Архив
897   898  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫТАЙ ИШКЕРИН ӨЛТҮРГӨНГӨ ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

№562 9-август-15-август, 2013-ж


25-июль күнү болжол менен түнкү саат 00:30 чамасында Бишкектеги Эркиндик гүлбагындагы М.В.Фрунзенин айкелинин жанынан катуу сабоодон улам эс-учун жоготкон азиат түспөлүндөгү белгисиз адам табылган. Сабалган адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келбей каза тапкан. Көп өтпөй маркум борбор калаабыздагы көз айнек сатуучу «Фуджин» дүкөндөрүнүн кожоюну, 44 жаштагы кытай жараны Гуан Жу Чан экендиги такталган. Бул өлүмдүн артынан көптөгөн чуулар чубала баштады.

«КҮЙӨӨМ СВЕРДЛОВ РИИБИНЕ КЕТКЕН БОЮНЧА КАЙТКАН ЖОК»
Бул окуядан көп өтпөй маркумдун аялы ВАН ХУН ИН күйөөсүн «милиция кызматкерлери сабап өлтүрдү» деп айтып, коомчулукта уу-дуу жаратты. Ал массалык маалымат каражаттарына төмөнкүдөй билдирүүлөрдү таратты:
– Күйөөм бизнесин өзү жасачу. Мен 4 балабызды карап үйдө отурчумун. Бирок каргашалуу окуядан бир нече жума мурда аны Свердлов
РИИБинин кызматкерлери чакырып жатышкандарын айткан. Ал жумуштарынан бошобой бара албай жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 24-июль күнү милиция кызматкерлери дагы телефон чалышканын айтты. Ошентип, ошол күнү болжол менен саат 18:10 чамасында өз дүкөндөрүнүн биринен чыгып, автоунаасын айдап Свердлов
РИИБине кеткен. Жанында көп суммадагы акча, кредиттик карталар жана кымбат баалуу уюлдук телефону бар болчу.
Саат 18:40та телефон чалсам, Свердлов РИИБинин имаратында отургандыгын айтты. Санаам тынчыбай 18:50дө кайра чалсам, трубканы алган жок. Ошол бойдон кайтпай калды. Ал түн мен үчүн оор түндөрдүн бири болду. Ордумда тура албай тынчсызданып, тааныштарымдын баарына телефон чалып чыктым. Качан жолдошум келбей турганына көзүм жеткенде гана милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылдым.

«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАСАЛМА КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮМДҮ АЙТЫП КОРКУТУШТУ»
– Эртеси, 25-июль күнү жолдошумдун ооруканада жаткандыгын кабарлашты. Күйөөмдү дароо тааный албадым. Бети-башы көк ала, шишиген, кызыл-жаян кан. Жанындагы баалуу буюмдары, автоунаасы дайынсыз экен. Ал күнү күйөөмдүн мээсине операция жасашты. Доктур мага кыжалат болбой эле коюумду, күйөөмдүн абалы оор, ошентсе да туруктуу экендигин айткан болчу. Ооруканадан чыгып, Свердлов РИИБинин имаратына барып сураштырсам, милиция кызматкерлери күйөөм ал күнү Свердлов РИИБине болгону 10 мүнөткө гана келип кеткендигин айтышты. 24-июль күндөгү саат 18:00дөн 19:00гө чейинки видеобайкоочу камерага тартылган тасманы сурасам, көрсөтүшкөн жок. Себебин «так ошол күнү видеобайкоочу камера иштебей калган болчу» деп түшүндүрүштү.
Тилекке каршы, 27-июлдан 28-июлга караган түнү күйөөм өзүнө келбей көз жумду. Өлүкканага барып, анын сөөгүн көрүп нес болдум. Аны кимдер сабаса да адам эмеc. Денеси баштан-аяк көк ала. Муунткан окшойт, мойнунда тактар бар экен. Так айта албайм, менимче, кишендин тагы. Андан тышкары кабыргасы сыныптыр. 28-июль күнү биз өлүкканада жүргөндө бир милиция кызматкери Москва-Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөнгө келип, сатуучу кызга (кытай улутундагы) өзүн толук тааныштырбастан дүкөндүн ичин тинтип, андан соң видеобайкоочу камера туташкан компьютерде бир аз отуруп кеткен экен. Ал кеткен соң эле дүкөндөгү видеобайкоочу камерага тартылган тасмалардын архиви жоголуп кетиптир.
29-июль күнү саат 18:00дө Свердлов РИИБине күйөөмдүн сөөгүн өлүкканадан алып чыгууга аныктама кагазын алуу үчүн баргам. Бирок алар мага аныктама беришкен жок. Кайра «күйөөм 24-июль күнү үйгө кызуу болуп келген. Экөөбүз уруша кеттик, анан ал мени сабап, андан соң үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келген жок» деп көрсөтмө жазып беришимди талап кылышты. Мени коркутушуп, бир канча жолу сурансам да ажатканага жиберишкен жок. Телефон да чалдырбай жатышып, араң түн ортосунда бошотушту...
Жогорудагы маалыматтардын чын-төгүнүн тактоо үчүн биз «Фуджин» дүкөнүнө барып, маркумдун аялы Ван Хун Инге жолуктук. Ал ыйлагандан башка бир да сөз айтууга жараган жок. Жанындагы сатуучу кыз «Ван Хун Ин кожоюнубуз каза болгондон бери өзүнө келе албай, оор акыбалда жүрөт. «Бизди да өлтүрүп кетиши ыктымал» деп коркуп күн өткөрүүдө. Кожоюнубуздун атасы каргашалуу окуядан соң бул жакка келген» деп билдирди.

«ИЛИКТӨӨ ИШИ ЖАШЫРУУН ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Андан соң биз жогорудагы факт тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын инспектору КАРИМА АМАНКУЛОВАга кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Иликтөө азырынча жашыруун жүрүп жатат. Колдо бар маалыматтарды айта турган болсок, маркумдун номериндеги телефон чалуулар кайсы даректерден чалынганын аныктаганда 24-июль күнү ал болжол менен саат 18:30 чамасында Свердлов РИИБинин легалсыз жана коомдук миграция бөлүмүнө келгендиги такталды. Маркумдун Кытайда да соода иштери бар болгондуктан, ал мурдатан эле соода иштерине байланыштуу Свердлов РИИБине көп келип турчу экен. Андан соң ал болжол менен 18:35тер чамасында Свердлов РИИБинен чыгып кеткен. Көп өтпөй, тагыраак айтканда, Горький жана Совет көчөлөрү тарапка жеткенде, болжол менен саат 18:44 чамасында да аялы менен телефондон сүйлөшкөн. Бирок аялынын айтымында, маркум ага негедир «Свердлов РИИБинин имаратында жүрөм» деп жалган айтып койгон экен.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. 25-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Сүйүмбаев көчөсүнөн маркумга тиешелүү автоунаа табылган. Автоунаа маркумдун аялынын катышуусу менен текшерүүдөн өтүп, андагы манжа издери табылып, алар кимге тиешелүү экенин тактоо үчүн экспертизага жөнөтүлдү. 31-июлдан тарта бул кылмыш иши Бишкек
ШИИББине өткөрүлүп, Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган. Жогорудагы факт боюнча атайын ыкчам иликтөө тобу түзүлдү. Азыркы тапта бул кылмышты ачыш үчүн жашыруун иликтөө иш-аракеттери жүрүүдө. Ошондуктан биз толук маалыматты качан гана кылмыш ишинин бети ачылган соң атайын жыйын өткөрүп, далилдери менен айтабыз.

Маалымат булактарына таянсак, маркум Гуан Жу Чан Бишкек шаарына 1994-жылы келген. Ал Кыргызстанда ишмердүүлүгүн алгач майда соодадан, тагыраак айтканда, күндөн коргонуучу көз айнектерди сатуу менен баштаган. Андан берки 19 жыл аралыгында кытай ишкери жергиликтүү тургундар арасында популярдуу «Фуджин» дүкөндөр түйүнүн ачканга жетишкен. Бишкекте аялы жана балдары менен чогуу жашачу.
Ал эми гезит басууга кетер алдында жогорудагы кылмыш ишине шектүү 2 жаран кармалганы маалым болду. ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимовдун айтымында, шектүүлөрдүн бирөө мурунку милиция кызматкери. «Ал 2011-жылы кызматтан бошотулган. Учурда бул кылмышка дагы башкалардын катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар такталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Негизинен, кылмыш ишинин бети ачылды»,- деп билдирди. Кылмышка шектүүлөр кытайлык ишкерден акча талап кылып сабашкан.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Кытай ишкерин өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
Super TV
10.08.2013. 18:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
12-02-2015 01:16
Жынысы:
Белгисиз
0
мент катын кыргызча еле суйлосунчу
Super TV
12.08.2013. 13:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
03-08-2014 00:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Милициянер корупциянер деген ушу да.Менттер эле өлтүргөн өздөрү.бир иш башташтан деле коркосун да Кыргызыстанда.
12.08.2013. 17:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар вобщем онолобу жашообуз? Кыргыз россияда да бирин бири тоноп аткан бишкекте да ошол корунуш
12.08.2013. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
20-08-2011
Соӊку аракети:
12-01-2020 23:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
+1
Эгерде мунун ордуна бир кыргыз олгондо мынчалык жазып чыкпайт эленер! Олсо бир кытай олуптур да, мунсуз деле башка кытайлар ашыкчасы менен Кыргызстанда. Мисалы, арака тоюп Озгондо, ж.б. жерлерде кыргыздарды коптоп сабап салышкан учурлары коп эле болуп жатат. Ага Кыргызстандын укук коргоо органдары жакшы карабай жатат. Мына, Москвада болгон окуя. Россиянын бир милициянын оперин дагестанец 1-2 муштум менен уруп койгону учун жизненный соттолуп кетти. Эми "не русскийлерди" депорт кылып жатат.
12.08.2013. 20:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
20-08-2011
Соӊку аракети:
12-01-2020 23:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
+1
(уландысы) Кордунорбу бийликтин кучун! Бир милициянын опери учун Базардын баарын жаап бутту. Базарда иштеген баардык "не русскийлер" жумушсуз калды. Ойлонгула Кыргыздар! Бир Кытай учун башынарды оорупчагылачы!
12.08.2013. 21:56 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
19-05-2014 21:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Beck_13Ооруган деле жок...
13.08.2013. 10:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
28-06-2013
Соӊку аракети:
24-02-2014 23:09
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок ал да адамда ыймандын жоктугунан болуп атат
13.08.2013. 10:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
06-02-2013
Соӊку аракети:
19-08-2013 10:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга келип бизнесин онуктуруптур,жакшы эле иш кылыптыр,сураган акчаны берип койсо мындай иш болмок эместир,оздорундо бар кытайлардын аябай коп кетишти оз билгендерин кылышат,каалагандай ээн-эркин журушот милиция кызматкерлари текшербейт,налогду аз толошот,базарлардын баарында кытайлар иштейт,бир кытайдын ондон ашык дукондору бар,кафелеричи толтура ал дагы бир эле кишиники текшерген киши жок,буларды козомолдош керек.
Super TV
13.08.2013. 18:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
22-04-2016 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
чеджу-до острову
0
милиция кызматкерлери заказ менен олтурушу мумкун.дагы бир байкуштун мойнуна коюп коюшат эми
14.08.2013. 01:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
02-07-2015 23:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздарды сабап кирди эле кытайлар оздорундо да барда калган кытайларда качышса жакшы болот
14.08.2013. 14:17 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
26-01-2013
Соӊку аракети:
06-03-2019 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак монгулуу Ала-тоо
0
Сабалган кыргыздардыда ушинтип коргоп,чара коруп жатабы?Бизнесмен неме акча берип койсо тим эле жашыруун иликтоо жургузуп киришет.
15.08.2013. 00:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
302
Катталган:
19-12-2012
Соӊку аракети:
07-04-2019 13:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонгула, ойгонгула ! ! !
17.08.2013. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
23-03-2007
Соӊку аракети:
21-01-2020 16:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
олсо бир кытай олуптур да, даже мусулман дагы эмес, мындан башка эле проблемаларыбыз жетишет
19.08.2013. 12:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-05-2013
Соӊку аракети:
07-01-2019 10:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кытай учун башынарды оорутпагыла Кыргыз-а келип кооп кеткен да ошого кичине оордуна коюп коелу десе олуп калган тура башка жерде кыргыздар олсо баштарын оорутушпайт ко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: