Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АДИЛЕТТИК БОЛСО, ТОКТОБЕК «ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТТИ» ЭМГИЧЕ ЭКИ ИРЕТ АЛМАК

№546 19-25-апрель, 2013-ж


14-апрель
Башталышы – 18:30 (өз убагында башталды)
Эң мыкты номер – Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда «Ак булуттар»
Келген эл – Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын 100 пайызы

«Токтобек Асаналиев ырдайт» дегенди укканда эле ал күндү күтө баштагам, көз алдыга бирде шаңкылдай «Жаштарганы» созуп жатканы келсе, бирде «Боогачыны» муңканып ырдап жатканы келип.
Ал күн да келди, бардым. Филармониянын босогосунан колуна боорсок менен сары май салынган табак көтөргөн кыздар жылмая тосуп алышып, даам сыздырып киргизишти. Мындайда билеттин кымбаттыгына карайсыңбы, алдыңкы катардан орун алып, күтүп калдым. Сахнага боз үй тигип, алты бакан селкинчек орнотуп, бир капталга түтүн создуктура казан асып коюшуптур. Сахна абдан кылдаттык менен ойлонулуп жасалганы көрүнүп турат. Башталды. «Манас» айтылып, төкмөлөр алым сабак ыр айтышып, комузчулар күү чертип, айтор, кыргыздын өткөн бир шаңдуу күнүн элестеткен концерт. Жасалгасы эле эмес, сахнада жүргөн адамдардын баарынын кийимдери атайы ушул концертке арналып тигилип же элден чогултулуп келгенби, айтор, азыркы улуттук колориттеги «кычыраган» костюмдар эмес, көөнө кыргыз кийимдерин эстетти. Мына, Токтобек да чыкты сахнага шаңшып. Чү дегенде эле ашыгына жетпей калган жигиттин «күйдүм чогун» өтө бийик нотада баштап алганынан ичимден чочуп отурдум, «авазын үзүп албаса экен» деп. Жок, Кудай жалгап эки саатка созулган концерттин аягына чейин залды жара ырдап жатты.
Бул күнү кыргыздын көп ыры жаңырды. Көптөгөн ырларга анын аткаруусунда башкача жан кирерине күбө болдум. Мисалы, Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» деген ырын Элмира Кайып кызынын, Омардын аткаруусунда угуп жүрөбүз. Экөө тең Токтобектин аткаруусуна жетпейт экен. Токо бул ырды эргип ырдап жатканда залда, арт жактан «айт-уйт, ала жат!» болуп кыйкырып эле калышты. «Сахнадагы сүрөөнчүлөр ошол жакка өтүп кетиштиби» деп калдым. Табият бул ырчыга адамдардын арзуу-арманын ырга салсын деп укмуш бир үндү аянбай берип койсо керек, Омор Султановдун «Ак булуттарын» ырдап жатканында отурган эл жашып кете жаздады. Ырчыны билбеген бирөө укса «ии, ашыгына жетпей арманда калган жан го» деп ойлоору бышык. Келинчеги Саадат менен бактылуу жашап жатканын билбесем, мен деле ошентип ойломокмун.
Концертти койгон режиссёрго «бали» деш керек. Сахнада замандар байкалбай алмашып жатты. «Манас» айтып, алым сабак ыр айтышып, күү чертип, ак чөлмөк ойногон замандан кандайча Совет дооруна, андан кандайча бүгүнкү эстраданын заманына өтүп кетишкени байкалбай да калды.
Сахнанын бир капталындагы секичеде беш-алты жигит «айт эле, уйт!» деп ырдагандарды коштоп отурушканынан сүрөөнчүлөр окшойт деп ойлогом. Жок, көрсө, укмуш өнөрлүү балдар экен, комузда кол ойнотуп, кыргыздын мыкты күүлөрүн аткарып беришти. Баарынан кызыгы, концерт Совет дооруна келгенде болду. Пионерлер сахнадан улам ары-бери өтүп, марш тээп, алдыда боло турган колхоз жыйынына даярданып жатышкан. Чачы тармал, көз айнекчен бир кыз топтон адашып, улам элди көздөй жөнөйт, улам «вожатыйы» жетелеп кетет. Көрсө, кадимки ырчы Каныкей экен. Ортого чыга калып «Кара чаңын» ырдап, Токтобекти өзүнүн «фирменный» бийине бийлетип салды. Болгону Каныкейдин үнүбү же деми жетпейби, элди бир аз кыжалат кылды.
Колхозчулардан куралган хордун ырына эл ушунчалык кол чаап ыраазы болду дейсиз, «Хор Турецкого» жөн эле жолдо калды. Булар кимдер болду экен, мыкты ырдаган десем, көрсө, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера-балет театрынын хору экен.
Кээде саясатташып кеткен Маданият жана маалымат министрлигине нааразы болот киши. Көкүрөгү жардыланып турган элине азык берип, дем берип жаткан ушундай таланттуу балдарды дегеле байкабайт. Адилет баа берчү болсо, Токтобек «Эмгек сиңирген артистти» эмгиче эки ирет алмак.
«Жаз да башка, жел тийбесин абайла. Көпкө турбас мобу турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!..» концерт Токтобектин аткаруусунда Алыкулдун ушул саптары менен аяктады. Чын эле Ата Журтубузду каптаган бул сур булут көпкө турбас деген илгери үмүт, жакшы тилек менен тарадык.

Толик Сынчы
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
22.04.2013. 09:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
14-02-2012
Соӊку аракети:
04-06-2019 01:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
токмок
0
Мен дагы талантын абдан баалайм БАЙКЕНИН.
22.04.2013. 09:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
06-08-2012
Соӊку аракети:
06-11-2019 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба бул жакта да тааныш билиш деген бар да. Токтобек сыйлыкка татыктуу ырчы.
22.04.2013. 10:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
12-06-2013 09:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантуу ырчы.
22.04.2013. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
13-04-2013
Соӊку аракети:
29-04-2020 21:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Толик сынчы. Концертти жакшы суроттоптурсун. Баракелде Токтобек.
22.04.2013. 21:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
10-04-2013
Соӊку аракети:
27-05-2020 01:11
Жынысы:
Белгисиз
0
талантын ташкындай берсин Токтобек сени эл баалайт, эл сыйлайт ийгилик.
23.04.2013. 16:08 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
676
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
+1
биринчи жолу концерт мыкты денгээлде отту деген сынды окушум андыктан бул мырза мактоолорго ылайык мага да формалары жакты атин Каныкей карачан боз чан сапырбастан элдик ыр Эсимдени созбоптурдаа сонун ырдаган эле ушу ырды
25.04.2013. 20:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
08-04-2011
Соӊку аракети:
10-04-2019 16:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
BISHKEK
0
altinim, ооба биринчи жолу Толик сынчы озу окон концертти мактады. Демек абдан мыкты денгеелде откону, Токтобе Асаналиевдин даярданганы корунуп турат. Концертке барбасам да коруп келгендей болуп калдым. Ушундай жакшы концерттер коп отсо абдан жакшы болот эле да. Анан да кошумасы бул ырчыга эртереек наам берилсин.
24.04.2013. 05:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
10-01-2011
Соӊку аракети:
07-04-2020 05:04
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосун качан киргизесинер?
24.04.2013. 14:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-04-2013
Соӊку аракети:
14-11-2014 17:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат эн мыкты даярдалган концерт болуптур!Талантын ташкындай берсин
24.04.2013. 22:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
21-02-2013
Соӊку аракети:
26-02-2018 05:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
абдан жакшы болуптур, мен олло баргым келген,акча жок бара албай калам ырларын жакшы кором айрыкча "Атама апама окшош айылымсын " деген ырын, ийгилик сизге!
25.04.2013. 13:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
30-10-2012
Соӊку аракети:
20-11-2015 22:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толик да чукуп, анча-мынчалардын безине сайып коет да атасынын кору))) Эн башкысы эл билет, кимдин кандай денгээлде экендигин. Токтобек мырзаны эл сыйлап, суйуп угат демек ошол эл ырчысы, эл артисти деген наамга тете. Коруп эле журбойбузбу акчанын кучу менен маданияттын мыктысы эле,ал эле бул эле дегендерди деле, ошолорг салыштырсан адилетсиздикке ачун келбей койбойт.
26.04.2013. 14:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
19-03-2012
Соӊку аракети:
10-06-2019 20:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Супер инфо,Видеосу чыгабы?????
26.04.2013. 14:42 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
441
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
30-05-2020 01:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
nurai92,
Жок, тилекке каршы видеоматериалы тартылган эмес...
26.04.2013. 15:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
14-10-2011
Соӊку аракети:
31-10-2019 14:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобек иним мен сизди өтө жогору деңгээлде сыйлайм талантуу мырзасыз.Жакында теледен көрдүм мекениңизге барып клип тартыптырсыз абдан жакты бир гана кемчилик апаңыз суусундукту баклашкага эмес чаначка же көөкөргө куйдурса болмок экен.
28.04.2013. 17:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
11-12-2014 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
оо жакшы екен концертин кантип корсок болот екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: