«Жылдын супер дуэти»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АККОРДЕОНЧОН АЯЛ

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.


Күн сайын биздин кеңсенин босогосун өнөр адамдары атташат. Өткөндө аккордеонун көтөрө келген Мирлан Баеков “Кызыл өрүгүн” эзилип ырдап кеткен болсо, бул ирет КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева аккордеону менен келип, ырдап кулак сүйүнттү. Бүгүн сиздерге аккордеончон аял сырларын төгөт.

«БЕЛЧЕБИЗДЕН СУУ КЕЧИП ШАЛЫ ОТОЧУБУЗ»
–Мен 1967-жылы 6-мартта Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөм. Жер жайнаган дарбыз-коон, алма-өрүк бышкан жерде төрөлгөнүмө кубанам. Бала кезден сууга белчебизден батып күрүч эгип, шалы отоп, тамекинин арасында чоңойдук. Биздин айылга бир эже совхоздун директорунун катчысы болуп келген эле. Ошол эже сумка көтөрүп, туфли кийип тыкылдап өтчү. “Ушул эжедей болуп туфли киер бекенмин...” деген кыял жашаар эле. Ал убакта шалы отоп, тамеки чаап жүрсөк, өмүр бою ушинтип өтүп кетем деп корксом керек да.
5-класста дүкөнчү болом деп чыктым. Дүкөндө шоколаддардын турганын көрүп, “дүкөнчү болсом, ошолорду сатып албай жейт элем” деген үмүт экен да. Сыягы, бала кезде таттууга организм канбай калса керек.

«ЖҮГӨРҮНҮН АРАСЫНА КИРЕ КАЧЧУМУН»
–Куршабда музыкалык мектеп ачылып, 4-класстан баштап анда окуп калдым. Биздин айылдан Куршабга чейин 3 чакырым. Жолдун алыстыгына карабай ошол жакка каттачумун. 6 күн сабак болсо, 3 күнүм жолдо өтчү. Анда тартип катуу эле да. Кыздар совети деген бар болчу. Автобустар каттаса каттайт, каттабаса жок. Мугалимдер “Нарбаева, сен көчөдө эле жүрө бересиң!” деп урушушчу. Жолдун бир жак четине жүгөрү, бир жагына тамеки эгилген болот. "Нарбаева жолдо жүрөт" деп чогулушта айтпасын деп, алыстан караан көрсөм, тамеки же жүгөрүнүн арасына кире каччумун. Караан өтүп кеткенде карап, мугалимим эмес болсо, жинденип, “бекер жашындым” дээр элем. Ошентип, мектепти, музыкалык мектепти да ийгиликтүү бүттүм.

«БИР БӨТӨЛКӨ ШАМПАН ИЧИП МАС БОЛГОМ»
–Улуу агам Ташкентте окугандыктан, “музыкалык билимиң бар, аны улантышың керек” деп Ташкенттеги Театралдык институтка алпарды. Ташкенттемин. Кыргызстандагы өзбектер менен ташкенттиктердин тили таптакыр окшошпойт экен. Сөздөрүнө түшүнбөйм. Биринчи эле өзбек адабиятынан экзамен болду. Мага “Хамза Хакимзаданын хикоялары” (ырлары) деген билет келди. “Хамзаңарды кинодон гана көрбөсөм, билбейм” дедим. Чын да, өзбек эмес, кыргыз адабиятын араң окугам. Анткени биздин убакта окуу аз эле, жайында чөпкө, сентябрда пахтага айдашчу. Советтик окуучуларды окууга караганда эмгекке үйрөтүшчү эмес беле. Төрт теманы бир өтсө, кантип жетишмек элек? Анан “кайдан болосуң?” деди. “Кыргызстан, Ош, Өзгөндөн” десем, “Ошту, Чыңгыз Айтматовду, Өзгөндүн күрүчүн билебиз” дегенинен Айтматов тууралуу, өзгөн күрүчү жөнүндө айтып берип койдум. Атайын келипсиң деп “3” коюп чыгарышты. Экинчи сынакта өзбек тилинен дил баян жазыш керек экен, “2” алып, өтпөй калдым. Айылга кайтып барыштан уялдым.
Агам Жалал-Абад Маданият техникумуна киргизип койду. Техникумдан үйлөмө аспаптар оркестри боюнча 4 жыл билим алдым. “Техникумга мугалим болуп кал” дешкенде ата-энем уруксат бербей коюшкандыктан, Өзгөндөгү Ленин атындагы №2-мектепте иштеп калдым. 4 жыл катары менен Оштогу Пединститутка тапшырып, эч өтө албай койдум. Ал убакта акча менен окууга өтүү деген башталып калган учур. Өзүм пенсионердин кызы болсом, алган акчам 60 сом болсо, кайдан өтмөк элем? Бешинчи жыл дегенде эч кимге айтпай Бишкекти көздөй бет алдым.
Тааныш эженин үйүнө барып, Ишеналы Арабаев атындагы Мам­лекет­тик университетке тапшырып, өтүп кеттим. Ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпа. Тиги эже “жуубайсыңбы?” десе, сүйүнгөнүмдөн шампан көтөрүп келиптирмин го. Ичимдик ичкен уят болчу да, эңсеген тилегим орундалганына ка­туу кубанган окшойм, бир бөтөлкө шампанды өзүм ичип салдым. Башым айлангөчөк. Ошондо ойлогонум “качан соолугам же ушул боюнча аракеч болуп каламбы?” деген болду.
Ошентип, окууга өтүп, айылга бардым. Өзүмдү ушунчалык бактылуу сезгенимди айтпа. “Мени айылдагылар көрсө экен” дейм. “Карапайым үй-бүлөнүн кызы Фрунзедеги жогорку окуу жайга өтүп кетиптир” деп айтышса экен дейм.

«АПАМДЫН ЖООЛУГУ МЕНЕН ДАРЫЛАНАМ»
–Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Эки агам өтүп кетти. Атам айылдык Кеңеште, райондук милициянын жетекчиси кызматтарында иштеген. Апам аялдар кеңешинин төрайымы болгон.
Мен үйдүн кенжесимин. Апам мени 40 жашында төрөгөн. Ал кезде эжемдер турмушка чыгып калган учур экен. Алар уялып, “апа, алдырып салыңыз, биз менен жарышып төрөйсүзбү?..” деп урушушат. Апам болбой коёт. Төрөт үйүнө да “апабыз карыганда төрөдү” деп уялып барбай коюшуптур. Эжем “сени көргүбүз да келбей, биз каалабаган бала деп жеридик. Бетиңди ачсак, кашы-көзүң кара кыз экенсиң. Анан “ий, көтөрө береличи, сулуу экен” деп көтөргөнбүз” деп күлүп калат.
Үч-төрт жыл болуп калды, ата-энем катарынан өтүп кетишти. Мага көбүрөөк мээрим төгүшкөн экен, көзү өткөндө көбүрөөк кыйналдым, аза күттүм, тоом кулап калгандай болду. 3 жылдан соң концерт берип, Салижан Жигитовдун “Шуулдаба, теректерим” деген ырын аткарып элди ыйлаттым. Апамдын көзү өткөндө бир жоолугу менен жайнамазын алган элем. Айылга барганда көйнөгүн кийип, жоолугун салынып алам. Азыр да ооруп калсам, апамдын жоолугун башыма салам да, жеңилдеп калам.

«АККОРДЕОНУМ – СЫРДАШЫМ, МУҢДАШЫМ»
–“Кыз балага оор болот, эркектер ойнойт” десе да болбой аккордеонго көндүм. 9 аккордеонум бар, бардыгы белекке келген. Алгачкы жолу сахнага Рыспай Абдыкадыровдун 55 жаш мааракесине карата уюштурулган концертте ырдап чыктым. “Сахнага эмне киесиң?” дешсе, “эч нерсем жок” десем, “узун көйнөк кийип чык” дешти. Анан базар аралап узун көйнөк таап, таң аткыча жылтырак кадап уктабай, эртеси сахнага чыгып бутум титиреген. Эл аябай жакшы кабыл алды. Ошол мага чыгармачылыкка болгон кадам болду. Быйыл 11-жолу концерт берем. Сардарбек Жумалиев жетектеген оркестрде, Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн оркестрде эмгектенем.
Өткөндө гезитке “Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн” деп анонс берген турбайсыңбы, менин ыр саптарымдан алып. Эми жолуккан эле адам “кайсы сүйүүңдү айтасың, кимди сүйдүң?” деп сурачу болду. Ооба, жүрөгүмдө сүйүү бар. Бирок менин сырдашым, муңдашым, курбум – аккордеон. Аккордеонум менен үй-бүлөмдү багып жатам. Эл-журтумдун дилине тамак тартуулап, эңсөөсүн кандырып жатам. Аккордеон аялзаты үчүн оор, моюнуң ооруйт, желкең уюйт. Бирок ооруганына да кайылмын...

«БАЛДАРЫМ – ЭКИ КАНАТЫМ»
1-курсту бүткөндө Кызыл-Кыяга келин болуп бардым. Атабыз Политехти бүткөн. 2-курста Акмарал аттуу кыздуу болдук. Жолдошум “окубай эле койбойсуңбу, мен багам да кийин” дейт. “Бул жакка турмушка чыкканы келген эмесмин, окуйм” деп айттым. Айылдан сиңдимди чакыртып бала каратып, окуумду бүтүрдүм. Мына ошондон бери борбордогу №67-мектепте мугалиммин, иштегениме 25 жыл болот. Кызым Юридикалык академияда 4-курста, уулум Темирлан Эл аралык университетте окуйт. Балдарым – эки канатым.
Жашың улуулаган сайын карыгың келбейт” дегендерге кошулбайм. Анткени ар бир жаштын өзүнүн сулуулугу болот. Ар бир жашымды, жылымды майрамдай өткөрүп келатам. Балдарыма жакшы тарбия берсем, аларга үлгү болсом экен деп жашайм.

Бурул Исмаилова
star@super.kg



Аккордеончон аял - Алтынай Нарбаева (1-бөлүк)

Аккордеончон аял - Алтынай Нарбаева (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(13)
Super TV
11.03.2012. 01:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
08-06-2014 19:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Кыргызды, кыргыз кылып турган ушундай чыгаан кыздарыбыз бар экенине сыймыктанамын. Кыргыздын татынакай ырларын, булбул уну менен Алтынай айым дагыда коркуно-корк кошуп ырдап келет. Чон ыразаазычылык сизге!!! Албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди багындыра беришинизге тилектешмин, уйбулоонуз менен бактылуу болунуз!!!
12.03.2012. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
12-08-2011
Соӊку аракети:
31-05-2019 13:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Кимибизден деген ыры м.н ооруп журом
12.03.2012. 11:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
22-05-2007
Соӊку аракети:
14-09-2015 15:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Алтынай эже, Чыгармачылык ийгилик, уй булолук бакыт каалайм. Мен дагы аккордеон ойнойм, артист эмесмин, бирок аккордеонго болгон суйуум соз менен айта алгыс. Сиз аккордеонго болгон сезимди туура чагылдырыпсыз. Ийгилик каалайм эже !
12.03.2012. 11:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-03-2012
Соӊку аракети:
23-06-2012 17:27
Жынысы:
Белгисиз
0
altinai ege molodez
12.03.2012. 13:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-07-2011
Соӊку аракети:
19-08-2013 10:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Алтынай эже мен сиздин талантынызды баалайм, бар болунуз!
Super TV
12.03.2012. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
12-02-2009
Соӊку аракети:
07-12-2019 12:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Радиодон берген интервьюсун угуп Алтынай эжеке - кең пейилдүү, мээримдүү жана адмакерчиликтүү жакшы Инсан экени билинди!
Бар болуңуз жана бактылуу болуңуз Алтынай эжеке!
13.03.2012. 01:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
17-12-2014 22:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Воронеж
0
Ар бир ырыныз жан дуйного дем берет. Сизге ийгилик эже,ар дайым бар болунуз.
Super TV
13.03.2012. 12:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-02-2012
Соӊку аракети:
19-06-2012 13:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжекенин ырлары аябай сонун, маанилуу. Ишинизге ийгилик, бар болунуз!!!
Super TV
14.03.2012. 01:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-03-2012
Соӊку аракети:
15-05-2019 18:20
Жынысы:
Белгисиз
0
апам оло жактырат ырларын апамды сагагындым
15.03.2012. 12:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
18-09-2010
Соӊку аракети:
20-12-2014 13:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынай эже биз-Кызыл Октябрлыктар сиз менен сыймыктанабыз. Сиздин унунузду радио жетеледен укканда менин эжем деп сыймыктанып айтып мактанып келем. Эже ар дайым ден соолукта болунуз! Уул кыздарыныздын ,элиниздин бактына аман болунуз! Булбулдай унунуз бий оболоп, ааламды жаныртып журо бериниз! Сизге чыгармачылык ийгилик, уй булолук бакыт , ден соолук калап айылдаш ининиз Куттубек.
16.03.2012. 10:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
14-03-2012
Соӊку аракети:
16-05-2014 22:27
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз эже, анча мынча эркек Рыспайдын ырын жеткиликтуу ырдай албайт, сиз келиштиресиз тим эле. Кыргызстанга барсам созсуз концертинизге барам. ийгилик сизге, бар болунуз!
Super TV
23.03.2012. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
эжеке иштеринизге ийгилик!
Super TV
09.04.2012. 10:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
09-03-2015 21:48
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге ийгилик 487
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23288;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: