Архив
944   945  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЭМКИ МУФТИЙ ЫПЛАСТЫК МЕНЕН ИШИН БАШТАЙБЫ?

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж


Рахматулла ажы Эгембердиев 7-январь күнү муфтийликтен кетүүнү эп көрдү. Буга жаңы жылдын алдында ажынын төшөк мамилеси жашыруун тартылган видеонун интернетке тарап кеткени себеп болду. Рахматулла ажы аталган тасмадагы адам өзү, жанындагы келин никелүү аялы экенин танган жок.
«Мамлекет башчынын атына жамынып алгандар ушундай ишке барышты. Алар Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Абдулатиф Жумабаев менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев. Алардын ичинен биринчи фигура болгон А.Жумабаев мен муфтий болгонума чейин эле ажылыкка чоң кызыкчылыгы бар экенин айткан»,- деп билдирди Рахматулла ажы Эгембердиев. Өз учурунда А.Жумабаев көп күттүрбөй жообун таратып, «Рахматулла Эгембердиевдин мени айыптоосу далилсиз, эгер ал таптаза болсо, мени «интернетке порнотасма таратты» деп айыптагандан көрө нике күбөлүгүн көрсөтсүн» деп чыкты.
Эки тараптуу тартышып жаткандар да, алардын талашын күзөтүп тургандар дагы муфтиятта ажылык зыяратка жана башка иштерге байланыштуу чоң суммада акча айланарын айтышууда. Алсак, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев «муфтиятта 5-6 миллион доллар көмүскө акча бар» десе, экс-муфтий Рахматулла ажы «ажылык зыяраттан бир жылда 9 миллион доллардын тегерегинде акча чогулат, 500 000 доллардын тегерегинде муфтиятка пайда калат» деп көрсөтүүдө.
Бир нече жылдан бери Кыргызстандын муфтиятынын айланасында чырлар токтобой келет. Мураталы ажы Жумановдун уурдалышы жана күтүүсүз өлүмү, Чубак ажынын муфтийликтен кетиши жана Рахматулла ажынын төшөк мамилесин жашыруун тартып, интернетке жайылтуу... Бул окуялар акыры келип муфтияттагы ири өлчөмдөгү акчага барып такалары, ага ээлик кылуу, бул тармакта бийликке жетүүнүн аракети экени айдан ачык көрүнүп турат.
Аталган порнотасма чыккандан тартып бүткүл Кыргызстан, айрыкча мусулмандар «Чын эле аялыбы же молдокенин сол жакка басканыбы?» деген аягы жок кызуу талкууга түшүп, бир жагдайды унутта калтырышты. Ажынын жеке жашоосуна кийлигишип, анын төшөк мамилесин жашыруун тасмага тартып, интернетке жайылтып, акыры аны муфтийликтен кетирип тынгандар кимдер? Акча үчүн, бийлик үчүн мынчалык ыплас кадамга баргандар кимдер? Жаңы шайлана турган муфтий жана анын тегерегиндегилерби? Тилекке каршы, бул окуя Рахматулла ажыдан соң муфтийликке келе турган адамга «акча үчүн ыплас жорукка баруудан кайра тартпайт» деген баа берип койду. Кыргызстанда күрөштүн, атаандашын катардан чыгаруунун ушундай ыплас жолу өнүгө баштаганы абдан кейитет.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(28)
13.01.2014. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
27-12-2011
Соӊку аракети:
05-01-2021 08:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Ыймансыздарга АЛЛАХым журокторуно ыйман берсин!!
13.01.2014. 10:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
12-06-2015 11:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртенкисин ойлогондор азайды.
13.01.2014. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
14-10-2013
Соӊку аракети:
02-01-2021 17:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен областы Баткен шаары
+2
Бул нерсе ото окунучтуу муфтиятты ушул жол м.н талашса, башка кызматтар мындай эле турсун.
13.01.2014. 11:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
27-08-2013
Соӊку аракети:
15-03-2014 14:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажы маселесин Окмотко берип койсо болбойбу Муфтинин кыргызга кереги барбы егерде 50 жылдык юбилейде арак койулган жерге молдо барса Олгон адамга катар мал сойуп ашыкча чыгым кылган жерге молдо барса Уйлонуу тойдо бир болмодо арак ичлет екинчи болмодо молдо нике окуйт Ашыкча чыгым кылып аш той бергендерге бул АРАМ деп айткандын ордуна тордо отурса Молдолорду башкаргандын ордуна кыргызстан бойунча мечиттерге тушкон садакаларды жыйнап талашып журсо Садака демекчи садакадан чон суммадагы акча тушот
13.01.2014. 13:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
146
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
02-11-2014 13:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Окунучтуусу "Ислам" менен мусулмандардын ортосундагы ажырым абдан алыс деп эсептейм!Исламды карманган жана чындап тушунгон адам молдолукка же муфтияттыкка кызыкпайт дагы,тек оз жашоосун улантып кудай алдындагы парздарын аткара бермек
13.01.2014. 14:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
516
Катталган:
13-02-2012
Соӊку аракети:
06-02-2014 17:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура эмес корунуш болду, ишенген кожом сен болсон дейт, туй ата уят кылды, уят...
13.01.2014. 15:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
10-04-2013
Соӊку аракети:
30-01-2014 14:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чууну калп эле саясий кылып жиберишти. Муфтиятта озулору ар кайсы мазхабдан болуп алышып, бири биринин артына суу куюшууда. Исламды чындап кармаган киши молдолукка же кызматка кызыкпайт. Эгемберди деле куноолу болуш керек. мурдатан коп нерсеге кириптер да ошон учун ушундай болду. Болбосо эле кантип эле?
13.01.2014. 15:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
10-04-2013
Соӊку аракети:
30-01-2014 14:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Муфтияттагылар бизди бутун дуйного уят кылды. антейин десен полдолрго бирдеме болгон окшойт. Тажикстандын бир молдосу да ушунтип кармалды эле, кечээ казакстан муфтияты да соттошуп урушуп атышат.
13.01.2014. 16:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
19-04-2007
Соӊку аракети:
16-01-2018 19:30
Жынысы:
Белгисиз
+5
ким тартып жайылтса да уят иш. Нике куболугун корсотобу коргозбойбу ажы ким менен жатаарын озу билет да же муну менен жаттым кагазым мына деп отчет бермек беле. балким торт аялы бар бирок нике менен, ким билет. А.Жумабаев озу таптазадан бешбетер суйлойт да азыр любой эркек любой менен жатат кимди ким тыят. дагы муфтий жакшы урдум деп тапшырды жумушун. Бирок жашыруун тартып анан элга таратыш куноо и бети жок деген соз.
13.01.2014. 16:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
350
Катталган:
17-11-2010
Соӊку аракети:
11-02-2014 11:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-1
фаман йаьмал мискоола зарротин хойрой йарох
ваман йаьмал мискоола зарротин шаррой йарох
99 Сура Аль-Зилзала 7-8 аят
13.01.2014. 17:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
27-10-2013
Соӊку аракети:
28-06-2017 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беш маал намаз окуп Кудай жолунда жургондор ушундай иштерди кылышат,акча учун эмне болуп баратышат.Байлык Бийлик колдун кири эртенки куну олсон калат анын баары.
13.01.2014. 19:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
05-10-2008
Соӊку аракети:
19-09-2017 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
макала аябай эле алсыз мокок жазылган, ким кыла алмак эле телефонун тыншай ала тургандар да, мындан башка да анализдери жок макала, элдин баары билген эле нерсе жазылган, эч болбосо бир эки адамдан интервью алып койбойт беленер он жак сол жакты таразалап дегендей
13.01.2014. 20:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
07-01-2014
Соӊку аракети:
02-01-2016 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
бирин орук бирин тал бирин кетип бирин кал
13.01.2014. 22:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
19-11-2012
Соӊку аракети:
21-04-2020 08:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
0
Даа соз жок(((((
14.01.2014. 00:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
01-11-2009
Соӊку аракети:
21-01-2019 03:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Туркия
0
İplas jol menen kelgen,iplas ishterdi jasayt!
14.01.2014. 01:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
27-10-2020 20:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээээ бийликтин элге жардамы эч убакта тийбейт тийбеген дагы качан карасан акча учун бирин бирин чукуп зоокур болуп кетишкен.Жумабаев уялбайбы ушундай иштерге баруудан.негизи ажылык сапарга барууга атайын кыргызстанга жылына акысыз жолдомо берилет экен аны уялбай сатышат.Чубакажы Рахматтуллаажы ак так иштегени бийлике жакпай оздоруно окшогондорду койгонго болгон кучун сарпташууда.
14.01.2014. 02:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
23-07-2012
Соӊку аракети:
07-11-2014 20:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Astagfirullah!!!
14.01.2014. 14:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
21-10-2013
Соӊку аракети:
20-06-2017 01:54
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр мода окшойт порно тартып интернетке киргизип койгон.баарында эле тошок жааты бар да.обьязательно элге корсотуш керекпи.башка жол менен кетирсе болмок.уят кылбай.
14.01.2014. 14:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
21-10-2013
Соӊку аракети:
20-06-2017 01:54
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздин чондорубуз порно корсотуп эми молдолорубузга отту.онугуп кеттик окшойт тез эле
14.01.2014. 19:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
13-03-2015 12:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдо деле ысык жан да.Анча-мынча барса баргандыр жакка.Акчаны коруп Пайгамбар жолдон чыгыптыр дейт.Озу 3 ААА дегенден этият болбосо болбойт.Аял Акча Арак дегендер адамды бузат.
14.01.2014. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
23-09-2012
Соӊку аракети:
26-07-2020 14:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
каракол
+1
эми озубуздун уйго жатаарда болмону толук карап жатып калабыз го?? ким билет ким эмне коюп кеткенин.
14.01.2014. 20:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
05-05-2016 03:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
mersedes2013 да тура айтасын биздин чондор тескери жагынан тез онугот окунучтууу...бет деген калбады буларда...молдосу баш болуп презденти каш болуп...
15.01.2014. 01:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
31-05-2013
Соӊку аракети:
03-10-2014 16:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким таратса да жеткен пас адам экен,бул нерсени баардык эле аял мн куйоонун ортосундагы болуп келген жа боло бере турган мамиле экендигин эч ким тана албайт да. Аял мн эри ошол ишти кылбаганда эмнени кылмак эле тообо, же бул тасманы тараткан акмак андай кылбайт бекен же аныкы кыймылдабайт бекен, как будто ачылыш жасагандай кылып.Мен тан калбадым мисалы ар кимдин укугу бар,муфтий болсо эле тошок мамилесин кылбаш керек бекен :)
15.01.2014. 17:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
14-12-2013
Соӊку аракети:
26-06-2018 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Okeandun jeeginde.
0
Moldonyn aitkanun kul jasaganun kulba degen soz bar kurguzda. Emi oshol elge ylgy bolchy adamdu antip abuiiurin achpai ele koiso bolmok. Toshok masele ar bir adamdun bashunda bar. Paigambarubuz dele janulgan da. Buroonyn aiubun achup elge jaiultyy chon kynoo. Prosto bez slov. Not respect.
16.01.2014. 14:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
11-04-2013
Соӊку аракети:
05-09-2016 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
0
Онгосу уят болсо да ушу муфтият уят болбой эле койсо болмок, ким кылса да ошо муфтияттын ичиндегилер кылса керек, болбосо чоочун адамдын фигурасы бул жаатта эч мамимелеси жок да. Ыйман деп коюп порно тасма жайылтып журушот уят. Ушунчалык уят болгондон коро муфтиятты жаап салыш керек.
16.01.2014. 19:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-04-2012
Соӊку аракети:
14-05-2015 13:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahtyn aldynda baarybyz kunoolubuz!Baarybyzdy Allahym kechirsin bilip bilbey kunoolordu kylabyz,any myny aitabyz akyikatyn Allahtan bashka echkim bilbeit,kanday bolbosun Allahka jaga turgan ish bolbodu,baarybyzga ynsap yimanybyzga istikoomat bersin,emi otkon ishke Salavat,Allahym emi Maksat ajyga ynsap kuch kubat ishterine iygilik bersin, daiyma den soolugu chyn bolsun! Islam dinine kyzmat kylyp musulmandardyn bashyn biriktirip oto turgandardan kylsyn! Amiiiiiiin..
18.01.2014. 17:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
30-07-2014 20:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдир бироону куноолош кыйын! Азыр биздин жашоодо эч кимге ишенип болбойт. Аллах Таала ар бир адамдын журогуно ыйман берсе, Кыргыздар онолот белек? ким билет. Бул жумуш тууралу Жаратканга гана маалым, бирок шок болдум.
18.01.2014. 20:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
28-03-2020 11:29
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйман берсин адамдарга палитика бул дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25009;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: