«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү апа: «ДООРОШУМДУ КИТЕПТЕГИДЕЙ СҮЙДҮМ»

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.


Сонунбүбү апа эшигин ачканда, кайсы бурчту караба, дубал бооруна илинген Дооронбек Садырбаевдин сүрөттөрү көзгө урунат. Музейге айланган бул үйдө жубайлар 17 жыл жашаптыр. А мен 47 жылдык турмуш-баян угуп отурдум.

«ДООРОШ КАПЫСТАН КЕТТИ»
– Өлүп калат деген ой түк жок эле. 2008-жылдын 27-майында оозунан кан кетти, 28и саат тогузда о дүйнөгө кете берди. Ал боз топурак астына кетсе, мен бир чуңкурга түшүп кеттим. Аскам кулады. Аябай жаман болдум, катуу кыйналдым. Камыр жуурусам да, көчөдө бара жатсам деле ыйлайм. Мобул көкүрөк толуп кетет. Он жаштагы неберем Шерболот "болбодубу, ыя, болбодубу! Папам бар го, мен бармын го?!" деп урушканга чейин барды. Мүрзөсүнө барып, кошокторду да үйрөнүп алгам, бакырып-бакырып ыйлап келем.
Аябай жакшы көрчүмүн. Атүгүл бирөө "ушул дарыдан мүрт кетесиң, ич" десе, аны деле жасамакмын. Муну уккан молдо кошунам "акемдин күнөөсү жок болчу, ал киши бейишке чыгат. Өз жанын кыйгандар болсо тозокко түшөт" деди. Ошону угуп бул ойдон кайттым.
Азыр бейшемби сайын боорсок жасап, аш демдеп куран окутам. Үч жыл аза күттүм. Бул аралыкта башым ооруканадан чыкпай, бирде кан басымым көтөрүлсө, кээде жүрөгүмдүн айынан дарыланып жүрдүм. Быйыл гана 13-февралда Доороштун туулган күнүндө куран окуткандан кийин конокторго бара баштадым.

«АЧУУСУ ЧУКУЛ ЭЛЕ»
– Кыялынын чорт экенин көбү билишет. Андыктан ачуусуна тийчү эмесмин. Кокусунан жини келип катуу үн чыгарып калса, ашканага кирип кетер элем. Беш-он мүнөттөн кийин кирсең, эч нерсе болбогондой унутуп калчу.
Акча эсептегенди «грамм» билчү эмес. Ичкилик дегенди жанына жолоткон да жок. Манты менен бешбармагымды жакшы көрчү. Үйгө бир нерсе алсаң эле уруш чыгат. Анткени "мага стол, ручка, анан сен болсоң эле жетиштүү" дейт эле. Айрыкча терезени парда менен жаптырчу эмес. "Асманды көрүп турушум керек, космос менен байланышам" дей турган.

«ДОН ЖУАН ДЕШЧҮ»
– Мединститутта студент кыздар "Дооронбек деген кыздардын баары менен жүрөт, аларды бузат да, кийин таштап кетет" дешчү эле. Аны уккан мен капканына түшүп калбайын деп оолак жүргөнгө тырышар элем. Биринчи жолу аны театралдык ийрим өтчү жайдан көргөм. Көрсө, ийримдин жетекчиси экен. Азыр да көз алдымда, маңдайымда ушунчалык сулуу бир жигит турат. Бети коло, мрамордон жасалгандай, чачы тармал, кийгени да жарашыктуу. Ичимден "бизге жетекчи кылып артист жөнөтүшкөн турбайбы" деп коём.
Ал колума бир текст карматып окутуп көрдү. Мен толкунданганымдан окуй алсамчы! Көзүмдүн кыйыгы менен карасам, мыйыгынан жылмайып отуруптур. Тамтаңдап окуп жаткан жаным, ого бетер тер кетти. Биринчи көз караштан сүйүү деген болбоду. Ушундай сулуу жигит мени карайт деп ойлогон да жокмун. Анткени ийримде, мединститутта Доорошту жакшы көргөн сулуу кыздар көп эле.

«БААРЫ СПЕКТАКЛДЕ БАШТАЛДЫ»
– Дооронбек жетектеп, Райкан Шүкүрбековдун "Менин айылым" деген спектаклин даярдай баштадык. Аны драмтеатрда эл алдына алып чыксак, гүл деген толтура. Ошондо Опера жана балеттен келген бир адам Дооронбекке "сенден кандай врач чыгарын билбейм, бирок режиссёр болбой калсаң искусство көп нерседен куру калат" деген экен.
Ошол эле спектаклди жайы бою Нарын, Ак-Сай, Арпаны аралап коюп жүрдүк. Жүргөнүбүз жүк машина. Бир күнү шаркыратма көрүп анын жанынан өтүп баратсак, Доорош капысынан "мага турмушка чыгасыңбы?" деп калды. Мен ага "ушинтип да сурамак беле?" дедим. Ага чейин көп бала менен сүйлөшүп көргөнмүн да, алар биринчи жакшы көрөрүн айтышчу эле. Жообун бербей качып баратам. Ал болсо аркамдан "башыңды эле ийкеп койсоң" деп шыбырайт. Ошондон тартып бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

«БИР АЙ АЧКА КАЛДЫК»
– Доорошко "үйлөнбөй туралы, али даяр эмеспиз. Мен башкага турмушка чыкпайм" десем көнбөдү. Анан баш кошуп алып бир айдай тыйын-тыпырсыз калдык. Окуусун таштап телекөрсөтүүгө режиссёрдун жардамчысы болуп орношту. Аванс тийгиче азыркы "Дордой" базары жактагы тери иштетүүчү заводдон телемунарага жөө барып-келип жүрүп батинкеси жыртылган.
Ал мезгилде Доорош күрөш боюнча курама командада болсо, мен биринчи разряддагы гимнаст элем. "Дордойдун" жанындагы суу сактагыч таптаза, экөөбүз узун-туурасынан сүзүп жарышчубуз. Азыр ошол суу сактагыч сазга айланып, бетин балыр каптап, тегерегин камыш басып кеткен. Сууну карап "сен да мага окшоп карыдың" деп калам.

«ТҮРКИЯНЫ ТАШТАП САЯСАТКА КЕЛДИ»
– Түркиядагы "Ихлас" деген киностудиянын чакыруусу менен кинорежиссёр болуп орношуп, алар бизге 4 бөлмөлүү үй, өзүнчө машина бөлүп беришти. Айлыгы 3 миң доллар. Ал жакта иштеп жүрүп, 1993-жылы Доорош "атамдын 40 жылдыгын өткөрөм" деп айылына жөнөп калды. Анан экөөбүз айылга бара жатсак, Сосновкадан тарта Токтогулга чейин зым карагайларды бирөө кыйып кетиптир. Анда уюлдук байланыш да жок эмес беле, Доорош "эл телефон байланышы жок калган турбайбы" деп катуу кейиди. Эми ал кезде Союз кыйрап, туш-тараптан талап-тоноо башталган эле. Ошонун баары таасир этип, "ишиңди таштаба" дегениме койбой Түркияны жыйыштырып Кыргызстанга келе берди.

«КАЙРАН ӨМҮРҮМ!»
– Үйдө бир күнү Доорош майда жумуштар менен алек болуп отуруп: "Мен чоңдорго таарынып жүрсөм, карапайым калк деле сатылып бүтүптүр",- деп калды. Каркыраны талашып жөө жүрүшкө катышып келген маалы болчу. "Жөө жүрүшкө барба, атмак түгүл, бирөө түртүп жиберсе өлүп каласың" дегениме көнбөдү. Ошондо бийликтин айдагы менен чыккан эл "сен Ошуңа, Текебаевиң Базар-Коргонуна, Болот Шерниязовуң Таласына кетсин!" деп таш менен кубалаптыр.
Доорош акыркы күндөрү таяк кармап калган болчу. Чолоктугунан эмес, алсыздыгынан. Төрт жыл мурун ууланса... Жогорку Кеңештин жанындагы боз үйдөн лагман жей коюп ууланып, он жылга карый түштү. Кийин ошол тейлеген кыздардын үстүнөн арыз жазалы десем караманча каршы туруп алды.

«ҮЗӨҢГҮЛӨШТӨРҮНӨ ЫРААЗЫМЫН»
– Дооронбекти "Эл баатыры" сыйлыгына каза болгондон кийин эле парламентте көрсөтүшсө, Курманбек Бакиев кол койбой койгон. Доорошум баласындай көтөрмөлөгөн, иши чыкса бүтмөйүнчө чуркап жүргөн Адахан Мадумаровго нааразы болуп жүрөм. Топурак салганга да келбеди.
Азыркы бийликке, Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева баштаган үзөңгүлөштөрүнө ыраазымын. Доороштун ысымын «Кыргызтелефильмге», өзү туулган айыл өкмөткө, андагы көчөгө, мектепке, Ош менен Бишкек шаарындагы көчөлөргө ыйгарышты, баатырлыкты беришти.

«УУЛУМ АЯБАЙ ЖООШ»
– Атасы эле баарын сүйлөп койгон окшойт, уулум токтоо, аз сүйлөйт. Зарылбектин эки уул, бир кызы бар. Өзү каржы тармагында билим алып, азыр бир досунун фирмасында директор. "Жалгыз балаң болсо, көтөрмөлөп бир кызматка коюп кой" деп Доорошко канча жолу айттым. Укчу эмес.
Азыр эми неберелерди карап үйдөмүн. Бирок пенсияга чыккандан кийин деле он жылдай ооруканада бөлүм башчы болуп иштедим. Үйдө отурайын десем, Дооронбек "айлыгың аз болсо да, күндө жасанып жумушка койкоңдоп барып-келгениң жакшы" дечү.

«ТҮШҮМӨ КӨП КИРЕТ»
– Экөөбүз кадимкидей сүйлөшөбүз. Айрыкча ыйлаган күнү сөзсүз түшүмө кирет. Кайтыш болгондон көп өтпөй акча ала турган документти таппай калдым. "Эми кантип жашайм же толтура оокат таштап кетпесең?" деп керебеттин жанында илинген Доороштун сүрөтүнө сүйлөп отуруп көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө "жардамчыдан сура" деди. Анан ойгонуп кеттим. Дароо жардамчысына телефон чалсам, камырабай "ал кагаз менде" деди. "Мурунураак айтпайт белең. Доорош өзү айткыча жүрө бересиңби?" десем, "качан айтты?" деп сурайт. "Азыр эле" десем, жардамчысы аябай таң калып, эртеси документти көтөрүп келген.

«ТИРҮҮ ЖҮРГӨНҮ ЖЫРГАЛ ЭЛЕ»
– Трибунада албууттана сүйлөп жүргөндө камтама болот элем. "Камап жибереби? Өлтүрүп койсочу?" деп. Доорош подъездден чыгып келе жатканда эле сүйүнүп алчумун. Жөн гана тирүү жүргөнү жыргал эле, "ээ, кемпир" деп чакыра эшиктен кирип келери менен үй кубанычка бөлөнүп жатып калчу. Доорошумду китептегидей сүйдүм.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
02.04.2012. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
08-04-2019 17:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Р.Ф гМосква
0
Эже,"Жамандын асылы болгуча жакшынын жесири бол" деген кеп бар элибизде.Сиз болгондо дагы ото жакшы кишинин байбичесисиз,артынызда балдарыныз бар,ошолордун омурун тилениз.Мен Дооронбек акени ото урматтайм,"Махабат Дастаны","Ак Баранын Коз Жашы" деген кинолорун коргон сайын коргун келет.Ар дайым куран окуйм бул кишиге багыштап.Жогорудагы эки киносун бул кишидей кылып эч ким тарта албаса керек эле.Керемет деп ушуну айтыш керек.
03.04.2012. 06:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
16-12-2010
Соӊку аракети:
15-11-2019 20:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында таланты бар,элим деген улуу адам эле.
04.04.2012. 01:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
13-12-2011
Соӊку аракети:
15-11-2019 20:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
0
Агайдын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!Сизге ден-соолук,балдарыныз неберелериниз менен кооп жашаныз!!!
08.04.2012. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
31-03-2012
Соӊку аракети:
24-06-2018 01:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дооронбек агайдын жаткан жери жайлуу болсун. Сизге омур берсин, баланыз, неберелериниз менен тынч аман болунуз! Мени окундургону, Д.Садырбаевдин саясатка аралашып, кино тармагын таштап салганы болду.Докенин орду кинодо эле. Анын тарткан кинолору "Оскар" сыйлыгына да татымак. "Сасык саясат" демекчи, Докенин патриоттуулугун, курчтугун саясат жон гана пайдаланып келди, саясатка аралашпаганда али коп жашамак,кыргыздын кино искусствосун, деги эле маданият тармагын бийике которот эле.
08.04.2012. 19:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
27-11-2007
Соӊку аракети:
05-07-2014 23:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Эжеке сизге таазим!
Сизге урмат!
"Вазир жакшы - хан жакшы, аял-жакшы эр жакшы"...
мен ушундай жакшы аял боло албаганыма уялдым, окундум....
18.04.2012. 15:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
14-03-2012
Соӊку аракети:
16-05-2014 22:27
Жынысы:
Белгисиз
0
мен "Акбаранын коз жашын" кыргыз фильминдеги эн чон жетишкендиктердин бири деп эсептейм. эже, менин атам да 71инде каза болуп калган, коп жактары атама аябай окшош экен. айтат го. кудай деле жакшы коргон адамын алып кетет ,жаманды эрте алып эмне кылат деп. ага бербей аяп койгон жашты сизге берсин, баланыздын жакшылыктарына кубо болуп узак жашаныз. ден соолук каалайм сизге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: