортодо калды. Өкмөт болсо «көпүрөнү курууга акча жок» деп кол куушуруп койду. Эми бул чала бышкан боткону ким жээри белгисиз... «Эки дөө кагылышса ортодогу кара чымынга зыян» болуп Ош шаарынын тургундары гана зыян тартып турушат.

«Супердин» сурак бурчу
ПЛАНДАБАЙ ТУРУП КӨПҮРӨ КУРУУ КЕРЕК БЕЛЕ?

Тамара Айдекова, соодагер:
– Көпүрө биздин кийинки муун үчүн абдан керек. Курулушуна каршы эмеспиз, кыйналсак да чыдап койсок бүтүп калат. Бирок учурда курулуш иштеринин токтоп калуусу эң жаман болду. Жолу бузулуп, соода-сатыкка тоскоол болуп жатат. Бирдиктүү келишишип, бүтүрүп коюшса жакшы болмок.

Садыкбай Чоёнов, таксист:
– Жолдун абалын көрүп турасыңар, кары-картаңдар келип, баса албай калышканда көтөрүп четке алып барып коёбуз. Көпүрөнүн артында чоң саясат жүрүп жатат, бирок эмнеси болсо да элге, шаарга көпүрө керек. Эл аябай кыйналууда. Соодасы жүрүшпөй, насыяларын төлөй албай жүргөндөр аябай көп.

Аэлита Бакытбекова, студент:
– Кээ бирлер бул көпүрөнү Мелис Мырзакматовдун жеке кызыкчылыгы үчүн болду дешет. Кызыкчылыгы болсо да жөн коюш керек эле, мамлекеттин, шаардын, элдин кызыкчылыгы көпүрөнүн курулуп калуусу болчу. Эми качан башталып, эмне болот биз үчүн караңгы.

Идирис Кубатбеков, саясий серепчи
:
– Пландалбаган, мыйзамсыз болгон болсо анда тиешелүү органдар укуктук баасын берет. Бул көпүрө экс-мэр тарабынан шаардын кызыкчылыгы үчүн башталган. Аны саясатташтыруунун кереги жок. Бүгүн көпүрөнүн бүтүшү саясатчыларга эмес, карапайым элге зарыл.

Шайыркүл Тыныбекова, шаар тургуну:
– Көпүрөгө муктажбыз, бирок акча жетпесе баштабаш керек эле. Баштагандар деле акыл-эси жайында адамдар да, бир нерсеге көзү жеткени үчүн баштаган. Эгер азыркы жергиликтүү бийлик муну бүтүрө албаса, Мелис Мырзакматовдун өзүнө өткөрүп бериш керек. Башка айла жок.

Нуркасым Аркабаев, окутуучу:
– Кааласак да, каалабасак да ал жер оңдолууга муктаж эле. Келечекти ойлоп эстакадалык көпүрөнү пландашканы туура идея. Эми каражат жагы туура чечилип, курулуп калса шаардагы бир топ жол маселелери чечилип калмак. Бул көпүрөнү эч ким туура эмес башталды деп айта албайт.

Назигай Абдираимова, шаар тургуну:
– Эстакадалык көпүрөнүн курулушу шаар үчүн пайдалуу. Бийликтегилер элди ойлоп коюшса жакшы болмок. Жакшы жагынан бүтө турган иш чыр жана келишпестиктен улам эле артка тартылып жатат деп ойлойм.


Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(119)
31.03.2014. 10:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
13-09-2017 12:56
Жынысы:
Белгисиз
+9
интервью алган адамдарды баары копуро керек деп жатышпайбы. ушуну саясатташтырбай эле бутурушсо болмок. Сатыбалдиев озу деле кетти го. Азыркы мэр бутуро албаса берсин оз ордун Мелиске.
31.03.2014. 12:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
07-09-2014 06:44
Жынысы:
Белгисиз
+7
sanchos, туптуура айтасынар
31.03.2014. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
25-03-2014
Соӊку аракети:
17-01-2020 17:08
Жынысы:
Белгисиз
+10
көпүрөөнүн бүтүшү баарыбызга эле жакшыго
31.03.2014. 11:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
09-01-2014
Соӊку аракети:
14-05-2014 21:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
+10
Мырзакматов жок Оштон жакшыда кабап укпай калдык кейпин кийип алган болсо керек шаар
31.03.2014. 11:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
17-01-2014
Соӊку аракети:
07-11-2014 17:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Карышкырлар мекени.
+9
Бекер эле,эл адамы Мелиске бут тостунар. Эми,башынарды кашып,бармагынарды тиштеп олтура бергиле.
31.03.2014. 11:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-01-2009
Соӊку аракети:
28-10-2019 23:57
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жогруда баары туура коментарий беришкен Мелис мырза бутурмок бул копурону азыркы мер эмес АША да бутуро албайт эми
31.03.2014. 11:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
339
Катталган:
20-03-2013
Соӊку аракети:
11-08-2016 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+10
Коз коркок, кол баатыр дейт. Башталган иш кандай болсо да бутуп кетмек эгер жон койсонор. Мелис каражатты табам деди эле го. Жок дегенде копурону бутуртуп алып, анан саясий оюнунарды ойносонор болмок.
31.03.2014. 11:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
09-06-2011
Соӊку аракети:
22-09-2014 16:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Таш-Комур
+9
Мырзакматов келбейинче бул көпүрө курулуп бутпойт.
31.03.2014. 12:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
28-06-2013
Соӊку аракети:
04-06-2017 18:52
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх кандай гана комменттер.Мелиске ушунчалык ынандым да.Мелиске кудайым куч кубат берсин....Мелис премьерге эмес президент болгонго татыктуу.
31.03.2014. 12:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-03-2014
Соӊку аракети:
28-09-2014 01:46
Жынысы:
Белгисиз
+8
жуз пайыз кошулам мелис келсин ордуна
31.03.2014. 12:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
28-02-2014
Соӊку аракети:
17-11-2015 20:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтуу кыргыз жери.
+11
Мелис болгондо бутурмок ал эли учун куйот болчу, жакшы иштеген адамды иштен алып, кайдагы бир нааданды алып келип койушту акча жок эмес бар копурого короткусу келбей жатат чонтогубузго эмнени салабыз деп, бутурбосо ордун бошотуп берсин иштеген адамга, качан болсо таза иштеген адамдардын жолун тосушат.
31.03.2014. 12:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
07-09-2014 06:44
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мелис Мырзакматовдой патриот эл учун куйгон чынчыл адамдар ПРЕЗИДЕНТ болуш керек деп ойлойм
31.03.2014. 12:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
30-06-2014 09:55
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бийликтегилер Мелисти алып копуро бутпой калса анын аброюна доо кетет деп ойлогон,бирок тескерисинче болуп оздору жаман корунуп калды элге.Кандай болгон бут тосуулар болгондо да Ош эли Мелисти колдойт.Суроо-жооп,коментарийлерден эле окуп билсенер болот.
31.03.2014. 12:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
07-09-2014 06:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Egen.Osh, +
31.03.2014. 12:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
07-09-2014 06:44
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оштун кочолорун баарын кыргызча коюш керек деп ойлойм...
Кыргыз элинде жетиштуу улуу адамдар барда...ошолордун ысымын койсо жакшы болмок
31.03.2014. 13:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
17-12-2014 22:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Воронеж
+6
Мелис Мырзакматовттун ордунда иштеп жаткан киши аябай озун личный сезип жатса керек. Же совсем бетти жок адам болуш керек.Баары Мырзакматов жакшы деп жататда.
01.04.2014. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
12-11-2013
Соӊку аракети:
15-01-2020 14:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fute22, мен да ошентип ойлоп жатам боорун ооруйт байкушка бир жагынан кимдер кылат кимдер тартат азабын болуп. АШАчылар кылып бул жаман корунуп отурат ошондон билсе болот кандай экенин жетсе давно кетмек бул оюндан.
31.03.2014. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
14-05-2013
Соӊку аракети:
21-12-2019 11:15
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мелис Мырзакматов президент болот куда кааласа
31.03.2014. 15:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
26-06-2016 08:36
Жынысы:
Белгисиз
+7
комментарийлердеги- карапайым эл тарап да, инет колдонуучулар да ММ(мелис мырызакматов)менен экени кубандырат,бирок элдин унун укпаган саясатчылар окундурот,карапайым эл-анын кээ бир уулуу уулдары бир тарап, сасык саясат бир тарап болгон тирешуу качан бутот болду экен...
31.03.2014. 15:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-12-2011
Соӊку аракети:
17-05-2015 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
мырзакматов мэр болот буйруса
31.03.2014. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
31-01-2014
Соӊку аракети:
23-12-2019 23:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалган дуйно...
+14
Копурону куруп бутурсо эл колдоп призидент болуп калат деп коркушса керек да ансыз деле эл колдоп жатат мин жамандаса да эл билип турат кимдин кандай иштегенин
31.03.2014. 15:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
16-01-2015 15:24
Жынысы:
Белгисиз
+7
мелис бутурот болчу вообще класс болот экен эле, аттин мелис кайра келсе экен. Ушунун баары устудогу акча жеп жаткандар бузуп жатышат мелисти жаман корсотуш учун,же оздору жакшы иштешпегенден кийин жакшы иштеген адамга бут тосушпаса АШАбыз озунун ордуна мелистей болгон эр азаматты коюп койсо озу билип,ото соопко калаар эле
31.03.2014. 16:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
31-01-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир жакшына иштеп жаткан адамды неге иштетишпей бут тосушуп элди чыркыратып башта соттолгон адамды алып келип отургузуп коюштуго бети жок бийликтегилер... Мелисти эл колдоп жатса да Мелис эл учун иштеп жатсада Жанторо мырза катуу аракет кылып АША колдоп берип Мелис мырзаны кетиришти мына бироого ор казсан терен каз озунда тушуп каласын Жанторо сенда кеттин кызматтан Мелисда кетти бирок айырмасы асман менен жердей Мелисти эл жакшы коруп сыйлап колдойт Жанторону эл жек корот элине эмгеги синбеди..
31.03.2014. 21:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
28-06-2013
Соӊку аракети:
04-06-2017 18:52
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bekzamann, Эркек экенсин!+1 000 000
31.03.2014. 16:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
30-12-2013
Соӊку аракети:
03-04-2014 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу бийлик окулдору, калайык калк Ош шаары экинчи чон шаар Бишкектен кийинки. Жана да бузулган копуро шаардын чок ортосунда болуп жатат. Келгиле ушул нерсеге кайдыгер карабай бутурууго аракет кылалы. Канчалаган туристтер келет бул шаарга жана да канчалаган жашоочулар студенттерди камтыган шаар кыйналып жатат. Анан да 2010-жылы бир согушту баштан откорду шаарыбыз
31.03.2014. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
13-12-2019 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Бул макаланын посткриптумун ким жазган??? бул маселе боюнча "копурону пландабай куруу керек беле" деп шаар тургундарына кайрылса, бардыгы "куруу керек" дептир го ))))))))))
31.03.2014. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
09-10-2019 06:32
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул чондорубуз качан эл учун иштешет.Бир олкосу учун куйгон депутат барбы деги.буджетте акча жок дешет анда шагырап анча депутаттын бизге эмне кереги бар, бир копурону кура алышпаса.Копуро деп коемда булар бир мектептин ремонтун кыла албай жатышат.Биз жакында онолбой эле жоголуп кете турган болдукго.
31.03.2014. 17:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
07-03-2014
Соӊку аракети:
04-11-2014 18:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош ( japalak )
+9
Супер инфо рахмат абдан ыраазымын.Ушундай эл койгойун которуп чыгып журо бериниздер! Эстокада боюнча айта берип тилда, нервта тугогон.Качаан эл кубалап, бироонун мамлекетинде сагалап , Кыргызтанды сагынып, эки козу торт болгондо анаан аттин дейтго.Акылы болсо элди 5айдан бери какшатпай же нары же бери кылып чечет болчу. шаардын ортосундагы бир копуронун тагдырын чече албаган ,кыргызстанды кантип онуктурмок?!
31.03.2014. 18:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
31-01-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озулору кыла албайт колдорунан келбейт кыла алчуу адамды коро албайт..
31.03.2014. 18:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
06-10-2010
Соӊку аракети:
05-12-2014 01:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Cүйүү шаары
+5
Эх кандак сонун болмок экен э бутуп калса. Кандай болсо да жакшыдан умут кылалы, бир ыймандуу чыгып бутушуно себепкер болуп калаттыр.
31.03.2014. 20:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
13-02-2014
Соӊку аракети:
29-04-2015 19:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+11
Бийликтегилердин тооктукундай да мээси жок. Колдорунан келишпесе Мелиске
Откоруп бериш керек
31.03.2014. 20:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
31-01-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда бир эки таза чиновник болсо алда болсо Мелис мырза сизди Аллахым колдосун! Ак ийилет бирок сынбайт! Ит уро берет кербен журо берет!
31.03.2014. 20:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-03-2014
Соӊку аракети:
11-05-2015 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+11
менимче АША баштаган азыркы бийлик иштеп турса бул копуронун бутушунон умутту узуп койгон жакшы го дейм......анткени баягыдай эле бюджетте акча тартыш жетбейт кылбас аялга жок шылтоо дегендей эле болуп жатат!!!!!
31.03.2014. 21:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
16-05-2015 23:26
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийликтегилер эл учун жасагылары келбесе да, аз да болсо мекенине болгон патриоттук сезим болсо,копурону колдоп,коптоп бутурушмок.Мелис байке деле копуронун бутушуно мамле-тин акчасы жетээрине козу жетип анан баштаган болсо керек.Кайдан билиптир устудогу иттердин чыккынчылык кылаарын.Алар оз чонтогун ойлоп жатышат да.М: башка мам-де мындай жакшы нерсе башталса,бийлик да баары колдоп жардам берип бутурушсо керек эле.Эх Окунучтууу.Качан биздин бийлике элин-жерин ойлогон эр азамат келет болду экен.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: