КЫЗ-ЖИГИТТИН СЫРДУУ ӨЛҮМҮ. СОКУЛУКТА ЭКИ ЖАШ БАККА АСЫНГАН АБАЛДА ТАБЫЛДЫ

№866 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл


Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 19 жаштагы жигит менен 16 жаштагы кыз бакка асылган абалда табылды. Эки жаш адамдын өлүмү териштирилип жатат.

ОКУЯ 25-МАЙДА КАТТАЛГАН

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, каргашалуу окуя 25-майда болгон. Сокулук РИИБинин нөөмөт кызматына ошол күнү жергиликтүү тургундар тарабынан эки адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Айтылган дарек боюнча барган ыкчам топ айылдардын биринин четиндеги бакта 1 эркек жана 1 кыз кишинин асылып турганына күбө болушкан. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында алардын бири 19 жаштагы М.Ш. аттуу жигит, экинчиси 16 жаштагы Д.А. аттуу кыз экени аныкталды. Каза болгон жарандар Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургундары болушкан.

Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы каза болгон 16 жаштагы кыз Бишкекке дарылануу үчүн келгенин билдирди. Ал окуусунан суранып, 3 күнгө Бишкек шаарындагы ооруканага кеткен. Каза болгон кыз мектепте 10-класстын окуучусу болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланып жатат.

“УУЛУМДУН УШУНДАЙ ИШКЕ БАРГАНЫНА ИШЕНЕ АЛБАЙ ЖАТАМ”

Маркум жигит быйылкы жылы Бишкектеги №100-лицейди аяктап, электромонтажчы кесибине ээ болмок. Апасы Жумабүбү Сарыкүйова баласын бир мүнөз, тентектик кылбаган бала болчу деп ыйлайт.

– Ошол күндөрү жамгыр жаап жаткан эле. Балам 24-майда саат 12:00гө чейин Ала-Тоо конушундагы үйдө эле болду. Мен кызым менен айылга кеттим. Биз кетип жатканда ал үйдө болчу. "Балам, эжең менен айылга барып, эртең келем, сен үйдө эле болуп тур" деп айтып, Сокулуктун Биринчи Май айылындагы үйүбүзгө кеттим. Ошону менен эртеси түшкө маал анын каза болгону тууралуу кабарды уктук.

Алгач кабарды кызым угуптур. Ага милициядан телефон чалышып, “иниңиз кылмыш кылды” деп чакыртышыптыр. Бирок барса иш башкача болуп чыгып жатпайбы! Ага чейин кызым берки каза болгон 16 жашар кыздын эжеси менен сүйлөшкөндө, ал баламдын телефонун алып алганын айткан экен. Ошондон кийин эле балабыз менен сүйлөшө албай калдык. Эки жаш коркоктук кылыштыбы, баары табышмак.

Ал кыз менен сүйлөшкөнүн, жетелешип жүргөндүгүн көргөн эмеспиз. Жашы жете элек болуп табышып алганын да билген жокпуз. Ал күнү чогуу жүргөнүн да билбейбиз. Билген болсок, жетип барбайт белек? Экөөнүн мамилесин билген болсок, экөөнү үйлөнтүп деле коймокпуз да. Мейли, кыз мектепти бүтүп алсын, 11-классты бүткөндө деле балама алып берип коймокпуз да.

Баламдын мүнөзү жакшы, тентектик кылбаган бала болчу. Ал жөнүндө эч кимден жаман сөз уккан эмесмин. Уулум экөөбүз Бишкекте чогуу жашачубуз. Сабагына барып, кайра үйгө түз келчү, айтканымдан чыкчу эмес. Окуусун дагы жакшы окуп бүткөн, эшикке чыгып кыз жандап, көчөгө да чыкчу эмес. Көчөгө бейчеки чыгып, үйгө кеч келгени болгон деле эмес. Ушул үйдөгү оңдоп-түзөө иштерин өзү эле жасап бүтүргөн. Жөндөмдүү эле. Балдарымдын эң кичүүсү болчу, андан улуу 3 байкеси, бир эжеси бар. Ушундай ишке барганына ишене да, түшүнө да албай жатам. Азыр үйгө кантип барарымды да билбей турам...

“АПАМА КЕЧИРИП КОЮҢУЗ ДЕП СМС ЖАЗЫПТЫР”

Акыркы жолу кыз менен жигитти маркум кыздын эжеси Флора Догдурбек кызы көргөн. Бала кызды Кара-Жыгач жаңы конушунан алып кеткен дейт.

– Сиңдимдин Бишкекке келгенине аз эле күн болгон. Анын башы ооручу, ооруканага дарыланмак. Айылдан Бишкекке меникине келген. Анын жигит менен сүйлөшкөнүн, эч нерсесин билчү эмеспиз. Биз бири-бирибиздин телефонубузду кармабайбыз, телефонунун кодун да билчү эмесмин. Ооруканага барсак орун жок экен, ошондуктан жеке клиникага эле көргөзөлү деп жатканбыз.

Сиңдим 24-майда түшкү 2лерде үйдөн чыгып кетиптир. Мен үйдө тигүүчү болуп иштейм. Чай ичели десем эле сиңдим жок. Телефонуна тынбай чалып жаттым. Бир маалда бир жигит алды. “Мен жигити болот элем, ал мени менен жүрөт, азыр үйгө барабыз” деди. Мен дендароо болуп калдым. Азыр урушсам, экөө келбей коёт деп ойлодум. “Эртерээк келсин” дедим, бала “макул” деди. Саат 7лерде сиңдим үйгө келди, жанында жигити бар экен. Ошондо биринчи жолу ал баланы көрүп, экөө сүйлөшүп жатканын биринчи жолу уктум. Андан мурун уккан да, көргөн да эмесмин. Эшикке чыксам, экөө туруптур, таанышып туруп калдык. Ошондо оозума башка сөз келген жок, сурабайт белем, “эмнеге келдиң, каяктан келдиң, эмне максатта келдиң?” деп... Үчөөбүз жер тиктеп туруп калдык.

Бир маалда бала “маршруткалар каяктан кетет?” деп сурады. Мен жолду көрсөтүп айтып бердим. Сиңдимди “үйгө кирип, тамак жаса” деп, андан эмне болгон бала, ким деп сураган жокмун. Анткени сиңдимдин башы ооручу, ашыкча эч нерсе кылчу эмеспиз, аяп турат элек. Анан эле кошуналар “тигил жакта сиңдиң бир бала менен кетип баратат” деп калышты. Артынан чыгып, “бери келгиле” десем, экөө качты. Кайра келгенде экөө тайсалдап калышты. Баладан канчанчы жылкы экенин сурасам, 2000-жылкы экенин айтты. “Сөйкө салмакмын, кызды алмакмын” дей баштады. “Сиңдим окууну бүтө элек, мектепти бүткөндө деле берет элек го?” дедим. Бала кыздын колунан сүйрөй баштады эле, сиңдиме “кир үйгө” дедим. Сиңдимдин колунда эки телефон бар экен, анын бирин жулуп алдым. Көрсө, ал баланыкы экен. Жулуп алгандан кийин үчөөбүз тең үйдү карай бастык. Бир маалда бала кызды алмакмын деп эле колунан кармады да, экөө качты. Сиңдимдин колунда бир рюкзак кийими бар экен. Ошону менен эле экөө сөзгө келбей эле, бала кызды колунан сүйрөгөн боюнча алып кетти. Кызды колумдан өлөм деп эмес, алам деп алып кеткен. Ичимдин күйгөнү ошол.

Баланын энеси бизди "эмнеге телефон чалбайт?" дейт, мен ал телефондун кодун билбесем, кантип чалмак элем? Кечки 8дерде чыгып кетишти. Ошону менен түнү бою уктаган жокмун. Сиңдиме канча чалдым, телефонун алган жок. Бизге эч нерсе деп чалган да жок, жазган да жок. Кечки 10дордо апама “кечирип коюңуз” деп жазыптыр, эненин жүрөгү сезген окшойт. Апам да чалыптыр, сиңдим бир жолу алыптыр да, сүйлөбөй коюптур. Эртеси кабарды угузушту. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат дешти, ошону күтүп жатабыз. Өзүбүз да териштиребиз.

Атам каза болгондон кийин апамдын жүрөгү начар. Улам эсин жоготуп, эсинен танып жатат. Сиңдим жаркылдап гана турчу. Маңдайы жарык кыз эле. Ашыкча эч нерсе кылчу эмес. Окуудан же дагы башка жерден ушул убакытка чейин маселе болгон эмес. Эч нерсесин айтпай сыздатып гана кетти. Бир тууганым тың, максаттары бийик кыз болчу. Андан кичүү сиңдим бар, ошого абдан жакын эле. Менин жанымда жүргөнү үчүн дагы деле жаман болуп жатам. Азыр эле кирип келчүдөй. Дагы деле ишенбей турам.

Апама "бизди таштап кетпейсизби?" деп айта берчү, өзү бизди таштап кетип жатпайбы...

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg



Сырдуу өлүм. Чогуу асынып каза болгон кыз-жигит

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
10.06.2019. 13:15 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
01-05-2019
Соӊку аракети:
04-07-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми бул жерде бир гана Аллах кубо болуп турат. Билбедим эмнеге олумду тандашты экен. Жаштык кылышыптыр.
10.06.2019. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
14-10-2019 18:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаштык кылып коркушту окшойт
11.06.2019. 00:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
02-10-2019 18:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КЫРГЫЗСТАН
+4
Артынан жаман сөз айткым келген эмес. Тарбиясы жакшы дептир ким эле баласын жаман десин.Эгер тарбиясы жакшы болсо эжесинин сөзүнө келбей жигити менен эжесини каратып туруп качмак беле. Токтоо адам өзүн өзү асмак беле ата эне бир туугандарына сабыр берсин бирок ....бирок.....бирок. Тарбия көргөн бала ойлонот мен өлсөм ата эне бир туугандарым кантет деп таразага салат,жыргап кетпейт тескерисинче өмүр бою мени эстеп азапта кыйналып өтөт демек бул кылганым туура эмес деп мындай жолго барбайт
atai9292 түзөттү 2019-06-11 00:28:21
11.06.2019. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
02-11-2018
Соӊку аракети:
14-10-2019 21:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир мезгилде 19 жаштагы эркек элим үчүн деп жооого аттанган. Азырчы ...
12.06.2019. 21:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
08-08-2019 21:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Өзү жоош жүргөндон жоон чыгат
Super TV
13.06.2019. 11:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
08-10-2019 23:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Ата эненерди ойлобойсунарбы суйуп куйуп олуп баратсанарда.озу эконду тен бир подвалга камап алып оло токмоктош керек болчуда суйунор бир жеринерден чыгып кеткиче.байкуш кайран гана Ата Эне силерди олуп калсын деп чонойтубу эле
14.06.2019. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-01-2018
Соӊку аракети:
02-09-2019 22:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеге кыйын болуптур, өкүнүчтүү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 480 колдонуучу (Катталган: 4, коноктор: 476) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

aminali, nazarnew, rafo80, Aibek-312

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: