Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МАКСИМ БАКИЕВДИН ДАГЫ БИР КЫЛМЫШЫ АЧЫЛДЫ

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж


«Кыргызстанда бирөө туура эмес чүчкүрсө деле Бакиевдер күнөөлүү, ошолорду эле боктоп жатып каласыңар...» Бакиевдик бийликти колдогондор бүгүн мындай сөздөрдү көп айтышат. Бирок... Криминалдуу бул окуя Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин кандай адамдар башкарганын, алар акча үчүн кандай кадамдарга барууга даяр болушканын дагы бир ирет ачык көрсөтөт. Башкы прокуратура Максим Бакиевге байланыштуу кезектеги чуулгандуу кылмыш ишин иликтөөнү аяктап, ишти сотко өткөрдү. Сөз 2006-жылы болгон окуя тууралуу.

«ЖЕР-ҮЙ» ҮЧҮН ӨМҮР КЫЙЫЛУУГА АЗ КАЛГАН
2006-жыл, 7-июль, түнкү саат 00:30. Дал ушул маалда Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектисинен орун алган №382-үйдүн подъездине кире бериште белгисиз адам Улуу Британиянын жараны Шон Дэйлиге бир нече жолу ок чыгарып, из жашырып кеткен. Ш.Дэйли ошол түнү Улуттук хирургия борборуна жеткирилип, жаракатынан улам дарыгерлер анын оң бөйрөгүн алып салууга аргасыз болушкан.
Аталган факт боюнча 2006-жылдын 7-июлунда Бишкектин Биринчи Май райондук милиция бөлүмүндө кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.
Шон Дэйли «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүгө алып, лицензиясынан ажырап калган «Оксус Голд плс» компаниясынын расмий өкүлү болчу. Бул компания «Талас Голд Майнинг» компаниясынын тең шерик ээси эле. Ал компания 1998-жылдан тартып Таластагы «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүгө алып, 2004-жылы «инвестициялык макулдашуулар аткарылбай жатат» деген негизде лицензиясынан ажырап калган. Шон Дэйли дал ошол лицензияны калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда жогорудагыдай кол салууга дуушар болот. «Оксус» компаниясынын расмий өкүлү кол салууну ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп мүнөздөгөнүнө карабай, укук коргоо органдары тарабынан бул версия каралбай калып кеткен.
Ошол учурда «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүгө уруксат алууну көздөп катуу аракет кылып жаткан дагы бир компания бар эле. Тактап айтсак, австриялык «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» компаниясы Таластагы алтын кенин иштетүү үчүн укук алууга аракет кылып жаткан.
2006-жылдын май айынан июль айына чейин Шон Дэйли өтө көп жумушту бүтүрүп, жолугушууларды, түшүндүрүү иштерин өткөрөт. Анын колунда атаандаштарга караганда Кыргызстан үчүн жакшы шарттарды камтыган сунуш бар болгон. Алсак, «Глобал Голддун» сунушу боюнча Кыргызстандын үлүшү 40 пайызды түзсө, «Оксустун» Шон Дэйли алып келген жаңы сунушунда Кыргызстандын үлүшү 50 пайыз болот деп көрсөтүлгөн. Мындан улам парламентте «Жер-Үйдү» иштетүүнү «Оксуска» берүү керек деген пикирдегилер көбөйөт.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН К.БАКИЕВГЕ КҮЧҮ ЖЕТПЕЙ КОЙГОН
2006-жылдын 26-майында Феликс Кулов башында турган өкмөт «Кыргызалтын» менен «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» компаниясынын «Жер-Үйдү» биргелешип иштетүү боюнча жыйынтыкты колдойт. Ал жыйынтык Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеси айдан ачык көрүнүп турганына карабай, өкмөт ошондой жыйынтыкты колдойт. «Президент Курманбек Бакиевден жазуу түрүндө «Глобал Голд Холдингди» колдоо боюнча тапшырма келген...» Феликс Кулов тергөө тобуна кийин ушундай көрсөтмө бериптир.
Жогорку Кеңеш 2006-жылдын 29-майында мындай чечимге каршы болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келе турган башка сунуштар каралбай калгандыгын эске алып, «Өкмөт «Жер-Үй» боюнча 26-майда кабыл алынган токтомду жокко чыгарсын» деген токтом чыгарат. Өкмөт Жогорку Кеңештин чечимине моюн сунбай, өлкө башчысы К.Бакиевдин түз кийлигишүүсү менен «Глобал Голд» менен иштешүүнү улантат.
Тергөө тобу 2006-жылдын 12-декабрында Британиянын жаранынын өмүрүнө кол салган адамдын аныкталбаганына байланыштуу деп ишти жаап салат.

М.БАКИЕВДИН КЕЗЕКТЕГИ КЫЛМЫШ ИШИ КАРАЛАТ
Бул кылмыш иши 2010-жылдын 3-октябрында Башкы прокуратура тарабынан кайра кароого алынып, тергөө иши башкы прокурордун алдындагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү Ж.Исмаиловго тапшырылган. Тергөө тобу тарабынан чакырылган Шон Дэйли Кыргызстанга келип, өмүрүнө кол салуу иши Кыргызстандын экс-президентинин уулу Максим Бакиев тарабынан уюштурулгандыгын билдирген. «Максим Бакиев «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жаткан» деген. Ысымын жашыруун сактагысы келип, кол салууга күбө болгон адам суракта 2006-жылдын 7-июлунда болуп өткөн окуяга Максим Бакиевдин тиешеси бар экенин айтып берген. Дэйлинин ою боюнча, алтын кенин иштетүү боюнча «Оксус» компаниясынын сунуштаган шарттары кыргыз тараптагы көп саясатчылардын колдоосуна ээ болуп, Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин (ред. Б.Березовский 2013-жылы каза тапкан) «Жер-Үйдү» тартып алуу планына коркунуч жараткан.
Орусиянын маалымат булактары «Глобал Голд Холдинг ГМБХ» Борис Березовский көзөмөлдүк кылган компаниялардын тобуна кирерин, Британиядан баш паанек алган олигархтын Кыргызстандагы «Жер-Үй» алтын кенине кызыгып жатканын жазышкан. Андыктан тергөө тобунун өтүнүчү менен орусиялык Тергөө комитети 2011-жылдын октябрь-декабрь айларында Борис Березовскийге жана «Глобал Голд Холдинг» компаниясына тиешеси бар ишканаларды аныктап, алардын жетекчилерин суракка алган. Алар көмүскөдө калып кеткен көптөгөн маалыматтарды айтып беришкен.
Бул аралыкта расмий Лондон Улуу Британиянын жаранына кол салууга айыпталып жаткан Максим Бакиевге качкын статусун ыйгарганы аталган өлкөнүн кош стандарттуу мамилесинен гана кабар берет. Эми бул кылмыш ишинен кийин кырдаал кай тарапка өзгөрөт? Лондон Максим Бакиевди коргогон позициясынан таябы? Ушул жана башка суроолор учурда дүйнөлүк коомчулукта туулуп отурат.
27-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бул кылмыш ишин карайт.

МАКСИМ БАКИЕВ «ЖЕР-ҮЙ» КЕНИНЕН КАНЧА АКЧА ТАПКАН?

Эльвира Караева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(19)
24.02.2014. 09:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
15-04-2015 18:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттошуго соттойсунар бирок кармап келип камоого духунар жетеби? М Бакиевтин айынан Кыргызстанда Мындай кылмыш иштери Ондоп саналса керек !
24.02.2014. 12:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
146
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
02-11-2014 13:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Англия Максим Бакиевди бербей коюуусу толук мумкун,анын ири суммадагы акчасы англиянын экономикасын которууго салым кошуп атканы учун,аларга оздорунун кызыкчылыгы гана 1чи орунда турат,илгертен эле англия озунон алсыз мамлекеттерди эзип келген олко болуп саналат!!!
24.02.2014. 13:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
21-11-2013
Соӊку аракети:
20-08-2014 11:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
сыртынан соттолду деп койот да башка эмне кыла алмак эле.дагы коро жатарбыз да.
24.02.2014. 14:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
24-03-2014 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан!
0
Бироо катуурак чучкурсо да Бакиевтер куноолу.



24.02.2014. 14:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
05-02-2014
Соӊку аракети:
22-03-2014 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жасалма сотунарды айтпай эле койгула кыргызстанда баары акча менен бутот чындык жок бир да адилеттуу сот бар экенине ишенбейм
24.02.2014. 18:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
11-12-2014 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы сот эмне?максимди кармап келдинерби?кызык ушулар унуткула максимди.
24.02.2014. 22:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
14-07-2014 14:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алыыыыс жакта
0
Жыйынтык жок болгондон кийин кылмыш ишин козгоп, элге жарыя кылгандын не кереги бар деймда
24.02.2014. 23:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
02-12-2013
Соӊку аракети:
02-05-2017 10:57
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде озунчо кылмыш ишин ача бергиле.Максим албете келип жооп берет.)))
25.02.2014. 10:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
22-02-2013
Соӊку аракети:
02-02-2016 23:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
колдорунан эчнерсе келбей эле сыртынан камай беришет кулкунду келтирип
25.02.2014. 11:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
13-03-2015 12:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш козгоодон мурун ошол адамды алып келип,сот жообуна тарта алабызбы деп ойлонуу керек.Булар олкого чон зыян алып келгендер,майда-чуйдо кылмыш кылгандарды деле камай албай эле акчасын алып коюп,кое беришет.Кана эми Акаевин,Бакиевин алып келип,жегендерин кустурса...
25.02.2014. 11:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
30-12-2013
Соӊку аракети:
03-04-2014 14:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны Англия деп коет Кыргызстан эмес урматтуу ММК. Бизге окшогон трайбалист эмес британдар. Алар учун бир миллионер эч нерсе эмес Азирет2012 туптуура айтасын. МЕн сага кошулам
25.02.2014. 13:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
12-01-2014
Соӊку аракети:
18-06-2014 03:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка мамлекеттей болуп куноолууну издеп таап алып келип анан соттоп куноосуно жараша жазалаш керекда.А бизде куноолу адамды билет анын кайда экенин да билет алып келише албасын да билет соттогонунан пайда чыкбашында билип анан соттошуп суйунушот тоону омкордук деп. Чынында оздору кылмышкер болуп атышат элди да алдап, оздорунда алдап соттун соттой суру, абройу, сый урматы калбай деле калды окшойт
25.02.2014. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
05-10-2010
Соӊку аракети:
05-06-2020 01:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер соттош керек болсо,азыркы чондордун баарын соттош керек.Бакиевдин заманынды алар да бар болчу.Бакиевдер жок болгон учун кунону аларга койуп оздору аппак болуп чыга келишет.Анан калп эле биз минтип атабыз антип атабыз деп калышат,жанды чыгарышып.
26.02.2014. 10:52 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
534
Катталган:
26-01-2013
Соӊку аракети:
06-03-2019 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак монгулуу Ала-тоо
0
Хе,хе силердин соттоп жатканынарды угуп Максюша боору эзилгиче кулуп жаткандыр,креслосунда боорун тырмап.Кулку болбой эле койсонор жок адамды соттоп,же майнап чыгып жатса экен анынардан. . .
26.02.2014. 20:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
12-10-2011
Соӊку аракети:
11-04-2015 11:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-New-York
0
Бакиевдерге кылмыш иш ачылып эле атат биринин тубуно жеткен жокко, ушунчалык эле кыйын экен алып келип соттогулачы. Калп эле элге жагыныш учунбу тушунбойсун буларды. Элге жагыныш учун десен эл деле жактырбайт.
26.02.2014. 20:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
12-10-2011
Соӊку аракети:
11-04-2015 11:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-New-York
0
Ушул АША келгенден бери эч элге жагына албай койду го, келгенден бери проблемадан башы чыкпайт же бир уялсачы жалган суйлоп кайра кайра убада бере бергенинен.
26.02.2014. 23:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-02-2012
Соӊку аракети:
31-03-2014 23:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
озудору кылгандыда ага шылтап койо беришет, себеби ал жокта бар кезде деле билгенсинер кандай иштерди кылганын,анда ххххх аткан эленерда.
Модератор admin_media түзөттү 27.02.2014 10:10
27.02.2014. 19:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
20-01-2014
Соӊку аракети:
07-10-2019 09:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул британиялыкты ошондо эле олтуро атса болмок экен. Кыргызстандын кендерин ташыгандан башка пайдасы жок. Садыр Жапаровтун кайрылуусун окусанар!
02.03.2014. 00:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
16-01-2015 15:24
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын башчыларынын башка иштери жок бекен андан коро проблеммаларды чечишсе болмок качанкыга чейин ушуларды жамандап аркасынан ушактап келишет уга берип уже уккандан тажап тажап кетти киши
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: