Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР

№466 7-13-октябрь, 2011


Шоу-бизнесте ырдай алабы, жокпу, өң-келбети келишсе эле ырчы болуп алгандар арбыды. Арасында чымыны барлары деле, таптакыр таланты жогу деле жүрөт, ырчынын санын көбөйтүп. Бир толкун каптап, андан чыга алгандары саналуу гана калса, акчалуулары ага карабай өйүз-бүйүздөн чумкуп өтүп жүрүшөт. Мурункуну кой, береги эле бир жыл ичинде “жылдыздар” жымыңдап өтө көбөйүптүр.

БЕКтин “АРМАНЫ”
Адегенде Бек Борбиев менен Алтынбек Алымовдун “Арманынан” баштасак. Жаңы жылдын алды менен эле Берадор мырза концерт берип, “Арман” деген топ түзгөнүн кабарлап, топтун тушоосун кескен. Анткен менен пиар жагынан ат чабым алыста калгансыйт, чаңы чыкпай. 4 жигиттен турган “Арман” тобу сахнанын жүзүн бир гана Бек мырзанын концертинде көрүүдө. Ошондон улам ой кетет, “бу топту Берадор менен Алтыке жалаң гана өздөрүнүн концерттеринде ырдатабыз деген ниетте түзүшкөнбү?” деген.
Бек концерт коёт. Бек укмуш ыр жазды. Алтынбек “Ак кушун” созгондо, ий...” деген сөздөр негедир бул топко айтылбай арманда. “Эч кур десе жигиттердин аттарын билип алсак болмок” деген кара көздөр канча? Күтө туралы, “Армандын” армандабай, шатыра-шатман кол чабууларга арзып кала турган күнү бардыр.

“ИМПУЛЬС” КЫРГЫЗДЫН “ВИА Грасы” БОЛБОЙ...
Үч кыздан турган “Импульс” деген топ ачылган болчу. “Элдин тамырын тартып, укмуш ыр жаратат. Кыргыздын “ВИА Грасы” болот” деп кээ бирлер үмүт этишкен. Тамырын тартып-тартпай жатып топ жоюлуп, жаңыланды. Экстерден кеп кылсак, “Импульс” тобу эки клип тартып, үч ыр жаздырган боюнча дайын-оту чыкпай калган. Жок, жаңылыштым, “Импульс” “Миң кыял FM`де” гана жаңырып калган эле да.
Кыскасы, “Эски бакты” жаңыртышса да, өзбектердин киносунан саундтрек кылып ырдап, клип тартышса да, “Импульс” миң түркүн кыялдарда гана жаңырып кала бергенсиди. Азыр топтон эки кыз кетип, ордулары башка кыздар менен толукталды. Кокустан жаңы кошулган кыздар калктын күрөө тамырын тартып ырдай алышса, анда эле “азаматтар!” деген мактоо сөзгө арзышат.

АЙБЕКтин “БЕЙНЕСИ”
Шоу дүйнөдөгүлөр “биз карыдык, кезекти жаштарга берели” деп топ түзгөнбү дейин десең, дегеле кебелбей сахнадан түшүшпөйт. Айбек акем да башкалардан эмнем кем деп “Бейне” деген топ ачты, 3 жигиттен турган. “Бейненин” бетин эл-журт бир гана жолу көрдү окшойт. Кайсы бир телеканалга Айбек, Гүланда ээрчите барышыптыр аларды. Ошол боюнча Карымовдун балдарынан дайын жок. Анча-мынча гана радиолордо ырдап калбаса, жигиттердин карааны көрүнбөйт. Бир клип тарттырган экен, аны пираттык дисктерге деле таратып койбоптур да.
Бир билгеним, бир укканым, “ай, диги-дигидай” деп ырдын кайырмасын созгондору эсимде калыптыр жигиттердин. Демек, алма сабагынан алыс түшпөгөн. “Бейненин” балдары кудум Айбек агасындай болуп “оо-ий, диги-дигидай” деп созуп, элдин эсин оодарып, ырлары менен сугара беришине тилектешпиз.

АЙКО – АЙЧҮРӨКтүн КӨЧҮРМӨСҮ
Айчүрөк айым ырчы кыздарды таптап чыгарып, “кайра тээп кетет экен” деп коркпой деле калды болуш керек. “Чырпыкты чынар кылдым” деген макалды ушул айымга байласак болот. Чырпыгы чынар болгондо чыр көрсөткөнүнө кейип жүрдү көпкө. Кийин “Клараны мен чыгардым” деп жүргөндө Клара Айчүрөккө суу куйду, “Айчүрөк эже күйөөсүнө мени жамаптыр” деп. Ага карабай Айко аттуу ырчыны азыр сахнага таптоо менен алек. Анжеликаны көргөндө “Айчүрөктүн эле көчүрмөсү” деген адамдар азыр Айкого карата ушинтип айтып калышыптыр. Күлгөнү, сүйлөгөнү, ал гана эмес, башын кылтыңдатып ырдаганы да Айчүрөк эжесинин өзү экенинен күмөн жок. Ишенбесеңер Айко аткарган “Кыргыз-и-станим” (кадимки «ы» тамгасын «и» деп айтуу жаш ырчыларда илдетке айланбадыбы) деген ырдын клибин көрсөңөр болот. Бир кездеги Айчүрөк ырдачу “Роза гүлү” менен “Кызыл гүлү” жадыңарда болсо, албетте.

КЕНЖЕнин “ЖЕБЕСИ”
“Кыз-Бурактын” чыры “АГК” тобу түзүлгөндө күчөп, “Жебе” чыкканда араң басаңдабадыбы. Кенже кыйын, “көрсөтөм дедимби, көрсөтөм!” деп жинденип, бир буту Казакстанда, бир буту Кыргызстанда болуп жүрүп да “Жебесин” катуу “атууда”. Жер-жерлерди кыдырып концерт койгонго да жетишти. Топтогу беш жигиттин кимиси ким деп айырмалай албайсың. Баары “кореамания заводдон” чыккансыйт чачтары үрпөйүп, беттери бозоруп. Үн жагынан алып карасак, жетекчи апчесине окшоп “р” тамгасына катуу басым жасабай, жумшартып ырдашат. Азырынча бир эле ыры жаңырууда, “Кечинде келемин сага” деген. Ага да Кенже эжекебиз кошулуп алган. Элестеткиле, 3 куплеттен турган ырды алтоо жарышып ырдап, күткөн адамына алтоо кетип баратканын. Канткен күндө да “Жебенин” жаалары (ырлары дегеним) бутага буйтабай тийсин дейли.

МЫНДАН СЫРТКАРЫ...
“Sexy, sexy” деп берилип ырдаган Арман деген ырчы бар. Арманды “Энрике Иглесиасты кумир тутат же туурайт” деп сындагандар четтен чыгат. Саламат аттуу ырчыны “Виктор Цойдой ырдап жатам деп элестетпей эле койчу” деп күлгөндөр көп. Амир Аскаров, Абир Касенов өңдүү ырчыларга “бир укканга болот” деген пикирлер айтылса, Энджейге “жүрөктү түшүрбөчү, көп боёнбо-о” деп жакаларын кармагандар аз эмес. «02.14» тобундагы жигиттерди «англисче акцент менен ырдашат. Үндөрүн компьютерде жасашат» дешет. Анткен менен аталган топ Жанат аттуу англис тилинде ырдаган жигити менен жаштарга сүңгүдү.
Акырында айтарыбыз, мейли чачын өстүрүп, көзүн боёшобу, мейли жөн гана бийлешеби, өнөр бар болсо, көрсөтө беришсин. Эң негизгиси, элдин сынынан сынбай өтсө гана таланты жерде калбай, ырчы катары сиңерин биле жүрүшсө...

Толик Сынчы
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(23)
10.10.2011. 15:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
01-04-2009
Соӊку аракети:
13-02-2013 00:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
кудая тобоо....
ырчылар козу карындардан да кобойуп кеткенго.
мен кобунчосун тааныбайт экем. мейли эми колунан келсе чамына беришсин
а так толик сынчы молочик. сонун нерсени жазып чыгыптыр. баса, бат баттан ырчыларды сындап турсанар жакшы болмок.
мисалы бул жылы типа звездалар ким эмне кылды, деген сыяктуу.
кызыктуу материалдарды дагы кутобуз чындыкты жазгандан кокпогула
10.10.2011. 21:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
318
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
18-10-2019 07:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
0
Kuudaai Salamat degen kantet juroktu tushurchudoi go tok urup ketken okshoit gitarasynan
10.10.2011. 21:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
318
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
18-10-2019 07:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
0
a jebe tobu koreilerdi tuurait okshoit tan kalychtuu emes buga dele konup buttuk go
10.10.2011. 22:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-12-2010
Соӊку аракети:
23-10-2016 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Айланайын, Саламат деген кайсы планетадан тушкон же Дима Биланды Рокер кырып туруп токко тартырып жибергенби??? Кичинекей болдарга ырчы болбо "бооо" болуп каласы, "бооо" деп суотрун алып алып коркутуш керек экен.
11.10.2011. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
01-09-2010
Соӊку аракети:
28-09-2019 21:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Берлин
0
jakshi kritika eken,sarkazmi kop :)maga jakti
11.10.2011. 11:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-08-2010
Соӊку аракети:
04-12-2014 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
кебетелерин коруп журогум тушту. Импульс чынында эле оздорун виа гра сезбей эле койсун. суротто алар айылдан бир жыл мурун келген кыздар бболуп калыптыр.
айко дейби, кудая тобо Анжеликага баары бир жетпейт.
Ак чач, кара чач болуп Саламаты да журот. слишком роккерге окшошуп алыптыр, бизге андай жарашпайт.
жебе менен арман дейби, экоо тен айылский вариант экен. ужас, кичине сахнага оригиналдук кылып чыгышпайбы. ужасс.
энджей дейби, ужасс бул педик, корунуп турат.бизге эрке
12.10.2011. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
20-09-2011
Соӊку аракети:
28-11-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эле калдым окшойт кошуналарымды топтоп, группа тузуп сахнага чыкпаган.
15.10.2011. 05:56 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
cristiano, мен дагы калыпмын.
12.10.2011. 11:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-09-2011
Соӊку аракети:
03-09-2012 14:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламат! Сенин ырын мага абдан жакты. Азаматсын. Абдан чон ийгиликтерди кутобуз. Алга Саламат, Алга!Алга Саламат, Алга!Алга Саламат, Алга!Алга Саламат, Алга!Алга Саламат, Алга!Алга Саламат, Алга!Алга Саламат, Алга!Алга Саламат, Алга!
12.10.2011. 11:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-09-2011
Соӊку аракети:
03-09-2012 14:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Критиктер ичинерди тарытпай бир Ойлонуп сулосонорчу!
12.10.2011. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
20-05-2019 23:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва-каракол
0
Саламат кайдан чыккан журокту тушуруп.
12.10.2011. 11:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-09-2011
Соӊку аракети:
18-04-2013 12:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатка Ийгилик. жаны ырынды кутом. Жаны рок, жаны стилин чын экен. Критиктерге конул бурба, алар колунан эчтеке келбеген (Бездари) арамдар. Ийгилик сага. Азаматсын Саламат!
13.10.2011. 11:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жуз, жаны ыр деген ураанда жазылган комментарийлердин баары Айбек Акматов озу. Билбей кала турганcып 99 ник менен жазганына кулкум келет. Андан коро сындарга туура караса боло!
13.10.2011. 14:09 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
06-08-2009
Соӊку аракети:
20-11-2011 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
чынын айтсам эч биринин эмгегин корбоптурмун. же ырларын, же клиптерин так что полный отстой.
13.10.2011. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
18-01-2011
Соӊку аракети:
06-03-2018 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия
0
биринин дагы ыры жакшы эмес.кыйналып чыкпай деле койсо болмок экен.шылдын болушуп.....
13.10.2011. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
18-01-2011
Соӊку аракети:
06-03-2018 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия
0
саламат кебетенди ондочу сураныч.албарстыдай болбой....
14.10.2011. 02:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-09-2011
Соӊку аракети:
14-10-2011 02:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Энджейге калпак кийгизсе кандай болоор экен Я???)))))
15.10.2011. 05:54 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
gulchapchap, кийгизип корбойсунбу:-)
15.10.2011. 06:01 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
Жебе тобу кантет???
Баарынар аман эле болгулачы деги. Соз жок. ЭНДЖЕЙ эмей эле ЭНДЖЕЙКА болуп калыптыр. Ууууууууууужас!
16.10.2011. 13:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
12-04-2011
Соӊку аракети:
07-10-2012 21:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдаа...Саламаттын вообще уну жок го...А калгандарынын ырларын укпаптырым.
17.10.2011. 14:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
20-09-2011
Соӊку аракети:
27-10-2011 10:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ушулардын арасынан Саламаттын гана ыры жакты. Стили эми ото эле Батышка жакын болуп калыптыр. А так Саламаттын таланты ЧОн экени Корунуп турат. Кыргыз туугандар силер критиканы туура айткыла да, анан колхозчо калжырабай. Чыгармачыл адамдардын баарына ийгилик.!!!!!!!
17.10.2011. 14:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
20-09-2011
Соӊку аракети:
27-10-2011 10:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Айбек Акматов деген ким?
14.11.2011. 15:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
20-09-2011
Соӊку аракети:
08-02-2012 13:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Самый Реальный Певец из всех это Саламат!!!!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: