Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БАЛАЛЫКТЫ ЭСТЕТКЕН ПЕЙНТБОЛ

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж


Баарыбыз эле бала кезде колго тактайдан жасалган курал кармап, өзүбүздү боевик кинолордогу баш каарман элестетип ойногонбуз. Азыр ал оюн чоңдор арасында да ойноло турган деңгээлге жетти. Сөз көңүл ачуучу өзгөчө оюн пейнтбол жөнүндө болуп жатканын билген чыгарсыз.

ОЮН ТАЛААСЫНДА БААРЫ БИРДЕЙ
Пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюн. Анда оюнчулар командага бөлүнүп боёк огу бар курал (маркер) менен атышышат. Пейнтболдун өзгөчөлүгү – аны эч кандай даярдыгы жок адам да ойной алат. Оюндун кызыгын арттырган дагы бир жагдай, оюн талаасында бардык оюнчулар окшош кийимчен болгондуктан, жакшы атат деген оюнчусу ким экендигин тааный албайсың.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУ БЕЛГИСИЗ
Пейнтболдун качан жана кайда пайда болгону жөнүндө түрдүү версиялар айтылып келет. Алардын кээ бирлерине таянсак, Америкада ковбойлор малга белги коюу үчүн атайын боёк менен атуучу куралды ойлоп табышкан. Дагы бир версия боюнча, пейнтболдогу маркер Канадада бактарды кыйган адистер тарабынан колдонулган. Алар кыйыла турган бактарга белги коюу үчүн боёк менен атуучу маркерди колдонушкан.

Оюндун шарттары:

  1. Оюн атайын пейнтбол үчүн ылайыкталган жерде өтөт.
  2. Денени толугу менен жапкан атайын кийим, башка шлем, колго кол кап кийилет.
  3. Оюнга киришүүдөн мурда инструктор тарабынан айтылган кеңештерди, маркерди туура колдонуу жана оюн эрежелерин эске алуу шарт.
  4. Фантазияга жараша оюнду түрдүү сценарий менен өткөрсө болот. Мисалы, 2 команда бири-биринин базасын басып алуу, дуэль, барымтага алуу же куткаруу жана башка.
  5. Боёк ок дененин кайсы бөлүгүнө тийсе да оюнчу беттештен четтетилет. Огу калбай калган оюнчу да беттештен чыгарылат. Кээ бир учурда тийген ок жарылбай калышы мүмкүн. Оюн башталарда командалар кайсы учурда катышуучу оюндан четтетилерин сүйлөшүп алганы оң, «ок тийгенде» же «ок жарылганда» деп.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР 

  • Алгачкы пейнтбол оюну 1981-жылы Нью-Йоркто 12 адамдын катышуусунда өткөн. Бирок ал убакта азыркыдай сууда эрип кете турган боёгу бар шариктер колдонулбагандыктан, каалоочулар аз болгон.
  • Пейнтбол 1984-1985-жылы сууда эрий турган боёгу бар шариктер менен жаңы маркерлер чыкканда кеңири тараган.
  • АКШ, Германия, Англия жана башка көптөгөн өлкөлөрдө пейнтбол жан сакчыларды, атайын кызматтагы аскерлерди даярдоодо машыгууда колдонулат. Ал үчүн чыныгы куралдын салмагы менен барабар маркерлер колдонулат.
  • Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, пейнтболдо теннис, футбол жана гольф сыяктуу спорт түрлөрүнө караганда жаракат алуу коркунучу аз.

ТЫЮУ САЛЫНГАН ЭРЕЖЕЛЕР

  • Оюн учурунда башка кийүүчү шлемди чечүүгө.
  • Жерге түшкөн окту пайдаланууга. (Эгер чаң болгон ок пайдаланылса, ал маркердин иштешин бузат. Мисалы, бир атканда бир нече жолу атылып кетип же атылбай калышы мүмкүн.)
  • Оюн талаасынан чыккан учурда маркерди атылбай турган абалга коюу зарыл. Пейнтболдо эрежени сактап ойносо жаракат алуу коркунучу төмөн. Оюн талаасында эмес, оюндан чыккан убакта кокустуктар көп болот.

Айбала Эргешов
sport@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(18)
25.11.2013. 10:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-05-2013
Соӊку аракети:
14-03-2017 00:39
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыргызстанга качан жетет болду экен?
25.11.2013. 11:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
21-06-2014 09:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
jek87_87, Сен орусияда окшойсун Кыргызстанда уже кобоюп кызыккандар коп айрыкча кыздар келип катышкандар коп.
28.11.2013. 22:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
15-09-2009
Соӊку аракети:
15-12-2013 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
jek87_87,
мындан да кызыктуурак оюн бар. страйкбол!!! пейнтбол мультик болуп калат.
25.11.2013. 11:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
17-03-2008
Соӊку аракети:
29-05-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бишкекте көпчүлүктү кызыктырган оюн түрү. Көптөн бери ойнолуп жүрөт. 7-ноябрда биздин эмгек жамаат да ушул оюнду ойноп, абдан сонун эс алдык.
25.11.2013. 15:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
17-09-2013
Соӊку аракети:
07-06-2017 17:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан сатып алса болорун билген адам жок бекен?
26.11.2013. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
31-05-2020 13:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Ошто да бар деп уккам.
27.11.2013. 15:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
350
Катталган:
17-11-2010
Соӊку аракети:
11-02-2014 11:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Jamalym, Ошто ХБКда бар
29.11.2013. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
31-05-2020 13:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Shekerbek, текстильдин ичиндеби?
26.11.2013. 22:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
01-06-2017 16:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ОШ жана Жалал-Абадда бар
30.11.2013. 04:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
26-11-2013
Соӊку аракети:
12-05-2014 11:17
Жынысы:
Белгисиз
0
abu_kg, Озгондо да бар.
30.11.2013. 19:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
24-01-2013
Соӊку аракети:
01-04-2014 21:04
Жынысы:
Белгисиз
0
zaika_84, таласта да бар
26.11.2013. 22:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
20-11-2011
Соӊку аракети:
26-04-2014 01:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖалалАбад -Бишкек арасы......
0
XAH,
Менимче аны сатып алуунун (бизнес кылбасаныз эле)кажети жок,ойнош учун атайы оюн талаасы,эн аз болгондо 8-10 адамга кийим жана курал огу менен, куралга абаны толтуруп туруучу жабдыктары менен газболон талап кылынат, а Бишкекте болсонуз топ (группа) менен баргандарга 1кишиге 350 сом алат да 50 ок менен курал берет, оюн талаа 3 саат акысыз,жилет эркектерге 50 сом кыздарга жана жаш балдарга аксыз,кошумча ок алсаныз 50 ок 150 сом.
27.11.2013. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
04-05-2020 00:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
Биз кок алча (быша элек) менен атып ойнодук. :) Денеге тийсе кызарта коет.
27.11.2013. 17:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
13-03-2012
Соӊку аракети:
30-12-2018 23:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
чалмада да бар

29.11.2013. 04:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
05-06-2010
Соӊку аракети:
05-10-2019 18:40
Жынысы:
Белгисиз
0
tuigan., чындап элеби? же ордок учтубу?
30.11.2013. 20:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
30-04-2012
Соӊку аракети:
25-03-2019 03:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
мен кичиинемде балдар менен ойногом жыгачтан жасалган афтомат менен азыр эстесем кулом.кыздар жок эле ошого балдар менен ойнойт элемда-)
01.12.2013. 20:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
19-08-2015 17:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
Бишкекте кайсыл жерде жайгашкан же болбосо номери болсо жазып койсонуздар
02.12.2013. 12:19 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7596
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
01-06-2020 01:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
ilgez,
Сайтка башка сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: