«Жылдын супер көк бөрүчүсү»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫРГЫЗЧА АЙТСАҢЫЗ, ОРУСЧА ТҮШҮНБӨЙМ»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл


Улук болсом тилим менен улукмун,
Улут болсом тилим менен улутмун. Эсенгул Ибраев.

“Мамлекеттик тил, кокуй! ” деп төбөлдөрүбүз төшүн какканы менен, иш жүзүндө андай эмес экенин жакшы билебиз. 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил майрамы экенин эске алып, гезитибиздин бул санында эл көп кайрылган ишеним кызматтарына чалып, анда иштеген кызматкерлерден кыргыз тилинен “экзамен” алгыбыз келди.

109 – СУРАП-БИЛҮҮ КЫЗМАТЫ
“Чү” дегенде эле тиешелүү жерлердин телефон номерлерин алуу максатында 109 кызматына чалсам, орусча сүйлөгөн бир эже алды.

– Здравствуйте, сто девять.
– Алло, саламатсызбы, эже?
– Слушаю!- деди ал жактырбагандай.
– Мага Транспорт министрлигинин номерин бересизби,- дегиче болбой, ал трубканы коюп салды. Ошол замат кайра чалдым. Дагы эле трубканын ары жагынан жанагы мага тааныш үн угулду. Бул сапар да саламдашсам, ал орусчалап алик алды. Ага удаа эле мен суроо узаттым:
– Эже, Каржы министрлигинин номерин билип бере аласызбы?- десем, ал мындайды биринчи жолу уккандай:
– Ещё раз... Что?!- деп кайра өзүмө суроо узатканынан министрликтин атын орусча айтууга туура келди. Ошондо гана ал номерди орусчалап айта баштады. Мен ал айтып бүткөн соң:
– Канча?- деп түшүнбөгөн киши болдум.
– Записали?- деген ал тыңшап калды.
– Эже, кыргызча айтсаңыз, мен орусча түшүнбөйм.
– Минуту...- деп ал мени жаман көргөн кишидей үн катып, бир мүнөттөй жок болуп кетти. Аз өтпөй кыргызча сүйлөгөн башка кыз келип мен сураган номерлерди айтып берди.

102 – МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫ
Андан соң 102 номерин терип, милиция кызматына кайрылдым. Бир аздан соң орусча сүйлөгөн кыздын үнү угулду.

– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Бул милициябы?
– Милиция, Бишкек, говорите!
Мени менен сүйлөшүп жаткан кыз орусча сүйлөбөгөнүмө ачууланып кетти көрүнөт, үнү катуу чыга баштады.
– Эже, кыргызча сүйлөбөйсүзбү, мен орусча түшүнбөйм.
– Что случилось?!
– Эже, кыргызча сүйлөсөңүз, мен түшүнбөй жатам.
– Сейчас, минуту...
Трубканы коюп койгон боюнча эжекебиз жооп бербеди. Мен сыяктуу орусча билбеген кимдир бирөө өтө шашылыш иш менен милицияга жардам сурап кайрылса шору катарын ойлоп, зээним кейий трубканы койдум.

101 – КУТКАРУУ КЫЗМАТЫ

– Алло.
– Да, слушаю!
– Саламатсызбы?
Менин үнүм ага угулбай койдубу же кыргызча сүйлөгөнүмдү жактырган жокпу, айтор, тиги кыз трубканы коюп салды. Мен кайра чалдым. Эч ким алган жок. Бир аздан кийин чалсам, орусча сүйлөгөн башка эже алды.
– Алло.
– Саламатсызбы, эже?
– Здравствуйте.
– Бул 101 кызматыбы?
– Куда вы звоните?
– Кыргызча сүйлөйсүзбү, эже? Мен орусча билбейт элем.
– Звоните куда говорю?!
– 101 кызматыбы бул?
– Да, да, сто один!
Орусча билбей турганыма көзү жетти окшойт, тиги кекете кыйкырып, ары жактан кыргызча билген кызды чакырганы угулду. Кудайга шүгүр, эне тилин билген бир пенде барына, ал менин суроомо кыргызча сылык-сыпаа жооп берди.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ

– Минздрав, приёмная.
– Саламатсызбы, эже?
– Будьте любезны, на русском...
– Орусча билбейм. Шашылыш түрдө жумуштар менен чалып жаттым эле.
– Я кыргызского не знаю!
– Кайда жашап жатасыз анан?
– В Кыргызстане, а что?!
Чыдамым кетип орусча сүйлөп жибердим. Бул жер Кыргызстан экендигин, мындай жооптуу кызматта иштеген соң кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экендигин айтып жибергенге да үлгүрдүм. Ал эч нерсе болбогондой “ну и что?!” деп кекете суроо узатты да:
– Говорите пожалуйста, слушаю вас!- деп өкүм сүйлөдү.
Бул жолу да трубканы коюуга туура келди.

“ДОМИНО” ТАКСИ КЫЗМАТЫ
Азыр телефон аркылуу айткан дарекке келчү таксилерде иштеген кызматкерлердин дээрлик бардыгы орусча сүйлөшөт. Ал эми “Домино” такси кызматынын оператору менен болгон маекти толук жазууну туура көрдүм.

– Такси “Домино”, здравствуйте.
– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Саламатсызбы?
– Здравствуйте!- деди ал үнүн бийик чыгара. Андан соң:
– Кыргызча сүйлөсөңүз болобу, эже?- десем, ал:
– Нет!- деп туруп трубканы коюп салды.

КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ
Каржы министрлигине чалганымда да жаш кыз жооп берди.

– Алло.
– Да!
– Саламатсызбы?
Тиги жооп берген жок. Мен кайрадан:
– Алло,- десем, ал:
– Ну говорите!- деп ачууланып кетти.
– Бул Каржы министрлигиби?
– Да!
– Эже, бир маселе менен кайрылдым эле.
– Алло, сүйлөй бериңиз! Что вы хотели?!- деп ал тажаган кишидей үн катты. Кыргызча баштап баратып тиги эжекебиз көнгөн орус тилине кеткенине кыжырдандым.

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ

– Алло, саламатсызбы?
– Алло, приёмная.
– Бул Маданият министрлигиби?
– Как?!
Кабылдамадагы кыз алгач түшүнбөй калды окшойт. Кайра суроомду кайталасам кыргызча жооп берди. 2-3 суроо берсем, ал кыргызча жооп бергенинен “өх” дей түштүм. Буга да ыраазы болуш керек, Маданият министрлиги да кыргызча билбесе катуу уят болмокпуз.

Окурман, таксиден тарта министрликке чейин сүйлөшүп көрдүк. Орусча билбесең милицияга да, куткаруу кызматына да тишиң өтпөй жолдо калат экенсиң. Биз минтип кылым баскан тилибизди кор кылып жүргөндө, башка эл тилин байытуу менен убара. Биздин тиешелүү жетекчилер бул “кыргызча” макаланы кокусунан окуп калышса, бири болбосо бири чара көрөр деп үмүт кыла туралы. Жок, алгач трибунадан орусча аралаштырбай нукура кыргызча сүйлөй алышса деле биздин жеңишибиз болмок.

Асхат Субанбеков
star@super.kg



Алло, кыргызча айтсаңыз, орусча түшүнбөйм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(114)
Super TV
16.09.2011. 22:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
27-03-2011
Соӊку аракети:
29-01-2018 03:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле кыргызча билишет, жөн эле сүйлөгүсү келбейт. Эгерде буларды ашатып сөгүп көрсөңуздөр баарын түшүнүшөт.Орустар канча жылдан бери Кыргызстанда жашап келишет, мен итимди бир айдын ичинде кыргызча буйруктарга үйрөтүп койдум, демек булар итчелик мээси жок экен.
Super TV
16.09.2011. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-03-2011
Соӊку аракети:
17-03-2018 01:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз болуп кыргызчаны билбесе уят.
Super TV
16.09.2011. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-07-2011
Соӊку аракети:
24-01-2018 21:27
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондорубуз,оздорунчо мактанбай, ушуга окшогондорду карашпайбы, келесоолор десе кыргызча билбесе баарын жушуштарынан бошотуш керек да. буларды орусча найнындатпай.
Super TV
16.09.2011. 23:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-07-2011
Соӊку аракети:
24-01-2018 21:27
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздун кыргызча суйлогондор ушуга окшогон жумуштурга киралбай журушот.
Super TV
17.09.2011. 00:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
578
Катталган:
01-08-2010
Соӊку аракети:
31-07-2015 09:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
USA Bishkek Kyrgyzstan
0
tuura kyrgyzcha suylop eldi dagy oshogo kondurushubuz kerek. Kyrgyz tili kedei tilderge kiret, birok kee bir sozdordu oruscha aytkanga tuura kelip jatpaybi, kantip aralashtirbai suyloibuz? tildi bayituu kerek. Araket kilali.
Super TV
17.09.2011. 01:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-08-2010
Соӊку аракети:
04-12-2014 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча баарын кыргызча кылабыз...
Super TV
17.09.2011. 02:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-08-2011
Соӊку аракети:
03-04-2014 22:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Aelina tuura aitasyn!!! senin oiuna koshulam, bizdin kee bir emes kop ele sozdorubuzdu orus4a aituuga tuura kelet, anan kandai kylyp aitaaryn bilbei orus4a aitabyz , oshol sozdorgo jakshy maani berip kyrgyz4a kotorup koiushsa. Kyrgyz tilibiz onukso dep oiloim!!!
Super TV
17.09.2011. 03:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
23-11-2010
Соӊку аракети:
03-03-2018 20:18
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын кыргызча суйлогонго уйротушубуз керек.
Super TV
17.09.2011. 03:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
25-03-2007
Соӊку аракети:
06-09-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
Kyzyk tamasha.Kyrgyzdardy abdan meiman el dep kop aityshatko.Azyr but jerde,kaisyl jerge barba urup,sogup,tildep,urushup,kagyp silkip suiloshot TOBOO. Bir eki (chet eldik)taanysh adamdar bar Kyrgyzstanda jashashat,alar kyrgyzcha uironushkonda ataiyn.Anan bazar je dagy bir jerden kyrgyzcha suilop,surashsa al jakdagy kyrgyz elder oruscha joop beret deit. Bul madaniyattyn oto tomondop ketishinin belgisi....... Okunuchtuu!!!
Super TV
17.09.2011. 10:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
19-08-2012 21:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Berlin, Germany
0
Soz jok!!! Emne deshimdi da bilbeymin!!! Nerv chynalip ketti!!!
Super TV
17.09.2011. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
12-07-2009
Соӊку аракети:
30-10-2019 23:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Canada
0
En sonyn reportaj eken.Ar biribiz kyrgyz4a suylosok,aila jok tegerektegiler dagy kyrgyz4a suyloogo argasyz bolot dep ishenem.
Super TV
17.09.2011. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
06-10-2010
Соӊку аракети:
07-05-2018 22:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар эле эмес, баардык Кыргызстандыктар кыргыз тилин билиши керек!
Орус тили экинчи гос. тил болгондуктан орус тилин дагы, кыргыз тилин дагы сактап, онуктуршубуз керек. Айрыкча кыргыз тилин.
P.S. Жаштар, Эне тилин билген - уят эмес!!! Уят - бул кыргыз болуп туруп, кыргызча тушунбойм дегенинер!!! Орустар же башка нациядагы кыргызстандыктар эмне десин? биз озубуз оз тилибизде суйлобосок!
Алга, Кыргызстаным!!!
Super TV
17.09.2011. 12:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
27-07-2009
Соӊку аракети:
28-09-2015 16:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
кыргызча сүйлөгөндү тап мага деп сөгүп-сагып, тополоң кылса жакшы болмок)
Super TV
17.09.2011. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-07-2011
Соӊку аракети:
24-01-2018 21:27
Жынысы:
Белгисиз
0
эми кичине аралашса мейли дегилечи, анан минтип по киргизский не понимаю, говорите по русский десе, жинин келет да албетте. бирок биздин айткандар бекер эле го дейм,чондорго жетпесе.
Super TV
17.09.2011. 15:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
22-05-2008
Соӊку аракети:
14-06-2014 17:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алма-Ата
0
Албетте,жакшы орундарда жалан ,орустар отурушат,а полу жуумай,эшик шыпырмайлар кырыгздар,хотя оз жерибизде журсок дагы! Жанагы орусча суйлоп жаткан орустарынды кыргызча суйлогонго уйротуш керек,же болбосо, эн биринчиден алар кыргызча жооп берууго милдетту,анан экинчи тил катары орус тилин караш керек.Биздикилер орусча суйлосок, абдан интелекнтуу адам катары сезебиз.Негизи андай эмес,адам озунун тилин биринчи урматтап сыйласа анан башканы кошо сыйлайсын.
Super TV
17.09.2011. 17:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
20-08-2019 14:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия,Екатеринбург
0
Kanday umut?!Munday maldardan talap kulbasan bizdin til ech kachan onukpoyt!!!Ozunor elestetkile,bir adam katuu oorup jatat,anan ak halatchandarubuzga chalup korduk.Alar kurguzcha tushunbodu deyli,Al adam emne bul duynodon koz jumup kete berebi???Bul nerse men uchun oto okunuchtuuuuuuuu)))))))))))
Super TV
17.09.2011. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-10-2010
Соӊку аракети:
06-11-2018 13:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan mankurttardin olkosuno aylanip barataby?
Super TV
17.09.2011. 19:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
06-09-2011
Соӊку аракети:
29-06-2012 16:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
Жаман жиним келип жатат эмнеге мамлекет ушундай кызматта иштегендерден кыргызча суйлоону талап кылбайт.Мен Россиядамын мисалы милицияга чалсам мага кыргызча суйлобойт.А эмнеге биз оруссчага басым жасашыбыз керек.
Super TV
17.09.2011. 19:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-04-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 15:18
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец ким жуктосо да ушундай жарнак рекламаларды берип турса элдин тушунугу онолот беле папа мама дебей садигиден баштап институтуна чейин орусча билбесен кире албайсын же баары чала суйлошот же ал тилде эмес же бул тилде так суйлой алышпайттар кыргыз тилин онуктуруш керек менин оюмча бул ар бир мен кыргызмын деген адамдын милдети чондордо карапайым калкта куноо деп бир бирине шылтоолобой эле баарыбыз чогуу онуктуройлу
Super TV
17.09.2011. 20:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
391
Катталган:
22-09-2010
Соӊку аракети:
29-12-2015 01:13
Жынысы:
Белгисиз
0
башкалар эчак эле орустарды оз тилинде суйлотуп койушкан...а биз байкуш баягы эле
Super TV
17.09.2011. 20:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
25-07-2011
Соӊку аракети:
04-09-2012 01:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
шерменде болбой тезирээк ондошубуз керек тилибизди .....
Super TV
17.09.2011. 20:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-01-2011
Соӊку аракети:
26-11-2013 00:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы убагында,Кыргызстанда жашап,окуп жургондо,орусча суйлоп конуп калгам экенмин,анткени ,уй буломдон башка жерлерде бут эле орусча-кыргызча аралаштырып суйлочумун (жумуш,университетте окуу орус тилинде болчу). Азыр чет олкодо окуймун, супер инфодон Нурзат Токтосунова,Жанар Акаев ж.б алпаручуулардын интервьюларын угуп алып оз тилимди жакшы билбегениме уялдым.Азыр мени менен чогуу окуган мекендештерим менен жалан гана кыргыз тилибизде орусча аралаштырбай, суйлогонго аракет кылып атабыз!!!
Super TV
17.09.2011. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
17-07-2011
Соӊку аракети:
07-01-2019 21:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Seul Korea
0
azamat kim jyktoso dagy ...kachan kozybyz achylat ei kyrgyzdar jok degende ozybyzdyn ene tilibizdi urmattailychy,,,,
Super TV
17.09.2011. 21:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
13-05-2011
Соӊку аракети:
09-11-2012 14:29
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizstan men seno suyom
Super TV
17.09.2011. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
11-09-2011
Соӊку аракети:
17-11-2017 16:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Ассаламу алейкум."Конулдо айтаарым бар, конулго албагыла. корсонор мейли жаман, а бирок талдагыла. Орустун агентинде, олтурган Кыргыздар коп. абирок орусун ким, Кыргыз ким айырмасы жок. Салам деп жазган менен, привет же салем дешип. Кыргыздын алтын тили, Баратат баркы кетип. Же эмне эне тили, тилинди тиштедиби. Кыргызча суйлобо деп, болокчо тиктедиби. эне тил аран турат, ботодой боздогону. ушундай кала берсек, жетимге окшогону. Андыктан келгилечи, асманда булут болуп. барктайлы тилибизди!!!"
Super TV
17.09.2011. 22:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-09-2011
Соӊку аракети:
30-09-2011 15:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Жердештер, мекендештер! Угуп алып чын-журогум менен, жан-дуйном менен кейидим. Ушундай орус-чалыш, киргизчилик менен алдыга жол артсак, тилибизди, дилибизди жоготуп алабыз. Тилекке каршы бул ачуу чындык. Бирок бизде дагы бир аз убакыт жана мумкунчулук бар, ошону биримдикте колубузга бек кармап Кыргызстанды жана кыргыз тилин сактап, аркасы онуктуруп кетели. Жолдон тайсак келечек муунубуз кечирбейт. Улуу тилибизди урматтайлы. Келгиле ар бирибиз озубуздон баштайбыз! Ыйык менин кыргыз тилим, АЛГА!
Super TV
18.09.2011. 03:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
15-07-2010
Соӊку аракети:
04-11-2017 14:05
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туугандар оз жерибизди оз тилибизди талаада тинтип журуп озгочо барктайт экенбиз.
Super TV
18.09.2011. 08:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
04-12-2010
Соӊку аракети:
31-07-2018 10:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы президнтике коюп тилден отпой калып жаткан талапкерлерибиз уят, андан коро койбой эле койбобу, аудиороллик супер болуптур, рахмат...
Super TV
18.09.2011. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
06-09-2010
Соӊку аракети:
13-11-2019 13:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Italia,Sardegnia.
0
Эмнеге!!!Эмнеге биз ушундайбыз Кыргызстанда туруп өз тилибизде сүйлөшкөндөн коркобуз,кайда барабыз кимге айтабыз арызыбызды,өмүр бойу Кыргызстанда йашап биздин тилибизди сыйлашпайт биз болсо аз убакыттка эле башка өлкөгө барсак ошолордун тилин үйрөнгөнгө мажбур болобуз,өз элиңе келсең өз тилибизди сыйлабаи чоңдорубуздан баштап минтип кичинесине чейин кагып силкет,кантип болсун ушул а
Super TV
18.09.2011. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
20-08-2019 14:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия,Екатеринбург
0
Men muna azur rashadamun,a birok men kurguzdarga kurguzcha suylogongo suymuktanam!!!Kee bir itter bar,kurguzga oruscha joop beret!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: