«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор



№883 3-9-октябрь, 2019-ж.


"ЖЫЛАҢАЧ БААТЫР": КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ...

  1. SUPER TV каналы уюштурган “Жылаңач баатыр” реалити-шоусу жыйынтыкталды. Анда 14 катышуучунун арасынан суурулуп чыккан күчтүү, чыдамкай, сабырдуу катышуучулар күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул санда Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн реалити-шоунун кызыктары, жеңиштин даамы тууралуу сөз болот.

  2. 10-күн: БУТТАРЫ КАРЫШКАНЧА ДҮМҮРДӨ ТУРУШТУ

    Кимдин кайсы жерге турушу алдын ала чүчүкулак аркылуу аныкталып, Шерхан Абкулов, Саниа, Кудайберди Айтбосунов, Айгерим Ибрагимова, Марс Мамаев өз ордуларын табышты. Бул ирет көл да оюнчуларга шарт түзүп бергендей, мелтиреп тыптынч болуп турду.

  3. Буттары талып, ары-бери теңселип жатып биринчи Шерхан, андан соң Марс, Айгерим, Кудайберди сууга кулап түшүштү.

  4. Шерхан Абкулов: – Үйдүн эркеси болгондуктан, кичине эле тамак жок болсо, ызы-чуу кылып жиберчүмүн. Бул жакка келип ачка деле жүрсө болорун билдим. Долбоор мага абдан жакты, өзүмдүн атымды чыгарып, жарнама да жасай алдым.

  5. 11-күн: ЧЫДАМКАЙЛЫКТЫ ТЕКШЕРҮҮ

  6. Оюндун эрежеси боюнча, тактайдын бир четине суусу толтурулган чака, экинчи четине катышуучулар отурушуп, колу менен таянбай тең салмактуулукту сакташы керек.

    2 мүнөткө жетпей Айгерим, Кудайберди, Марстын буттары талып, онтоп, бүктөлө башташты. Жалгыз гана Саниа сынынан жазбай отурду. 9 мүнөткө жакындаганда катышуучулардын чыдабай баратканын көрүп Саниа “мен үчөөңөрдү жакшы көрөм. Үчөөңөрдүн жеңишиңерди каалайм” деп өз каалоосу менен туруп кетти. Ушуну менен финалчылар аныкталды. Эми баш байгеге Марс, Кудайберди, Айгерим ат салышмакчы.

  7. Саниа: – Ушул күнгө чейин үчөө тең күчтүүлүгүн көрсөтүп келишти. Чынында, менин бутум ооруган деле жок. Бир аз интрига кылып отура бердим, аягында атаандаштарым чыдабай кетишкенде өз каалоом менен үчөөнө жол бошотуп бердим.

  8. 12-күн: КАП МЕНЕН СЕКИРИП, ЖЫЛАНДАЙ СОЙЛОШТУ

    Катышуучулар кутучага атайын орундарга тизилген азыктарды (лимон, жумуртка, алма, киви жана башка) кандай иретте жайгашканын алдын ала көрүп, бирден азык алып капка түшүп секирип барып, тартылган жиптин асты менен жөрмөлөп өтүп, азыктарды кутучага алгачкы кутудагыдай тартипте тизиши керек.

    Башында жыландай сойлоп, катуу ылдамдыкта жарышкан катышуучулар бара-бара жайлап, чарчап, кап менен секиргенге алы келбей калышты. Оюн жыйынтыкталарына аз калганда Айгерим колундагы жумурткасын жарып алып, утулуп калды. Ошентип, 3-орундун ээси аныкталды.

    Айгерим Ибрагимова: – Аябай аракет кылгам. Утулганыма аябай ызаландым. Апам “биринчи орунду алмайын келбе” деген болчу. Эми кантем? Утсам акчаны карыздарга, андан кийин окуума, калганын катышуучуларга бермекмин. 3-орундун 20 миң сомун эми апама гана берем (күлүп).

  9. 13-күн: ФИНАЛ

    Финалда Марс менен Кудайбердинин колдорун бийикте суюктук куюлган чакага кере байлап коюшту. Ким колун ылдыйга түшүрүп жиберсе, чакадагы суюктук төгүлүп, оюнчу утулмак.Колдору талып, уктап калганча чыдаган Кудайберди 18-мүнөттө колун түшүрүп жиберип, жеңишти Марска алдырып койду.

    14 катышуучуну камтып, 14 күнгө созулган сыноолор ошентип, ырчы Марс Мамаевдин жеңиши менен жыйынтыкталды.

  10. Марс Мамаев: – Мен 20 мүнөткө чейин чыдайм деп ойлогом. Колум уктап, муздай баштаган.

    Кудайберди Айтбосунов: - Менин сабырым чыдады, бирок колум уктап калды. Жакшы эле чыдап келаткам. Колум такыр эле уктап, эч нерсени сезбей калганда "эмнеси болсо болсун" деп бош койсом, колум түшүп кетти.

    14 күндө мен сонун адамдар менен тааныштым, ар кандай адамдарды көрдүм. Негизи утулганды да билиш керек экен, мен утулганды билбейм дечү элем. Мага күйөрмандык кылгандар үчүн рахмат, бирок ишеничиңиздерди актай албай калдым. Утулуп калганда, орусча айтканда, өзүмө “разочарование” болдум. Бирок эч нерсе эмес (ред: көзү жашылданып). Негизи такыр ыйлап көргөн эмесмин... Бирок баарыңарга рахмат!


  11. Гүлжамал Абылкасымова
    Бактыгүл Момбекова
    star@super.kg


Тюлендей чумкуган Марс Айгеримди ыйлатты (10-күн)

Автор: Алтынай Тынышова, Айжан Нурманбетова
Оператор: Айбек Алимов, Руслан Алыбаев, Батыр Зарлыков

Кудайберди менен Шерхандын тагдырын Саниа чечти (11-күн)

Автор: Алтынай Тынышова, Айжан Нурманбетова
Оператор: Айбек Алимов, Руслан Алыбаев, Батыр Зарлыков

Финалчылар аныкталды. Кайсы оюнчу өз каалоосу менен кетти? (12-күн)

Автор: Алтынай Тынышова, Айжан Нурманбетова
Оператор: Айбек Алимов, Руслан Алыбаев, Батыр Зарлыков

Жумурткасыз калган катышуучу 20 миң сом утту (13-күн)

Автор: Айжан Нурманбетова, Алтынай Тынышева
Оператор: Батырбек Зарлыков, Руслан Алыбаев, Айбек Алимов

Финал. Баш байге кимге буйруду? (14-күн)

Автор: Алтынай Тынышова, Айжан Нурманбетова
Оператор: Айбек Алимов, Руслан Алыбаев, Батыр Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(4)
07.10.2019. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
15-10-2019 09:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы пырчысы жок эле карапайым адамдар катышса кызыктуу болмок
07.10.2019. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
15-10-2019 09:20
Жынысы:
Белгисиз
0
2 сезонго алжелика самара асел сайкал дегендерди да чакырып койгула
07.10.2019. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
11-11-2019 10:51
Жынысы:
Белгисиз
0
oSporte,алар келбейтда, тойдон эле кунуно 300$ 1000$ таап атса
08.10.2019. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
20-11-2019 23:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бир жолу эле бардык артистерди чакырып алгыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 436 колдонуучу (Катталган: 1, коноктор: 435) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Lewa90

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: