«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МЫРЗА,КАМЧЫҢЫЗ ИЛИНҮҮБҮ?

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж


«Аялдын шайтандарын «профилактика» кылуу үчүн эркек анда-санда камчынын учун көрсөтүп туруш керек» деп коюшат. Айрым мырзалардын камчылары дайым колунда болсо, кийинки убактарда кээ биринин камчысы аялына өтүп кеткен учурлар да болот. Деги эле өмүрүндө аялына кол көтөрбөгөн эркек кыргыздарда бирин-серин эле болуш керек. Ачык айтылбай, бирок коомубузда көп орун алган аялды токмоктоо темасын бүгүн талкууга алалы деп чечтик.

«КЫЗ – КОНОК» ДЕП ЧЕКЕСИНЕ ЧЕРТЧҮ ЭМЕС»
ӨМҮРБЕК САМУДИНОВ, этнограф, тарыхчы:
– Кыргызда «кыздын кырк чачы улуу» деген кеп бар. «Кыз – конок» деп ата-эне чекесине чертмек тургай, чаң тийгизбей чоңойтушкан. Ал эми келинге андан да жакшы мамиле жасашчу. Бир мисал, XIX кылымда кыргыз жерине келген Феликс Рокка, Николай Рерих деген окумуштуулар кыргыздар аялдарына өтө аяр мамиле жасаарын жазып калтырышкан. Чындыгында, башка элдикиндей бетине паранжа жамындырбаган, атка мингизген, аялдарга карата улуттук оюндарды ойнотушкан. Демократиялык нукура мамиле ошол биздин ата-бабаларыбызда болгон. Кыргыздарда аялды уруу деген болгон эмес. Эркек менен аялдын ролу так, туура бөлүштүрүлгөн. Ошол себептүү ортолорунда токмоктоого себеп боло турган нерсе чыккан эмес. Кыргыздар «аялды уруу» деген илдетти Совет бийлиги орногондон кийин жуктуруп алды. Орустардан ичкилик ичүүнү үйрөнүп, анан аялдарга касапчылык кыла башташты.
Кээде чыр аялдар эркектерге таандык иштерди кылып тизгин талашуудан да келип чыгат. Жеңил коом болуп кээде аялы эркегин, эркеги аялын уруп коюп, эртеси эч нерсе болбогондой жашап жүрүшөт. Эгерде түбүбүзгө кайтсак, тарыхыбызды жакшы билсек, бул терс сапаттардан, балким, арылмакпыз.

«КАМЧЫ КҮЧТҮҮ БОЛСО КАТЫН УЯТТУУ» ДЕГЕНГЕ КОШУЛАСЫЗБЫ?
КАМЧЫ CАРЫБАЕВ, актёр;
– Бул кепке бир чети кошулам, экинчи чети кошулбайм. Негизи, аялды эч качан уруп, токмоктоп пайда таппайсың. Алар менен ажылдашып урушуп да жеңе албайсың. Эң жакшы жолу аялды алдап гана коюш керек. «Ооба, сен туура айтасың» деп койсоң эле жоошуп калышат. Менин үйлөнгөнүмө сегиз жыл болду, аялыма кол көтөрө элекмин. Айтып, ага көнбөсө алдап дегендей... Урушпаган үй-бүлө болмок беле? Ойноштор эле урушпай жашабаса, аялы менен күйөөсү анда-санда урушуп турушу керек. Бирок баары чеги менен. Кошулам дегеним, айрым эркектер таптакыр эле камчы эмес, тизгинди талаша албай калышат. Андайда аялы кыйын болуп кетет. Бул жагынан алганда жогорку кепке кошулам.


«АЯЛДЫ УРУУ ШАРИЯТТА ЖОК»
ЖОРОБАЙ ШЕРГАЗЫЕВ, Муфтияттын алдындагы Фатва бөлүмүнүн башчысы:
– Аялды уруу шариятта жок. Башка бир адамдын денесине, ага зомбулук көрсөткөнгө эркектин эч кандай акысы жок. Бирок жашообузда таптакыр эле чийинден чыгып кеткен жорук-жосуну өзгөчө аялдар бар. Аларга кандайдыр бир деңгээлде жаза керек. Эгерде аялы өтө ажаан болсо, күйөөсүнүн сөзүн укпаса, алгач курандан мисал келтирип насаат айтышы керек. «Сен андай бол, мындай бол, мында туура эмес кылдың» деген сыяктуу акыл айтып. Ага да болбосо, анда аялдын төшөгүн бөлүп коюу керек. Төшөгүн бөлүү бул – жуурканын алып туруп башка бөлмөгө кирип кетүү эмес, аялы-күйөөсү чогуу эле жата берет. Бирок эркек катары ага көңүл бурбай, бир аз сыртын салып койгону оң. Буга убакыт мынча болуш керек деген нерсе жок. Анткени ар бир аялдын психологиясы ар кандай, бири бир түндө эле эсине келип калса, экинчиси жайыраак келет, ал эми үчүнчүсү «мага баары бир» деп басып кетиши мүмкүн. Эгерде мындай жазалоо да натыйжа бербесе, анда акырын, денеси көгөрбөгөндөй, эти ачышпагандай силкип-булкуп койгонго уруксат. Аялды көк ала кылып уруп, балдарын үрпөйтүп коркутуу шариятка туура келбейт.
Эгерде анда да болбосо, аялдын жана эркектин туугандарын, аксакалдарды ортого салып сүйлөшүү керек. Ошондон кийин да оңолбосо, анда ажырашууга жол берилет.
Аял күйөөсү уруп, зомбулук көрсөтсө, анда казыга барып чечишип алганы оң. Кээде, тескерисинче, аял күйөөсүн уруп салган да учурлар болот. Андай учурда күйөөсү аялды багуудан баш тартат. Анын керек-жарагын алып берүү эркектин милдетине кирбей калат.

«ТОКМОК ЖЕГЕН АЯЛ ӨЗҮ БУЛ ЖАШООДО КУРМАНДЫКТЫН РОЛУНДА»
НУРЗАДА МАЯМЕРОВА, психолог:
– Бул эки тараптуу жагдай. Биринчиси – эркек эгер дайыма аялын ура берсе, анда анын алсыздыгы катары түшүндүрүлөт. Психологияда эркек ага кол көтөрө албаган аялды, кичинекей баланы, жаныбарды уруп, өзүнүн баркын көтөрүүгө умтулат. Өзүнүн кайсы бир абалдан чыга албай жатканын кыжырланып, башкалардын көзүнө өзүнүн баркын көтөрүү үчүн күчүн муштумдан чыгарат. Сөз менен түшүндүрө албаган абалын, эрксиздигин муштумга жашырат. Ал эркек алсыз, жашоодо ордун таба албаган, ички дүйнөсүндөгү көйгөйлөрүн чече албаган эркек. Бул дайым урууну өнөкөт кылып алган эркектер тууралуу.
Экинчи жагдай бул – аялдын заар тили, долулугунан, сөз жебегенинен таяк жеп калат. Кээде эркекти ошол абалга аял жеткирип коёт. Мындай учурда аял эркекти өзү провокациялап, токмок жеп калат. Аялдар бир нерсени аңдабайт, бир жолу кол көтөргөн эркекке экинчи-үчүнчү жолу кол көтөрүү оңой болуп, ал көнүмүш адатка айланып калат.
Токмок жеген аял өзү бул жашоодо «курмандыктын» ролунда. Андыктан өзү жүрөгүндөгү «жабырлануучунун» программасын жок кылууга аракеттениш керек. Кандай болсо да, бул аялдар да, эркектер да психологиялык жардамга кайрылып, себебин таап, жашоосун өзгөртсө болот.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



Мырза, камчыңыз илинүүбү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(47)
01.07.2013. 09:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
428
Катталган:
15-09-2008
Соӊку аракети:
31-01-2017 11:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
г.Бишкек
0
Соз жеткен аялга таяк кереги жок. Жетпесе жакшы атка бир камчы, жаман атка мин камчы!
03.07.2013. 22:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
22-02-2012
Соӊку аракети:
02-01-2018 18:51
Жынысы:
Белгисиз
0
дин менен жашасак аялдарыбызды коз карегиндей асырлайбызго
01.07.2013. 10:02 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
28-01-2013
Соӊку аракети:
14-03-2014 21:32
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуларды укканда журогум ооруйт
01.07.2013. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
22-11-2019 06:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
0
Аял жакшы - эр жакшы! Алган жарын Айсулуу, Ашкан сулуу болсо да, ажылдап беттен алган сон, сулуулугу не пайда?!
01.07.2013. 11:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
08-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бир макал келтирейин "Эрди эр кылуучу да кара жер кылуучу да бул аял" аял да эркек да бул жашоодо озунун ордун билуусу зарыл ошондо гана тынч жашоо болот болбосо мындай ур-мушташ улана берет.
01.07.2013. 12:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
01-06-2013
Соӊку аракети:
27-12-2018 01:40
Жынысы:
Белгисиз
0
кошунабыз аракеч, тынбай уйундо ызы-чуу болгондуктан биринчи аялы кетип калган. Байкуш эч эле куйоосун *адам* кыла албады. Кошунам кайра уйлонду, кейпи баягы эле бойдон. Бирок экинчи аялы укмуш чыкты куйоосун ичкен куну сабап, огородундагы даракка байлап койчу. Аялдын эркек кишиге кучу жеткенине алгач тан калып журдук, азыр ичпей россияда иштеп атышат. Ушундай эркектерге *эркек аял* керек созсуз
01.07.2013. 12:27 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
08-05-2013
Соӊку аракети:
27-05-2014 22:15
Жынысы:
Белгисиз
0
ат менен кууп бараткан фото жакты аябай
01.07.2013. 13:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
19-06-2013
Соӊку аракети:
25-07-2013 13:13
Жынысы:
Белгисиз
0
talas-1985, мага дагы ха)))
01.07.2013. 16:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
08-10-2012
Соӊку аракети:
13-03-2014 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
talas-1985, brat1980

Мындайда, ат жетпейт ат жетпейт. Ха ха.
01.07.2013. 20:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
26-06-2012
Соӊку аракети:
23-02-2014 01:48
Жынысы:
Белгисиз
0
talas-1985, Ал боз салкын киносундагы узунду
01.07.2013. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
10-05-2012
Соӊку аракети:
17-11-2019 20:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял- жаман эркекти жакшы кылып, жакшы эркекти хан кылат. Жана ошондой эле жакшы эркекти жаман кылып, жаман эркекти вообще жок кылат дегендей... Эркектер да ошондой эле.
01.07.2013. 12:55 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
22-12-2018 01:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чет олкодо
0
Жакшы болсо аялын куусан кетпейт жакынын,жаман болсо аялын чакырсан келбейт жакынын.
01.07.2013. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
30-11-2012
Соӊку аракети:
22-11-2019 01:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи туура эмес дейбиз го,бирок кээ бир аялдар камчыны самап турат. Адамдын психикасы да ошого конуп калат окшойт. Кэж бир дос балдардан угам да " ажылдай берет токомок жегенден кийин анан озуно келип отуруп калат,тез жарашып да кетебиз" деп калышат:-)
01.07.2013. 13:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
19-01-2012
Соӊку аракети:
08-09-2014 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Нарагында жок болсо уруп эмес атып салсан да озгорбойт. Тарбия берип,характерин ондош керек. Адам характери ондолбойт деген туура эмес. Нет ничего невозможного. Характер онолот болгону жылдар керек ал нерсеге. Аял кишини уруп сабоонун ордуна тарбия бериш керек. Ал эми камчы колдонуу туура эмес деп ойлойм.
01.07.2013. 14:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
15-06-2013
Соӊку аракети:
25-05-2015 01:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Атчан сүрөт боз салкын киносунан окшойт, эри аттан түшкөндө энесин көрсөтөт аялы.Ошо жерин дагы сүрөткө кошуп койбопсунар, аялдарды эле бечара кылып көрсөтпөй.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: