№883 3-9-октябрь, 2019-ж.


Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «КЕЛИНИМЕ ЭЛДЕН 4-5 ЭСЕ КӨП КАЛЫҢ БЕРДИМ»

  1. 25-сентябрь күнү ырчы Алтынай Нарбаева жалгыз уулу Темирландын үйлөнүү тоюн өткөрдү. Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн тойго 500дөн ашык конок келди. Ырчы эжекебиз тойдун жүрүшү жана кайненелик доордун башталышы тууралуу маек куруп берди.

  2. Той манас айтуу менен башталды. Манас айтып тойду ачып берүү милдетин белгилүү манасчы Рыспай Исаков колго алды.

  3. "Жар-жар" айтып, жаш жубайларды эл алдына алып чыккан ырчы, баатыр эне Гүлнара Кахарова болду. Той ээлери «балдарыбыз Гүлнарадай көп балалуу болушсун» деген тилек менен Гүлнара айымга ушул милдетти тапшырышыптыр.

  4. Алтынай айым келинине ак жоолугун салып, толкунданып турган чагы. Келинин өз кызындай кабыл алганын айтып, кызым деп кайрылып жатты.

  5. Солдон оңго: Алтынай Нарбаеванын жолдошу Тургуналы Акматов, кудагыйы Махбурат Малакулова, Алтынай Нарбаева жана анын кудасы Турсунбек Малакулов. Байкаганыңыздай, кудагыйлар сүйлөшүп алып тойдо атайын окшош көйнөк кийишкен.

  6. Өзгөндөн чыккан өнөрпоздор той ээлерине ак кой жана алардын кудаларына кара кочкорду кооздоп алып келип белек кылышты. Мындан тышкары уйдун бышкан тилине ачкыч кадалган чынжырчаны байлап келишкен. Тилди кайнене менен келинге ооз тийгизип, ачкычты экөөнө карматып коюшту да, «келин менен кайнененин тили бир болсун» деп ырымын жасашты.

  7. Ырчы «ушундай кызды тарбиялап чоңойтконуңуз үчүн» деп кудагыйынын колунан өөп ыраазычылыгын билдирди.

  8. АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА: «ҮЙ ЖУМУШТАРЫН КЕЛИНИМЕ ӨТКӨРҮП БЕРИП ЖАТАМ»

    – Той кут болсун, эже! Той ойлогонуңуздай өттүбү?

    – Рахмат! Мен ойлогондон да жакшы өттү. 400дөн ашык конок чакырганбыз, 500дөн ашык келди. Мага эң жагымдуусу балам менен кызым (ред. келини) сөзү, обонун Нуржигит Молдояров жазган Ишен Назаров экөөбүз аткарган «Музыка экөөбүздү жолуктурсун» деген ырыбызга бийлегени болду. Бул ырды эл сынына чыгара элекпиз.

    – Жакшы. Келиндин чайын ичип жатасыздарбы?

    – Кудайга шүгүр, ичип жатабыз. Келинимди көрүп, өзүмдүн келин болуп барган күндөрүм эске түшүп жатат. Бирөөнүн үйүнө барып тез көнүп кетиш кыйын. Ошондуктан аны аяп, жакшы кайнене болуу аракетиндемин. Үй жумуштарын акырындан өткөрүп берип жатам. Келиндүү болгон жакшы экен, үйдөгүлөр ачка калды деп кабатырланбай, көңүлүң ток жүрөт экенсиң.

    – Ата-энелик бир милдеттен кутулдуңуздар. Жеңилдеп калдыңыздарбы?

    – Ар бир ата-эне уулун үйлөп, кызын турмушка берип, алардын бактылуу болуп жашашын кыялданат. Менин кыялдарымдын бири аткарылганына сүйүнүчүм, толкундануум азыр да тарай элек.

    – Сыр болбосо канча калың бердиңиз?

    – Кудаларымдын айтканын аткардык. Азыр канча калың берилип жатса, ошондон 4-5 эсе көп калың бердим. Суммасын айтсам, мактангандай болом. Кудаларым да андан ашык кылып кызыма сеп алып келишти. Үйүбүз эмеректерге толуп, жаңыланып, аурасы да өзгөрдү.

    – Кудагыйыңызды шыр эле жакшы көрөрүңүздү айттыңыз?..

    – Алгач таанышканда эле кудагыйым мээримдүү көрүндү. Чыныгы аялдык сапаттардын баарына ээ, жакшы аялзаты экен. Жубайлар бири-бирине окшош болушат да, кудам экөө окшош, бири-бирин сыйлаган адамдар. Мындай инсандарга туш болгонума бактылуумун.

    - Эки жаш бактылуу болушсун!
     

    Перизат Музуратбекова
    star@super.kg


Алтынай Нарбаева уулун үйлөнттү. Тойдон эксклюзивдүү репортаж

Автор: Нуркыз Курманбекова
Оператор: Улук Сулайманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(17)
07.10.2019. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
15-10-2019 09:20
Жынысы:
Белгисиз
+6
4-5 эссе коп калың бердим! Суммасын бергенин айтсам мактангандай болуп калам!

Мактанып алып мактанган жокмун дейтта тоа
07.10.2019. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
461
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
27-01-2020 05:12
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул кантип болсун эки эсе көп бердим деп. Берсеңиз кайра ошончо сеп келет азыр уул уйлош эмес кыз узатыш да оңойго турбайт. Чыгымы ошончо болот. Бул интервюну кыз тараптын туугандары куда кудагыйыныз окуп жинденер. Чоң аял чоң аялдай интервью берсе
Mamiev түзөттү 2019-10-07 12:14:51
07.10.2019. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
18-01-2020 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mamiev,бердим деген менен септи да ошондой беришти деп айтып жатат го дагы эмне десин
09.10.2019. 02:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-08-2019
Соӊку аракети:
09-01-2020 21:39
Жынысы:
Белгисиз
0
BTFB93,мен да ошону жазайын дедим эле толук окубай эле акылдуу боло беришет
09.10.2019. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
461
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
27-01-2020 05:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zamkojan,Сеп келгенин окудум бирок ошол калың бергенин айтпай деле койсо боло. Элдин арасында мындан да көп калың бергендер бар чыгар бир эле бул эмес.
07.10.2019. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
17-12-2019 19:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
убактылуу жашоодо!!!
+3
Бакыт каалаш коюш кыйын болсо негатив жазбайле койгулачы!
07.10.2019. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
26-01-2020 18:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр любой умный сөздү жазган адамдар и дин жолундагылар да калың беришет, муну эч ким тыя албайт, себеби гордость деген сөз баарын жеңип турат, тойлорду өткөрө бергиле и чача бергиле Россияда мигрант болуп кредит төлөп жүрө бергиле, крутой расход кетирген Лексус 570 и х 6 мингиле, акчаны кыздарга барып чачкыла и аялдарынарды изменять эткиле, умный сөздөр менен кийинки муундарга акыл үйрөткүло а өзүңөр позор ишти жасап жүрө бергиле, потому что азыр баары акчага сатылган келесоолор каптаган.
07.10.2019. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
01-10-2019
Соӊку аракети:
27-01-2020 00:43
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы инсансыз. Уул-келиниздин жакшылыктарын корунуз. Ошол мактанганга жеткирсин.
08.10.2019. 00:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
26-01-2020 23:47
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аты да алтын заты да алтын эже. Келининиз кут болсун! Ырыскы, береке которо кнлген доолоттуу ак жолтой келин болсун.
08.10.2019. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
26-01-2020 23:47
Жынысы:
Белгисиз
+6
Канча калын бердиниз деп сурап жатса айтабы анан. Же суратпай эле мактанып жатабы? Кызык эле элдер бар
08.10.2019. 09:32 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
875
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
27-01-2020 00:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
madina.87, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
08.10.2019. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
14-01-2020 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Музыка бизди жолуктурсун деген ырды эл сынына чыгара элекпиз дейт го.Эчак эл чыккан го)).
08.10.2019. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
26-01-2020 20:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Мээси жок эле катын окшойт,кудалардын айтканын аткарып элдерден 4,5 эсе коп бердик дейт, типа кудалары мынча калын бересинер деп талап койгондойле айтыптыр,анан биз андан да коп берип салдык дегенсип, Ананда элдин канча калын берерин бул аял каяктан билет экен,мынча калын деген норма жокта, ар ким аркандай берет, кыскасы мактанчаакта катын экен, бул интервьюсу мн кудаларын бираз капа кылып койбосоле болду.
09.10.2019. 02:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-08-2019
Соӊку аракети:
09-01-2020 21:39
Жынысы:
Белгисиз
-5
Arlenchik,ар ким Оз денгеелине жараша тушунуптур
09.10.2019. 00:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы аял,сураса жооп бериптир.Тынчтангылачы туугандар.
11.10.2019. 20:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-01-2020 21:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу форумдагы эркектер,сеп меп жонундо сулошпой эле коюшса. Катын ушактан алыс болушуп. Бизге жарашат андай соз.
12.10.2019. 04:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
26-01-2020 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болсо айтат да бердим деп, ошол бергенге жеткирсин Кудай. Негативди ичи куйгондор жазышкан го)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 650 колдонуучу (Катталган: 3, коноктор: 647) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

emirchik, ayva, Nadia68

Макалалардын саны:
23503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: