Архив
897   898   899  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЧУБАК АЖЫНЫ ЭЭРЧИГЕН ЧУУ ЖЕ АЖЫЛЫКТЫН АКЧАСЫ КАЙДА КЕТЕТ?

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж


Акыркы учурда дин тармагы саясатташып, саясатчылар динге аралашып, айтор, бул жаатта да коррупция дегениң төргө өтүп кеткен. Атүгүл динди жамынып карапайым калктын капчыгын кагып алган алдамчылар да, бийликтин этегине жашынып ажылыктын акчасына бир эмес, беш колун матыргандар да бар.

КАРЫЯНЫН КАТЫ
Редакциябызга мурунку муфтий Чубак ажы тууралуу доомат каты менен Казыбек Арзыгулов аттуу 72 жаштагы аксакал кайрылды. Катта анын көп жылдан бери беш маал намазын үзбөй окуп келгендиги жана бир топ убакыттан бери ажылык сапарга барууга ниеттенип жүргөндүгү айтылган. Анан акчасын топтоп, 2011-жылдын 13-сентябрында муфтияттын кассасына өз колу менен Меккеге барууга жол кире, тамак-аш үчүн 2350 АКШ долларын, 1000 сом муфтиятка, 300 доллар курмандыкка жана видеого деп 500 сом төлөгөн экен.
«Тилекке каршы, башка улуттун өкүлдөрү ажылык сапарга аттанып, биздин райондон бир топ кишиге орун жок, кетпей калдык. Акчамды кеч кайрып беришти. Чубак ажы муфтиятты жаманатты кылып, ажылыкка барчу адамдардан миллиондогон сомду сол чөнтөккө сологон. Текебер болуп, мүнөзү да өзгөрүп кеткен. Даттанып барсам кыйкырып, кабыл албай койгон. Анын айынан ажылыкка барбай калдым»,- дейт Казыбек карыя.

«ЧУБАК АЖЫ МУФТИЯТТЫ УЯТ КЫЛДЫ»
«Ажылыкка деп чогулган акчаны муфтиятта иштегендер эле жеп коюшат» деген сыяктуу кептер акыркы кезде коомчулукта байма-бай айтылып келет. Балким, бул сөздөр жөн жерден чыга калбаса керек. Чын эле ажылыкка чогулган акча кайда кетет? Бийликтегилер да аралашып, пара алышабы? Буга чейин муфтияттан же бийликтен ажылыкка барчу адамдардан пара алгандар жаза алыштыбы? Айтор, мына ушундай суроолорго жооп алуу максатында иликтеп көрдүк.
Муфтиятка баш баксак, «Чубак ажы жумуштан кетсе да, жеген акчаларын төлөсүн же болбосо мыйзам алдында жооп берсин!» деген талап менен бул жакка жер-жерлерден беш-алты аксакал келген экен. Алардын бири «Бакай» аксакалдар кеңешинин төрагасы Токтобай ажы Сатаев:
– Чубак ажы ажылыкка бара тургандардын акчасын 7 ай мурда эле чогултуп алган. Анын үстөгү кайда кетип жатат? Анан себепсиз эле жол киренин баасына 100 доллар кошуп койду. Орточо эсептегенде эле ар бир кишиден 1000 сомдон жесе деле 5000 адамдан 5 миллион сом чогултуп алып жатпайбы?! Бул акчанын баары кайда кетти? Кудай жолунда жүрүп да ушуну кылабы? Ал бүткүл муфтиятты уят кылды,- деп арыз-муңун ортого салды.

МУРУНКУ МУФТИЙДИН РЕФОРМАЛЫК КАДАМДАРЫ ЖЕМИШИН БЕРДИБИ?
Көз менен көрүп, кол менен кармап албаган соң күнөөлүү деп айтыш кыйын. Ачыгын айтканда, 2011-жылга чейинки жылдардагы ажылык сапарларда ар кандай көйгөйлөр жаралып келген. Мисалы, Ала-Тоодон Меккеге чейин автобус менен жолго чыккан ажыга барчулар жетпей, орто жолдон кайра келген учурлар болгон, авиакомпаниялар алдап кеткен, жасалма паспорт менен бир канча чет өлкөлүк жарандар ажылыкка барышкан жана башка түрдүү маселелер...
Бир нерсени моюнга алыш керек. Маселе экс-муфтийди актоо эмес, тактоо иретинде. Чындыгында, Чубак ажы Жалилов муфтий болуп турган убакта ажылыкка сапар 2010-жылдагыга салыштырмалуу 2600 доллардан 2350 доллар болуп арзандаганы анык (ал жылы казактар 3700, ал эми тажиктер 3348 доллар менен ажылыкка барышкан). Ажылыкты уюштуруу муфтияттын көзөмөлүнө өтүп, барчуларга акчаны банк аркылуу төлөө да киргизилген. Бул, биринчиден, коррупцияны жоюуга ишеничтүү кадам жана ажыга барчулардын ишин бир топ эле жеңилдетмек. Муну менен өткөн жылы өлкөнүн казынасына биринчи жолу салыктан 1 миллион 685 миң доллар түшкөн. Андыктан 2011-жылдагы ажылык сапарды уюштуруу мурдагы жылдагыларга караганда кыйла жакшы уюштурулду десе болот.

«АКЧАНЫ АЛГАН АДАМ ОРУСИЯДА КАЧЫП ЖҮРӨТ»
Учурда Чубак ажы Уламалар кеңешинен чыгарылган. Ага жолукканыбызда жумушунан ден соолугуна байланыштуу кеткендигин айтты.
Жогорудагы өзүнө карата айтылган айыптоолорго Чубак ажы Жалилов мындайча жооп кайтарды:
– Былтыр Токтогулдан эки адамдын мага кайрылганы чындык, себеби биз былтыр реформалык кадам деп биринчи кезекте акчаны банкка төлөй турган кылганбыз. Мурункудай эле ойлоп, адашып, казыятта иштеген адамдарга акча берип алгандар да болду. Ошол учурда Сүйүн ажы Ашбаев деген мырза борбордогу мечитте имам болуп иштеп жаткан. Ал ажыга барчу көп адамдардан алдап акча алып, анан Орусияга качып кетип, дале дайынсыз. Дагы жакшы, сиздерге кайрылган Казыбек аксакал акчасын убагында алып калган, айрымдар ала албай калышты. Ал аксакал мени «көөп кетти, кыйкырды» дептир. Мен деле инсанмын, балким, ал кандайдыр бир көйгөй болуп жаткан учурда келгендир. Эгер ошондо катуу сүйлөп алган болсом, ал адамдан кечирим сурайм.
Дагы айта кетчү нерсе, 2009-жылы ажылыкка 900 кыргыз, 2300 өзбек кеткен. Чет өлкөлүктөрдөн биздин квота менен кеткен да фактылар болгон. 2010-жылы ажылыкты атайын Улуттук комиссия жетектеди, ал жылдагы ажылык боюнча бизде эч кандай маалымат жок. Ал эми 2011-жылы 5070 адамдын ичинен болжол менен 2000 кыргыз, 2000 өзбек ажылыкка барды. Калганы башка улуттун өкүлдөрү, 18-19га чукул жаш кыздарды да жибердик. Чет өлкөлүктөргө бир да квота сатылган жок. Муну барып банктан сурасаңар, баарын тактап берет.
Ооба, ажылыкка жол кирени эрте чогултканбыз, анткени ким барарын тактап, аларга Меккеде жата турган жерин эрте камдаш керек болду. Анын үстүнө кыргыздар көбүнчө «ажылыкка барам» деп бизге келишет да, барарга аз калганда «акча таппай калдым, жумуш чыгып калды» деп башташат. Ушунун алдын алдык.
Учурда Чубак ажы тууралуу чууну изилдеп жаткандар да жок эмес. Муфтияттын көзөмөл бөлүмүнө кайрылып, мурунку муфтийдин иши тууралуу сураганыбызда бизге бөлүмдүн жетекчиси Абдужапар ажы Алымсак уулу азыр комиссия иликтеп жаткандыгын, бир айдан соң жыйынтык чыгарын билдирди.

БЫЙЫЛ 4500 АДАМ АЖЫЛЫККА АТТАНАТ
Албетте, ажылыктын акчасы кайда кетерин ар бир эле жаран билбесе керек. Так ошол билбегендиктин айынан динди жамынып «мен муфтиятта иштейм, быйыл мынча сомдон чогултуп жатабыз» деген алдамчыларга карапайым калк алданып калууда. Жыйынтыгында эл муфтиятты күнөөлөп жатып калат. Ошол себептен элге так маалымат берүү үчүн биз 2012-жылдагы Республикалык ажылык штабдын жетекчиси, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин орун басары Замир кары Ракиевден жооп алдык:
– Быйыл ажылыкка бара турган адамдар чогулта турган сумма 2250 долларды жана 1000 сомду түздү. Мындан башка эч кандай акча чогултулбашы керек. 1000 сом – документ иштери жана зыяратчыларды медициналык эмдөө үчүн чогултулган акча. Ал эми 2250 доллар барып-келген жол киресине, чек арадан өтүү үчүн төлөнүүчү чыгымга, Медина шаарындагы жата турган мейманканага, ажылык сапарда Медина жана Мекке шаарларындагы зыярат кылынуучу жайларга баруу чыгымдарына жумшалат. Ал жактан өзгөчө кырдаалдар да болуп кетиши мүмкүн, ошол себептен дары-дармекке да чогултулат.
Ар бир 48 кишиге бирден ажы башчы дайындалат. Ага ошол 48 кишинин 2250 долларынан 50 доллар айлык катары бөлүнөт. Ал киши сөзсүз түрдө билимдүү болуш керек. А болбосо карапайым калк эмне кыларын билбей, чачыранды болуп кетет. Быйыл ажылыкка 4500 киши аттанганы турат, ал эми жылда берилчү кошумча квота бул жылы берилген жок.

ДАЛИЛИ ЖОК КУРУ КЫЙКЫРЫКПЫ?
Ажылыкка баруу мусулман баласынын парзы эмеспи. Ошондуктан бул парздан кутулууну көздөгөн адамдар арбын. Тилекке каршы, ар жыл сайын ушул кырдаалдан колдонуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандар да болот. Акыры барып акча кайда кеткени дайынсыз бойдон калат. Күнөөнү бири-бирине оодарат. Мисалы, 2010-жылдагы ажылык сапарда Эмилбек Каптагаевдин уулу Кубанычбек тууралуу чыккан чуу. Ага «ал Тышкы иштер министрлигинде иштегендиктен, ажылыкка барчулардан пара алган, жасалма виза, паспорт жасап берген» деген күнөө жабылган. Бирок чындыктын бети ачылбай кала берди.
Дин иштери боюнча улуттук комиссияны жетектеген депутат Каныбек Осмоналиевдин да дарегине «муфтиятка формалдуу түрдө гана башкартканы болбосо, мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановду коркутуу жолу менен каржы жагын Каныбек Осмоналиев тейлеп турган. Бакиевге бергенден калганын өзү эле жымырып жүргөн» деген сөздөр айтылып жүрөт. Бул сөздүн анык-төгүнүн билүү үчүн депутат мырзага кайрылганыбызда ал «ажылыкты уюштурууну муфтиятка өткөрүп бергенбиз» деп бул жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты. Мындан тышкары да көптөгөн адамдарга карата «жеди, пара алды» деп чарбактарына таш ыргып жүрөт. Ыйман-ахлак тууралуу сабак берчүлөр да пара алышса, анда башкасы кайда барат?.. Баягы эле далили жок куру кыйкырык же ооз басырыктан чыга албай жүдөйбүзбү, ким билсин...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Чубак ажыны ээрчиген чуу же ажычылыктын акчасы кайда кетет?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
Super TV
23.09.2012. 02:29 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
02-08-2011
Соӊку аракети:
29-11-2013 22:34
Жынысы:
Белгисиз
-4
катын кишиге окшоп суйлойт экен)))баары эле таза,баары эле ак,бир куноолу адам жок озу Кыргызстанда.
Super TV
23.09.2012. 21:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-05-2012
Соӊку аракети:
25-02-2013 15:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-3
Озун ото эле таза,куноосуздой корсотот ко,анда аксакалдардын созун кандай тушунсок болот...
Super TV
23.09.2012. 21:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-05-2012
Соӊку аракети:
25-02-2013 15:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Озун мактап,башкаларды жамандап отту го,экс азирети муфтий)))кээ бир эмес,бардык эле мусулмандарга жаккан эмес ушул кишинин муфтий болушу,эркектей касиеттери аз го,тообба
Super TV
24.09.2012. 09:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
03-07-2012
Соӊку аракети:
26-04-2017 15:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажыны антип мыскылдабагыла!Ал жонокой инсан эмес.Мен ага ишенем.Ал таза.
24.09.2012. 10:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
30-08-2012
Соӊку аракети:
22-08-2013 10:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Чубак ажы аябай жакшы ишеген экенсиз, ачык саясат жургузуп жаткан экенсиз. Коро албастык болуп кеттиби айтор белгисиз. Мындан кийинки ишинизге ийгилик. Кудай алдында ак болсонуз болду.
24.09.2012. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
14-05-2012
Соӊку аракети:
31-12-2019 21:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Chubak Ajynynyn kadyryn bilbedik attiiiiiiiinnnnnnn
Super TV
24.09.2012. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-02-2012
Соӊку аракети:
28-01-2020 11:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Чубак ажыга ким жакшы да, жаманда соз айтсада ишенбеймин. Чубак ажы омурунуз узун болсун. Оомин.
24.09.2012. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 05:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажыдай же Абдышукур Нарматовтой муфтий болгонго башка татыктуу адам жок, ак иштеген учун, жей алышпай айланадагылар эле кетирип жатат!
24.09.2012. 15:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
14-05-2012
Соӊку аракети:
21-03-2018 14:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
future_kg, сизге толугу менен кошулам.
24.09.2012. 14:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
824
Катталган:
03-05-2012
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жолдошумдун хан сарайы...
0
Чубак ажынын куноосу жок деп ойлодум. Алладан корккон адам эч качан бироону алдап, акчасын жеп жана башка ушундай жаман жолдорго барбаса керек.
24.09.2012. 15:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-08-2012
Соӊку аракети:
01-07-2016 04:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы! Ит уро берет кербен журо берет. Ишинизге ийгилик!
24.09.2012. 17:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
28-01-2020 12:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тынчтык
0
Чубак ажыны колдойбуз!Эч бир кыныр иш кыла турганга окшобойт.Илимдуу,жонокой адам.Иштеринизге ийгилик!
Super TV
24.09.2012. 23:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-11-2010
Соӊку аракети:
25-02-2014 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
mashalla bul baike aivai jakshi ishtedi....Allah baikege den sooluk tynchilik bersin
25.09.2012. 09:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
25-03-2008
Соӊку аракети:
27-01-2020 09:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Чубак ажы, мен сизди эн ыймандуу жана таза адам экенинизге бекем ишенем. Абдан да билимдуусуз, болгону ушу сапаттарынызды коро албай жатышат деп ойлойм. Андыктан Кыргызстан учун, мусулмандар учун, Алла учун кызматынызды талыкпай аткара беришинизге тилектешмин!
Super TV
25.09.2012. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
25-11-2019 19:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
акааевтин копиясыгоо
Super TV
25.09.2012. 15:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
23-08-2015 15:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Ассаламу алейкум мусулман бир туугандар. Бул Чубак ажынын Кыргыз болуп, кыргыз элине иштеп бергенине Алах Таалага шугур айталы. Себеп мындай инсандар дуйнодо саналуу гана. Бул киши мейли башка мамлекетке барсын муфти кылып иштетээри ырас. Чубак ажы сизден Аллахым ыраазы болсун! Ал эми мыскылдап жазгандар Аллахта кечирим (тоба) кечирим сурагыла деп кенешимди айтаар элем
25.09.2012. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
30-12-2007
Соӊку аракети:
23-01-2020 02:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..:Жалган дүйнө:..
0
Куру доомат!
Super TV
25.09.2012. 20:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-01-2011
Соӊку аракети:
06-03-2013 10:16
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тилеке каршы Кыргызстан тарыхында ушундай да муфтий болуп отту, балким озунун ниети таза болгондур бирок тегерегине канча акмак болсо баарын чогултуп динди билбеген 4 киши Чубакты башкарып турушту, Чубак катындай болуп соттошуп жургонду мода коруп алды, кылганга жумушу калбай калгансып эротикалык багытта фатваларды берип журду, уят эле кыргызым качан ойгонобуз, молдо ушинтсе калганыбыз кайда барабыз?
26.09.2012. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
28-01-2020 08:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажыга Аллах ыраазы болсун!
Super TV
26.09.2012. 18:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
20-08-2010
Соӊку аракети:
10-06-2016 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кытай-Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы
0
"Чубактын кунунда чубалган иш" деген ушулбу. иштин учу кыйырын билбей туруп ак көп деп айта албайым, эмнеси болсо да АЛЛАХты оозунан түшүрбөгөн адамдарыбыз таза адам болуу жактан үлгү болсо экен эле жакшы жагынан.
27.09.2012. 06:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
07-02-2012
Соӊку аракети:
06-07-2014 12:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla yrazy bolsyn sizge.
Super TV
27.09.2012. 12:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-02-2008
Соӊку аракети:
16-04-2019 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Аллахтын сүйүктүү инсанын жамандап комментарий жазгандан көрө өзүбүздү оңдосок, Аллах Таала сүйгөн адамын Илимде Факих кылат, бул адам аябай факих илимдүү адам, Чубак устазды пайгамбар деген эч ким жок, бирок чындап соонун адам! Мусулмандардын баарына эле жаккан жок бүт мусулмандар үчүн жооп бербеңиздер.Муфтиятты кичине болсо да ичинен билген адам катары айтып коеюн, бул адам чындап
Super TV
27.09.2012. 12:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-02-2008
Соӊку аракети:
16-04-2019 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Анан Устаздын суйлогону боюнча Аллах кандай кылып жаратса адам ошондой болот, башкаларга окшоп өзүн жасаган жок болгон турпаты ошондой, эркек деген эркектей болуш керек деп жазыптырсыздар, эркек деген үнүн катуу чыгарып суйлогон адам эмес кылган ишинде эркек болушу керек!
Super TV
27.09.2012. 12:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-02-2008
Соӊку аракети:
16-04-2019 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эми азыр муфтиятта ким отурат, Муфтий Эгембердиев болду, коомдук иштер боюнча кеңешчи кылып Руслан Жумагуловду (бандитти) даярдаптырго, Чубак устазга ушулар (Руслан бандасы менен) каршы чыгышты, анткени Чубак аларды Муфтиятка жолотпой койбодубу
Super TV
27.09.2012. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
12-02-2009
Соӊку аракети:
29-12-2019 15:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким эмне десе ошону айта берсин, эч кимге тенелип деле кереги жок. Эн негизгиси АЛЛАХТЫ тааныган жана ыймандуу биздин мурунку муфтийибизге АЛЛАХ ыраазы болсун! Чубак ажы чындыкты суйлогон пенде!
Super TV
28.09.2012. 02:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
06-05-2011
Соӊку аракети:
14-02-2015 20:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Moldoke sizdin biliminizdi syilaim birok moldolor saisatka aralashyp kunoogo batyp atasynar siler degen saiasattan alys bolup shariattyn jolunan chykpashynar kerek
29.09.2012. 10:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-09-2012
Соӊку аракети:
26-03-2013 06:45
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAH сизге ыраазы болсун Чубак сады
29.09.2012. 10:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-09-2012
Соӊку аракети:
26-03-2013 06:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечириниз Чубак аажы
29.09.2012. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
23-09-2012
Соӊку аракети:
08-01-2020 02:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
каракол
0
ушу молдолорго тийишпей эле койсонор туугандар олсонор ушу молдокелер эле куран окуйт
Super TV
02.10.2012. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
05-09-2012
Соӊку аракети:
24-12-2019 00:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун сизге.Жакшы иштеген экенсиз ажыке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23533;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: