Архив
897   898   899  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Малика Дина:«АПАМДЫН КҮЙӨӨСҮ ДА, КУРБУСУ ДА МЕНМИН»

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж


Динара Акулованын көкүрөк күчүгү Малика Динаны биринчи бетке сүрөткө тартып жатып күйөрмандары көп экенине ынандык. Айрыкча мырзалар арасында. Жолдун жээгинде сүрөткө түшүп жаткан Маликага машина менен өткөн мырзалар ышкырып-кыйкырып, айтор, болушунча ырчыны алагды кылып жатышты. Айрымдар атайын жол четине токтоп, гезиттин качан чыгарына кызыкдар болушту.

– Салам, Малика, бизге берген мурунку маектериңде чет мамлекетке кетем дедиң эле. Пландарың өзгөрө элекпи?
– Бир мезгилде чет өлкөгө кетип, ошол жакта биротоло калам деген ойлор бар болчу. Бирок ал жакта кала албадым, апам менен бирге жашап көнүп калыпмын. Эми турмушка чыкмайынча апамдын жанында болом. Учурда апама үйдө, жумушта, бизнесинде кол кабыш кылып жүргөн кезим.

– Ырчылык менен катар подиумга чыгып калганыңды көрүп жүрөбүз...
– Ооба, белгилүү бир көргөзмөлөргө же кечелерге сунуш түшсө чыгып калам. Бирок модель, ырчылыктан сырткары өзүмдүн башка жумуштарым да бар. Апамдын ишенгени менмин, мени бага турган же апам таяна турган атам жок болгондон кийин апамдын күйөөсү да, жардамчысы да, курбусу да болгонго туура келет.

– Сени көпчүлүк Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы катары таанышат. Бул нерсе сенин жеке адам катары калыптанышыңа таасир этеби?
– Билем, бир нерсе болсо эле «Акулованын кызы ушинтти» деп айтып чыгышат. Мен эмне кылбайын, сөз ата-энеме тиет. Апамдын атын булгабаш үчүн мүнөзүмдүн татаал экенине карабай өзүмдү кармаганга аракет кылам. Ушундан улам шоу-бизнесте, жеке жашоомдо да өзүмө көп тыюу салып, апамды ойлоп иш кылам. Мен канчалык ушак сөзгө кабылбайын же өзүмчө инсан болгонго аракет кылбайын, баары бир Акулованын кызы бойдон калам, муну өзгөртүү мүмкүн эмес да.

– Апаңдын дарегине айтылган сындар оор тийсе керек?
– Жеке өзүмдүкүнө караганда апамдын дарегине айтылган сындар катуу тиет. Апам тууралуу бирөөнүн терс пикирин угуп калсам, улуу экенине карабай жанына барып оозун жапмакмын. Менден башка апамды ким коргойт, мен болбосом? Ал эми мени ушактагандарга менин эмес, кээде апамдын да күлкүсү келет, себеби ал мени жакшы билет да.

– Бизге берген маегинде Абдумалик Шерматов Динара эже тууралуу сын-пикирлерин айткан, аны кандай кабыл алдың?
– Билесизби, окудум. «Вау» деп тамшанып же «блин» деп ызаланган жокмун. Мындайча айтканда, реакция кылбадым. Экөөнүн ортосундагы таарыныч өздөрүнүн иши, катасы. Бул маселени менсиз эле чечип алышат, мен аралашкым келбейт. Бала кезимден көрүп-угуп жүрүп, азыр уккум деле келбей калды. Кандай болбосун, ал менин атам, мага жашоо берген адам. Атам катары жакшы көрөм, сыйлайм. Бирок алардын мамилесине кийлигише албайм, мен жөн эле экөөнүн ортосунда жаралган бейкүнөө жанмын.

– Кыргыз эстрадасынан өз ордумду таптым деп ойлойсуңбу?
– Билбейм, балким, таптым, балким, тапкан жокмун. Өзүм деле жан талашып, бирөөгө атаандашып, чыгармачылык деп жашагандардан эмесмин. Мага баары бир, мен Акулованын кызы катары таанылгам, ошол бойдон эл эсинде калсам деле капа болбойм. Шоу-бизнесте каламбы же жокпу, аны да Кудай билет. Балким, турмушка чыгып, үй-бүлө менен кетем. Кыскасын айтканда, шоу-бизнес деген ааламда биротоло жашап калгым келбейт.

– Эмнеге?
– Учурда ырдап эл көзүнө көрүнүп жатканым апам үчүн, анын кесибин сыйлаганым үчүн гана. Бул чөйрө менен көп болсо 5 жыл жашашым мүмкүн, андан ары балдарымдын апасы, бирөөнүн жубайы, коломтонун очогу болушум керек. Ушуларды эстегенде шоу-бизнес мен үчүн убактылуу эле нерсе экен деп калам. Чынында, силер маекке чакырган сайын «сахнаны таштайм, ырдабайм» деген ойдо боло берем, бирок кайра эле сахнага кайтып келе берем да (күлүп). Сыягы, сахнанын өзүнүн сыйкыры бар окшойт. Эл деле байкап калган чыгар, акыркы күндөрү концерттерде көп бийлебей калдым. Анан бир күнү отуруп ойлондум, «Ата-энемден берилген талантым бар. Эмне үчүн мен бул талантымды жашырып жүрүшүм керек?» деген суроо пайда болду. Ушул суроо намысымды ойготуп, кайра жандана баштадым.

– Жигиттердин баарын кызыктырган суроо: Жүрөгүңдү багындырган ханзаадаңды таптыңбы?
– Сөз айткан жигиттер көп. Мурун «эл эмне дейт...» деп эле ойлоно берчүмүн. Акыркы бир жылда мен сыйлаган, мен чалганда менин коңгуроомду күткөн адам пайда болду, азырынча ашыкча эч нерсе айтпай турганым жакшы. Бардык нерсенин өз убагы келет.

– «Балдар арасында досторум көп» деп айтып калган жайың бар...
– Кичинемден балдар менен ойноп, чогуу жүрүп көнүп калгам. Азыр да жалаң дос балдар курчап жүрүшөт. Негизи, кыздарга караганда балдар менен жакшы тил табышам. Анан апама тамашалап «тоюмда кыздын курбулары чыккыла дегенде тапырап он бала чыкпаса эле» деп калам. Чын эле ушинтип ойлойм, тааныш кыздарым бар, бирок анчалык жакын эмес.

– Салт-санаага кандайсың?
– Салтка анча жакын эмесмин, европалашып калгам дебейминби. Бир тууган жездемдин кулагынан чойбосом деле өзү келип колума акча карматып койгон. Жездем аябай камкор, мага такай белек жиберип турат. Анан да эжем, жээндерим менен скайп аркылуу сүйлөшүп турам. Мен үчүн интернетсиз жашоо – жашоо эмес.

– Рулда отурганыңа канча болду?
– Расмий түрдө 1 жыл, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок 5 жыл болду. МАИчи байкелерибиз мени «бейбаш» деп эркелетишет, ха-ха. Негизи, 10-12 жаштарымда короонун четинде машинаны айдамыш болуп жатып эле үйрөнүп алгам. Учурда айдап жүргөн Ленд Ровер Фрилендер деген унаамды апам былтыр 11-классты бүтүп жатканда белек кылган. Унаам супер-пупер, мен аны «пупсик» деп эркелетем.

Маегиңе рахмат.

Лунара Бекиева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(48)
24.06.2013. 09:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
18-01-2013
Соӊку аракети:
22-08-2014 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
иийй жакшы кыз экенда,акылдуу. апасын кам коргон.
24.06.2013. 10:42 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
08-12-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Boston, Massachusetts State, USA
-2
Kichinekey kezinde jakshy korchumun, birok azyr negedir intellekti tomondoy sezile beret, bilbeym emnege, interviewsun okusam ele oshondoy sezile beret, suroo menen joobunun logikasy joktoy. Bilbeym.
24.06.2013. 10:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
10-06-2013
Соӊку аракети:
17-10-2014 12:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+2
Албетте Динара эженин кызы ушундай болуш керек мен бул кызды обу жок кыз деп ойлочумун акылдуу кыз экен бактылуу бол жандап жургон жигитин кадырына жетсин
24.06.2013. 10:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
21-05-2013
Соӊку аракети:
15-08-2018 08:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Апакемдин журогу
+6
Азамат! Апасынын таянаар жөлөгү экенин мойнун каттуу алганы бул чоң жоопкерчилик. Арсыз атадан, камкор бир кыз артык дегени ушул да.
24.06.2013. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
14-10-2019 15:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан ажардуу, үнү өзгөчө! Малика ырдаганда күлмүңдөгөн көздөрүн көрүп туруу чоң рахат тартуулайт. Ошондуктан ырдашы керек! Үй-бүлөлүк бакыт каалайм!
24.06.2013. 11:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
30-10-2012
Соӊку аракети:
20-11-2015 22:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Тьфу тьфу коз тийбесин сулуу кыз болуптур, бирок арсыз болсо да, акмак болсо да ал Маликанын атасы, Малика озу атасын арсыз деп атабаган сон биз ага тил тийгизсек туура эместей болуп калат окшойт. Кореянка кыздардай эле болуп калыптыр, татына кыз!
24.06.2013. 11:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
16-06-2012
Соӊку аракети:
26-01-2019 05:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Мен эрке талтан кыздай сезилчу эле! Берген интервьюсунан акылдуу, ата- энеге куйумдуу экенин байкадым. Уй- булоо, жеке жашоону айтканына караганда, уй- булоо куруу жакында пландап жаткан окшойт деген ойдо калдым! Эн негизгиси бактылуу бол!
24.06.2013. 11:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
02-05-2012
Соӊку аракети:
13-02-2014 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Узген
0
Акылдуу кыз экенсин ата энеге кам корундон эч эринбе ата энен бар сен барсын ийгиликтерди калайм . Пупсигин жакшы машына шамал ото берсин
24.06.2013. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
508
Катталган:
01-04-2013
Соӊку аракети:
28-01-2020 19:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад,Кыргызстан.
0
Малика Аллах Таалам сага эки дуйно бактылуулук берген болсун.Акылына береке,легенда эжекебиздин бетин жер каратпай жургонуно мен да сыймыктанып кеттим.Азамат...Коптогон кыздарга улгу болуп журо бер...
24.06.2013. 12:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
17-08-2012
Соӊку аракети:
28-10-2016 19:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Мм туура апасынын ишенгени ушу, бирок мен ушул кызды дагы эле "жапжаш секелек" кыздай элестете берем. Кичинесиндеги клиптерин көрүп калган үчүнбү билбейм. Орусча маек курсаңар мындан да сонун жооп бермек. Анан эрке, кичине мактанчаак окшойт. Биринчи беттеги сүрөтү кантет жарым жылаңач болуп, ошентип кийинип жүрсө жигиттер тийишпей коймок беле анан. Кичине кийинүү стилин өзгөртсө болмок.
24.06.2013. 12:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
17-08-2012
Соӊку аракети:
28-10-2016 19:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Өзү айтмакчы Акулованын кызы болгондон кийин.
24.06.2013. 13:18 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
824
Катталган:
03-05-2012
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жолдошумдун хан сарайы...
+2
Апасын сыйлап, эн жакын адамы болгону аябай жакты. Малика менимче ачык, болгонун болгондой айтан кыз кээ бирлерге окшоп кылыктанып, жасалма суйлогондорун байкабайм. Жакшы жетишкендиктери бар экен. Дагы эжеси барг аны эмнеге уй блоосундо жоктой сезишет бир гана Малика кызындай ал эми анысы тууганындай болуп калыптыр куйоого чыкса да апасынын сырдашы,жакын инсаны болотго. Бактылуу уй блолордон болунздар. Киного тартылса да жакшы образ чыгарса керек Малика.
24.06.2013. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
16-04-2013
Соӊку аракети:
15-01-2020 03:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ыйык" Кааба "Медине.
0
Бактылуу кыргызымдын дуйного тааныткан кыздардан болушуна тилектешмин.
24.06.2013. 15:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек куруп бериптир. турмуш бул кызды чыйралтты да. Чын эле апасына ким каралашат мындан башка? Акыл-эстуу, жаныча ойлогон озу тендуулордон айырмаланган маек болуптур.
24.06.2013. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
21-11-2010
Соӊку аракети:
28-01-2020 13:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
пгт Шамалды-Сай
0
Малика элдин эсинде кичинекей секелек кыз бойдон калып калса керек.Абдан жакшы маек куруптур.Бактылуу бол!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23533;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: