Архив
897  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖАШ КЕЛИНДИ ЗОРДУКТАП, ТИРҮҮЛӨЙ ӨРТТӨП ЖИБЕРИШКЕН

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж


Мындан 3 жыл мурун болгон коркунучтуу кылмыш боюнча жакында сот өкүмү чыкты. Мээрим Ибраеваны зордуктап, анан тирүүлөй өрттөп жиберген кылмышкерлерди үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Сокулук райондук соту күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыратты.

РЕВОЛЮЦИЯГА УЛАЙ БОЛГОН КЫЛМЫШ
2010-жылдын 11-апрелинде Сокулук районунун Комсомол айылына жакын жердеги токойдон 20-25 жаштагы аялдын өрттөлгөн денеси табылган. Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ошол убакта өлкөбүздө революциядан кийинки баш аламандык өкүм сүрүп тургандыктан, иликтөө толук кандуу жүрбөй, каза болгон аялдын өздүгү 3 айдан ашуун убакыт бою аныкталган эмес.
Оор кылмыштын бетин ачуу үчүн Сокулук РИИБинин кызматкерлеринен сырткары Чүй облустук ИИББинин жана ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери да тартылып, 3 айдан соң гана өрттөлгөн дене Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Мээрим Ибраева экендиги аныкталган.
Иликтөө учурунда Мээрим Бишкек шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштеп келгендиги белгилүү болгон. Курбулары Мээрим 10-апрель күнү кечки саат 10до Максат аттуу жигит менен жолугууга чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин айтышкан. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип, Сокулук районуна караштуу Манас айылынын тургундары 1988-жылы Өзбекстанда төрөлгөн Махмуд Нуржанов жана 1986-жылы туулган Риза Арипов кармалышкан. Махмуд алгачкы эле суракта зордуктап өлтүргөнүн мойнуна алган менен, Риза мойнуна албай койгон. Экспертизанын жыйынтыгында Мээримдин жансыз денесинен Ариповдун уруктугу чыккан.

«65-ЖОЛКУ СОТТУК ОТУРУМДА ГАНА СОТ ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ»
Мээримдин таякеси АКЖОЛ ИБРАЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жээним Мээрим ошол убакта кафеде официант болуп иштеп жүргөн. Орусияга иштегени кетейин деп жүргөн, анан эле дайынсыз жоголуп кетти. Аны издебеген жерибиз калган жок. 3 айдан соң гана өлүгү Сокулук районунан табылды. Бул убакта анын өздүгү аныкталбаганына байланыштуу көмүп коюшкан экен. Ал эми башын кесип алып, жашын, улутун аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүшүптүр. Сокулуктагы көмүлгөн жеринен сөөгүн казып алып, Көлгө алып барып койдук.
Мээримдин телефонун Махмуд деген өзбек бала колдонуп жүрүптүр, ал ошол аркылуу кармалып, кылмышын мойнуна алды. Ал «Риза экөөбүз тең зордуктаганбыз» деген менен, Риза мойнуна албай жатат. Көрсө, Махмуд Мээрим иштеген кафеде коопсуздук кызматкери болуп иштеп, экөө тааныш экен. Махмуд досу Риза экөө машина менен келип Мээримди алдап алып барышып, зордуктап, анан тирүүлөй өрттөп жиберишиптир. «Эмне үчүн зордуктап тим болбой, өрттөп жибердиңер эле?» деген суроого Махмуд «силердин үстүңөрдөн арызданам, каматам» дегенинен Мээримди өлтүргөнбүз» деп көрсөтмө берген. Ошондо «Мээрим милицияга берип коёт» деп коркуп, Махмуд башына катуу
нерсе менен чаап, анан Риза үстүнө 5 литр бензин чачып, Махмуд ширеңке чагып өрттөп салышыптыр. Ошого карабастан, Мээрим 5-6 метрдей сойлоп барып анан жан бериптир.
Башын алганы өлүкканага барганымда «өрттөшпөсө деле ал башына тийген катуу соккудан киши болмок эмес» деп айтышты. Окуя болгон жерди куран окутканы барганда көрдүк, бир жагы чоң суу, камыш болсо, бир жагы токой, ээн жер экен. Бул кылмышкерлер көнүп алышып, жалгыз эле Мээримди эмес, далай кыздарды чыркыратса керек.
Анан да бул ишти созуп, соттор футбол ойногонсуп тепкилешти. Эжем Көлдөн бери келип, кайрылбаган жери калбады. Эч жыйынтык чыкпаганда, Жаштар кеңешине кайрылдык. Аларга рахмат, чуркап жүрүшүп, 65-жолку соттук отурумда гана соттун өкүмү чыкты. Бирок экөөнүн жактоочулары аппеляциялык арыз жазыптыр, бул ишти Чүй облустук соту карамакчы. Эми дагы канча убакытка созуп убара кылат, билбейбиз.
Мээримдин артында 5-класста окуган уулу жана 6 жаштагы кызы калды, алар азыр таенесинин колунда.

«КЫЛМЫШКЕР «МЕН ӨЛТҮРГӨМ» ДЕСЕ ДА, СОТ ӨКҮМ ЧЫГАРБАЙ ЖҮРӨ БЕРГЕН»
Бул боюнча соттук отурумдарды көзөмөлгө алып, соттордун туура чечим чыгаруусун талап кылып келишкен Кыргызстан Жаштар кеңеши уюмунун тең-төрагасы ЖЕҢИШ МОЛДОКМАТОВ төмөнкүлөрдү айтат:
– Мындан 2 ай мурун бир ток-шоуго ушул маселе боюнча катышканбыз. Каза болгон айымдын апасы да катышып, алып баруучулар бизге «ушул көйгөйгө аралашып, маселени чечип бере аласыңарбы?» деп кайрылышкан. Андан кийин Мээримдин апасы,
бир туугандары да келишип, 60-сот отурумунан баштап биз ишке кийлигиштик.
Мурунку сот отурумдарынын биринде жактоочулары, дагы биринде сот өзү келбей коюп же прокурор катышпай, сот 3 жылдан бери созулуп келиптир. Аягында кыздын апасы ыйлап кайрылганынан сотко катышканбыз. Мээримдин апасы атайын Көлдөн Сокулукка келсе, ар кандай шылтоолор менен сот узартыла берген. Алгачкы сот отурумдарына Мээримдин көптөгөн тууган-уруктары келип катышып жүрсө, акыркы мезгилдерде апасы, иниси жана таякеси гана калган. Соттор өкүм чыгаргандын ордуна Мээримдин апасын бир да жолу кабыл албай коюшкан. Ал тургай биз суранганыбызда да кабыл албай, жаштар эшигин тээп кирүүгө мажбур болдук.
Эң өкүнүчтүүсү, Махмуд «мен зордуктагам», ал эми Риза «мен өрттөгөм» деп мойнуна алса да, соттор 3 жыл бою чоюп келген. Бир гана Чүй облустук соту өмүр бою камалууга өкүм чыгарып, калган соттор созуп жүрө беришкен.
«Сотто реформа жүрүп жатат» деген сөз жалган. Бир сотту башка жерге, ал жердегисин дагы башка жерге эле которуу жүрүп жатат. Негизи эле эгемендүүлүк тарыхыбызда бардык соттор коррупцияга малынып, адилетсиз чечимдерди чыгарып келген. Азыр деле ошол эле адилетсиз чечимдерди чыгарган соттор иштеп жатышат, ошондуктан бизде адилеттик, акыйкат деген жок. Ризанын туугандары Жогорку Сотко кайрылышы мүмкүн. Эгер Жогорку Сот карай турган болсо, дагы чыгабыз. Максатыбыз – соттор адилеттүү чечим чыгарып, башка кылмышкерлерге да сабак болсун дейбиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Жаш келинди зордуктап, тирүүлөй өрттөшкөн

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(107)
01.04.2013. 19:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
08-03-2013
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка мамлекеттин жаранын коопсуздук кызматына жумушка алгандыгы учун ошол кофенин ээсин да жоопко тартыш керек.
06.04.2013. 15:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-01-2008
Соӊку аракети:
10-05-2018 09:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Adahan.myrza, Бишка мамлекеттин жарандары бизде министр болуп иштеп жатышпайбы.
01.04.2013. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
17-01-2020 22:41
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын,оз жеринде туруп ушунчалык мыкаачылык менен олуп жатса,башка жакта жургондор кандай кун коруп жатты экен,бул мыкаачылык озбектердин канында бар мен улут кылып болгонум эмес просто текшерип корсонор да болот,бул калкктын жакшысы да ушундай болот,мен бул созду коп жерде айтам и айта берем,байкуш келиндин балдары эмне болот,чонойгондо апасынын мынчалык мыкаачылык менен каза болгонун билип эмне болушат байкуштар ошолорго эле жаман болду.
01.04.2013. 21:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
29-11-2012
Соӊку аракети:
18-06-2019 21:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
"Кайда барсанда Мамайдын кору"дегендей,азыр кайда барба коррупция.Соттордун бир ишти аягына чейин бутурбой 3 жылга созгону канынды кайнатат.Байкуш кыздын апасына,балдарына эле кыйын болуптур.Кылмышкерлерди атып салыш керек болчу.
02.04.2013. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
19-06-2012
Соӊку аракети:
21-07-2019 00:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Кудайым озу берсин булардын жазасын.Бул жашоодо сотко милицияга и врачка кунун тушпосун даа...
02.04.2013. 03:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
15-03-2014 05:22
Жынысы:
Белгисиз
0
oy toboo , bulardin ozdorun ele orttop salishsa bolmok omur boyu alardi jashatbay ele.Kan koyo berbese gerek baari bir aybandardi bir gunu bolboso bir gunu tozoko geteer.Ichinde chirip olushsun.
Super TV
02.04.2013. 04:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
11-08-2012
Соӊку аракети:
14-01-2017 06:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун Бизде атууга окум жок?-ушундай зоокурлорду тируулой атыш керек ошондо Анан коркушат антпесе бул Айбандардын туугандары Акча Берсе а биздикилер эртен Эле чыгарып салат, и туугандарын Кыргызстандан кууп чыгыш керек, коруп алып Аябай жаман болдум, Кудай сактасын Кудай ушундай жаман нерселерден алысыраак бололу.Жаткан жери жайлуу болсун!
02.04.2013. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
10-08-2010
Соӊку аракети:
16-01-2020 09:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош окуясында канчалаган Кыргыз кыздары ушундай тагдырга туш болушту.Эми болсо акырындап бишкек жакта боло баштаптыр.Бул соттордун козун май басып,коздоруно акча корунуп калган убактары экен.Кудайым сооторду да куноо кылган балдарды да жазаласын.
02.04.2013. 12:03 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
0
жакшы макал барго, он кыргыздын ичинде бир озбек тулку, он озбектин ичинде бир кыргыз кулку деген, торубуздо жыргап атып торубузго чычып атышат, намыс жо соз чыкса тимле тилибизден чан чыгат ааламды сапыргыдай ушинтип туш келген басынтып тепсеп кете береби?
02.04.2013. 14:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
24-02-2013
Соӊку аракети:
10-09-2013 15:37
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар мынча анкоо калк болобуз.. :(( торубузду бийлеткенибиз аз келгенсип дагы кордогонуна чейин чыдап жол коюп беребиз. а озубузчу..? башка мамлекетте милайым гана болуп бардык мыйзамдарын аткарып козунун агы мн айланып эле иштеп журобуз го.. дагы куру намыска алдырып тошубузду кагып коебуз кыргызбыз деп керек эмес жерде. биринчи кыргыз мырзалары озунор башкалардын алдында сыйлап алсанар кыргыздын кыздарын. анан башкалар да мындай ишке баргандан чочушат кой булардын эркектери жон койчу эме
02.04.2013. 14:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
24-02-2013
Соӊку аракети:
10-09-2013 15:37
Жынысы:
Белгисиз
0
эмес деп этияттанып журушот. биринчи озубуздон баштайлы... бироо сага жаман мамиле кылса биринчи озунду таразала мен эмнени туура эмес кылдым, бул мага мындай мамиле жасап атат деп..
02.04.2013. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
17-01-2020 15:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
64 жолу сот болуптур бир да сот уялып койбогон адамдын болгондо да озубуздун кыргыз кызыбызды озбек улутундагы кордоп атса ошо кыздын энесинин укугун тебелешкен.Бул акмакчылык.Толоп беришсин 64 жолу келген кеткен жол киресин жана да кеткен чыгымын Ошондо кичине ойлонушар беле.Качан болсо оз жерибизде,оз элибиздин ичинде кор болобуз.Канчага кор болот карапайым калк...
Super TV
02.04.2013. 15:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
01-01-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бул айбандарды дагы тируулой орттош керек болчу.Омур бою эркинен ажыратылган окум буларга аздык кылат.Мындай айбандарды эл алдына чыгарып атып салса,бизде мындай кылмыштар аз болмок.Бул акмактар беш жылдан кийин акча ыргытып чыгып кетишет.
Super TV
02.04.2013. 16:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-08-2012
Соӊку аракети:
21-02-2015 08:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Иркутск
0
Кыргыздар ынтымакта бололуу!!!
Super TV
02.04.2013. 17:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-10-2012
Соӊку аракети:
26-08-2018 02:37
Жынысы:
Белгисиз
0
кептин бары бул жерде Соттордо,биздин Кыргызстанда укук коргоо органдары такыр тескери иштешет,укугу бузулган адамдардын укугун коргобой,укук бузгандары колдойт.Женишбек Молдакматов агабыз айткандай бизде реформа баш алмаштыруу аркылуу журот,эч кандай озгоруусуз.Мындан 10 жыл мурун иштеген соттор азыр деле ошол эле райондо сот болуп иштешет
02.04.2013. 18:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-03-2012
Соӊку аракети:
07-05-2016 02:39
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз ошол кишилер менен барган кандай кыз болду экен,ал эми мыкаачыларга олум жазасы керек
02.04.2013. 19:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
6159
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-12-2019 09:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
altinim, далили жок билдирүү жазууга болбойт, азырынча сизге оозеки эскертүү!
02.04.2013. 19:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
27-06-2016 21:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Патриоттор дейсиңер да, даанасыңар го! Ал кыргыз патриоттордун башчысы ӨЗБЕК болчу! Эң биринчиси, КЫРГЫЗ ЭРКЕКТЕР КЫРГЫЗ КЫЗДАРДЫ СЫЙЛАГАНГА үйрөнгүлө! А то көрүп, угуп эле жүрөм кыргыз балдарды: "менин кандай отношением бар экен" деген 'мырзаларды'
02.04.2013. 23:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
09-10-2012
Соӊку аракети:
07-11-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
0
сотторду кошо бычыш керек
03.04.2013. 01:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
27-01-2012
Соӊку аракети:
08-11-2015 06:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
0
Тарбияга чакырбайсынарбы деген кыргыз кыздарыбызга айтаар созум, биз аларды "тарбиялап" соттолуп кетсек(созсуз ушундай болот) биз тарап болот беленер? Жок! Анда кайдан жайдан белгисиз гумандуу кыздарыбыз чыкмак бул акмактарды(бизди) соттош керек деп. Анан тияктан чыккандан кийин дагы бул адам тээтиги ангилерди тарбялаган деп тосуп алсанар кана? Жок акыркы желмогузду коргондой карайсынар... Мага койсо баардык ангилерди сотко жеткирбей эле тынчытмакмын...
03.04.2013. 09:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
27-08-2012
Соӊку аракети:
19-10-2013 07:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташкенттен келген кыргыздардан болот ушул акмак
03.04.2013. 13:10 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
19-03-2013
Соӊку аракети:
14-08-2013 12:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин соттор ошол экоонон тойгончо акча жешкен да,ылайым ошол акчалары тешип чыксын, соттордун оздорунун кыздары дал ошол кыздай болуп олсун,озу биздин соттор акча жеп журуп олушот го, адамдардын каарына калышып,ал эми бул эки зоокурлор дун коздору корбой,турмодо чирип жок болсун.



Super TV
03.04.2013. 13:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
25-10-2011
Соӊку аракети:
13-02-2019 15:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун! Негизи мындай көрүнүштөргө эң биринчи КЫРГЫЗДАР өзүбүз күнөөлүүбүз. Ынтымак, биримдик деген жок анан башка улуттар өз жерибизде өзүбүздү кордойтта! Эгерде биз түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй бир муштумдай бирдиктүү болсок эч ким бизге кол көтөрө алмак эмес, тил
03.04.2013. 16:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
19-11-2012
Соӊку аракети:
29-06-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
0
Сотторго соз жок ошол озбектердин акчаларын жебей эле койушпаптыр миллион берсе дагы мынча эле акчанын кулусунар
03.04.2013. 19:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
12-11-2013 00:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бейиш багы
0
Оз элибизде,жарандарыбызды коргой албаса,анда Кыргызымдын намыской,адилет,баатыр жигиттери,орундукта олтурган сотторунун кандай пайдасы бар?!келинге кордук корсоткондордун башына да, ошондой жаза колдонуу керек болчу.Орттогонуно орттоо менен,зордуктаганына колу-бут,баш жандуу жерлерини жардамга келген органдарыны кесуу менен жооп,соттук окум чыгаруу керек.
03.04.2013. 19:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
05-11-2012
Соӊку аракети:
25-02-2014 23:52
Жынысы:
Белгисиз
0
мына карасан ал озбектин эми эмнесин аяп сот мынча узакка созулуп жатат же акчасын алып алышып кантип актап чыгарарын билбей жатышабы, оздору мойнуна алышыптырго, и еше аларды омур бою турмодо багып не кылышат мамлекеттин акчасын коротушуп эч тушунбойм
04.04.2013. 00:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
12-11-2019 20:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
saturn
0
оздорун дагы тируулой орттоп салса канааааа
04.04.2013. 01:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
23-02-2017 13:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
США
0
эээх жаман эле болуптур Мээримдин балдарына аябай ичим ачышып жатат бул жашоодо бактылуу эле болушсун байкуштар
04.04.2013. 01:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
25-03-2013
Соӊку аракети:
27-10-2019 21:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Men syrotyn koryp alyp jyrogym oorup kjatat, Ene baikuw bawy jok soogyn korgondo kandai gana abalda boldu, uwul abaldan kylmywty kylgandar otso e4 kabak kawym dep koiboit elem! Naalat, kargyw, kan koio berbeit, korgylykty korosynor, Moinunar menen gana emes bolgon my4onor menen joop berip kalgyla!artynda kalgan baldaryna jaman boorum oorup jatat, aman esen bolgula!
04.04.2013. 07:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
22-08-2014 20:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Яkyтck
0
Тyyра эмеc чечим чыгарган coттoрдyн ycтyнoн да иш koзгoп coттoп koздoрyн ачыш kереk алkымы чoндoрдy
04.04.2013. 09:57 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
6159
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-12-2019 09:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
akrosa, сайтка курамы окшош сайттын шилтемесин калтырганыңыз үчүн 5 күнгө сайттан четтетилдиңиз!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: