Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЛЕО КАЙРАДАН МЫКТЫ. БУЛ КАЛЫСТЫКПЫ ЖЕ?..

№532 11-17-январь, 2013-ж


Жаңырган жылдын 7-январь күнү Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФА чакан салтанат уюштуруу менен 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарып, футбол жаатында «Жылдын мыктыларын» аныктады. Макаланы ушул теманын тегерегиндеги талаш-тартыштарга арнамакчыбыз.

"АЛТЫН ТОП" КОЛЛЕКЦИЯСЫ
Бул күнү "Жылдын мыкты футболчусуна" ыйгарылуучу «Алтын топ» байгесин аргентиналык Лионель Месси 4-ирет утуп алды. Ошентип, аты рекорд менен синонимдешкен Месси "Алтын топту" үч ирет уткан Йохан Кройф, Мишель Платини жана Марко ван Бастенден ашып түштү. Биздин күндөрдө тарых жазып жаткан Месси: «4-ирет мыкты аталуу – укмуштуу көрүнүш. Сезимдерди айтып жеткирүүгө сөз таба алган жокмун",- деди. "Жылдын мыкты футболчу айымы" Эбби Вамбах (АКШ) болсо, «Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамы Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу Висенте дель Боскеге тийди. Айтылуу венгер футболчусу Ференц Пушкаштын аты берилген «Кооз гол» наамында словакиялык Мирослав Стох жеңүүчү аталды.
ФИФАнын версиясы боюнча 2012-жылдын символикалык курамына төмөнкү футболчулар кирди: И.Касильяс ("Реал"), Д.Алвеш ("Барселона"), С.Рамос ("Реал"), Х.Пике ("Барселона"), Марсело ("Реал"), Х.Алонсо ("Реал"), Хави ("Барселона"), А.Иньеста ("Барселона"), К.Роналду ("Реал"), Л.Месси ("Барселона") жана Р.Фалькао ("Атлетико"). Ошондой эле жыл бою футболдун өнүгүшүнө салымы зор инсандарга каралган
ФИФАнын президентинин атайын сыйлыгы бул жолу германиялык Франц Беккенбауэрге буюрса, «Таза оюн» ("Fair play") сыйлыгы Өзбекстандын Футбол федерациясына тапшырылды.

"АЛТЫН ТОП" ТУУРАЛУУ
«Алтын топ» байгесин 1956-жылы франциялык «France Football» спорттук басылмасынын башкы редактору Габриэль Ано негиздеп, бүгүнкүгө чейин 56 жолу тапшырылды. Сыйлык башта Европада
УЕФАнын желеги астында ойногон футболчулардын ичинен тандалып, мыктысына берилчү. Ошондуктан 1956-1995-жылдар аралыгында бул сыйлыкты жалаң европалыктар гана алып келишкен. Пеле менен Марадонанын аталган сыйлыкты албаганы да ушул себептүү. 1995-жылдан тарта сыйлык европалык клубдарда ойногон түрдүү континенттин өкүлдөрүнө тапшырыла баштаган. 2007-жылы жобо кайра өзгөрүп, дүйнөнүн бардык клубдарында ойногон футболчуларына добуш берүүгө мүмкүн болуп калды.

АДИЛЕТСИЗДИК ДЕГЕНДЕР ДА БАР...
2010-жылы "France Football" басылмасынын версиясы боюнча тапшырылуучу «Алтын топ» байгеси менен ФИФАнын версиясы боюнча «Жылдын мыкты футболчусу» наамдары бириккен. Сыйлык ээсин ФИФАга мүчө болгон улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары жана капитандары талапкерлердин жыл ичиндеги командалык жана жеке жетишкендиктерине карап аныктай башташкан. Ушул күндөн баштап ФИФАнын дарегине да сын айтыла баштаган.
Месси мыкты. Бирок... Акыркы 4 жыл ичинде «Мессизм» доору өкүм сүрбөгөн дүйнөнүн чоло жери калбады. "Футбол" деген термин колдонулган жерде анын номери, аты жазылган форманы кийген өспүрүмдөргө сан жетпейт. Роналду менен Иньестага караганда Лео көбүрөөк аздектелип, күн санап рекорд жаңылоонун үстүндө. Бирок күйөрмандар «2012-жылы ал командасы менен Испаниянын кубогунан башка эч нерсе ута алган жок» деп быйылкы сыйлыкты ага туура көрбөй жатышат. Андан айырмаланып Иньеста Испания менен Европа чемпиону аталса, Криштиану Испаниянын Лигасын утту. Негизи, киргизген голдор, рекорддор эмес, 1-орунда мелдештер каралышы керек эле.
Атаандаштык жоголуп кетти. Ооба, мындай деңгээлдеги сыйлык тапшырууда адилетсиздик болушу мүмкүн эмес. Бирок мурункудай атаандаштык жоголуп кеткенин эске алып, футбол сүйүүчүлөрү бул жолку сыйлык Мессиге буюрарын болжошкон. Сыйлык ээсин аныктоо иши курама командалардын машыктыруучулары менен капитандарына тапшырылышы эле жеңиш Месси тарапта экенин айткан. Анткени алар оюнчунун жетишкендиктерин талдап, калыс баа берүүнүн ордуна, өз табиттерине карап тандап көнүшкөн. Бир чети какшыктап, «бул сыйлыкты Мессиден башка мыкты бирөө алуусу үчүн же Месси ойнобош керек, же 209 курама команданын башкы машыктыруучулары менен капитандары алмашыш керек» деген сөздөр чыкты.
Баары «Барселона» үчүн... Мессинин ийгилиги ошол эле учурда «Барселонанын» да ийгилиги эмеспи. Ошол себептен
"УЕФА менен ФИФА «Барселонаны» колдойт" деген имиштер да чыккан. Кезинде бул имишти чыгарган мадриддик «Реалдын» башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньёнун ушул салтанатка баруудан баш тартканын айрым ММКлар ошол сөзү менен байланыштырды. Ал эми сыйлыктан куру калган Криштиану Роналду: «Үмүт бар. Аракет кылып, "Алтын топту" алса болот»,- деди. «Барселона» менен Испанияга тартат» деген кепке бир чети ишенгиң келет. Анткени жылдын символикалык курамына кирген 11 оюнчунун баары Испаниянын чемпиондугунда ойношот. Башка лигаларда ойногон Златан Ибрагимович, Жанлуиджи Буффон, Андреа Пирло, Дидье Дрогба сыяктуу оюнчулар деле тезек терип жүрбөй, мыкты оюн көргөзүшкөнүн ким танат?

Криштиану Роналду:
– Жакындарымдын айтканына караганда, Мессидеги күч менде да бар жана мен да кеминде 3 ирет «Алтын топту» алууга татыктуумун. Карьерамдын аягына чейин бул сыйлыкты алам деп ишенем. Мен бир иш кылсам, баарынан мыкты болууну, биринчи болууну жактырам.

Андрес Иньеста:
– Месси ушул темпте ойной берсе, 5-ирет «Алтын топту» аларынан шегим жок. Аны менен бир заманда жашоо, бир командада ойноо мен үчүн сыймык»

МЕССИ ТУУРАЛУУ АТАКТУУЛАРДЫН АЙТКАНДАРЫ

  • Хосеп Мингелья, машыктыруучу: «Месси – футболдун баңгиси. Ал топтон башканы ойлобойт жана өмүрүн ошого арнайт".
  • Хосеп Гвардиола, башкы машыктыруучу: «Мен жаш окуучуларыма «пас берип ойногула! Месси сыяктуу болбогула!» дечүмүн. Мен мындай оюнчуну көргөн эмесмин. Кийин неберелериме «Мессини машыктыргам» деп сыймыктануу менен айтам».
  • Деку, футболчу: "Мессиде табияттан берилген футболдук түшүнүк бар. Ал – феномен".
  • Самюэль Это’о, футболчу: «Футболдун Кудайын издесеңиз, анын аты Месси экенин биле жүрүңүз».
  • Райан Гиггз, футболчу: «Пеле менен Марадона Дүйнө чемпиондуктарынын жылдыздары эле. Месси улуттук курам менен эч нерсеге жете элек. Демек, тарыхтагы мыкты футболчу деп айтууга эрте».



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(7)
15.01.2013. 22:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
08-05-2019 23:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-2
Месси Барселона мн эле Месси, эгер ошончо кыйын болсо Аргентина мн да ийгилике жетиш керек эле. Аны мен мыкты оюнчу деп ойлобойм (жеке озум).
20.01.2013. 03:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
02-12-2011
Соӊку аракети:
22-12-2019 03:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Aziz91, ааламга коз чаптырып корчу, Барселонада кайсыл мамлекеттин оюнчулары коп ойнойт? конечно Испаниянын, азыркы убакта кайсыл мамлекет эн мыкты оюн коргозуп чемпион болуп келе жатат? конечно Испания! Месси озуле Аргентинаны чемпион кыла албайтко, ан учун бирге ойногон хотя бы 4 5 мыкты оюнчу болуш керекко! а азыркы убакта Барселонада дуйнодогу эн мыкты оюнчулар ойнойт ошон учун Месси чон байгелерге жетишип келет!!
14.02.2013. 23:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
08-02-2013
Соӊку аракети:
05-03-2019 23:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
instagram шаары) @rinat_imankulov
0
Aziz91, туура.Месси Хави,Иньесталар менен эле Месси да.Алтын топту Роналду алса болмок.Символикалык курамга:Ибрагимович,Руни,Пирлолор кирсе болмок!
18.01.2013. 13:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
25-01-2011
Соӊку аракети:
17-06-2017 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин оюмча макаланы жазган журналист дагы Роналдунун куйорманы окшойт. Месси гений ал алтын топту озунун таза жетишкендиктери учун алды деп ойлоймун.
19.01.2013. 17:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
03-06-2010
Соӊку аракети:
05-04-2019 20:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Менин жеке пикиримде ал бул наамга татыктуу! Оооба ал улуттук курамы менен ийгилик жарата элек. Бирок бул жерде анын кандай куноосу бар? Негизинен рекорд жаратты. Топту дагы мыкты ойнойт!
26.01.2013. 11:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-10-2011
Соӊку аракети:
03-11-2015 00:51
Жынысы:
Белгисиз
0
месси роналду несьета мейли алар, а уефа фифа барселонаны колдойт деген чын окшойт, неге айтып отулгон символикалык курамда англиянын чемпионатынан италиянын германиянын чемпионатынан еч ким кирген емес емнеси болсо азыркы заманда корупция деген куруп бутпогон нерсе бар
26.05.2013. 22:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
08-02-2013
Соӊку аракети:
05-03-2019 23:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
instagram шаары) @rinat_imankulov
-1
Быйыл ийгилик Роналду тарапка жылмайат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: