Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШТУН «АТАСЫ» ЖЕ ПАНКРАТИОН

№481 20-26-январь, 2012-жыл


Бир кезде бокс популярдуу боло боштаганда "негр нанга да акчаны бокстон табат. Анткени жеңсе да, жеңилсе да акча алат" деген кеп тараган. "Учурда бул көрүнүш эрежесиз эр урушка ооду" дешет адистер. Мушкер боксту, балбан күрөштү таштап эрежесиз эр урушка өткөнүн көрүп, ал кепке ишенбей коё албайсың. 8 бурчтуу тор аянтчада өтчү панкратиондо эмне кызык бар?

ПАНКРАТИОН ДЕГЕН ЭМНЕ?
Олимпиада оюндарына кирген алгачкы спорт түрү панкратион (грекче "пан" – "баары" жана "кратос" – "күч-кубат") Байыркы Грецияда пайда болгон. Анда эрендер атаандашын өлтүрбөшү жана тиштебеши үчүн гана көзөмөл болсо, 1960-жылы америкалык Жим Арвантис ага учурда колдонулуучу эрежелерди киргизген. Бүгүнкү күндө Евразия, Америка жана Бразилияда тамыр жайган панкратиондун Эл аралык федерациясы өз ичине 200 өлкөнү камтыйт.

ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШТУН "АТАСЫ"
Панкратионду эрежесиз эр уруш түрлөрүнүн "атасы" дегенге болот. Анткени азыр ааламга кенен тараган MMA, стайкфорс, вале-тудо, миксфайт, ЮФС сыяктуу эрежесиз эр уруш түрлөрү панкратиондун эрежелерин алган. Аталыштары ар башка болгону менен, эреже жагынан айырма жок. Айта кетсек, окумуштуулар эрежесиз эр урушчулардын көбүнчө атаандашынын колу-бутун чоюп, муунтуп жеңерин аныкташкан. Анан да атаандашты нокаутка уруу бокско салыштырмалуу аз катталат.

ЭРЕЖЕЛЕР

Салмак категориялар
93-120 – супер оор салмак
84-93 – жарым оор салмак
77-84 – орто салмак
70-77 – жарым орто салмак
66-70 – жеңил салмак

Убакыт
Негизинен, беттештер 3 мүнөттөн турган 2 раунддан турат. Ал эми кур үчүн болгон беттештерге 5 раунд бөлүнөт.

Кийим, коргоочу жабдыктар
Эрендер алаканы ачык мээлей, оозго капа (тишти коргоочу каражат) жана жука чурайга бандаж кийүүгө тийиш.
Эркектерге рингге чолок шым гана кийип чыгуу каралса, айымдар чолок шым менен спорттук төш тарткыч кийишет.

Тыюу салынат!

  • Чыканак же муштум менен желкеге урууга.
  • Жыгылганда атаандашты тизе менен тебүүгө.
  • Баш менен сүзүүгө жана кыр аркага сокку узатууга.
  • Жука чурайга, кекиртекке, кежигеге жана кыр аркага сокку узатууга.
  • Көздү чукууга, манжаларды кайрууга жана апчып-чымчууга, тиштөөгө.
  • Кулакка, оозго, чачка асылууга .

Жеңиш сеники, эгер...

  • Атаандаш беттешти токтотуу үчүн жерге, же атаандаштын денесине 3 ирет чаап билдирсе же анын машыктыруучусу рингге сүлгү ыргытса.
  • Нокаут же техникалык нокаут. Атаандаш эсин жоготсо же дарыгерлер "беттешти улантууга болбойт" дешсе, секунданттар беттештен баш тартса.
  • Калыстын чечими. Калыс упайдын артыкчылыгына же эр урушчунун даярдыгынын мыктылыгына карап чечим чыгарса.

Жеңем десең...

  • Бут, кол жана тизе менен сокку узатып упай топтоо керек (жатканда узаткан сокку эсептелбейт).
  • "Бросок", кол же бутту кайруу, муунтуу менен атаандашты беттештен баш тартууга аргасыз кылуу керек.

8 БУРЧТУККА КОШ КЕЛИПСИЗ!
Металлдан турган 8 бурчтуктун диаметри 3, бийиктиги 2 метрди түзөт. Беттеш маалында ага 2 мушкер жана 1 калыс гана кирүүгө тийиш.
1. ЭРЕНДЕР. Бири көк, бири кызыл бурчка жайгашуусу кажет. Алардын мээлейлери да бурчтун өңүндө болуп, мушкер кайсы бурчтун өкүлү экени билинип турушу керек.
2. КАЛЫСТАР. 8 бурчтукка кирерде текшеришет. Андан соң эрен рингдеги негизги калыска тапшырылат. Ал эрежелердин сакталып жатканына көңүл бурат.
3. ДАРЫГЕРЛЕР. Ар бир спортчуга бирден дарыгер дайындалат. Ал эрен кансырамайынча же башка кокустуктар катталмайынча темир торго кирүүгө акысыз.
4. СЕКУНДАНТТАР. Раунддар аралык тыныгууда эрендердин денесин жибитүү үчүн массаж жасап, муз менен сүртүшөт. 8 бурчтукка ар бир мушкердин 2 гана кишиси кире алат. Эгер мушкер дарыгерге муктаж болсо, секунданттардын бири дарыгерди киргизип, өзү чыгып кетиши керек.
5. КАПТАЛ КАЛЫСТАР. Беттеш 3 каптал калыстын көзөмөлүндө өтүп, алар упай санап, жеңүүчүнү аныкташат.
6. БАЯНДАМАЧЫЛАР. Беттештин жүрүшүн баяндоочулардын 8 бурчтукка жакын отурганынын себеби – мушташтын жүрүшүн так чагылдырууга, жеңүүчүдөн интервью алууга ыңгайлуу экендигинде.
7. УЮШТУРУУЧУЛАР. Рингге жакын отурган жетекчилер жеңүүчүлөрдүн атын жарыялашат.
8. КЫЗДАР. Бул кыздар жигиттерге көз кыскандан тышкары кайсы раунд болорун билдирип турушат.

КЫРГЫЗ ПАНКРАТИОНУ
Советтик бийлик тушунда эрежесиз эр уруштарды өткөрүүгө катуу тыюу салынгандыктан, Кыргызстанда панкратион 90-жылдары гана пайда болгон.
Кыргыз панкратионунун алгылыктуу жеңиши деп Канжарбек Кыдыралиевдин 2 ирет Евразия чемпиону болгонун айтсак болот. Бирок аталган федерация 2006-жылдан тарта белгилүү себептер менен ишин токтотуп, өлкөдө эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы жандана баштаган. Соңку мезгилде бул версияда ийгиликтер көп жаралууда. Ушундан улам эл көзүнө көрүнүп калган эрендерди кепке тарттык.

Актилек Жумабек уулу
2 жолку КМШнын (2010-2011-жылдары) жана 2 жолку Азия чемпиону (2011).

Лакап аты – Алгыр
Жашы – 20да
Жердиги – Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылы
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм

– Бул кооптуу спортко кантип келгенсиң жана анын курмандыгы болуп көрдүң беле?
– Бул спортко мен акча үчүн эмес, өлкө желегин желбиретүү тилеги менен 2009-жылы келгем. Иттей кылып тордун ичине камап койсо, жеңип чыгуу оңой эмес. Спорт да, жеңесиң, жеңилесиң... Эсимде, бир ирет Бишкекте мушташып жатканда жыгылып калсам атаандашым бетке тээп жиберген. Мурдум сынып кеткен экен, дарылатып араң калыпка келтиргем. Анан Казакстанда да ушундай болгон. Атаандашымдын бутун чоёюн деп жатсам, 2 ирет бутумду тиштеп салган. Оор жаракат болгон эмес, ошентсе да казак калыстардын карабай койгонуна кейигем.

Рашит Аманкулов
Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону (2011).

Лакап аты – Мушкер
Жашы – 24тө
Жердиги – Кара-Суу району, Жданов айылы
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 92 килограмм

– Беттеште өмүргө кооптуулугу же майып болуп калуу коркунучу бар. Андан Кудай сактасын, бирок мындай кырдаалдар үчүн ким жооп берет?
– Өзүбүз жооп беребиз да. Ата-энебиз ошон үчүн көп каршы болот. Беттешке чыгардан мурун "бардык кокустуктар үчүн өзүм жооп берем" деген келишимге кол коюп, нотариустан күбөлөндүрөбүз.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg



Эрежесиз эр уруштун "атасы" же панкратион

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
Super TV
24.01.2012. 18:19 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
07-08-2011
Соӊку аракети:
12-10-2019 21:36
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы дагы умтула бер биздин спортсмендер кичине чыгып эле кылбай коюшат токтобой аракет кылсан сени эч ким токтоталбайт
Super TV
24.01.2012. 19:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
25-11-2011
Соӊку аракети:
04-01-2015 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
иркутск
0
кыргызстан алга
Super TV
24.01.2012. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
10-12-2011
Соӊку аракети:
14-10-2019 10:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Алгыр!!!
Super TV
24.01.2012. 22:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-11-2011
Соӊку аракети:
23-02-2016 20:03
Жынысы:
Белгисиз
0
мен силерге албан албан ийгиликтерди каалайм
Super TV
25.01.2012. 05:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-01-2012
Соӊку аракети:
21-08-2015 05:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан
Super TV
25.01.2012. 18:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
25-11-2011
Соӊку аракети:
04-01-2015 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
иркутск
0
мушташтарын жуктогулочу сайтка
25.01.2012. 19:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
25-11-2011
Соӊку аракети:
04-01-2015 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
иркутск
0
мушташтарын сайтка жуктогулочу
Super TV
26.01.2012. 02:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-09-2011
Соӊку аракети:
07-02-2012 04:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга! Азамат!!!!
26.01.2012. 05:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
07-10-2011
Соӊку аракети:
03-12-2012 20:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
UlutchUl
0
мен дагы спорттун ушул туру менен машыксамбы деп жатам.Жана албетте Баатырларга ийгилик Олконун намысын коргоп журо бергиле!азаматтар!
Super TV
26.01.2012. 11:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
30-04-2015 00:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгаа Кыргызтандыктар
Super TV
26.01.2012. 12:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-01-2012
Соӊку аракети:
07-06-2012 07:34
Жынысы:
Белгисиз
0
алга
Super TV
26.01.2012. 16:36 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
25-11-2011
Соӊку аракети:
04-01-2015 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
иркутск
0
мушташтарын качан жуктойсунор
09.06.2016. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-12-2014
Соӊку аракети:
09-07-2019 11:43
Жынысы:
Белгисиз
0
сураныч ufc жонундо да жазгылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: