«Жылдын супер балбаны»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫРГЫЗЧА АЙТСАҢЫЗ, ОРУСЧА ТҮШҮНБӨЙМ»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл


Улук болсом тилим менен улукмун,
Улут болсом тилим менен улутмун. Эсенгул Ибраев.

“Мамлекеттик тил, кокуй! ” деп төбөлдөрүбүз төшүн какканы менен, иш жүзүндө андай эмес экенин жакшы билебиз. 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил майрамы экенин эске алып, гезитибиздин бул санында эл көп кайрылган ишеним кызматтарына чалып, анда иштеген кызматкерлерден кыргыз тилинен “экзамен” алгыбыз келди.

109 – СУРАП-БИЛҮҮ КЫЗМАТЫ
“Чү” дегенде эле тиешелүү жерлердин телефон номерлерин алуу максатында 109 кызматына чалсам, орусча сүйлөгөн бир эже алды.

– Здравствуйте, сто девять.
– Алло, саламатсызбы, эже?
– Слушаю!- деди ал жактырбагандай.
– Мага Транспорт министрлигинин номерин бересизби,- дегиче болбой, ал трубканы коюп салды. Ошол замат кайра чалдым. Дагы эле трубканын ары жагынан жанагы мага тааныш үн угулду. Бул сапар да саламдашсам, ал орусчалап алик алды. Ага удаа эле мен суроо узаттым:
– Эже, Каржы министрлигинин номерин билип бере аласызбы?- десем, ал мындайды биринчи жолу уккандай:
– Ещё раз... Что?!- деп кайра өзүмө суроо узатканынан министрликтин атын орусча айтууга туура келди. Ошондо гана ал номерди орусчалап айта баштады. Мен ал айтып бүткөн соң:
– Канча?- деп түшүнбөгөн киши болдум.
– Записали?- деген ал тыңшап калды.
– Эже, кыргызча айтсаңыз, мен орусча түшүнбөйм.
– Минуту...- деп ал мени жаман көргөн кишидей үн катып, бир мүнөттөй жок болуп кетти. Аз өтпөй кыргызча сүйлөгөн башка кыз келип мен сураган номерлерди айтып берди.

102 – МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫ
Андан соң 102 номерин терип, милиция кызматына кайрылдым. Бир аздан соң орусча сүйлөгөн кыздын үнү угулду.

– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Бул милициябы?
– Милиция, Бишкек, говорите!
Мени менен сүйлөшүп жаткан кыз орусча сүйлөбөгөнүмө ачууланып кетти көрүнөт, үнү катуу чыга баштады.
– Эже, кыргызча сүйлөбөйсүзбү, мен орусча түшүнбөйм.
– Что случилось?!
– Эже, кыргызча сүйлөсөңүз, мен түшүнбөй жатам.
– Сейчас, минуту...
Трубканы коюп койгон боюнча эжекебиз жооп бербеди. Мен сыяктуу орусча билбеген кимдир бирөө өтө шашылыш иш менен милицияга жардам сурап кайрылса шору катарын ойлоп, зээним кейий трубканы койдум.

101 – КУТКАРУУ КЫЗМАТЫ

– Алло.
– Да, слушаю!
– Саламатсызбы?
Менин үнүм ага угулбай койдубу же кыргызча сүйлөгөнүмдү жактырган жокпу, айтор, тиги кыз трубканы коюп салды. Мен кайра чалдым. Эч ким алган жок. Бир аздан кийин чалсам, орусча сүйлөгөн башка эже алды.
– Алло.
– Саламатсызбы, эже?
– Здравствуйте.
– Бул 101 кызматыбы?
– Куда вы звоните?
– Кыргызча сүйлөйсүзбү, эже? Мен орусча билбейт элем.
– Звоните куда говорю?!
– 101 кызматыбы бул?
– Да, да, сто один!
Орусча билбей турганыма көзү жетти окшойт, тиги кекете кыйкырып, ары жактан кыргызча билген кызды чакырганы угулду. Кудайга шүгүр, эне тилин билген бир пенде барына, ал менин суроомо кыргызча сылык-сыпаа жооп берди.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ

– Минздрав, приёмная.
– Саламатсызбы, эже?
– Будьте любезны, на русском...
– Орусча билбейм. Шашылыш түрдө жумуштар менен чалып жаттым эле.
– Я кыргызского не знаю!
– Кайда жашап жатасыз анан?
– В Кыргызстане, а что?!
Чыдамым кетип орусча сүйлөп жибердим. Бул жер Кыргызстан экендигин, мындай жооптуу кызматта иштеген соң кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экендигин айтып жибергенге да үлгүрдүм. Ал эч нерсе болбогондой “ну и что?!” деп кекете суроо узатты да:
– Говорите пожалуйста, слушаю вас!- деп өкүм сүйлөдү.
Бул жолу да трубканы коюуга туура келди.

“ДОМИНО” ТАКСИ КЫЗМАТЫ
Азыр телефон аркылуу айткан дарекке келчү таксилерде иштеген кызматкерлердин дээрлик бардыгы орусча сүйлөшөт. Ал эми “Домино” такси кызматынын оператору менен болгон маекти толук жазууну туура көрдүм.

– Такси “Домино”, здравствуйте.
– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Саламатсызбы?
– Здравствуйте!- деди ал үнүн бийик чыгара. Андан соң:
– Кыргызча сүйлөсөңүз болобу, эже?- десем, ал:
– Нет!- деп туруп трубканы коюп салды.

КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ
Каржы министрлигине чалганымда да жаш кыз жооп берди.

– Алло.
– Да!
– Саламатсызбы?
Тиги жооп берген жок. Мен кайрадан:
– Алло,- десем, ал:
– Ну говорите!- деп ачууланып кетти.
– Бул Каржы министрлигиби?
– Да!
– Эже, бир маселе менен кайрылдым эле.
– Алло, сүйлөй бериңиз! Что вы хотели?!- деп ал тажаган кишидей үн катты. Кыргызча баштап баратып тиги эжекебиз көнгөн орус тилине кеткенине кыжырдандым.

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ

– Алло, саламатсызбы?
– Алло, приёмная.
– Бул Маданият министрлигиби?
– Как?!
Кабылдамадагы кыз алгач түшүнбөй калды окшойт. Кайра суроомду кайталасам кыргызча жооп берди. 2-3 суроо берсем, ал кыргызча жооп бергенинен “өх” дей түштүм. Буга да ыраазы болуш керек, Маданият министрлиги да кыргызча билбесе катуу уят болмокпуз.

Окурман, таксиден тарта министрликке чейин сүйлөшүп көрдүк. Орусча билбесең милицияга да, куткаруу кызматына да тишиң өтпөй жолдо калат экенсиң. Биз минтип кылым баскан тилибизди кор кылып жүргөндө, башка эл тилин байытуу менен убара. Биздин тиешелүү жетекчилер бул “кыргызча” макаланы кокусунан окуп калышса, бири болбосо бири чара көрөр деп үмүт кыла туралы. Жок, алгач трибунадан орусча аралаштырбай нукура кыргызча сүйлөй алышса деле биздин жеңишибиз болмок.

Асхат Субанбеков
star@super.kg



Алло, кыргызча айтсаңыз, орусча түшүнбөйм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(114)
Super TV
18.09.2011. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
02-07-2011
Соӊку аракети:
26-04-2018 14:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча билип туруп,суйлобогондор коп да.Ошол себептен,барып барып тилибизди жоготуп алышыбыз айкын экенин копчулугубуз ойлонбой жатканыбыз аябай ӨКҮНҮЧТҮҮ((((
Super TV
18.09.2011. 22:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
19-08-2012 21:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Berlin, Germany
0
Chuy menen Koldo ozgocho, kyrgyzdar biri biri menen oruscha kop suyloshyp kalishiptyr! Uyundo da ata-bala oruscha suyloshup, baldary ata-ene debey papa-mama deship, mektepti - shkola deship suyloshso orustar emne silerge kyrgyzcha uyrotobu??? Ozunordo bash balee, bashka uluttarga asilbay ele koygula!!!
Bul jerde "Aaaiiii, Kyrgyzcha suyloshubuz kerek!!!" dep komment tashtap koyup, syrtka chygyp alyp "Privet! kak dela?" dep jurobuzgo!!! je jalganby jazgandarym????!!!!
19.09.2011. 10:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
19-12-2011 11:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча билбейм деген КЫРГЫЗдардын, трибунадагы кыргыз болуп туруп орусча суйлогон депутаттардын тилин кесип, ... тыгып коюш керек !
19.09.2011. 11:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
21-06-2011
Соӊку аракети:
17-04-2016 03:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Tata Ulan aitkandai chon apany babushka desen myrk deim degendei!!! Kyrgyz kopso oruscha suiloit bolup baary oruscha suiloshot ko akmakttar kaisy aaryna Kyrgyzstanda jashap jurushot =((((
19.09.2011. 13:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
12-09-2011
Соӊку аракети:
02-07-2013 18:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ммм, уят эле!! Кыргызстанда жашап кыргыз тилин билбеген акмактар десе. Кайсы арына кыргызмын деп журот озун. Балык башынан сасыйт болуп, биринчи кезекте биздин Роза апчебиз орусча дабдырап турса, курган эл кайда барат. Биринчи орунда чиновниктерди кыргызча суйлогонго уйротуу к.к.
19.09.2011. 13:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
16-12-2010
Соӊку аракети:
18-02-2013 12:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек- Жалал Абад
0
Чынында окунучтуу проблема бул...
кайсыл организацияга барба кыргызча суйлосон жаман корот чынында, а Тажикистан. Озбекистан, Казахстандын орустарынын мамлекеттик тилин суйлоп калганын коруп ичим куйуот, а бизде орусу биякта эле калсын кыргыздар кыргызча билишпейт....
19.09.2011. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
18-05-2009
Соӊку аракети:
24-10-2017 18:28
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун Шоро компаниясына чалсам, башынан эле кыргызча саламдашып кыргызча жооп беришти
Super TV
19.09.2011. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-09-2011
Соӊку аракети:
26-08-2017 12:07
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кытай елынен болом сылердын емне үчүн орусча сүлөгө емне мынча жакшы көрөсүңер же манас атаңардын тылынен уйалдыңарбы?
сылерды кыргыз деп айыткандан көрө атасыз тилсиз көз каранды кайырчы уйатсыз деп айтуга тура келып калды уйалбай сыңарбы кыргыз тилин сүйөлө ошондой уйат болсо ал емнеге кыргыздын дасторконунан нан жеп алатоонун сусун ичип жатасыңар.....
20.09.2011. 07:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
13-09-2011
Соӊку аракети:
03-11-2017 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
эх маанайым тушту бир азда. орусча суйлогон кыргыздарга наалат болсун. жиркенем алардан. дабдыр бакиев менен акаевтин лохтугу. кыргызстанда кыргыз тилин билбеген адамдын жашоого акысы жок. патриот улутчул кыргыз элим, кыргыз тилим деп журогу соккон ажо шайлап алсак экен..эх маанайым тушту бир азда. орусча суйлогон кыргыздарга наалат болсун. жиркенем алардан. дабдыр бакиев менен акаевтин лохтугу. кыргызстанда кыргыз тилин билбеген адамдын жашоого акысы жок. патриот улутчул кыргыз элим, кыргыз тил
27.12.2011. 12:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-12-2011
Соӊку аракети:
13-01-2012 17:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
abdumalik, эмнеге акаев менен бакиевдин лохтугу, же алар орусча суйлогуло деп элди ундоптурбу... эми баарына эле аларды куноолдогонго бобойт да...
Super TV
20.09.2011. 08:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-07-2011
Соӊку аракети:
22-07-2013 23:45
Жынысы:
Белгисиз
0
уят! орустар укпасын шерменде болобуз.
Super TV
20.09.2011. 09:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
18-05-2009
Соӊку аракети:
15-10-2013 14:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабарчы мынча эмне жасалма суйлойт, "алло, карджы министрлигби-и?" деп. Байкашымча жаны окшойт же унун кооздоп алганбы? Ал эми тил тууралуу маселе болсо орусча билбесен орттонуп оло бер деген кайдигерликке кептелип калганбыз.
20.09.2011. 09:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
09-08-2011
Соӊку аракети:
03-07-2012 04:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сеул
0
Буларды молдо айткандай прямо тозокко айдаш керек эненди урайындар!!!
20.09.2011. 13:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
31-08-2011
Соӊку аракети:
28-11-2015 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
abdumalik,сиз патриот эмей эле нацист турбайбызбы,бул ото коркунучтуу
18.11.2011. 17:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
27-04-2011
Соӊку аракети:
11-08-2017 00:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Rooshan, Абдумаликин бираз катуураак айткандыр бирок мен орусияда иштейм, ушул жерде журуп эне тилидин маанилуу экенин байкадым. Орустар бираз туура эмес басым менен айтылган создорго да жооп бербейт. Бул улутчулдук ошол эле шаматта эне тилине болгон урмат сый.
20.09.2011. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
22-04-2011
Соӊку аракети:
28-01-2019 08:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ото жакпайт да ушундай денгээлге тилибизди жеткизип алганыбыз... керек болсо башка улуттагы адамдарга дагы кыргызча суйлой бериш керек! Кыргызстанда жашап туруп алардын тилинде эмне учун суйлошубуз керек?! Ал эми тез жардам жана жогорудагы айтылган кызматтын кызматкерлери учун айып салыш керек! Сотко кайрылыш керек! Эгер ар бир кыргыз озунун укугун тепсетпей, аны коргой билсе, тилибиз да кор болбойт эле! Тил маселесин катуу козомолго алуу-бул ар бирибиздин колубузда!
Super TV
20.09.2011. 13:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
18-09-2015 16:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят!
20.09.2011. 13:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
31-08-2011
Соӊку аракети:
28-11-2015 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
ой баарыбыз эле жаза келгенде тим эле кыйратабыз,антиш керек минтиш керек деп,а иш жузундо...ээх
20.09.2011. 13:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
31-08-2011
Соӊку аракети:
28-11-2015 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Tinergy, saya4ka,Bugatti,эмнеси болсода биринчи озубуздон баштасак
20.09.2011. 13:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
03-12-2008
Соӊку аракети:
14-11-2019 12:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ушул тема Кыргызстандагы эн актуалдуу тема.Мисал учун Мен иштеген компания башкаларга улгу болот деп ойлойм анткени директорубуз орус бирок 2 тилди билгендерди жумушка алат.Буга биз кыргыздар суйунуп калабыз.Орустар да бар бирок алар дагы кыргызча орусча жооп беришет.Тилди уйронууго аракет кылышат.
20.09.2011. 20:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
16-12-2010
Соӊку аракети:
18-02-2013 12:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек- Жалал Абад
0
Саби,
Компаняныздын атын да атай кетсениз болмок экен..
Super TV
20.09.2011. 16:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-01-2011
Соӊку аракети:
13-04-2013 21:02
Жынысы:
Белгисиз
0
eee tuugandar,jaman jinim kelip ketti ai bul rolikti ugup!!!kelgile,kyrgyz4a ele suiloilu!marwruttuk unaalardan bawtaily,ostanovka debei AYALDAMAAAAAAA dep,4yyn bir uwintip aityp korgulo ele,baary seni karawat kozdorun bakyraityp!!!
Super TV
20.09.2011. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
21-10-2019 15:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
bizdin okmot 4yndygynda jakshy emes ushug okshogondu karasa bolmok bizdin okmot emne ish klat ozu maktanyshtan bashkany bilishpeit bul zapisti ugup janyb feiit
Super TV
21.09.2011. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-09-2009
Соӊку аракети:
28-08-2019 15:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир бириңерди сындагандан көрө биринчи өзүңөрдөн баштагыла!!! Өзүңөр кыргызча кыйратып сүйлөп аткансып, азыр бир да адам жок таптак кыргызча сүйлөгөн. уят болбойлу башка улуттарга,көп көптөн кыргызча китептерди окуйлу!!!
21.09.2011. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
13-09-2011
Соӊку аракети:
03-11-2017 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
rooshan. улутчул дейт билбеген, улутун кимдер суйбогон, кыргыз деп келгем дуйного, кыргыз деп отом дуйнодон деп акыныбыз айткандай мен улутчул эмесмин. башка тилде суйлогон кыргыздан, кыргыз тилинде суйлогон башка улут жакшы. ал эми ажолор улутчул болсо тилге, элге кам корот!rooshan. улутчул дейт билбеген, улутун кимдер суйбогон, кыргыз деп келгем дуйного, кыргыз деп отом дуйнодон деп акыныбыз айткандай мен улутчул эмесмин. башка тилде суйлогон кыргыздан, кыргыз тилинде суйлогон башка улут жакшы
Super TV
22.09.2011. 12:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
03-05-2011
Соӊку аракети:
23-09-2013 10:58
Жынысы:
Белгисиз
0
orustar kyrgyzcha suilogondu bilish kerek debei , oshol orus oturgan kyzmatka bizdin jakshynakai kygyz bilimduu kyzmatkerdi oturguzush kerek bolchu...kygyzdar oshol ele min.zdravta tehnichka bolup ishteshet,RUSSIAN da bizdin kyrgyzdar min.zdravta ech kachan priemnyida ishtebei ,kee birler tehnichka bolup dagy ishteshet...
Super TV
22.09.2011. 12:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
03-05-2011
Соӊку аракети:
23-09-2013 10:58
Жынысы:
Белгисиз
0
jeke menin ouim:bil jerde BILIM BERUU MINISTYRY kunoluu , mektepte jana JOGORKU OKUU JAILARDA sabaktardyn baaryn kyrgyzcha kylsa baldar uido dagy kocjodo dagy kyrgyz tilimde suilomok dep oiloim.
22.09.2011. 16:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
31-08-2011
Соӊку аракети:
28-11-2015 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
ажолор улутчул болсо анда эле онукпойбуз,ажолор улутчул эмес,патриот болуш керек,озунун эли менен сыймыктанып,озунун элин даназалап,данкташ керек,бирок башка элдин дагы укуктарын,тилин,салттарын сыйлаш керек
22.09.2011. 17:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
23-06-2011
Соӊку аракети:
27-06-2014 16:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Tokmok
0
Менин да жумушумда орусчаны акцент менен суйлосо да,кыргызча жооп бергенине карабай орусча маекти уланткан жаштар келет!Деги бул эмненин таасири?
Super TV
22.09.2011. 18:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
22-09-2011
Соӊку аракети:
25-11-2013 12:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ыссык - Кол обл. Каракол шаары
0
соз жок тапан жигит экенсин кабарчы. негизи мен деле буга чейин тил жонундо ойлонбоптурмун. бул аудиону уккандан кийин бетим чымырай эле тушту. мындагы ун кошкондордун коптугун коруп, тилге кайдыгер карабагандар, намысттуулар бар экендигине кубанып калдым. аззаматссынар БАРАКЕЛДЕ!!!
Super TV
22.09.2011. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
19-03-2010
Соӊку аракети:
22-03-2018 21:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Уюлдук телефондун Автожоопбергичтеринде тилди тандап алыныз деген жерге "кыргызча бекер - бир санын басыныз", "Русский платный 1 у.е. нажмите клавишу два" деп анан озбекчени ваапше эле алып салса, ошондо бир аз болсо да башка улуттун элдери кыргызча уйронууго аргасыз болушаар эле
23.09.2011. 04:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
13-09-2011
Соӊку аракети:
03-11-2017 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
мени кечиринизго, бул жашыруун чындык. анан башка элди карабай тыштасын деген жерим жок абалга жараша моюнунан сазга батып бараткан кыргыз тилин бери тартсын деген эле соз. башка улуттар ансыз деле коомдук жайларда да оз тилинде бакыра суйлоп, кыргыз элинин укуктарын, салттарын, тилин сыйлабай жатабы деп ойлоп коруу керекпиии..?
23.09.2011. 16:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
07-09-2011
Соӊку аракети:
28-12-2013 21:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
жакшыда ссср тарап кеткен ,болбосо КЫРГЫЗ ТИЛИН куржунга салып илип коймокбуз тамдын башына,кокус керек болгондо алып иштетербиз деп. Мамлекет башчыбыз зорго суйлойт кыргызча аларды жон эле койгула! жакшыда ссср тарап кеткен ,болбосо КЫРГЫЗ ТИЛИН куржунга салып илип коймокбуз тамдын башына,кокус керек болгондо алып иштетербиз деп. Мамлекет башчыбыз зорго суйлойт кыргызча аларды жон эле койгула!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: