реклама
Архив
944   945  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫНА АҢ УУЛАП ЖҮРГӨНДӨР КОЛГО ТҮШТҮ

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж


Арабызда алты саны аман туруп, бел оорутуп иш кылбастан оңой оокат таап, ылайыгы келген жерден адамдарды тоноп, баалуу буюмдарын жана акчаларын уурдап жүргөн адамдар ондоп саналат. Иш десе ишке тойбой турган кыргыздын жигиттеринин Кыргызстандагы Кытай жарандарын тоноп жүргөндүктөрү ачыкка чыкты.

3 АЙДА 11 ТОНОО ФАКТЫСЫ КАТТАЛГАН
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта ушул кезге чейин борбор калаабызда Кытай жарандарын тоноо фактыларынын толкуну каптап кеткен. Бирок бири да укук коргоо кызматкерлерине кайрылган эмес. Жакында алар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышып, укук коргоо органдарына арыздарын жеткирип коюуну өтүнүшкөн. Натыйжада Бишкек ШИИББине бир нече арыз түшүп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 3 айдын ичинде 11 окшош кылмыш катталган. Келип түшкөн арыздарда окшош окуялар баяндалат.
23-сентябрда саат 17:30 чамасында белгисиз 3 адам Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан 101-үйдүн подъездинен кытай улутундагы Чжан Цзен Хун аттуу жаранды ок атуучу курал менен коркутуп, 30 миң сом акчасын алып из суутуп кетишкен. Мындан сырткары Цзень Хун аттуу кытай улутундагы адамдын 45 миң сом жана 100 АКШ долларын тартып алган болсо, биринде Жан Ли Финдин 47 миң сом акчасын тоноп кетишкен. Декабрь айынын башында ушундай эле эки кылмыш катталып, анда да Кытай жарандыгындагы адамдарга кол салынган.
Мындан улам кылмыштуу топко укук коргоо органдары тарабынан тузак салынып, 2013-жылдын 4-декабрында кылмышка шектелип 3 адамдан турган кылмыштуу топ кармалган. 4-декабрда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ала-Баш айылында туулган, Бишкек шаарынын Ак-Бата жаңы конушунда жашап жүргөн Тельман Иманкулов колго түшүрүлгөн. Мурда соттолгон эмес жана эч жерде иштеген эмес. Ушул эле күнү 1986-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган, учурда Бишкек шаарынын Достук кичи районунда жашаган Данияр Садыков да кармалган. Мурда соттолгон, үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы. Ал эми 7-декабрда уюшкан топтун дагы бир мүчөсү, 1985-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган Азат Жакшылыков кармалган.

«ОЛЖОЛОРУН» ИЛИКТЕП, АНАН ТОНОП ЖҮРҮШКӨН»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси БАКЫТ СЕЙИТОВ аталган факт боюнча атайын уюштурулган маалымат жыйында буларды белгилеп өттү:
– Уюшкан кылмыштуу топ жалаң кытай улутундагы жарандарды аңдып, ылайыгы келген жерден баалуу буюмдарын, акчаларын тоноп жүрүшкөн. Мындай иштерге ок атуучу курал жана бет кап колдонушкан. Акыркы 20 күн аралыгында тонолгон адамдардын берген арызы боюнча териштирүүдө эле 150 миң сом өлчөмүндөгү акча шылуундар тарабынан алынган. Үч айдан бери аталган топ тарабынан Кытай Эл Республикасынын жарандарынан тонолгон акча болжол менен жарым миллион сомго жетет.
Алар тартып алган акчаларын ар кандай көңүл ачуучу жайларга жана башка нерселерге короткондуктары белгилүү болду. Кылмышка шектүүлөр бири-бири менен байланышта болуп, кытай улутундагы адамдар кандай бизнес жүргүзүшөт жана кайсы жерлерде жалгыз жүрө тургандыктарын алдын ала изилдеп туруп иш кылышкан.
Кылмышка шектүүлөр Орусиядан Кыргызстанга депортацияланган жарандар. Айта кетчү нерсе, акыркы убакта Орусиядан депортация болуп мекенине кайткан адамдар 20дай кылмыш ишин жасоого үлгүрүштү. Алардын ичинде оор кылмыш жасап кармалгандары да бар. Буга мисал катары акыркы учурда коомчулукту дүрбөткөн Бакыт Букаевдин кыйнап өлтүрүлүшүн айтсак болот.

Учурда аталган кылмыш ишинин топтомунун негизинде иликтөө иштери улантылууда. Себеби кылмыштуу топтун дагы башка мүчөлөрү болушу мүмкүн. Ал эми аталган кылмыш боюнча колго түшкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган адамдардан кылмыш жасоодо колдонуп жүргөн травматикалык ок атуучу курал алынган. Курал учурда баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, шектүүлөр камакка алынышты.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
16.12.2013. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
04-12-2012
Соӊку аракети:
09-09-2020 12:51
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз кабар сайттарында кундо, Кытай жарандары Кыргызстанда кобоюп келет, Кыргыз бийлиги Кытай жарандарына каттуу чара корушу керек деп жанылыктарды жазып журушо! А эгер кыскача ойлоп корсон, мындай кылмыш кылгандардын пайдасы да бар! Кытай жарандары бир аз болсода коркуп калабы деген ойда!
17.12.2013. 00:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
02-07-2015 23:41
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайлар бизди сабап кетсе деле оозун ачып калып жатышат го менттер,буларда оч алыш учун же дагы жанына жеткенде ушул ишке баргандыр кытайлар кооп кеткен эле расс болуптур
17.12.2013. 10:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
13-03-2019 18:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Urmattuu shapkechen baykeler! Bulardy kop kyinabay azyraaktan akchalaryn alyp, "kyrgyzdardan bashkalaryn az-azdan tonop juro bergile" - dep koyo bergile, eger chyn ele kyrgyz eli uchun ishtegen bolsonor!!!...)))))
17.12.2013. 12:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-06-2010
Соӊку аракети:
05-06-2017 09:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Город зеленого цвета...
0
Азат Жакшылыков байкемдин классташы, досу эле. Ишене албай турам коргон козумо, ушунчалык тарбиялуу, апасына, бир туугандарына куйумдуу, боорукер адам эле го. Озумдун агамдай жакшы корчумун, менин колуман далай чай ичти. Кийин уй-булосу менен шаарга кочуп кетишти эле, спорт чойросундогу рэкеттер менен байланышып кетиптир деп уккан элем. Кийин агам менен дагы байланышы узулгон болчу...Кабарды окуп алып, башыман ылдый суу чачкандай эле болдум.
19.12.2013. 11:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
15-04-2013
Соӊку аракети:
06-05-2020 15:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Бул кытайларды кырсанда тугонбойт ушул кытайларды кызгызстанга киргизбей эле койушса жакшы болмок ато булар кыргыз кыздарына уйлонушуп гражданства алып жатышыптыр 50 же 100 жылдан кийин баарыбыз кытай болуп кетпейлик туугандар.Эсин барда этегинди жый дегендей азыртадан чара корбосок болбойт кыргыз элим урматту биздин эл башчылары!!!
22.12.2013. 18:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
12-06-2013
Соӊку аракети:
08-02-2018 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озубуз эле окшошуп кетебиз .эми такыр эле окшошуп калат экенбизда кытайлар басса
15.02.2014. 10:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
20-02-2014 13:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана тонобостон,тезиреек Кыргызстандан чыгып кеткиле деп коркутуп да коюш керек эле.Эми бул жигитердин тагдырын кандай чечишеер экен,биздин соттор?Сойкукана ачкан кытайларды олкодон чыкпай эле ишинерди уланта бергиле деп кое бериштиго.Эл башчылары чара корушпостон,кайра озубуздукулорду чет элдик жарандарга тийбегиле деп тыйышат.Чет элдиктер биздин мыйзамды,кыргыз элин сыйлап жатабы?Билгендерин жасашат,соттордун ооздорун акча менен жаап коюшат.Акча учун баарына коз жуумп коерубузду билишти.
15.02.2014. 10:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
20-02-2014 13:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана тонобостон,тезиреек Кыргызстандан чыгып кеткиле деп коркутуп да коюш керек эле.Эми бул жигитердин тагдырын кандай чечишеер экен,биздин соттор?Сойкукана ачкан кытайларды олкодон чыкпай эле ишинерди уланта бергиле деп кое бериштиго.Эл башчылары чара корушпостон,кайра озубуздукулорду чет элдик жарандарга тийбегиле деп тыйышат.Чет элдиктер биздин мыйзамды,кыргыз элин сыйлап жатабы?Билгендерин жасашат,соттордун ооздорун акча менен жаап коюшат.Акча учун баарына коз жуумп коерубузду билишти.
27.02.2014. 01:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
06-08-2014 21:30
Жынысы:
Белгисиз
0
жазаланыш керек албетте иштешип еле тиргилик кылышса болмок алы кучу бар убакта
27.02.2014. 09:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-07-2013
Соӊку аракети:
18-03-2017 18:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларго Кытайларды тоноптур КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ тоноп ататко акча бербесен кыздарыны олтуром деп коркутушуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25035;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: